Кыргызча

Төшөк кумары адамдардын денесин тышкы таасирге алсыз кылат, кубатты азайтат

Карлос Кастанеданын учкул ойлорунан үзүндү

Бизди жакын адамдарыбыздын бизге жасаган мамилеси же кийлигишүүсү таарынтып капа кылат. Өзүбүздү гана ойлогон керкейүүчүлүгүбүз бизди дайым ким бирөөлөргө таарынып же ким бирөөгө капа болуп жүрүүгө аргасыз кылат.

♦ ♦ ♦

Бул дүйнөдө бекер нерсе жок жана билим алуу адам кагылышкан милдеттердин ичинен эң оору.

♦ ♦ ♦

Өзүңө өтө эле байлана берүү укмуштуудай чарчатат. Мындай адам өзүнөн башка нерселерди түк укпайт да, көрбөйт. Бул кызыктай болгон чарчоо ага айланасында болуп жаткан көптөгөн кереметтүү нерселерди издөөгө жана көрүүгө тоскоол болот. Ошон үчүн анда бир гана көйгөй калат.

♦ ♦ ♦

Адамдарга ачуулануу алардын кылган иштерин маанилүү деп эсептегендик. Мындай сезимден таптакыр кутулуу керек.

♦ ♦ ♦

Жолдордун баары окшош: алар эч кайда алып барышпайт. Бул жолдун жүрөгү барбы? Эгерде болсо, анда бул жакшы жол, эгерде жок болсо – андан эч кандай майнап жок. Эки жол тең бир жакка алып барат, бирок бир жолдун жүрөгү бар, ал эми экинчисиники жок. Биринчи жолдо басыгың кубанычтуу, ал жол менен канчалык баскан сайын, сен жана сенин жолуң бири-биринен ажырагыс. Экинчи жолдо болсо ал жолду каргап жүрүп отурасың. Биринчи жол сага күч берсе, экинчи жол сени жок кылат.

♦ ♦ ♦

Күчтүү эрк жашоо оюндарына туруштук берүүгө бизге жардам берүүчү жападан жалгыз нерсе, эрксиз биз – эч ким эмеспиз.

♦ ♦ ♦

Жоокерде чыдамкайлык менен эрктен башка эч нерсеси жок. Бирок ал бул экөөсү менен каалаганын жасай алат.

♦ ♦ ♦

Эрк таза жана кудуреттүү, ал биздин кыймыл-аракетибизди багыттоого жөндөмдүү. Эрк – бул сөзсүз жеңилем деген жерден да жеңиш менен чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

♦ ♦ ♦

Биз адамдарбыз; биздин милдетибиз – окуу жана акылга сыйбаган дүйнөлөргө сүңгүп кирүү.

♦ ♦ ♦

Адам жоготор эч нерсеси калбаганда эр жүрөктүүлүккө ээ болот. Кылчактаар нерсебиз болгондо дайым коркок бойдон калабыз.

♦ ♦ ♦

Төшөк кумары адамдардын денесин тышкы таасирге алсыз кылат, кубатты азайтат.

♦ ♦ ♦

Ачууга алдыруу – каардануу менен иш кылуу, демек, жеңилүү.

Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз