Кыргызча

АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК -11 Мукагали Макатаев: ЧЫДА, ЧЫДА (котормо)

Мукагали Макатаев

ЧЫДА, ЧЫДА

Чыда, чыда

Чыдай түш, чыда дагы.

Эсиңде болсун дайым,

Чыдамкайды мына өмүр жактырары.

Үмүттүн таң куланөөк аппак таңы,

Караңгыны кубалап дагы атары.

Өкүнбө, жашыбагын бүгүнүңө,

Өмүр, өмүр! Болбойт эч түңүлүүгө,

Дайым сени жаратпаган сүрүлүүгө,

Кайта туруп акың бар жүгүрүүгө.

Түшүнөм жаныңдын ооруганын,

Чыдадың, чыдай түш, чыйрал дагын.

Йогдордун таасирин кабылдагын,

Башкасына баш уруп табынбагын.

Чыда, чыда!

Чыдай түш, дагы чыда!

Тоо кулаткан ташкындын агымына,

Кир жугузбай таптаза намысыңа,

Болот дайым карышып алышууга.

 

Казакчадан оодарган: Кубантай Эрназаров.

Бул котормону учурда күнөөсүз жерден СИЗОдо олтурган агартуучу Олжобай Шакирге арнаймын. ОЛЖОБАЙ ШАКИРГЕ БОШТОНДУК! 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз