Мадина Тлостанова: Белгисиз кыздын портрети

  • 27.11.2024
  • 1328

АҢГЕМЕ

Капыстан караңгылык каптап кайра
Түн түштү не себептен, билем аны.
Коркунучтуу онтогон бешик үнү
Уйкусун миң жылдыктын бузуп салды.
Эмне деген шум жүрөт саатын күтүп,
Төрөлүүгө Вифлемейде камдап жанды.
У.Б.Йейтс "экинчи келүү"

Май айы жаан-чачындуу, бүркөк болду. Былтыркы кургакчылыкты алмаштырган узак жана суук кыш мурдагыдан да катуу. Кыш жылуу жылдары эски саман үйдө аз жагылчу отунга жумшалды болгон акча. Лутфилла июнь айына жакын калганда ооруду. Аялы адегенде аны жөн гана чоң чыгымдын айынан капа болуп жүрөт деп ойлогон, анткени көп айдан бери массалык оору, малдын өлүмү тууралуу улам жаңы кабарлар тарап жаткан. Күтүрөгөн көп мал дээрлик үч эсеге азайып, көпчүлүгүн мууздаганга да үлгүрүшкөн жок.

Бул кызыктай оору болчу. Кечээ эле дени сак, жакшы кароодогу уйлар капыстан ооруп, бир нече күн ичинде арыктап, өпкөлөрү эзилип, ооздорунан бүртүк-бүртүк уюган кан кетип кырылды. Кышында тар короодо камалган мал арсында оору өзгөчө тез жайылды.

Алгач Лутфулланын жээни он алты жашар малчы Азиз ооруду. Апасы аны керээлдин кечке малканада ысык тамак ичпей, муздак шамалда иштеп жүрүп суук тийгизди деп ойлогон. Карандай чай, бир ууч арзан жүзүм, бир сындырым нан жаш денени тоюндура алмакпы? Азиздин эти от менен жалын болуп ысып, ыкшып жөтөлүп, колдору көпкөк шишип аябай кыйналды. Үчүнчү күнү эс учун жоготуп, жөөлүдү. Бирде ордунан тура калып, өзү эмне кылып жатканын билбей, бөлмөдө ары-бери чуркаса, бирде көзүнө кайдагы түрү суук, башы арстандыкы, тулку бою адамдыкындай желмогуз көрүнгөнүчү. Бирде денесин чокуп, каардуу канаттулардын кыйнаган чабуулуна кабылат. Эки күндөн кийин шамалдуу, түнөргөн бүркөк таңда Азиз өз канына тумчугуп, дем алуусун токтотту.

Бир жумадан кийин Азиз барган мектептин дээрлик бардык окуучулар ооруп, анан кошуналарын, туугандарын тооруду бул оору.

Лутфулла бул ооруну жүз миң адамы бар Бухаранын дээрлик бардыгы дал ушул таңгалыштуу ооруга чалдыккандан кийин гана жеңди. Аялы бөлмөсүн арча менен аластап, күйөөсүнө талдын кабыгын кайнатып ичирип, буйвол сорпосун ичирди. Бирок ал күн өткөн сайын начарлап, киши тааныбай калды. Үй-бүлө али картайбаган атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына даярдана баштады.

Бардыгы бул апаат Орусиянын чет жакасында башталганын айтып жатышты. Ал жакта европалык имараттардын курулушу жүрүп жаткан. Почта, дүкөндөр, дарыкана жана Орусиянын императордук саясый агенттигинин келечектеги конушу ал.

Азырынча Бенуа өзү долбоорлогон падышага арналган хансарай али курула элек, айтмакчы, падыша ал жерге эч качан барган эмес. Аягына чейин бүткөн курулуштар жөнөкөй кирпич темир жол станциясы жана жумушчулар үчүн барактар үйлөр эле. Чынында кыштак “империя куралы” катары ыйык шаарга чейин жеткен, бирок акыл-эстүүлүк менен өз убагында андан бир нече чакырым алыстагы темир жолго жакын токтогон. Аскердик көз караштан караганда, ал чоң киреше берет деген ишеним болгон. Келечектеги кыштакта жумушчулар, аскерлер, казактар, агенттиктин майда кызматкерлери жана алар менен кошо келген Бухара базарында жок европалык товарларды ташыган соодагерлер жашачу.

Май айынын ортосунда белгисиз эпидемия Жаңы Бухаранын тургундарын каптады. Инженер С. суй жыгылды. Күн сайын улам бирөөсү ооруп, анын карамагындагы станцияда иштечү адам калбады. Кыштакта бир гана фельдшер бар эле. Саратовдук немис, хинин, антипирин, жөтөлгө каршы кодеин, бир рублдук кокаин кутучалары сыяктуу жөнөкөй дары-дармектерин берип, кайнак суу ичирди. Спирт компрестерин коюп, оорулуулар жаткан бөлмөлөрдү убагы менен желдетип, албетте, эски жакшы ыкманы колдонуп, кан алып, оору менен алы жетишинче кармашты.

Эки жумадан кийин фельдшер өзү да инфекция жуктуруп алып, көп өтпөй каза болду. Кайдан жардам күтөрүн билбеген инженер С. бул апаатка аргасыз көнүп, өзүнүн жаш организмине гана ишенүүгө аргасыз эле. Анын жашоосу жакында эле сонун болчу, эмичи – бош калган станцияны көрүп, убагында түшүрүлбөгөн пахта вагондору, жөнөтүлбөгөн жүктөр, каттар үчүн кабыргасы кайышты.

Июлда абдан ысык болду, бирок таңгалыштуусу, бул жерде дайыма кайталанчу малярия эпидемиясы каптаган жок. Бардык оорулар оңду-солду кырып жаткан жаңы апаатка орун бошотуп бергендей кудум. Жай ортосунда шаардын айланасындагы көрүстөндөр толуп, өлгөндөрдү ата-бабалардын салты менен акыретке узатууга жетишпей жатышты. Бара-бара оору басаңдап, жайдын этегинде абал бир аз жакшырды. Ошондо гана инженер С...ны акыры көптөн күткөн өргүүгө, Петербургга жөнөтүштү. Ал жерде аны колуктусу Анна менен жолугушуу күтүлгөн. Ал бир аз тартынды, анткени кыздын жакырланган, бирок билимдүү, алдыңкы дворяндардын катарындагы үй-бүлөсү, кыздын өзү да аны татыктуу жубай эсептебей, ага бир топ кемсинтүү менен мамиле кылышчу.

Улуу империялык Евразияны багындыруу жана алыскы азиялык колонияларда, протектораттарда прогрессти жайылтуу үчүн “шайтан-арбаны” пайдалануу планы күтүлбөгөн тоскоолдуктарга кабылды. Бирде казынада жолду бүтүрүүгө акча жетпей, бирде өкмөттүн мүдөөсү согуш, ачарчылык, саясый толкундоолордо болду. Жолду ошол себептен куруп бүтүрө алышпады. Ошентсе да инженер С жаңы курулган рельстер менен Каспийдин чыгыш жээгиндеги Узун-Адага жаңы поезд менен жетти. Порт ар кай жерден келген адамдарга, товарларга жык эле. Бул жерде жакшы мейманканалар жок, шарты начар кербен сарайда түнөөгө туура келди. Ал жерде ар бир бош бурч ижарага берилгендиктен инженер С түнү бою бөтөн адамдардын үшкүрүктөрүн, катуу жөтөлүн, коңуруктарын угуп жатты. Узун-Ада кичинекей кемелерди гана кабыл алаар тайыз булуң.

“Кавказ жана Меркурий” коомунун Кытайдан келген колониялык товарларга толгон жүк ташуучу пароходуна инженер С...ны кайык менен жеткизишти. Волга жолу менен Мариинск суу системасы аркылуу Петербургга тез эле жетти ал. Аны борбор калаа тынч абийири, улуулугу, ишеними, бейкапар келечегинин айкындуулугу менен тосуп алды. Бул Бухарада качып кутулам деп үмүттөнгөн алааматка эч окшободу. Андан бир нече ай мурун Ницше дүйнөлүк масштабдагы алааматты сезип, өзүнүн Туринден келген атын кучактап үлгүргөнүнө карабастан, эпидемия жапайы Азияда да болду. Ал эми бул жерде, нормалдуу цивилизациялуу дүйнөдө, баары адам колунда, анын тынымсыз, рационалдуу көзөмөлүндө...

Инженер С келгенден кийин дароо жаңы курулган кирешелүү үйдө жашаган колуктусуна барды, ал жерде анын үй-бүлөсү каражатына туура келбеген чоң батирди ижарага алышыптыр. Анна атасы, агасы жана алардын көптөгөн достору менен Парижге кетиптир. Алар Орусиянын Дүйнөлүк көргөзмөгө бейрасмий катышуусун каржылаптыр. Бастилия кулаганынын жүз жылдыгына арналган бул иш-чара Романовдор тарабынан албетте, көңүл сыртында калган дечи, бирок орус ыктыярчылары өз өлкөсүн татыктуу көрсөтүү үчүн болгон күчтөрүн жумшаптыр. Салкын, ээн батирде Аннанын апасы, сиңдиси гана калыптыр. Таланттуу математик Мария Швецияга барып, Софья Ковалевскаянын колдоосун издөөнү пландаптыр, анткени Петербургда үч жыл катары менен Бестужев курсуна кабыл алуу жабык болчу.

Инженер С бүкүрөйүп, адатынча жөтөлүп, бороон алдындагы чаңдуу шаарда Нева дарыясынын сол жээгиндеги начар мейманкага баратканда Анна Эйфель мунарасынын биринчи аянтчасындагы дайыма эл толо дуулдаган ресторанда отурган. Ресторан жакындан бери Париж, Нью-Йорк, Берлин жана Харбинде эмигранттардын толкунунан көп кайталанчу орус стилинде жасалгаланган эле. Айланасында тик жакалуу көйнөк, картуз кийген официанттар чуркап жүрүштү, дасторкондор айылдык орой саймалар менен кооздолгон, дубалдарда сарафан кийген кыздар, мунаралуу үйлөр, аюу сүрөттөрү илинип турат. Ресторан ар дайым дүйнөнүн ар тарабынан келген конокторго толо. Аннага бул ар түркүн адамдар менен ушул дуулдаган орус дасторконунда отурган өздөрү да көргөзмөнүн ичинде жашап, адамзаттын түрдүүлүгүн көргөзгөн экспонаттарга айлангандай сезилди.

Өткөн апта бою кыз машиналар галереясында илим менен техниканын жетишкендиктерине таңгалып, Сүрөт искусствосу сарайындагы сүрөттөргө суктанып, аннамит рикшасына түшүп, гигиена павильону менен жарык сарайына барды. Француз империясынын колониялык мейкиндиги кайра жаратылган майыптардын Эспланадасында болгонго да үлгүрдү. Эл менен сенегалдык айылда эркин сейилдеп, Каир көчөсүнө көз чаптырып, араб соодагери менен сүйлөштү. Индокытай кафесинде тамактанып, алжир кофеканасында кофе ичти. Көргөзмө ушунчалык жеңил, органикалуу Париждин чок ортосунда, эбегейсиз зор мейкиндикте жайгашкандыктан, ушунчалык көрөгөчтүк, акылмандык менен иштелип, чегаралары чындап эле байкалбайт. Музей кайсы жерден бүтүп, чыныгы дүйнө кайдан башталарын түшүнүү мүмкүн эмес.

Ойлоп көрсөк, бүткүл дүйнө бир чоң көргөзмө, ал эми көргөзмө – ар бир көрүүчү ышкыбоздун да, жөнөкөй көрүүчүнүн, ошондой эле экспонат болор дүйнө модели эмеспи. Бирок Аннага анын ата-мекени көргөзмөгө койгон ар кандай механизмдер, жер кыртышынын үлгүлөрү, коньяктар, анча жакпады. Ага көбүнчө май боёкто тартылган сүрөттөр жакты, анткени ал сүрөтчү болсом деп кыялданчу. Кечинде алар Трокадеро сарайына барып Римский-Корсаковдун жетекчилиги астында оркестр угушту. Ал эми түн бир оокумда кызын мейманканага таштап, атасы достору менен "Мулен Руж" деген кызыктай аталыштагы жаңы жайга жөнөштү. Ал жакта турмушка чыгууга камынган оңгулуктуу кыздарды табуу мүмкүн эмес...

Анна күмүш айрысы менен үлпүлдөгөн десертти көңүл кош чукулап олтурду. Ага аяш атасы көргөзмөдө кандайдыр бир кадыр-барктуу сыйлыкка ээ болор коньякты мактап отурганын угуу таптакыр кызыксыз болчу. Ошол учурда ресторанга адаттан тыш француздар кирип келишти. Анна аларды сүрөтчүлөр же артисттер болсо керек деп ойлоду. Алар жакын жердеги үстөлгө отурганына ичинен кубанды, анткени алардын арасында чачтары куудай аппак, ак жуумалынан келген орто жаштагы сулуу аялдын жүзүн жакындан көрүү мүмкүн. Анын кара-көк көйнөгүндөгү пил сөөгүнүн түсүндөй кооз тордолгон жакасы келбетине жарашып турду. Көзүнүн алдындагы көгүлтүр тактар менен бир аз ылдый түшкөн ууртунан анын оор турмушту баштан кечирүүгө көнүп бүткөнүн байкоого болот.

– Альберта, сенин жеке көргөзмөң качан? Баарыбыз күтүп жүрөбүз.

Аял кандайдыр бир көөдөндөн чыккан акырын үн менен жооп берди, ал жерде чогуу олтургандар чын дилден күлүп алышты. Жаңы эле көргөн Дүйнөлүк көргөзмөнүн кереметтерин талкуулай башташты.

– Жок, айткылачы, уюштуруучулардын дымагы кандай? Тим эле өздөрүн кудай сезип алышыптыр! Башаламандык жок, баарын тартипке салып, орду-ордуларына коюшуптур, – деди пакене бойлуу, айланасын майда бырыш баскан, чүңүрөйүп чарасы ичине кирген көздөрүн кыбыңдаткан мырза какшыктуу сүйлөп.

– Бул айканыңа кошулам, досум! – деп колдой кетти аны арык, узун бойлуу коңкогой мурундуу, сары чачтуу адам. – Азыр Марс талаасы сыяктуу, алдыбызда жаткан дүйнө, илим-билимге сугарылган адамзаттын бут алдында жаткандын баарын карап чыгууга, таанып-билүүгө, баш ийдирүүгө даяр. Илим менен техниканын бардык жетишкендиктери адам колунда. Бирок жан дүйнөнү кандай кылабыз? Кол менен жасалбаган кооз, көз ирмемде өтүп кетчү дүйнөнү кантебиз?

– Өтүп жаткан дүйнө, жашоонун карматпай кетер учурлары – бул анын чыныгы маңызы эмеспи? – деди аял.

Аны ар дайым Трокадеро кызыктырчу, ал бир нече жолу дөңдө туруп Париждин көрүнүшүн тарткан. Бирок ал кезде Эйфель мунарасы жок болчу. Эми Альберта өзүнүн мурунку тарткан сүрөтүнүн ичиндеги башка бирөөнүн сүрөтүндө өзү отургандай сезди. Болмуштун реалдуу эместиги, дүйнөнүн көргөзмө катары сезилген таасирин ого бетер күчөттү.

– Альберта, жаным, мен сизди сөзсүз кызыңыз менен тартышым керекпи?!

Бул компаниянын төртүнчү мүчөсү келгенден бери үн катпай отургандагысы, бирок өзүнө порто куюп алууну унуткан жок. Жаагында бармак басым калы бар, ойлуу олтурган кубарган кыз алардын кебин кунт коюп укканын баамдады. Бир аз убакыттан кийин ал чечкиндүү кадамга барды. Коңшу үстөлгө барып, өтө сылыктык менен кечирим сураган соң, түз эле кызга кайрылып, аны портретке модель болуп берүүсүн суранды.

– Уялар эч нерсе жок, бул китеп менен, интерьерде, гүлдөрдүн арасында тартылган портрет болот.

Аннанын атасы, агасы жана алардын достору адегенде эмне дешти билбей, унчукпай калышты. Бул Европадагы орус адамынын түбөлүктүү комплекси эле.

Бир гана орусташкан француз архитектору менен Кавказдын коньяк падышасы, Гейдельберг университетинин бүтүрүүчүсү жаш сүрөтчүгө мындай жүрүм-турум татыктуу коомдо жол берилбестигин катуу эскертишти. Ал кечирим сурап, портрет эң мыкты болорун жана күзүндө атайын көргөзмөдө көрсөтөрүнө дагы бир жолу ишендирди. Акырында, Аннанын атасы өзүн колго алып, чала-чарпыт француз тилинде Анна болгону жыйырма жашта экенин, турмушка чыга электигин, бирок дворян үй-бүлөсүнөн чыккан кыз экенин, аны эркек менен жалгыз калтыруу туура эместигин түшүндүрө баштады.

– Мсье, эгер кызыңыздын портретин мен тартсам, бул жүйөлөрдүн баары өз күчүн жоготобу?

Анна акырын чыккан үн тарапка бурулду, жанагы ак чачтуу айым экен. Бул көрүнүштү ал кунт коюп байкап турганы белгилүү болду.

Анна ага үч жолу, айымдын айтканындай кооз темир тосмолору бар кенен балкондо отуруп, көз жоосун алган көрүнүштү караган калыбында олтуруп берди. Сүрөтчү унчукпай, ойлуу болчу. Бирок устакананын дубалдарына илинген кожойкенин бир нече сүрөттөрүн көргөндө Анна ага эмне керектигин айтырбай түшүндү. Ошондой болсо да ал Париждин үстүндө калкыгандай көрүнгөн ушул эле балкондо тартылган бир нече сүрөттөрдөн тааныган бул бүдөмүк, кайгылуу образдар, гүлдөгөн бактын торлуу көбүгү, дирилдеген, дээрлик шыңгыраган аба, ар дайым артынан же капталынан тартылган кенен жибек көйнөкчөн тармал чач балдардын күн көрүнүп кызарган кулактары, аны эмнеси менен өзүнө тартканын сөз менен түшүндүрө албайт эле.

Алты ай мурун Анна көркөм сүрөт окуу жайынын кыз-келиндер бөлүмүнө тапшырган. Ал бактылуу эле, бирок ал жакта азыр аны суктандырар нерселерди үйрөтүшчү эмес. Ал көбүрөк билгиси келип, ыгы келсе айымдан бир нече сабак алууну эңседи. Бирок тартынчак Анна сүрөтчү болууну каалаганын айтууга да батынбады. Альберта анын ийнине чаң баскан роза түстөгү жоолукту жаап, колуна ачылган оор китепти берип, алыс жакты карап берүүсүн суранды.

Инженер С колуктусун күтүп отура алган жок. Европадан келгенден кийин ал дароо Фин булуңуна жөнөп, кумдуу дөбөлөрдө, күздүн соңундагы акыркы жылуу нурга бөлөнгөн кайгылуу карагай токойлорунда сейилдөөгө үлгүрдү. Ошентип болочок күйөө бала кайра Түркстанга жөнөп кетти. Ал жерде өкмөт ага арзан, бирок чоң жер тилкесин бөлүп берген эле. Ал үй куруп, Анна менен ошол жакта жашоону кыялданган, бирок Анна алыскы Азияда колонистин аялы болуу тагдырына анча кубанган эмес.

Инженер С...ны эч бир ооруканасыз баягы эле Узун-Адеге барганда оору чалып жыкты. Бактыга жараша, кербен сарайдын ээси ооруган конокту кооз кытай пардасынын артынан эстен тана баштаганда көрүп калып, уулун жергиликтүү табыпка жиберди. Бүткөн боюна кызарган бүдүр чыгып, катуу жөтөлгөн инженер орусча жөөлүп жатты, анткени биз ар дайым өз тилибизде жөөлүйбүз. Ал апасын чакырып, ат минип, жумушчуларга рельстерди кантип төшөө керектигин түшүндүрүп, чөгүп баратканын, эч ким, бай да, кедей да, жаш да, кары да аны сактай албасына капа болуп шыбырап, анан жөн гана коркунучтуу, адам чыдагыс алсыз абалда кыңкыстап жатты. Жараткан адамга анын текебердиги, менменсингендиги ашыкча болуп кеткенде, мезгили менен ушинтип эскертет тура.

Бирок бул түшүнүк баардык нерсеге маани берип, баарынан адеп-аклак издеген зыяндуу адатыбыздын натыйжасы эмеспи? Арийне, согуш же прогресстен айырмаланып, эпидемия убагындагы өлүм-житим, а эч качан эч кандай мааниге ээ эмес. Айганыш-бүбү моралдык жана эпистемологиялык дилеммаларга кызыккан эмес. Ал унчукпай инженер С...ни өзүнүн боз үйүнө алып барып, чөптөрдүн кайнатмалары, дубалар, сыйкыр жана кудай билет дагы кандай илимге каршы ыкмалар менен дарылаганын. Иши кылса эки жума өткөндөн кийин ал темир жол станциясында кайрадан пайда болду. Арыктап, кубарса да, башкысы – тирүү болчу. Үйүндө аны Аннанын атасынан келген суук кабарлуу кат күтүп турган. Оору учурунда инженер С чачы түшүп калды. Өмүр соңуна чейин ревмокардит, дагы башка түшүнүксүз, ыңгайсыз, айыгып кеткенине өкүнгөн сезимден жапа чегип өттү.

Андан ары Түркестанда жашоо климаттын ысыктыгынан улам көйгөйгө айланды. Анын башка жерге которуу өтүнүчү тез эле канааттандырылып, Петербургга транспорт бөлүмүндөгү майда кызматка кайтарылып, ал жерде февраль революциясына чейин үйлөнбөй жашады.

А Анна жөнүндө эмне айтууга болот? Акыры кеч күздө Санкт-Петербургга кайтып келип, Париждин таасирлеринен шыктанып, мектептеги сабактардын башталышын чыдамсыз күттү. Атүгүл мугалимдерден жашырынып, ак чачтуу айым сүрөткө тартып жаткан убакта көргөнүндөй тартып көрүүгө аракет жасады. Бирок ийгиликке жеткен жок. Оор салмактагы академиялык мектептен алган сабактарды унутуу кыйын болгондой, үйрөнүп калган колдорун эпке келтирүү да кыйын болчу.

– Апа, бүгүн эмне коңгуроолор эртең менентен бери тынбай кагат? Бүгүн диний майрамдардын бириби?

– Жаназага чакырып жатат, кызым, дагы бирөө көз жумуптур. Акыркы эки аптада жаназага чакырган коңгуроо үнү менен жашап калбадыкпы. Сен балким бүгүн үйдө каларсың? Бул оору жугуштуу дешет. А биздин атакебиз муну Петербургдун саздак абасынын эле кесири тийип жатат дейт.

– Жок, кала албайм. Сабактардын башталышын канчадан бери күтүп жүрөм, алдыма койгон максатым, ойлорум толтура!

Анна сүйүктүү шаарынын ээн көчөлөрү менен баратты, бирок азыр шаар ага чоочун. Жылуулугу калбагандай көрүндү. Ал окуган окуу-жай үйүнө чукул болсо да, жолдон үч маркумдун сөөгүн алып өтүштү. Класс адаттагыдан тыш ээн да, тынч да эле. Көпчүлүк окуучулар, мугалимдер ооруп жатышыптыр, а калгандарынын маанайлары чөгүп, мүңкүрөп калышыптыр. Натюрморт сабагында төрт окуучу кыз шыбырашып калышты.

– Бул оору Кытайдан келиптир дейт. Биздин үйдө чакан дүкөн иштеткен кытай соодагер жашайт, биз андан оору жугузгандан коркобуз.

– Сандырак кеп, кайдагы Кытай, бул оору Бухарада башталыптыр. Шаар таптакыр кырылып калды деп атам айтты. Биз шаар сыртындагы коруктагы үйүбүзгө кетмей болдук. Перербургда канча адам оору, билесиңерби? Айрым райондор таптакыр ээн калыптыр.

– А мен оорунун себеби электр тогунда деп уктум. Кандай эле... теллур... теллургиялык таасири бар экен. Атам ушинтип айтты, ал эл агартуу департаментинде иштейт. Ошондуктан биз кечинде шам менен олтурабыз.

Алар ушул сыяктуу бир нерселерди кобурашты, а Анна жөнөкөй эле суук тийгенден улам чыккан оору эл арасында ушунчалык дүрбөлөң, ушак айыңдарды жаратканына таңгалды. Ак чач аял батып бараткан күн нуруна чайынган балкондо сүрөт тартып жаткан учурун эстеди. Ал окуучулардын катары барган сайын суюлуп, акыры эки гана класс калгыча сабактан калбай, мугалимдердин тапшырмаларын калтырбай аткарып жүрдү.

Бир жумадан кийин аны көчөдө эстен танып жаткан жеринен табышты, дагы жакшы үйдөн анча алыс эмес жерде жыгылыптыр. Кечинде эти ысып, башы ооруп, бети-колуна майда кызыл бүдүрлөр жайнап чыкты. Анан катуу жөтөл башталды. Токтобой ыкшып жөтөлгөндө деми кысылып, аба жетпей муунат. Апасы жанынан бир карыш чыккан жок, уксуска чыланган чүпүрөктү улам алмаштырып, тамыр кагышын текшерип, бал жана розамирин гүлү менен демделген чай ичирип, чебелектеп жанында жүрдү.

– Апа, мен өлбөйм, туурабы? – деди Анна, шишип көгөргөн колу менен апасынын колун бекем кармап.

– Жаман сөз айтпачы, жаным, айыгып кетесиң, көрөсүң го!

Бир убакта Анна ордунан ыргып туруп, бөлмө ичинде ары-бери чуркап, терезенин кырына чыгып, айнекти ачты. Түнкү көйнөгүнүн төшүндөгү торду айрып таштады. Айрыкча анын бакырып-өкүрүп кыйкырганы, кышылдап, деми жетпей кыйкылдаганы, денесинен чыккан сасык жыт энесинин үшүн алды. Үчүнчү күнү ал эч эсине келбей, куйругу кесик суу периси, жүзү балдардыкындай жарганаттар жана башка адамдын оюна келбеген нерселер жөнүндө кыйкырып жатты.  

Дарыгерди чакырышты. Ал ошол учурда көп колдонулуп жаткан феназонду, ал жардам бербегенден улам жүрөк жана дем алуу ишин стимулдаштырчуу стрихнин жазып берген. Уйкунун жетишсиздигинен жана аскер госпиталында өлүп жаткан жүздөгөн бейтаптардан чарчаган доктор Рихтер Аннанын апасына чилибуха экстракты өтө уулуу экенин, арык жана алсыз кызга аны күнүнө бир жолудан ашык берүүгө болбостугун эскертем деп унутуп койгон. Ал дем алалбай, бешинчи күнү кечинде стрихниндин дагы бир өлчөмүн алгандан кийин, денеси калчылдап, титирегени күчөй баштады да, көп өтпөй көз жумду.

Бир күндөн кийин эти ысыган Аннанын апасы да төшөктөн туралбай жатты. Атасы менен эжесинин гана азырынча дени сак болчу. Аннаны жерге бергендин эртеси эртең мененки тамак убагында күтүүсүздөн атасы Марияга мындай деди: “Акылга сыйгыс окуя болуп жатат. Эң жаманы, ал дагы канчага созулат, дагы канча адамдын жанын тындырары белгисиз. Оорудан сабак алып, андан акыл-эстүү маани табуу дегеле мүмкүн эмес. Албетте, Кудайга ишенмейинче, ал жок жана болушу да мүмкүн эмес. Дүйнөдөгү башкы каармандар экенибизге, ал биздин колубузда экенине ишенгибиз келет. Бирок чындыгында биз алсызбыз, коргоосузбуз. Даярдан, Мария, тезирээк даярдан”, – деди.

– Атакебай, эч жакка барбайм, апам ооруп жатса, а Аннаны жаңы эле жайына узатсак. Эл эмне дейт?

Бирок мурда кызынын чет элге барып окушуна каршы болуп келген атасы азыр бул жерден анын тез кетишин каалады.

– Сен сөзсүз акыркы пароходго үлгүрүшүң керек!

Эртеси эртең менен Мария Ваксхольмго «Мессенджер» пароходуна олтуруп жөнөп кетти. Кызда Софья Ковалевскаянын эски курбусунун сунуш каты бар эле. Бүткүл жолду ал жамгыр менен карга карабай, үстүнкү палубадагы чатырдын астында отуруп, Стокгольм университетине окууга кантип тапшырып, таптакыр башка жашоону кандайча баштарын кыялданды. Бирок кеме жээкке жеткенде, кыз ооруп калып, бажы кезегинде турган жеринен эс-учун жоготту. Бажы кызматкерлери аны дароо жергиликтүү ооруканага жөнөтүштү. Дем алалбай жаткан оорулуу кыздын кулагына кирген акыркы сөздөр аны караган эки кечилдин сүйлөшкөндөрү болду: «Фрёкенде орус гриппи бар. Ал бизге да жугузушу мүмкүн». Ал грипп орустуку эместигин, Азиядан келгенин айткысы келди, бирок сүйлөй албады. Мария үч күндөн кийин каза болуп, анын кумири Софья Ковалевская 1891-жылы ошол эле оорунун дагы бир толкунунан каза болорун билбеди. Мариянын күндөлүгүн медайымдар Петербургдагы атасына жөнөтүшкөн. Пандемия убагында маркумдардын сөөктөрүн чет өлкөгө жөнөтүүгө тыюу салынгандыктан, кызды жергиликтүү протестанттар көрүстөнүнүн эң алыскы бурчуна, башка динчилдердин, чет элдиктердин жана кедейлердин арасына алпарып көмүштү.

1889-жылдын декабрынын ортосунда коркунучтуу оору Парижге да жетти. Шаардагы кыймыл дээрлик токтоду. Башка жерлердегидей эле фабрика, дүкөндөр, театрлар, почта, чиркөөлөр, мектептер жабылды. Бардык ооруканалар толуп, өлөр көздөнгөн бечара оорулууларды шаардын парктарындагы чатырларга жайгаштыра башташты. Башка жердегидей эле кооз шаардын көчөлөрүндө сөөктү жерге берүү зыйнаты эбегейсиз көбөйүп, аба жаназага чакырган коңгуроо үнүнөн калтырап турду.

Декабрда Альберта күйөөсү, кызы менен кооптуу шаардан чыгып кетишти. Ал көргөзмөсүнө даярданып, айылдагы үйүндө иштей берди. Сүрөтчү коомчулукка көрсөтүүнү көздөгөн башка чыгармалардын арасында Дүйнөлүк көргөзмөдө кокусунан жолуккан кубарган орус кыздын портрети да бар эле. Альберта алар менен үч жолу гана жолугушууга үлгүргөн. Буга ал капа болуп жүргөндүктөн Аннанын жүзү толук иштелип чыкпай, бүдөмүк. Бирок анын маңдайына жазылган тагдырга айласыз баш ийген тартынчактыгы, кайдадыр алыс жактарды самаган кыялкеч көз карашы, бетиндеги бармак басым кызгылт калы жана эски китептин ачылган бетиндеги бош таштап койгон ичке кубарган колу даана чагылтылган.

Альберта бир саамга ойлонуп, алар жолугушкан жердин жашыруун белгиси катары алыста турган Эйфель мунарасын кошту. Сүрөт Анна каза болгондон кийин дээрлик эки жылдан кийин, Альберта өзү пневмониядан каза болгонго чейин эки жыл мурун анын жеке көргөзмөсүндө пайда болду. Альберта оорунун акыркы толкунун кызына кам көрүп жүргөндө өзү да жугузуп алган. Көрүүчүлөр Альбертанын адаттагы өз туугандары, достору тартылган башка эмгектеринен айырмаланган бул сүрөттөгү табышмактуу кызды таанышкан жок, бирок бул өтө эр жүрөк сүрөтчү үчүн да өтө авангарддык сүрөттүн алдынан кете алышпады. Көпкө тиктешти. XX кылымда портрет жеке коллекцияга түшүп, искусство таануучулардын көз жаздымында калган. Балким, ошондон уламдыр, сүрөткө тартылган кызды тааныган киши болгон жок. Ал түбөлүккө «Белгисиз кыздын портрети» бойдон калды.

Ал эми таңгалыштуусу, Лутфулла аман калды. Ал көпкө чейин ооруп, жарым-жартылай шал болду, бирок акыры таяк менен басканды кайрадан үйрөнүп, экинчи жолу үйлөндү. Бир топ азайган үй-бүлөнүн башчысы жана мал чарбанын монополисти болуп калды. Аны кийинчерек, карыганда, Түркстанда большевиктер бийликке келгенде кулакка тартып, башка бир аймакка айдап жиберишкен. Бул окуяны мен Түндүк Европада жашаган анын чөбөрөсүнөн уккам. Ал Ваксхольмдогу Мариянын мүрзөсүн таап, жакында аукциондон «Белгисиз кыздын портрети» аттуу картинаны сатып алды. Эми көп жылдан бери темир жолчулардын клубу болуп келген баягы падыша барбай калган хансарайды калыбына келтирүүгө камынууда.

Швеция

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз