Котормо конкурсу
Котормо өнөрү – маданият көпүрөсү. Кыргыз адабиятынын казынасын, тилин байытуу максатында котормо жанрындагы чыгармаларга конкурс жарыялайбыз.
Конкурс максаты – дүйнө элдеринин адабиятын кыргыз тилине түпнускадан түзмө-түз көркөмдүк деңгээлде жеткирүү. Конкурска англис, немис, кытай, француз, түрк, украин, жапон, грузин, италия, испан, өзбек, казак, фарс, араб, ж.б. ж.б... авторлордун чакан чыгармаларын кыргыз тилдүү окурмандарга жеткиликтүү которгон эмгектер кабыл алынат.
Жобобуз жарыяланган күндөн тарта көркөм котормолор ruheshsaity@gmail.com почтасы аркылуу кабыл алынат. Конкурска аңгеме, новелла, эссе, жомок жанрындагы чыгармалар кабыл алынат.
Кабыл алуу мөөнөтү: ушул жылдын 31-майына чейин. Жеңүүчүлөргө байге тапшыруу аземи 15-июнда.
Конкурстун шарты: ар бир котормочу бир нече чыгармалар менен катыша алат. Ар бир котормочу 1200 сомдон взнос акы төлөөгө (ар бир чыгармага) тийиш. Аталган конкурстун байге фонду катышуучулардын взнос эсебинен чогултулат. 1200 сомдун 200 сому редактор, корректорго, 1000 сому байге фондго жумшалат.
Агер 200 калемгер катышса, байге фонд эсеби 200 000 (эки жүз миң) сомду түзөт. Агер 50 калемгер катышса, байге фондубуз 50 000 (элүү миң) сом байге фондун түзөт. Негизинен конкурска канча чыгарма келип түшсө, байге фондубуздун көлөмү конкурска катышкандардын санына жараша түптөлөт.
Конкурс жыйынтыгы чыкканга чейин калыстар курамы жана котормочулардын эч биринин аты-жөнү ачыкка жарыяланбайт.
БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАР
(Азырынча болжол менен)
1-орун: 100 000 (жүз миң) сом
2-орун: 70 000 (сексен миң) сом
3-орун: 30 000 (отуз миң) сом
Байге фондубузга демөөрчүлүк кылууга ниети бар өндүрүш жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен да кызматташууга даярбыз! Агер аталган конкурска кызыкдар болгон бизнес өкүлдөрү кошулса, байге фонддун көлөмүн өстүрөбүз...
Эскертүү: ӨҢҮ тамгасы жок чыгармалар жана мурда жарыяланган эмгектер кабыл алынбайт! Ар бир котормочу канчадан чыгарма жөнөтсө да ар бир котормо үчүн 1200 сомдон взнос которот.
Взносту “РухЭш” сайтынын Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк- 4169585342113619 эсебине которосуздар!
Конкурсту “РухЭш”сайты уюштурат.
Мухиттин Гүмүш: Сүйүүдөн да башкага өтүү
- 29.08.2026
- 666
АҢГЕМЕ Илхан университетке өткөндө үй-бүлөсүнүн, туугандарынын ушунчалык сүйүнүчүндө чек жок эле. Ошол учурду көрсөңүз к...
Артём Кастл: Желдет
- 26.08.2026
- 765
Сүрөт https://www.flickr.com/ булагынан алынды. АҢГЕМЕ Каш карайды. Толкундар улам аскага урунууда. Чоң аралдан обочо ча...
Мухтар Ауэзов: Үйлөнүү
- 26.08.2026
- 892
АҢГЕМЕ Жай чилденин аптаптуу күнү. Чак түштүн маалы. Асман шаңкайып ачык, таза. Төбө сызгырган күн жер куйкалап, бир баш...
Теннесси Уильямс: Жамгырдай сагынычтуу сүйлөчү, мен тыңшайын
- 20.08.2026
- 831
КАТЫШУУЧУЛАР: Аял жана эркек КӨШӨГӨ Манхэттен борборундагы сегизинчи ...
Шерзод Комил Халил: Биз жок болобуз
- 10.08.2026
- 1287
АҢГЕМЕ Беринг деңизи[1] менен чектеш Сибирдин эбегейсиз мейкиндиктерин араласаң жергиликтүү орустардын Хатырка[2] деген ...
Курт Воннегут: Харрисон Бергерон (конкурска №31)
- 26.08.2023
- 453
ОКУЯ 2081-жыл эле. Дүйнөдө акыры теңчилик орноду. Адамдар Кудайдын, анан мыйзамдын алдында гана тең болбостон, башка мүмкүн болгон бардык жагынан бирдей...
Холиёр Сафаров: Апамдын айлакерлиги (конкурска №23)
- 31.05.2023
- 373
АҢГЕМЕ Ошол күнү күүгүм маалы эле. Мен малкананын бастырмасында байлануу саан уйга меке жүгөрү берүү үчүн чыгарымда апам...
Шерзод Комил Халил: Тилсиз балыктар (конкурска №19)
- 22.05.2023
- 442
Сүрөт nodirabegim.uz/archives/ булагынан алынды. АҢГЕМЕ Түндүктөн соккон шамалдын илеби менен бейтынч толкундар кыргакта...
Мухтар Магауин: Оң жана сол (конкурска №17)
- 20.05.2023
- 397
АҢГЕМЕ Мен кичинекей кезимде оң бутум кайсы, сол бутум кайсы – ажырата албайт элем. Оң буттун, сол буттун өзүн эме...
Мухтар Ауэзов: Жетимдин үлүшү (конкурска №13)
- 08.05.2023
- 383
АҢГЕМЕ Ш. калаасынын түштүк батышында жашаган элди калаага байланыштырган кара жолдун үстүндө Аркалык деген тоо бар. Тал...
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR