Шайтан биздин эркибизди кантип бийлеп алаары жөнүндө икая

  • 04.06.2020
  • 3716

Шайтандар адамзатты эмне кылып жок кылса болот деген маселени чечүү үчүн чогулушат. Көпкө чейин талаш-тарыш болуп, акыры шайтандардын эң чоңу ойлорун ортого салуу үчүн ар бир шайтанга сөз берет:

Биринчи сөздү Ачуу алат:

 – Мен адамдарды бири-бирине тукуруп, бир тууганды бир тууганга, досту досуна каршы чыккыдай ачууларына тием. Алар бири-бирин кырып жок кылышат.

Андан кийинки сөздү Кумардануу алды:

 – Мен адамдардын ортосундагы чыныгы махабатты талкалайм, алар бири бирине айбан сыяктуу кумарланышып, бири-бирин кызганып жатып кырылып өлүшөт.

Шайтандардын чоңуна бул сунуштар жаккан жок, эстафетаны Ач көздүккө беришти:

 – Мен алардын сугалактык сезимдерин пайда кылам, алар өздөрүнө ээ боло алышпай, талашып-тартышып жатып жок болушат.

Андан кийин сөздү Соргоктук менен Аракечтик алышты:

 – Биз адамдардын денесин жана акыл-эсин ууландырып, оору кылып жок кылабыз.

Андан кийин Кызганчаактык, Ич күйдүлүк, Жалкоолук деген шайтандар кезек кезеги менен сөз алышып, өз ойлорун айтышты. Алардын сунуштары да шайтандардын чоңун ынандыра алган. Сөздү анын акыркы жардамчысы алып мындай деди:

 – Мен адамдарга силердин ойлогон оюңар, кылар ишиңер аябай мыкты, бирок аны жасай турган убакыт азырынча келе элек, бир аз күтө турасаңар чоң ийгиликтер күтөт, болбосо кылган эмгегиңер талаага кетет. Жашоо деген узак, кайда шашасыңар, эртең деле күн бар, – деп ар бир адамды ишендирем.

Шайтандардын чоңуна бул акыл аябай жакты. Ал көп ойлонбой мындай деди:

 – Жер бетиндеги адамдарды жок кылыш үчүн дал сени жиберем!

Бүгүнкү кылар ишиңерди эч качан эртеңкиге калтырбагыла. Муну унутпагыла. Шайтан биз качан “эртеңкиге” калтырууну ойлоно баштаганда, биздин эркибизди бийлеп алат. Биринчи күндөн баштап жаңы турмуш баштайм дей турган болсоңуз, турмушуңуз талкалана баштаарын билип алгыла!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз