О'Шакир: Жаншерик поэмасы (толукталган варианты)

  • 06.05.2024
  • 450

(5-бөлүктөн 19-бөлүккө чейин)

-5-

Сыртта көктөм, гүл жыттанып жапжашыл.

Бекер эмес поэманы башташым.

Акталууда сот, бандиттер, жемкорлор,

бошотушту үйгө менден башкасын.

 

Бошонууда саясатчы эрендер,

бошонууда эл ырысын жегендер.

Казынаны тоногондор кутулуп,

а мен жатам: пул жок пара берем дээр.

 

Заман беле жазалачу акынды,

сот мөөнөтүм узартылды. Өкүмдү

күткөн кезим. Тогузунчу ай кетти.

Сен жөнөткөн далай китеп окулду.

 

Бүгүн дагы түшкө кирдиң жадырап.

Мен маанайсыз. Тоо беттедик кары жок.

Көктөм жаздын гүлүн терип адырда

сен жүгүрдүң... Жолум сенден ажырап.

 

Үй камакпы? Боштондукпу? Белгисиз.

Сага жетпей калдым тартып демди суз.

Көзүм ачсам - баягыле камера.

Түшүм неге кылбайт сага жолду түз?..

 

Терезеде муздак шамал илеби.

Бул шамалдын не болдукен тилеги?

Гректердей шамал тыңшайм байыркы...

Шамал ушул не болорун билеби?

 

Келечекте не болорун билет дээр

шамал тыңшар жок байыркы гректер.

Тек жер шарын жөн желдетпейт бул шамал,

бул шамалда бар зор тилек, үмүттөр.

-6-

Жер шарына сүйүү тилейм бүтүндөй,

жер шарына жетсин шамал күчүндөй.

Аманатым Аалам кескен шамалда:

аруу, таза жаншериктер үчүн дейм.

 

Жаншериктер зарлабасын бөлүнүп,

жантуйгумдай буурчак жашы төгүлүп.

Азык- түлүк ташыбасын түрмөгө,

азап - муңдан сай - сөөк сыздап сөгүлүп.

 

Аманатым айтам эркин шамалга:

"Айыбы жок мендей эч ким камалба !"

Бул абакты душманыма каалабайм,

бук кылбасын эч пендени караңгал!

 

Күүлөн шамал, күүлөнгүнүң чек билбей!

Адамзатка тилегимди жеткир дейм.

Жашоо, сүйүү, мээрим, бакыт алып бар,

жаншериктер эч бир ыйлап, эчкирбей...

 

Жантуйгумдун сылап өтүп саамайын,

жаркытып өт жабыр чеккен маанайын.

Жаншеригим - бул жашоонун белеги,

жараткандан насип болгон таалайым.

 

Боштондукка чыгарыма көп бар го,

шар учуп жет шамал, биздин Көк-Жарга.

Кайышпасын жантүгөйүм, айтып бар,

кайгырбасын эр бүлөсү, көкжалга.

 

Капчыгайдын оозундабыз шамалдуу,

абак жайдан айтып өткүн саламды.

Көчөбүз бар көздөн учкан Ачекей,

менден салам, көрсөң жалгыз караанды...

-7-

УКМК абагында камалган,

уюшулган кылмыштуу топ саналган

арестанттын көбү бошоп, мен калдым.

Арга канча? Тилек, үмүт - аман жан.

 

Жамандыкты жеңет жаным, амандык,

чыдамдуу бол, көрсөтпөйлү чабалдык.

Касиретти канча тартсак ошончо

касиетти жоготпойбуз адамдык.

 

Жашоо тайбайт өз табият салтынан:

жакшылык бар жамандыктын артынан.

Өткүр көсөм болот адам баласы

өзүн таанып азап - шордун зарпынан.

 

Балким азыр боштондукта жүрмөкмүн

көрдүйнөнүн артынан кууп күндөп түн.

Сен ансайын кубат берип шыкактап,

мен байлыкты сенден артык сүймөкмүн.

 

Билесиң го: ачкөздүгү пенденин

көрдүйнөнүн кулу кылып келгенин.

Үй - бүлөдө эрди- катын жарышып,

азгырыктар кылдырбаган эмнени?

 

Унутушуп бирин - бири сүйгөндү,

улук көрүп мүлк - оокатты үйгөндү:

жанды үрөп жүрүп көбү ойлонбойт,

жаншериги жаншерикке күйгөндү.

 

Пенде кылбас үчүн арам жолдогу

балким жазмыш бизди жаным, коргоду.

 

Эркиндиктин баркын, баасын билсин деп,

булбул акын болсун деди тордогу.

-8-

Үрүл таңда үнүн тыңшап булбулдун,

жакшы жагын көп ойлоймун бул күндүн.

Кадырыңды сүйүш үчүн кастарлап,

камак мүмкүн чаң дүйнөмдү тундурду.

 

Чачкан жемге жан багууну оң го деп,

көп акындар бөдөнөдөй жорголоп,

чыгалышпай кылтагынан бийликтин

амал менен жашап көнгөн корголоп.

 

Боштондукта кузгун, жору, карга көп,

тарп аңдуудан башка чара, арга жок.

"Талант " алар кол караган үмүткөр,

бийлик берген сыйды намыс - ар көрөт.

 

Башкалардай көрсө экен деп урмат - сый,

балким жаным, мени бир күн тыймаксың.

Оозумду жаап көп акындын жарындай

О'Шакирди анык дудук кылмаксың.

 

Көр болуудан абийиримди колдоп жүр.

Көкүрөгүм төш белгиге толмоктур -

кокус сен да "кой " деп тыйып турганда,

кол куушурган кошоматчы болмокмун.

 

А балким сен катын болсоң кажаган,

азоо мүнөз менден такыр тажаган;

манчыркаган жаншериктер болмокпуз

мансап,байлык күтүп бардар жашаган.

 

Сен андайга түрткөнүң жок асылым !

Ач, ток күндөр өттү. Кээде кашыгың

майга жетпей калган учур болсо да

адабият, "РухЭш" болду азыгың.

- 9-

Мен жашадым дайым кылдын учунда,

эч кайдыгер болалбадым учурга.

Өзөгүм өрт кезде дайым жантуйгум,

өзүң болдуң демим, шыгым, күчүм да.

 

Жашасам да кээде бычак мизинде,

жаншеригим, коркуп... ажар жүзүңдө

жадырамыш болуп күлүп жайгарып,

жашырмайың бар эмеспи ичиңде.

 

Сага анык: эмнеде шык - жөндөмүм,

уучум ачык жашаганга көнгөмүн.

Менден өткөн ачык, шайыр өзүң да

жашообузду көрдүйнөгө көмбөдүң.

 

"Кежир, жинди ушул " десе эл мага,

кээде тилдеп түшүнбөсө эл мага:

мерес коомдун акылына сыйбаган

мени мендей кабыл алдың сен гана.

 

Кыз - уулдарым далай кепти коротту:

"Ата, бизге айтпачы, - деп - жомокту ".

Мага дайым үй-бүлөдө болушуп,

максатыма ишенген сен омоктуу.

 

Үйдө балдар мени канча урушту,

тыйуу салып "токтолчу..." деп жүрүштү.

" Атаңарды койгула, - деп- эркине"

 аргаң дайым айбымды жаап турушта.

 

" Бекер айтпайт, - деп ынантып, - атаңар"

жантуйгумсуң көздү жумган катама.

Үй - бүлөмдүн зор ошого бактысы:

баары мени "тентек бала " атаган.

-10-

Абак сыноо бизге жаман болбоду:

акыл пештеп, кош жүрөк тең толгонуу -

рухий улуу махабатты жаратты,

түгөйлөрдүн анык ушул оң жолу.

 

Сүйүү алсыз жалаң дене кумардан,

сүйүүнү ал ажыратат кунардан.

Жар күткөндөр ошон үчүн жашоодо

жаңылышат коркпой шерттен, убалдан.

 

Сүйүү дене кумар менен чектелбейт,

рухий сүйүү тапкан жарлар шектенбейт.

Жантуйгуга айланганда түгөйлөр

жаалы кайнап бирин бири жек көрбөйт.

 

Рухий сүйүү - зор бакыт бул биз жеткен,

эч бир күч жок эми аны муздаткан.

Жалын отту, топон сууну кечсе да

жаншериктер чанда ага түз жеткен.

 

Колго тийген чопо чоорду чертилбес,

ар ким чалып аваз күүгө келтирбес.

Күүсүн угуп жансыз турган чопонун

күйүтү жок жүрөк кургур серпилбес.

 

Билген киши чоорду күүгө салгандай;

мени аваз күүгө салдың ар кандай.

Далай сулуу сендей болуп, жантуйгум,

жарабаптыр сырдуу күүмдү чалганга.

 

Колуңдагы чопо чоордой аярлап,

копол мени "мээримиме таян " деп,

астыртадан аваз күүмдү издедиң,

асыл жарым, мени мендей даярлап...

-11-

Туш кылган үчүн сендей жубайга

миң мертебе алкышым бар Кудайга.

Кежир жаным түшүп минтип абакка:

кечир мени салдым куса, убайга.

 

Тогуз айда күтүп соттук өкүмдү,

том - том китеп күнү - түнү окулду.

Мээме бирок китеп акыл кошкон жок,

мээримиңден алганчалык акылды.

 

Каттарыңдын окуганда кээ бирин -

эс -акылга булак болду мээримиң.

Ак баракта ый, муң, куса, сүйүүң бар:

козгоп терең уктап жаткан зээнимди.

 

Каттарыңда кээде мени тилдедиң,

картым сыйрып канатканың билбедиң.

Өзүмдөгү каршылашкан күрөштүн

өзөгүн таап, ал ансайын зилдедим.

 

А бир курдай катың алдым таарынган,

азап болду ал күн жүрөк таарылган.[1]

"Бийликке сын айтпа. Жаагың жап" депсиң.

Каттарыңдын көбүн тыттым. Заарымдан.

 

Ошол күнү ызам зар - уу жуткуруп,

оодарылып уктасамчы туттугуп.

Жандүйнөмдө өзгөрүлдүм эртеси,

жантуйгумдун көз жашындай туптунук.

 

Жаның ачып, айыбымды туйдуруп,

жакын сендей ким кат жазмак күйдүрүп?

Жаздыгымды жашка чылап... Мээримдүү

жароокерлик турду чексиз сүйдүрүп.

-12-

Торгой сыздап коргогондой уясын,

сени көрдүм корчологон күйөөсүн.

Ажого да чебелектеп кат жаздың,

арачыга таппай жандын бирөөсүн.

 

Боштондукка чыгышыма зарладың,

каалга кагып кимге гана барбадың...

Эр бүлөгө ушунчалык жан берер

эмне мынча жапакечсиң, ардагым?

 

Сен жөнүндө узартканым баянды,

себеби көп, сен үлгүсү аялдын.

Эл билсе дейм: эң оор сыноо келгенде

эр бүлө мен, сага кандай таяндым...

 

Бир ийгилик кылып коюп желпектээр

биз дайыма мактанчакпыз эркектер.

Эстебейбиз - эр, шер, баатыр болдук деп

эне сүтүн эмген үчүн эмчектен.

 

Улуу тарых жаратса да зайыптар,

эркек ысмы аталуучу айып бар.

Калп санасаң, алмуздактан бериге

карт тарыхтын бетин сыйрып, жайып көр.

 

Адилетсиз үчүн жалпы Дүнүйө -

таңууланган тарых эркек сүрүнөн.

Аяр, назик Аялзатын басынткан

Аалам түшүп кетпес бекен түбүнө?!

 

Кайсыл улут, кайсыл элде болбосун

Аялзат эш, жаншеригиң, жолдошуң.

Назгүл аттуу жантуйгу жан бар үчүн

нак мендей эр кантип, кайдан шорлосун?!

-13-

Окуя бар эстен кеткис дайыма,

окурманга болсун экмет - жарыя!

Бойдок кезим. Парк тынч. Жашыл теребел.

Уулун тилдеп отурду бир карыя:

 

"... тайыбагын мырзалыктын салтынан.

Баргын уулум... Колуктуңдун артынан...

Уялбастан сурангының кечирим...

Ажырашпа! Эр жигиттин марты бол...

 

Билесиңби, кышты куйган калыпты?

Эркек ошол калып сымал айыптуу...

Эгер кыйшык түшөр болсо куйган кыш -

эмгек текке кетсе нени жарыттың?..

 

Куйган кышың эч бузбаса нускасын,

өз ишиңде демек чебер устасың...

Уулум, дайым калыптай бол кыш куйган.

...кыйшык нуска балким сенден чыкпасын..."

 

 Карыянын ошондогу соболу -

каттуу таасир калтыргандай оболу.

Кулагыма куйган кыттай уюду,

туйдум анык үй-бүлөлүк Жобону!

 

Бейтааныш бир карыянын накылы

бермет таштай сандыктагы катылуу...

ошол күндөн ушул күнгө зээнимде -

Мырзалардын баарын эске чакыруу!

 

Изгиликтүү болсун үчүн зайыптар,

өзүбүздү мырзалыктан тайытпай -

чийики кышты сүйрү, кыйшык куйбаган

эр - жигиттер болсок нуска - калыптай.

-14-

Кары болчу ал элеттик жөнөкөй,

гөлөш, чапан, башта жыртык тебетей.

Акылманды көрдүм анык ошондо

асыл нуска кебин төгүп көмөкөй.

 

Өмүрүмдө укпаган да, күтпөгөн

бул нуска кеп - жандүйнөмдү түптөгөн.

"Баягыңды баштадыңбы ?.." дечүлөр,

баяным бул дайым айтып бүтпөгөн.

 

Калкыбызда бар тантыган макал бул:

"Катын - жолдо, бала белге " такалгыр.

"Улуу элбиз!" дегендерге айтарым:

"Улутуңду кууратучу катаң бул!"

 

Кыргыз элде түшүнүк көп эскирген,

кыз - келиндин көбүн кайгы чектирген.

" Алтын баштуу аялдан да бака баш

эркек артык" - деген кепти жеткирген.

 

Эрдин турар камчысынан кан тамып -

элдин көрдүм макалдарын аңтарып.

Поэманы атаганым "Жаншерик"-

Аялзаттын доору жашар даңк алып!

 

"Байтал чуркап, байгесиз" деп калышат -

метафора маанисинде кагышат!

Аялзаты озуп чыкса алдыга -

арсыз эрлер неге ичтен тарышат?!

 

Оболотуп Аялзатты деги биз,

оңолсо дейм ой - казына кебибиз.

Бойдок кезде кезиктирген карыдай

болгум келет нарктуу, тектүү феминист...

-15-

Жаны сыздап кучактаган жаздыгын

жалгыздыктын түрмөсүндө Назгүлүм.

Жалгыз жаздык кучактап мен абакта

жаншериктин башкасынан аз муңум.

 

Жалгыз арман - сагынычым Назгүлдө!

Жантуйгума жетер бекем аз күндө?

Бажырайган гүл талаасын сагындым,

барсам экен бүтөлекте жаз күндөр.

 

Абак мөөнөт өтпөсүн деп курулай,

аракетим - тартпоо муңдуу кур убай.

Күүсү менен "Жаншериктин" жарышын

күндөр тездеп чубурууда шурудай.

 

Бат, билинбей өтсүн үчүн бул камак,

баштабапмын поэмамды мурдарак.

Боюм азыр терек сымал термелип,

бороон - чапкын 24 саат бурганак...

 

Адам канча тарткан сайын азапты,

аруу сезим тазалайт бейм өзөктү.

Тирүүлүктө көргөнүң оң бейишти,

тирүүлүктө тарткан жакшы тозокту.

 

Көрүп мында тозокту да,бейишти

көөдөн тунуп,мен унуттум кейишти.

Убай чеккен жаншериктер биз болуп,

улуу сүйүү буюрду дейм жеңиштүү.

 

Бойдогунда сүйүп, күйүп табышкан

болбойт кимде казан аяк кагышкан.

Андай адат бизде дагы жок эмес,

ажылдашкан, акыйнекте жарышкан...

-16-

Эми чыгып боштондукка барганда,

келинчегим тургай башка ар жанга

 кенен болом, айкөл болом Манастай,

кең дүйнөгө кенен карайм жалганда.

 

Кенендикти мен үйрөндүм тар жерде,

кеменгер ой калчайт экен зар пенде.

Көөдөнүмдө көп түшүнүк жаралып,

көп түшүнүк кетти жаңы бартерге.

 

Жылда жылан алмаштырса терисин,

алмаштырса адам рухий өрүшүн...

Кеменгердей болуш үчүн заманга

керек болчу абак жайды көрүшүм.

 

Ажыратуу оңой тескей, күнгөйдү,

ажыратуу кыйын чалкеш дүйнөңдү.

Бир келген соң бул өмүргө түтөбөй,

билиш керек тура оттой күйгөндү.

 

Тоо артында көрүнбөгөн тоо канча?

Томук баштын ичи көңдөй оо канча?

Жанды үрөп жарык издей берели,

жаншеригим, кайышпачы көп анча.

 

Абак - мектеп! Мага дагы, сага даа...

Агартуучу болуш үчүн садага

кылуу керек убактыңды, күчүңдү.

Бул учурду кур кетти деп санаба.

 

Тизе бүгүп намаз, дуба окунуп,

тиленбедим эч Кудайга чокунуп.

Ийгилигим - дзэн - медитация,

демим тыңшоо күндө мандаш токунуп.

-17-

Ыйлап, сыздап,жаның жайсыз бозордуң,

ыйык мага, жаным, бирок ошол күн.

Темир торго камалсам да, арийне

тирликтеги ой - камактан бошондум.

 

Билесиңби мен бошондум эмнеден?

Каптап келет глобалдык сел деген!

Калчоо керек эс - акылды мындайда

карайлабай караламан эл менен.

 

Учур болду: каршы сүздүм агымга,

устаттар жок : Салижан да, Алым да.

Коомго батпай койдум жаным, кантейин?!

Кошоматчы, жуукур толо жагынган!

 

Мен жиндиге абак ыйык храмдай,

мендеги бир жазуучулук кыялдай.

Өзүмчүлдүк кылдым. Ооба. Мойнумда.

Бул өзүмчүл кыялымдан уялбайм.

 

Мээримиңди төксөң дагы алпейим,

мен өзүмдү тыйалбасам кантейин?..

Буккан ойлор тынчтык бербей кысылып,

бузгум келди бул жашоонун ар чегин.

 

Ошон үчүн каршылашып бийликке,

баш ийгемин жүрөктөгү буйрукка.

Улуу максат көздөйлү биз асылым,

улут дайым келсин үчүн бирликке!

 

Баары баштан, жүрөгүнөн өтмөйүн,

адам аткыр улуу азап чекмейин

улуулукка кайдан жетет маң улут,

улуулукка биз көз жашты төкмөйүн?..

 -18-

Барчылыкка, токчулукка көпкөнбүз.

Бардар туруп тойбос, ачкөз, өктөмбүз.

Жерде чачык берекеге тооп дебей.

Жиберсе деп тиленебиз көктөн биз.

 

Элбиз ачкөз кууган мүлктү, байлыкты,

шашат, чачат топтоп алса тойлук пул.

Бөөдө бирөө сүрүштүрсө санжыра -

бөлүнгөндү, жарылганды койдукпу?

 

Элбиз түркөй: мал туягын санаган,

эрендери мамлекетти тоногон.

Эр аттулар үй - бүлөдө катынын

эзип кулдай, уруп - согуп сабаган.

 

Кыз балдарды коркуп турсун деп сүрдөн,

кырк үй тыйуу салып жүрүп өстүргөн:

Кыздын баасы кырк жылкылык кыргызда,

кыз артынан кыздар туулса көпсүнгөн!

 

Кызы үчүн доолаган бар калыңды!

Кыздар эмне айырбаштаар малыңбы?..

Кылымдардан бери карап отурсаң,

кыз - келиндер шордон качан арылды?!

 

Мал - мүлк күтүп кыргыз кокус байыса,

макал бар го : "катын алат" анысы.

Намаз окуп жүргөндөрдүн канчасы

нарк, салт көрүп, токол алмай парызы!

 

Айыкпаган дартыбыздай туюк бул

анык кооптуу шорубуз көп куруткур.

Кемпай мени санашса да канкакшап,

кемчилигин айта берем улуттун.

-19-

Рухий казат кылбагандан жарандар,

рухий азап көрүп келген ар элдер.

Кай улуттар карайлычы өсүүдө -

кай өлкөдө илим - билим таралган...

 

Назым, жаным! Баарын кийин айтасың...

Мага болгон таарынычтан кайтасың.

Феминист мен бекер жыйды дейсиңби,

Фейсбуктагы "Мыкты Энелер" тайпасын?

 

Өскөн сайын "Мыкты Энелер" катары,

өсөт элдин өрнөк болор сапары.

Рухий сепил тургузамын, көрөсүң,

"РухЭштин" да тарайт бир күн атагы!

 

Символубуз билесиң да - кумурска!

Ал мээнеткеч! Даяр эң оор жумушка.

Убагында жерпай түптөп келдик ко -

Улуттук чоң жаңы долбоор курушка!

 

Бекем улап узунду да, кысканы -

бекер тайпа санайсыңбы "Нусканы"?

"РухБизнес" да эшелондой чиркелет,

"Куйма - Кулак" турат тушоо кескени...

 

Жаамы журтту агартууда тилектеш,

жарандык коом - достор канча жүрөктөш?

Жароокерим, жаркын күндөр алдыда,

жарыктантам түрмөнү да күн өтпөс!

 

Түйшүктөнүп какшап сага күн да, түн

түтөткөнү дебе куру дүрмөтүн.

Түркөйлүккө каршы күрөш улантуу -

тирүүлүктө тыным билбес милдетим! Апрель - Май. 2024.

[1] " Регистр : сүйгөн жарга " деген ырдын шилтемеси... 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз