Жан-Пол Сартр: Дубал (конкурска №27)

  • 21.07.2023
  • 18181

АҢГЕМЕ

Бизди акталган чоң бөлмөгө камашты. Күңүрт жарык эки көзүмдү ачыштырып, талытканын айт. Бөлмөдө олтургуч бар экен. Олтургучтун жанындагы төрт адам кагаздарга үңүлүп коюшат улам. Бизден башка туткундарды бөлмөнүн эң ылдыйына жайгаштырышыптыр. Алардын жанына баруу үчүн бөлмөнү толук айланып чыгуу керек. Көбүн тааныймын. Кээси бейтааныш, чет өлкөлүктөр болсо керек. Жанымдагы экөө тоголок баш, сары чийгил, бири-бирине абдан окшош экен. Сыягы француздар. Кичүүсү шымын кайра-кайра шымданып, жүзүндө ызаланып тургандай. Үч саат ушул абалда болду.

Чарчадым: мээм какшыгансып, каңгырап бош. Бөлмөдөгү үп жүрөгүмдү сыкты. Кармалганыбызга 24 саат болду. Күзөтчүлөр туткундарды кезеги менен олтургучтун жанына алып барышып, суракка алышты. Алар туткундардын аттарын, кайсы жакта, эмне кылышарын тактап, бирок жоопторун көңүл буруп да угушкан жок. “Ок-дары тоноого катыштыңарбы? Тогузунда, таң эрте каякта, эмне кылып жүрдүңөр?” деп маташты. Бирок эч биринин жоопторун угушкан жок. Ал тургай угуп жаткандай түр да көрсөтүшпөдү. Бир аз унчукпай, кагаздарга карамыш болуп, андан соң бир нерселер жазышты. Алар улуттар аралык уюмда иштеп-иштебегени тууралуу сурашты Томдон. Бирок Томдун кемселинин ички чөнтөгүнөн табылган кагаздардан улам анын эч бир сөзүнө ишенишкен жок. Бир нерселерди токтобой жазып жатышты.  

– Бир тууганым Жосе анархист. Бирок ал бул жакта эместигин жакшы билесиздер. Мен эч бир партияда эмесмин, эч кандай саясат менен алектенбейм, – деди Жуан.

Алар жооп беришкен жок. Жуан:

– Мен эч нерсе кылган жокмун. Башкалардын айынан балээге калгым келбейт, – деп кошумчалады.

Анын эриндери билинер-билинбес титиреп жатты. Күзөтчү аны алып чыгып кетип, үнүн жап кылды. Кезек мага келди.

– Сиздин атыңыз Пабло Иббиаттабы?

– Ооба, – дедим. Алардын бирөөсү кагаздарга карап:

– Рамон Грис каякта? – деди.

– Билбеймин.

– Аны алтысынан баштап он тогузуна чейин үйүңүздө жашырыпсыз го.

– Жок.

Кагазга бир нерселерди жазышты. Андан соң күзөтчү мени алып чыгып кетти. Коридордо Том менен Жуан эки күзөтчүнүн ортосунда туруптур. Чогуу бастык. Том күзөтчүлөрдүн бирөөсүнө суроо узатты:

– Эми эмне болот?

– Эмне болду эле? – деди күзөтчү.

– Бизди суракка алыштыбы же соттоштубу?

– Соттошту.

– Түшүнүктүү, эми бизге эмне кылышат?

Күзөтчү кайдыгер үн катты:

– Чечим камак бөлмөңүздөрдө угузулат.

Бизге бөлмө катары берилген жай оорукананын жертөлөсүнүн бири эле. Бул жерге аба таңсык. Нымдуу, суук. Түндөсү тоңдук, күндүзү жылуурак болчу.

Мындан мурунку беш күндү орто кылымдан калган түрмөгө окшош жиндикананын жертөлөсүндө өткөргөм. Туткундар көп үчүн ой келди жайгаштыра беришти. Бул жакка караганда ошол жак дурус эле, себеби үшүгөн эмесмин, жалгыз да болчумун. Бул жактын сөөктөн өткөн суугу аз келгенсип, аркырап шамал урат. Жертөлөдө мени менен бирге жан досум бар. Жуан болсо такыр сүйлөбөйт. Ал абдан коркуп жүрдү. Анын үстүнө айта турган сөзү деле жок. Том көп сүйлөйт, испанчаны да жакшы билет. Жертөлөдө жалгыз отургуч, анан ичине саман толтурулган төрт матрац бар. Күзөтчүлөр бизди бул жакка камаганда, унчукканыбыз жок. Бир аздан кийин Том:

– Ишибиз бүттү, – деди.

– Менин оюмча ооба, – дедим. Бирок негедир кичинекей кургурга эч нерсе кылышпаса керек деген ойдо элем.

– Ага эч кандай күнөө жүктөй алышпайт. Ал көтөрүлүшчүлөрдүн бирөөсүнүн жатындашы, болгону ушул. Башка себеби жок.

Жуанга көзүмдүн кыйыгы менен карадым. Ал бир дагы сөзгө кулак салбагандай абалда экен. Том кайрадан сүйлөй баштады:

– Сарагосада эмне кылышканын билесиңби? Алар кишилерди жерге жаткырган соң оор жүк ташуучу авто-унаалар менен тебелетишиптир. Бул тууралуу бизге марокколук качкын айтып берди. Муну алар окту текке кетирбөө үчүн кылышыптыр.

– Бирок бензин коротушуптур да, – дедим. Томго абдан ачуум келди. Ал мындай нерселерди айтпашы керек эле.

– Жолдорду тинткен, кырдаалга байкоо жүргүзгөн, абалга көз салган офицерлер бар, – деп сөзүн улантты ал. – Алар колдорун чөнтөгүнө салып, тамекисин буркуратып карап турушат. Көрүп туруп, мындай мыкаачылыкка каршы чыгат деп ойлойсуңбу? Жок! Буга көңүл да бурушпайт. Кыйналып, азап тартып, өлгөндөрүнө жандары да кейибейт, аларга баары бир. Кээде бул азап бир саатка созулат. Маракколук муну алгачкы жолу көргөндө, заары чыгып, кусуп ийе жаздаптыр.

– Бул жердегилерге мындай мыкаачылык кылышат деп ойлобоймун. Бирок ок-дарылары жетишсиз болсо, балким.  

Шыптын сол жагындагы тегерек тешиктен күн нуру чачырап турду. Көбүнчө капкак менен жабылган бул тегерек тешик аркылуу жертөлөгө көмүр алып киришет. Тешиктин дал түбүндө үйүлгөн чаң бар. Көмүрдү оорукананы жылытуу үчүн алып келишиптир, бирок согуш башталганда оорулууларды ооруканадан чыгарышыптыр. Ошондуктан көмүр такыр жагылбаптыр.

Жогорудан жамгыр тамчылап, сарыгып калыптыр, капкагын жабууну унутуп калышса керек.

Том титирей баштады.

– Ох, Кудайым-ай, муунум калчылдап жатат. Денемдин титирегени барган сайын көбөйүүдө, – деди. Ордунан туруп, колу-бутун кыймылдата баштады. Көйнөгүнүн бүчүсүнөн түктүү көкүрөгү көрүндү. Жерге чалкасынан жатып, буттарын жогору көтөрүп, кайчыга окшош көнүгүү жасай баштады. Чоң жамбашы салаңдайт. Том доңуздай семиз эле. Мылтыктын октору же штыктын учтары ушул жумшак, майлуу денесине матып кетерин ойлодум. Том арык болгондо мындай нерсе оюма келбейт эле. Мен анчалык үшүгөнүм жок. Бирок колу-бутум сенейип, меники эместей. Кээде бир нерсем жетишпей тургансып сезилет. Анан чапанымды издей баштайм. Чапанымды бербей коюшканы эсиме түшчү. Эң эле азабы ушунда. Кийимдерибизди өз жоокерлерине беребиз деп чечип алышкан. Биз жука көйнөктөрүбүз менен калдык, кийгенибиз да ооруканадагы бейтаптар кийген чолок шымдар.

Бир канча көз ирмемден кийин Том ордунан туруп, үшкүрүнүп жаныма келди.

– Ысыдыңбы?

– Кайдан, аба жетпей жатат.

Кечки саат сегиздерде эки күзөтчү менен командир кирип келди. Колунда үйүлгөн кагаздар бар экен. Күзөтчүгө кайрылды ал:

– Булардын аттары ким? Мынабу үчөөнүн.

– Стейинбок, Иббиета, Мирбал, – деди күзөтчү. Командир көпөлөккө окшогон көз айнегин тагынып, колундагы тизмеге карады:

– Стейинбок... Стейнбок... Өлүм жазасына өкүм чыгарылды. Эртең таң эрте атууга кетесиң.

Кайрадан колундагы кагазга үңүлдү.

– Берки экөөң да, – деди.

– Болушу мүмкүн эмес, адашасыңар! Мен эмесмин, – деди.

Командир таң калып тигини тиктеди:

– Атың ким?

– Жуан Мирбал.

– Мына, бул жерде атың жазылуу. Өлүм жазасына тартыласың.

– Мен эч нерсе кылган жокмун го, – деди Жуан.

Силкинген командир Том экөөбүзгө карады:

– Басксыңарбы?

– Жок, баск эмеспиз, – дедик жадаган түр менен.

– Мага үчөөң тең баск экениңерди айтышты. Артыңардан аңдыганга убактым жок. Силерге дин кызматчысынын кереги жокпу?

Жооп берген жокпуз. Командир:

– Азыр белгиялык дарыгер келет. Силер менен түнү бою бирге болууга буйрук алды, -деди да жоокерлерче салам берип, чыгып кетти.

– Мына, эми эң оору Жуанга болду, - дедим ичимден.

Бул сөздү адилеттүүлүгүмдү, калыстыгымды көрсөтүү үчүн эле айттым. Чынында Жуан мага такыр жаккан жок. Келбети арбактай солдойгон неменин корккондон өңү кубарып, бети бетке окшосочу бир. Үч күн мурун жандуу эле болчу. Ушуга окшогондор эле кээ бир адамдарга жагат. Азыр ал чүрүшкөн кемпирге окшоп турду, эми төбөсү менен жер казса да жашарбайт деп ойлоймун. Ага бир аз мээрим төгүүгө болор, бирок боор оорутуп болбойт, боор ооруп мамиле кылгандарга ачуум чукул. Ал эч нерсе деген жок, бирок өңү күлдөй купкуу. Жүзү, колдору күлдөй бозала. Ордуна олтурду. Көздөрүн алаңдатып топуракка көчүк басты. Том ак көңүл, жүрөгү таза адам. Аны кучактагысы келди, бирок кубарган жүзүн тырыштырып, орой мамиле кылды.

– Жөн кой, – дедим ачуулуу үн менен. – Ыйлай турган түрүн көрүп турасың го.

Том айла жоктон башын төмөн ийди. Аны соороткондо, балким, өзүнө өзү мынчалык ачууланмак эместир.

– Мен бул абалдан абдан жададым, өлүм тууралуу эч качан ойлогон эмесмин, буга чейин өлүмдү ойлоого мүмкүнчүлүк да болгон эмес. Муну ойлонууга убакыт турганда эмнеге башка нерсени ойлонуу керек? – Том өзүнө өзү сүйлөнө баштады: – Мушташып, бирөөлөрдү сабап көргөнсүңбү? – деп суроо узатты мага.

Жооп берген жокмун. Август айынан баштап алты адамды сабаганын айтты. Башыбызга келген азапты жакшы түшүнгөн деле жок, түшүнгүсү келбегени жүзүнөн көрүнүп турат. Мен деле эмне болгонуна жакшы түшүнбөдүм. Эмне болуп кеткенин кайра-кайра өзүмдөн сурап, денемди күйгүзө тешип кеткен окторду элестеттим. Булардын баары чындыкка дал келбесе да, бирок ойлоно берчүмүн. Аңдап билүү үчүн алдыда узун азаптуу түн бар. Бир канча убактан кийин Том үндөбөй калды. Ага көзүмдүн кыйыгынан карадым: кебете-кешпири күлдөй купкуу, байкуштай көрүндү. Өзүмө өзүм “баштады” дедим. Түн. Каалганын жылчыгы, болор-болбос тешиктен жертөлөгө жарык кирип, үйүлгөн көмүрдүн жанында чоң көлөкө турат. Шыптын тешигинен жылдызды бүдөмүк көрдүм. Түн ачык, бирок аяздуу болот окшойт. Каалга ачылып, эки күзөтчү кирди. Белгиялыктардын улуттук формасын кийген, чачы күрөң адам да кирди. Бизге салам берди:

– Мен дарыгермин. Бул оор азаптуу күндөрү жаныңыздарда болуум үчүн буйрук кылышты, – деди.

Коңур, майин үндүү киши экен.

– Бул жакка эмне үчүн келдиңиз? – дедим.

– Өзүмдү сиздердин ордуңуздарга коюп, алдыдагы бир канча саатыңыздарды кыскартуу үчүн колумдан келгендин баарын кыламын, – деди.

– Эмнеге жаныбызга келдиңиз? Башкалар деле бар го, ооруканаңар туткунга толо.

– Мени бул жакка жөнөтүштү, – деди таң калган абалда. – Ах, тамеки чеккиңер келеби? – деди дароо. Жөнөкөй тамекиси да, жалбырактан жасалган тамекиси да бар экен. Бизге англис тамекилери, попиросторду сунду. Биз алган жокпуз. Анын көздөрүнө карасам; жадаган, чарчаган түрү бар.

– Бооруңуз ооруп, бизге көңүл буруу үчүн келген жоксуз. Мен сизди тааныймын. Мени кармашкан күнү сизди фашисттер менен казарманын короосунан көргөмүн.

Дагы деле сүйлөнө бермекмин, бирок кокустан таң калыштуу абалга тушуктум: бул дарыгердин ушул жерде болушу – мени селейтип койду. Адатта, бир адамды аңдый бергеним оңой менен калбайт. Кайрадан сүйлөөгө каалоом жок, далымды күйшөп, башка жакты карадым. Бир аздан кийин башымды өйдө көтөрсөм, мени таң калып карап туруптур. Күзөтчүлөр таңгакталган чөп үстүндө олтурушат. Кодойгон семиз Педро бармактарын кыймылдатса, беркиниси уктап кетпеш үчүн башын чулгап коёт кээде.

– Лампа алып келейинби? – күтүүсүздөн дарыгерден сурады Педро.

Ал баш ийкеди. Дарыгердин мээси дарактын көңдөйүндөй бош, бирок кара санатай эместей. Мерез, суз тарткан көк көздөрүнөн адашып жатканын сездим. Педро лампа көтөрүп келип калды. Бөлмө күңүрт боло түштү, бирок жоктон көрө жогору эле. Өткөн түнү караңгыда калганбыз. Лампанын шыпка тийген тегерек нуруна бираз кадалып, азгырылгандай абалга кептелдим. Дароо өзүмө келгенимде, жарык өчтү. Оор сыноонун алдында эзилгенимди сездим. Бул өлүмгө тике кароо эмес эле, аты жок бир балээ, коркуу да эмес. Жаак сөөктөрүм сыздап, башым катуу ооруй баштады. Күбүнүп, эки жагыма көз салдым. Том башын колдору менен кучактап алыптыр, анын жоон аппак желкесин көрүндү. Кибиреген Жуан, абдан эле өңдөн аза түшүптүр, мурдунун таноосу барбайып титирегеничи. Дарыгер ага жакындап, күч бере тургансып колун далысына койду: бирок муздак көздөрү менен кара мүртөздөрчө карады. Андан соң белгиялыктын колу Жуандын манжасынан билегине чейин акырын сыйпалаганын көрдүм. Жуан ойсуз аракеттери менен эсин жоготуп койгондой. Белгиялык болсо ойлуу бираз артка бурулуп, Жуандын билегин үч бармагы менен кармап, мага далысын салып олтурду. Мен артка жылдым: саатын алып коюп, чунактын билегин коё бербей, кармап олтурганын көрдүм. Андан соң кыймылсыз колду коё берди да барып дубалга жөлөндү. Дароо жазыш керек болгондой, чөнтөгүнөн дептерин шашылыш алып чыгып, бир нерсе чиймелей баштады. “Дөөпараз эшек, – дедим ичимден каарданып, – менин кан басымымды текшерүү үчүн ордуңдан турба, сасык оозуңа муштап жиберем”, – дедим. Жаныма келген жок, бирок мени карап турганын сездим. Башымды көтөрүп, ага карадым. Атымды билбегендей абалда суроо берди:

– Адам бул жерде тоңуп өлөт, туурабы?

Ооздору көгөрүп, тоңуп калыптыр.

– Үшүбөй эле турамын, – дедим.

Көздөрүн менден албай тиктеди. Тердеп кетип, колум менен жүзүмдү аарчыдым. Кыш чилдеде муздак жел согуп, шамал аркырап, суу тоңуп турганда, менин тердегенимди айт. Тердеп нымдашкан чачтарымды манжаларым менен тарадым. Дал ошол учурда көйнөгүм денеме жабышып калганын сездим. Бир сааттан бери тердегенимди сезген эмесмин. Бирок бул абалымды белгиялык доңуз эбак сезиптир. Жүзүмдөн жылтыраган терди көрүп, катуу корккондон деп ойлогондур. Өзү эч нерсе болгон жок, эркин кыймылдап, үшүктү тоотподу. Ордумдан туруп, сабап салгым келди. Ордумдан копшолдум. Ачууланган ызам заматта тарап кетти. Кайра олтурдум. Мойнумду кол аарчым менен сүрүндүм. Терим чач ылдый шоргологонун сездим: бул жакшы эмес. Аарчыганды деле токтоттум, себеби пайдасы жок, кайра эле тер ага берди. Кол аарчым чылгый суу болуптур. Жамбашым тердеп, шымым олтургучка жабышып калды.

Күтүүсүздөн чунак Жуан тилге келди:

– Дарыгерсизби?

– Ооба, – деди белгиялык.

– Адам көпкө азап тартабы?

– Ох... качантан бери?.. Жок, дароо эле бүтөт, – деди белгиялык аталык мээрим төгүп, акы төлөгөн бейтапты карап жаткансып.

– Бирок, мен... Мага айтышты... эки жолу атышат деп.

– Ооба, кээде биринчи атканда жан таслим болбосо, экинчи жолу атышат, – деп башын ийкеп жооп берди белгиялык.

– Анда мылтыктарын кайра октоп, анан атышабы?

Ойлонуп, оор үшкүрүп, кысылган үн менен:

– Буга да убакыт керек!

Чунак Жуан кыйноодон коркуп, оюна мындан башка эч нерсе келген жок. Ал абдан жаш болчу. Мен бул тууралуу ойлонгон да жокмун. Менин көл-шал тердегеним, кыйноо коркунучу эмес эле. Ордумдан туруп, чаң үйүлгөн жерге чейин бастым. Том ордунан тура калып, кек толгон көздөрү менен карады, мага ачууланды, себеби бут кийимим кычырап жаткан. “Менин да жүзүм аныкындай кер сарыбы?” деп өзүмө өзүм сурадым. Ал дагы тердептир. Асман көпкөк ачык болгону менен, бирок мен турган бурчка жарык кирбейт. Чоң топ жылдызды көрүү үчүн башымды бийик көтөргөнүм жетиштүү. Мурда мен жазалоочу камерада олтурганымда архиепископ каалаган учурда асманды көрө алчумун, бул ар кандай эскерүүлөрүмө себеп болчу. Таң заарда асман көпкөк болуп турганда Атлантика океанынын жээгиндеги пляждарды кыялдандым. Мээ какшыткан чак түштө күндү көрүп, Севильядагы спирт заводун эстедим, ал жерде анчоус, зайтун жеп, манзанилла ичип отурганым эсиме түштү. Түштөн кийин күнгө туурулуп күйгөн көлөкөмө карадым. Дүйнөнүн асманда чагылышын көрүү чындап азаптуу эле. Жөн гана карап турдум. Томдун жанына олтурдум. Көп убакыт өттү. Том үнүн катуу чыгарып сүйлөй баштады. Сүйлөшү керек эле, болбосо ойлору чаташып, ичинен муунуп жаткан. Сүйлөшкөн адамы менмин, бирок башка жакты карап сүйлөп жатат деген ойдо болдум. Менин күлдөй купкуу, тердеген түрүмдү көргүсү келген жок. Биз бири бирибизге окшош элек, бири бирибизге күзгү элек. Белгиялыкка карады.

– Сен түшүнөсүңбү?.. Мен түшүнбөймүн, – деди.

Мен дагы көтөрүңкү үн менен сүйлөй баштадым. Белгиялыкка карадым.

– Эмне болду?

– Түшүнбөгөн бир нерсе күтүп турат бизди.

Томдон укмуштай коңурсук жыт урду. Дайымкыдан да жаман жыт. Шылдыңдадым:

– Азыр түшүнөсүң.

– Түшүнүү мүмкүн эмес. Баатыр болгум келет, бирок эмне менен бүтөрүн билбеймин... – деди көктүгүнө салып: – Ук, азыр алар бизди короого алып чыгып, маңдайыбызда катарынан тизилишет.

– Алар канча киши?

– Кайдан билейин. Беш же сегиз. Көп эмес.

– Жакшы. Сегиз киши. Аларга аткыла деп буйрук беришет. Мени 8 мылтык менен атышат. Дубалды жарып ичине кирип кетким келет. Болгон күчүм менен дубалга жөлөнөмүм. Дубал коргойт. Түш сыяктуу. Булардын баарын мээмде кыялдандым. Ах, кантип кыялданганымды билгениңде?!

– Жакшы, абдан жакшы! Мен дагы кыялданып жатамын.

– Бул абдан азаптуу болсо керек. Жүзү таанылбай калсын деп адамдын бетине, оозуна атышат, – деп кошуп койду мыкаачыларча. – Азыртан ооруну сезип турам. Бир сааттан бери мойнумда да, башымда да оору бар. Жан дүйнөм жаралуу. Эң оору да ушул, эртең эрте менен сезе турган ооруларды алдын ала сезүү. Андан кийинчи?

Эмне дегиси келгенин абдан жакшы билчүмүн, бирок билбегендей түр көрсөттүм. А ооруулар тууралуу айтсам, денем бычак менен тилип жаткандай ооруду. Мойнума алгым келген жок, бирок ал сыяктуу эле абалда элем, бирдирбегенге аракет кылдым.

– Кийин, буттарың менен чабалактайсың, – дедим. Ал жөн гана ой келди сүйлөй баштады, белгиялыкка таңыркай карап. А анын угар түрү жок. Ал эмнеге бул жакка келгенин жакшы билчүмүн. Эмне ойлонуп жатканыбыз ага кызык эмес. Ал тирүү кезибизде кандай азап тартаныбызды көрүү үчүн келди да.  

– Адам кээ бир нерселерди түшүндөгүдөй жакшылап көргүсү келет, алар дайыма ушундай экенин билишет, тез ойлонушат, анан ал алыстап, бизден качып кутулат. Кайра өзүмө өзүм эч нерсе болбойт деймин, – деди Том. – Бирок бул эмне экенин түшүнбөймүн. Ушунчалык оор нерселерди жашаган учурларым болгон. Эсиме кайгы-муң, мылтык үндөрү, жарылуулар келет. Мен материалистмин, мага ишен кой. Жинди эмесмин. Бирок бүтпөгөн бир нерсе бар. Өз өлүгүмдү өз көзүм менен көрдүм. Ойлоно башташым керек... эч нерсе көрбөгөнүмдү, эч нерсе каалабаганымды... аалам башкалар үчүн өтүп кетерин ойлонушум керек. Адам дал ушуну ойлонуу үчүн жаралган, туурабы, Пабло. Ишенчи мага. Кээ бир нерселерди күтүп, уйкусуз өткөргөн түндөрүмдө мына ушуга ынандым. Мага ишенип кой. Бирок бул окшошпойт. Бизди аркабыздан бычак сайышат. Пабло, ал учурда биз даярдыксыз болобуз.

– Жетишет, болду сүйлөбө, кааласаң күнөөңдү жууган поп чакырып берейинби? Каршы болгон жок. Мен анын пайгамбар болгусу келгенин, мени Пабло деп атагысы келгенин эч кимге жакпаган үн менен айтып жатканын түшүнгөм. Мага андай нерсе жакчу эмес, бирок бардык ирландиялыктар ушундай окшойт.

Бул жер заара жыттана баштады. Мен Томду өзүмө жакын сезген жокмун. Кээ бир адамдар бар, аларга мамилең такыр башкача болот. Рамон Грис тууралуу айтам. Бирок Том менен Гристин жанында өзүмдү жалгыз сеземин. Бул мага жагат. Балким Рамон менен чогуу болгонумда көңүлү жумшак адам болмокмун. Азыр абдан ороймун, өзгөргүм жок. Том эсин жоготкон абалда кээ бир сөздөрдү жутуп, чулдурап сүйлөп жатты. Ойлонгусу келбей тантый берди. Простатит менен ооруган кары киши сыяктуу сийдик жыттанганычы. Чынында мен деле ал сыяктуу ойлондум, ал айткандардын баарын мен деле айтмакмын. Мындай өлүм табийгый жол эмес. Өлүмдү кабыл алгандан бери мага эч нерсе табигыйдай сезилбей калды, үйүлгөн көмүр, такта, ал тургай Педронун ыраңы суук жүзү дагы. Болгону Том экөөбүздүн оюбуз бир болгону мага жакты. Жок дегенде бир күн болбосо да 5 мүнөт окшош нерселерди ойлоп, тердеп, титиреп турабыз. Ага жандуу көз менен карадым, көзүмө кызыктай көрүндү. Жүзүндө өлүмдүн элеси турду. Намыстандым. 24 сааттык убакытта аны менен чогуу жашадым, аны менен сүйлөштүм, билем, окшош тарабыбыз жок болчу. Азыр болсо эгиз бир туугандардай бири бирибизге окшошпуз, жер менен жексен болуп чогуу өлөбүз. Том менин көздөрүмө карабай, колдорумдан кармады:

– Пабло, өзүмөн өзүм сурайм... Адам баласы жер менен жексен болушу туурабы?

Колумду тартып алдым.

– Алаңды карачы, келесоо, – дедим.

Буттарынын ортосунда суу сарыгып, шымынан тамчылап жатты.

– Бул эмне? – деди коркуп.

– Сийип алыпсың, – дедим.

– Андай эмес. Сийген жокмун, жок, – деди.

Белгиялык жакын келип, таң калыштуу суроо берди:

– Оорулуусузбу?

Том жооп берген жок. Белгиялык эч нерсе дебестен сийдиги сарыккан аласына карады.

– Бул эмне экенин түшүнгөн жокмун, – деди Том ызаланып. Бирок коркпоймун. Сөз беремин, корккон жокмун.

Белгиялык жооп берген жок. Том ордунан туруп, бир бурчка барып заара ушатты. Жаныбызга келип олтурду да, оозун ачкан жок. Белгиялык бир нерселерди жаза баштады. Үчөөбүз тең ага карадык. Анын жүзүндө азап, кайгы бар эле. Тирүү адамдар кандай титиресе, ал дал ошондой титиреп жатты. Денеси жакшы каралыптыр. Биз, башкалар денебиз барбы, жокпу – эч нерсе деле сезбедик. Эмне болсо ошол болсун, эч нерсе сезбедик. Буттарынын ортосун, шымын карагым келди, бирок менде күч жок эле. Белгиялыкка карадым. Буттарын учкаштырып, салыңкы жүзү менен эртеңки күндү ойлонуп жатты. Биз, каныбыз токтоп калган үч көлөкө ошол жерде катып калдык, ага карап, кан соргучтар сыяктуу анын жашоосун соруп жаттык. Акырында кичинекей Жуанга жакындады. Баланын чекесине колун тийгизди. Кесиби болгондуктан кармадыбы же боору оорудубу, билбеймин. Боор оору сезими бир түндө бир гана жолу ойгонду. Кичинекей Жуандын башынан, маңдайынан сылады. Кичинекей эреркеп кетти, көздөрүн көздөрүнөн алган жок, андан соң күтүүсүздөн адамдын колдорун кармап, ага кызыктай карады. Белгиялыкты эки колу менен кармады, колдору абдан алсыз, купкуу эле. Семиз, болпойгон кызыл колдорун күлдүн өңүндөй бопбоз куураган эки кол кармап турду. Бир нерселер болорунан күмөн санадым. Том дагы ошондой ойлосо керек. Бирок белгиялык эч күмөн санаган жок, аталык мээрим менен жылмайып турду.

Бир канча мүнөттөн кийин кичинекей болпойгон семиз колду оозуна алып барып, тиштегиси келди. Белгиялык араңдан зорго колун тартып алды, темселеп дубалга чейин барды. Бир канча көз ирмем бизге коркунучтуу карады. Биз өзүнө окшобогон адам экенибизди түшүндү окшойт. Күлө баштадым. Күзөтчүлөрдүн бирөөсү ордунан ыргып турду. Беркиси уктап калган эле, көздөрү ачык, анан кебетеси купкуу. Өзүмдү чарчагандай, ошол эле учурда абдан кызуу кандуу сездим. Таң эрте башыбыздан өтчүлөрдү, өлүмдү ойлонгум келген жок. Мунун эч кандай мааниси жок эле. Же сөз эмес, жөн гана куру бекер нерсеге чалдыктым. Башка нерсе ойлонгонго аракет кылганымда үстүмө мылтык менен чыкыйга мээлеп тургандай сезилди. Жыйырмадан көп жолу асылып турганымды элестеттим. Бир жолу чындап эле жашагандай болдум. Бир мүнөт уктап кеткен элем. Мени дубал жакка алып баратышкан, бошонгонго аракет кылып, кечирим берүүлөрүн сурандым. Чочуп ойгонуп, белгиялыкка карадым. Уктап жатып кыйкырдымбы деп чочудум. Бирок ал мурутун бырыштырып, эч нерсе сезбептир. Кааласам көз ирмемге уктаймын деп ойлодум. 48 саат уктаган эмесмин, чарчагам. Бирок өмүрүмдүн эки саатын текке короткум келген жок. Таң саар келип, мени ойготушмак, уйкусураган абалда арттарынан келмекмин да, эч нерсе сезбестен өлмөкмүн. Мындай өлүмдү каалаган жокмун. Мал сыяктуу өлгүм келбеди. Өлүмдүн баркын билгим келди. Анын үстүнө албарсты басышын да каалабадым. Ордумдан туруп, эки жакка бастым, мээмдеги ойлорду өзгөртүү үчүн өткөн жашоомду ойлондум. Мээмде ар түрдүү маанилүү-маанисиз эскерүүлөр топтолду. Жакшысы да, жамандары да бар. Же мурда эле аларды ошентип экиге бөлсөм керек. Адамдын жүздөрү, окуялар бар эле. Валенсиядагы бука жарманкесинде буканын мүйүзүнө кустурган Жан Новилеронун жүзү, абамдын жүзү, Рамон Гристин жүзү көз алдыма келди.

Башымдан өткөндөрдү эстедим: 1926-жылы кантип жумушсуз бекер калганымды, ачкалыктан өлө жаздаганымды, Гранададагы отургучта өткөргөн түнүмдү эстедим. Үч күн эч нерсе жебей ачка олтургамын, абдан ызалангамын, ачкалыктан өлгүм келген эмес. Ызама чыдабай каткыргамын. Бактылуулукка, аялдарга, эркиндиктин артынан талбай чуркадым. Мунун баарысынын эмне кереги бар? Испанияны куткаргым келген. Пий Маргалга суктанчумун. Анархисттик кыймылга кошулдум. Чогулуштарга катышып, сүйлөгөмүн. Бардык нерсеге жоопкерчиликтүү мамиле кылчумун: өлбөчүдөй. Дал азыр жашоомдун бардык учуру көз алдыма келип ойлоно баштадым. Бул ыйык адашуу окшойт. Акыр аягы бүтөт экен, эч нерсе кылбасам болмок. Кыздарды кантип шылдыңдаганымды, кантип аларга тийишкендеримди ойлоп, өзүмдөн өзүм жийиркенип, өзүмө өзүм суроо бердим. Ушинтип өлөрүмдү билгенимде бармагымдын учун да тийгизмек эмесмин. Жашоом көз алдымда эле, жабык, сырдуу баштык сыяктуу. Оо-о-о, баштык ичиндегилер дагы бүтө элек. Жашоомдон сурак ала баштадым. Өзүмө өзүм жакшы жашоо болчу дегим келди. Бирок бир чечимге келе алган жокмун, жөн гана эскиз эле. Убактымды өлүмсүз болуу үчүн өткөргөн элем, мындан улам эч нерсе ойлонгон жокмун. Жок, эч нерсеге кайгырган жокмун. Болбосо кайгыра турган, жүрөк эзген көп нерселер бар. Мисалы, манзалиннанын даамы, Кадиске жакын жердеги кичинекей коктуда жайкы деңизге түшүшүм сыяктуу. Бирок өлүм бардык үмүттү жок кылды. Белгиялыктын жакшы пикири бар эле: күтүүсүздөн,

– Жолдоштор, аскердик башкаруу уруксат берсе, жакындарыңарга бир-эки ооз сөз ала барамын, – деди.

Том ачууланды:

– Менин эч кимим жок!

Мен жооп берген жокмун. Том бир азга ойлонду да, мага карап:

– Гонжага айтар сөзүң жокпу, – деди.

– Жок.

Буга сырымды айтканыма ачууландым. Адаштым. Мурунку түнү Гонжа тууралуу айтып бербедим беле, өзүмдү кармашым керек эле да. Бир жылдан бери бул аял менен чогуу болчумун. Кечээ эле аны 14 мүнөт көрүү үчүн колумду балта менен керте чабууга даяр болчумун. Мына, ошондо айткамын, сезимим курч эле. Азыр аны көргүм да жок, ага айтар сөзүм калган жок. Аны коё бербей кармап, жадаткым келбейт. Өз денемден жийиркене баштадым, себеби күлдөй бозоруп, тердей бердим. Анын денесинен да жийиркенип, коркпой турганымды билбедим. Гонжа өлгөнүмдү укса, ыйламак. Далай мезгил жашагысы келбей кыйналмак. Бирок өлө турган мен го. Анын жылдыздуу көздөрүн элестеттим. Көздөрүнөн мага жылуу энергия өткөнсүдү. Булардын баары бүтчүдөй сезим жаралды. Азыр мага караса, көзүндөгү жалын өзүндө калып, мага жетмек эмес. Мен ошондуктан жалгызмын.

Том эндекей жалгыз болчу, бирок менчелик эмес. Атка мингенсип олтурган, өңүндө кызыктай жылмаюу бар, толкунданган абалда. Колун сунуп, калтырап тактаны кармады, бир нерселерди сындырып алуудан корккондой түрү бар, андан соң дароо колун тартып алып, титирей баштады. Мен Томдун ордунда болгонумда тактага колумду тийгизмек эмесмин. Бул ирландиялыктарча тамаша эле. Бул жерде абал кызыктай экенин моюнга алгамын. Окуя өтө так эмес, бүдөмүк нерселер көп эле. Өлүмгөм барарымды билүү үчүн тактага, лампага, чаңга караганым жетиштүү эле. Албетте, өлүмүмдү ачык так ойлоно алган жокмун. Бирок аны бардык жерде көрүп жаттым, буюмдардын үстүнөн, кутунун ичинен, бири-биринен алыстаган, өлүм тууралуу ачык сүйлөшкөндөр сыяктуу өтө жакын элем. Олтургучка барып тийген Томдун өз өлүмү эле. Бул абалда колумду сереңдетип үйгө кетсем болорун, кечиришкенин айтышса муздай тоңмокмун. Адам өлбөстүк жөнүндө кыялын жоготкондо, бир канча саат же бир канча жыл күтүү – окшош нерселер.

Азыр эч нерсеге алаксыган жокмун, жан дүйнөм тынч. Бирок бул коркунучтуу тынчтык. Денем. Анын көздөрү менен көрүп, анын кулактары менен угуп жаттым, бирок бул мен эмесмин. Эмне болгонун сезүү үчүн аны кармап көрүшүм керек эле. Титиреп жатты, өзүнөн өзү тердеди. Мен аны тааныбай турдум. Эмне болгонун түшүнүү үчүн аны кармап көрүшүм керек, башканын денесиби же өзүмдүкүбү? Кээде гана аны сезе баштадым, жүрөгүмдүн алеп-желеп соккону түрсүлдөп угулуп жатты. Бирок бул мага жетишсиз, денемден чыккан ар бир нерседе бүдөмүк караңгы аба бар эле. Көбүнчө унчукпайт, үн-сөзсүз, абдан оор, жийиркеничтүү нерсе сыяктуу сездим. Чоң кан соргуч жөргөмүш ороп алгандай абалда болдум. Шымымды кармап көрүп, суу экенин сездим. Терденби же заарадан уламбы, билбедим. Бирок алдын алуу үчүн көмүр үйүлгөн жерге барып заара ушаттым.

Белгиялык саатына карады.

– Саат 3:30, – деди.

Акмак, келесоо! Сөзсүз ушинтип айтышы керек. Том секирип турду. Убакыт өткөнүн сезбегендейбиз. Түн караңгы, коркунучтуу, кара түйдөк жиптей элестеди. Качан түн киргени эсимде жок.

Кичинекей Жуан кыйкыра баштады. Колдорун ачып-жумуп жалына берди:

– Өлгүм келбейт! Өлгүм келбейт!

Ал колдорун өйдө көтөрүп, жертөлөнү айланып чуркап, таңгакталган чөптөрдүн бирине кулап түштү да, ыйлап жиберди. Том мерез көздөрү менен карады, бирок аны соороткусу жок. Чынында бул ага азап эмес эле. Ал абдан ызы-чуу кылды, бизге караганда эмне болорун эрте кабылдады. Абалы оорусуна от жагып өзүн коргогон оорулуу сыяктуу болчу. От болбосо абал дагы да оор болмок. Озондоп ыйлады. Өзүнө өзү боор ооруганын сезип турдум. Өлүмдү ойлогон жок. Бир көз ирмемге, болгону бир секунд мен дагы өзүнчө ыйлоону ойлодум, өзүмө боорум ооруп ыйлоону. Бирок баары башкача болду, Жуанга карадым, бүкчүйгөн далысын көрдүм, өзүмдү адамдыктан ажырап калгандай сездим. Мен же башкага, же өзүмө боор ооруган жокмун. Өзүмө өзүм:

– Абийирим менен өлгүм келет, – дедим.

Том ордунан туруп, тегерек тешиктин алдына олтурду да, күн нуруна кадалды. А менин оюм бир нерсеге такалды: абийирим менен өлгүм келди, оюма мындан башкасы келген жок. Бирок доктурдун айткан саатынан кийин убакыт зымырап өтүп жатканын туйдум. Томдун үнүн укканымда аба дагы деле күңүрт караңгы болчу.

– Угуп жатасыңбы?

– Ооба.

Акмактар короодо басып жүрүштү.

– Көзүбүздү тазалоо үчүн келиштиби? Караңгыда ата алышпастыр!

Бир канча убакыттан кийин эч нерсе уккан жокпуз. Томго:

– Мына, күн чыкты, – дедим.

Педро эстеп ордунан турду, лампаны өчүрдү. Жолдошуна:

– Аяздуу, – деди.

Жертөлө күлдөй бозоруп, алыстан мылтыктын үнүн уктук.

– Башташты, – дедим Томго. – Ата турган болсо, аркадагы короодо атышат.

Том доктурдан бир тал чылым сурады. Мен сураганым жок: тамеки да, арак да ичким келбеди. Эми мылтыктын үнү тынымсыз угулуп жатты.

– Түшүнүп жатасыңбы, – деди Том.

Бир нерсе дегиси келди, бирок үндөгөн жок, каалга жакты тигиле карады. Каалга ачылып, төрт аскер, бир лейтенант кирди. Том тамекесин жерге түшүрүп жиберди.

– Стейбок ким?

Том жооп берген жок. Аны Педро көргөздү.

– Жуан Мирбал ким?

– Тиги таңгакталган чөптүн үстүндөгү.

– Ордуңардан тургула, – деди лейтенант.

Жуан турган жок. Эки аскер колтугунан сүйөп тургузушту. Бирок коё берери менен жыгылып түштү. Аскерлер токтоп калышты.

– Өзүн жаман сезген жападан жалгыз ушул эле дейсиңби, – деди лейтенант. – Силер экөөңөр аны алып баргыла, не кылса ошону кылышсын. Томго карады:

– Баскыла, тез!

Том эки аскердин коштоосунда баратты. Берки эки аскер артынан жөнөштү. Чунак Жуанды колтугунан, тизелеринен кармап алышты. Эсин жоготкон жок, көзүнөн аккан жаш жүзүн жууп баратты. Көздөрүн бакырайтып ачып алган эле. Мен да чыгайын десем, лейтенант токтотту:

– Сиз Иббиетасызбы?

– Ооба.

– Азырынча бул жерде күтө туруңуз. Бир аздан кийин сизди алып кетишет.

Кетишти. Белгиялык менен эки күзөтчү да кетти, жалгыз калдым. Башыма кандай күн келерин билбедим, бирок дароо ишимди бүтүрүшсө жакшы болмок. Алардын ачуу үндөрүн, өкүрүп-бакыргандарын угуп жаттым. Ызаланып, чачтарын жулгум келди. Бирок тишимди кайрап, колумду чөнтөгүмө салдым. Себеби абийирдүү өлгүм келди.

Бир сааттан кийин мени алып кетүүгө келишти. Үп тарткан, тамеки жыттанган бөлмөгө алып киришти. Ал жакта тизелерине кагаздарды коюп алып, үстөлдө тамеки чегип отурган эки офицер бар экен.

– Сенин атың Иббиетабы?

– Ооба.

– Рамон Грис каякта?

– Билбеймин.

Менден сурак алганы жапалдаш бойлуу, чымыр денелүү неме экен. Көпөлөккө окшош көз айнегинин артында каардуу, мерез көздөрү кадалды.

– Жакында, –деди.

Жакындадым. Ордунан туруп, мени жер түбүнө житире муштачудай тиктеп, эки колумдан кармады. Болгон күчү менен колумду кысты. Бул менин жанымды оорутуу үчүн эмес эле, жөн гана мени шылдыңдаганы болчу, мени оңой айттыргысы келди. Сасыган демин жүзүмө үйлөдү. Буга жиним да, күлкүм да келди. Өлүмгө даяр адамды коркутуу үчүн башкага акылы жетпедиби? Мунусу ишке жараган жок.

Мени күч менен түртүп жиберип, ордуна олтурду.

– Анын өмүрү үчүн сенин өмүрүң кыйылат. Анын каякта экенин айтсаң, өлбөйсүң.

Камчы кармаган, керзи өтүк кийген бул экөө да бир күн өлөт, аз убакыттан кийин, балким бир канча жылдан кийин. Колдорундагы кагаздан ысымдарды издеп, башкаларды шылдыңдоо, кемсинтүү үчүн айла издешкендей. Алардын бул аракети мага орой, күлкүлүү сезилди.

Өзүмдү алардын ордуна коё албадым. Мага жиндидей көрүнүштү. Кызыл кандуусу мени карады. Камчысы менен өтүгүн ургулады. Бардык кыймыл-аракеттери жандуу, жырткыч жаныбар сыяктуу көрүнгүсүү келген амалдары болсо керек бул.

– Анан? Түшүнүктүүбү?

– Грис каякта экенин билбейм, – дедим. – Менимче Мадридде болчу.

Берки офицер чарчаган колун жогору көтөрдү. Мындай аракети да терең ойлонулган, астынан бир нерсе чыкчудай план эле. Алардын бардык оюндарын көрүп турдум, дал ушундай шылдыңдагысы келген адамдар бар экенине таң калдым.

Ал акырын:

– Ойлонуу үчүн 15 мүнөтүңүз бар, – деди. – Муну алып барып кир жуучу бөлмөгө камап, 15 мүнөттөн кийин алып келгиле. Көк беттенип айтпаса, дароо атылат.

Эмне кылууну билишчү... Түндү күтүү менен өткөрдүм. Том менен Жуан атыларда мени бир саат жертөлөдө камашты, кир жуучу бөлмөдө да камашты. Мага кылар нерселерин түнү бою даярдашса керек. Убакыт өткөн сайын ызырынып, менин да ачуулануумду күтүштү.

Алданышты. Кир жуучу бөлмөдө жөлөнгүчү жок олтургучка олтуруп, абдан чарчадым. Ой басты. Албетте, алардын сунушун ойлонгон жокмун. Гристин кайда экенин билчүмүн: жээндеринин жанында жашынып, шаардан төрт км алыста эле. Кыйнашпаса, жашырынган жерин айтканда эмне дедим (Кыйнай турган түрлөрү жок болчу). Булардын баарысы ачык эле көрүнүп турду, бирок эч бири мага маанилүү эмес. Болгону кыймыл-аракетимдин себептерин билгим келди. Гристи карматкандын ордуна өлгөнүм артык. Себеп? Рамон Гристи жакшы көрчү эмесмин. Ага болгон достугум Гонжага болгон сүйүүм менен бирге күн чыкканга чейин өлүп тынган. Аны баалачумун, жакшы жигит. Бирок анын ордуна өлгүм келгендин себеби, бул эмес. Анын жашоосу менин жашоомдой кадыр-барктуу эмес. Эч бир өлүмдүн баркы жок. Адамдарды кармап дубалга жабыштырып, кайра, өлгүчө отко куйкалашты. Бул менминби же Гриспи – айырмасы жок. Испания тууралуу сөз болгондо, Грис жарактуу адам экенин билчүмүн, бирок Испания да, башаламандык да мага баары бир эле. Эч нерсенин мааниси жок болчу. Абалым ушундай эле. Гристи карматып, өз жанымды коргосом деле болмок, мындан баш тарттым, ал тургай бул мага күлкүлүү сезилди. Бул өжөрдүгүмдөн болчу. Башты бийик көтөрүү керек дедим. Ичимде түшүнүксүз, бактылуу сезими жаралды. Мени эки офицердин жанына алып барышты. Буттарымдын алдынан бир чычкан өтүп кетти, күлгүм келди. Күзөтчүлөрдүн бирөөсүнө карап:

– Чычканды көрдүңбү? – дедим.

Жооп берген жок. Көңүлү жок, каардуу болууга аракет кылды. Күлкүм келди, өзүмдү араң кармадым. Себеби күлсөм, өзүмдү токтото алмак эмесмин. Ушундан корктум.

Күзөтчү, муруттуу эле. Ага кайрадан:

– Муруттарыңды кырышың керек дос, – дедим. – Тирүүңдө жүзүңдү кыл басканы кызыктай көрүнөт экен.

Ал бир тепти, мен үндөбөй калдым.

– Ээ, ойлондуңбу, – деди каардуу офицер.

Абдан сейрек кездешкен жөргөмүшкө кадалгандай таң калып карадым ага.

– Кайда экенин билем. Көрүстөндө жашырынып жатат. Казылган көрүстөндө же көрүстөн казгандардын клубунда, – дедим.

Бул айтканым аларды алаксытуу эле. Алар ордуларынан туруп, окторун алып, бири бирине шашылыш буйрук бергенин көргүм келди.

Ордуларынан ыргып турушту.

– Жүргүлө, кеттик. Молес, барып офицер Лопезден он беш адам сура. Сен, – деди каардуу офицер, – чындыкты айтып жатсаң, сөзүм жок, бизди алаксытып жатсаң, өлдүн дей бер.

Кыйкырып-бакырып чыгып кетишти, мен күзөтчүлөрдүн көзөмөлүндө аларды күтүп олтурдум. Кээде өзүмө өзүм күлүп, эмне кылышканын ойлондум. Өзүмдү бир наадан адамдай сездим. Көрүстөндөрдү карап, ар бир чуңкурга көз салгандарын элестеттим. Башка бирөө сыяктуу бул абалга көз жүгүрттүм. Баатырдыгын көрсөткөн туткун, муруттуу, чымыр денелүү күзөтчү, көрүстөн аралап чуркаган формачан аскерлер жана ушул абал мага абдан күлкүлүү сезилди.

Жарым сааттан кийин бир аз каардуу көрүнгүсү келген аскер келди. Атууга кетеримди айтат деп ойлодум. Башкалары көрүстөндө калышса керек.

Аскер мага карады. Ачууланган түрү жок.

– Беркилер менен бирге муну чоң короого алып баргыла. Аскердик аракеттерден кийин анын тагдырын жооптуу сот чечет, – деди.

Түшүнгөн жокмун.

– Ошондо мени... Мени атпайсыңарбы? – дедим.

– Азыр эмес, балким кийин. Ал жагын билбеймин.

Такыр, такыр түшүнгөн жокмун.

– Бирок эмнеге? – дедим.

Жооп бербей, далыларын күйшөгөн аскерлер мени алып жөнөштү. Чоң короодо аялдар, балдар, карылар болуп жүзгө жакын туткун бар экен. Ортодогу жашыл бакты айланып, таң калдым. Түштө бизди тамакка тойгузушту. Эки-үч келесоо мени суракка алды.

Аларды тааныйм, бирок жооп бербедим. Кайда экенимди да билбеймин.

Кечкурун онго жакын туткунду короого алып келишти. Наабайчы Гарсианы тааныдым. Мага ал:

– Таң калыштуу! Сени бул жактан табарыма ишенген эмесмин, – деди.

– Мени атууга өкүм чыгарышкан, бирок ойлорун өзгөртүштү. Себебин билбейм, – дедим.

– Эмнеге?

Гарсиа саясатка кызыкчу эмес.

– Билбеймин. Ойлору өздөрүнүкүнө дал келбегендердин баарысын камашты, – дедим.

Үнү жоонойо түштү.

– Гристи да кармашты.

Муунум калчылдап, үнүм каргылданып кетти:

– Качан?

– Эртең менен. Ойлонбоптур. Шейшемби күнү жээни каза болду. Муну билип алышкан окшойт. Аны жашырар адам жок эмес, бар. Бирок ал эч кимге жүк болгусу келбептир. Иббиетталарга барып жашырынмакмын, бирок алар туткунда болгондуктан көрүстөнгө барып сактанайын, – дептир.

– Көрүстөнгөбү?

– Ооба. Башы жоктук бул. Албетте, таң заарда ал жактан өтүштү, көрүштү, болору болду, боёсу канды. Көрүстөнчүлөрдүн клубунан табышты. Дароо атып салышты.

– Көрүстөндөбү!

Көз алдыма баары тартылды, жерге кулап түштүм. Көзүмдөн жаш салаалап агып, жинди болгон немедей каткыра бердим. 
Француз тилинен которулду. 

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз