АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК-8

  • 28.09.2023
  • 1917

Камактагы акын, жазуучу, публицист Олжобай Шакир тууралуу филология илимдеринин доктору Үмүт Култаеванын пикири:

“Олжобайды өз позициясы, башкаларга окшобогон көз карашы бар чыгармачыл инсан катары жакшы тааныйм. Албетте мен анын камалышын туура көргөн жокмун. Социалдык түйүндөргө да бул боюнча бир нече постторду жаздым. Анткени аны мындай жол менен сындырууга болбойт. Тескерисинче, аны менен кандайдыр бир диалогго баруу туура деп ойлойм. Анткени жарандык коомдон чыккан адамдар өз кызыкчылыгы үчүн эле сүйлөп чыкпайт, алардын кебинде элдин да белгилүү пикири бар. Демек, эл менен бийликтин ортосунда диалог болсо гана ийгиликке жетүү мүмкүн. Тилекке каршы, кийинки кезде камоолор көп болуп кетти. Мындан натыйжа чыкпайт деген ойдомун. Албетте, Олжобайдын да кээде аша чаап кеткен учурлары бар. Бирок ал мекенге чыккынчылык кыла турган адам эмес деп ойлойм. "РухЭш" сайты менен руханий дүйнөнү өстүрүү үчүн жакшы иштерди жасады".

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз