Артём Кастл: Желдет (Конкурска №29)

  • 14.08.2023
  • 15629

Сүрөт https://www.flickr.com/ булагынан алынды.

АҢГЕМЕ

Каш карайды. Толкундар улам аскага урунууда. Чоң аралдан обочо чакан аралдагы маяктын жарыгы алыстан араң бүлбүлдөйт. Бороон күч алды. Шамал маяктын терезе жапкычтарын тарсылдатып, аёосуз ургулайт, мына азыр жулуп кетчүдөй. Күүгүм коюуланып, караңгылык чабуулун жасап, асманды толугу менен ээледи, фонардын араң жан шооласы гана байкуш моряктарга портко жетүүгө көмөк көрсөтүүдө.

*     *     *

Кайык катуу термелүүдө. Эки калакчан араңдан зорго көздөгөн багытты кармап барат. Ортодо башына жибек кап кийгизилген үчүнчү киши отурат. Айланадагы жалпы добуштан үнү угулбайт, көкүрөктө кайчылашкан колдору гана анын сыйынып жатканын билдирет. Калакчандар кара булгаары плащ кийип, баштарын капюшон менен жаап алышкан. Сыйынган адам жеңил кийинген: айрылган көйнөк жана жыртылган шым. Ал калчылдаса да кайыл, анын көйгөйү башкада. Кайсы күнөөсү үчүн аны аралга алып барат? Эмне үчүн калакчан адамдардын жүздөрү түнөргөн, көздөрү муңдуу?..

*     *     *

Кайык пристанды жандап токтоду. Бирөөсү пристанга көтөрүлүп, кайыкты устунга байлады. Экинчиси башына кап кийген кишини жетелей басты. Ал сыйынганын токтотуп, башынан баштыкты алаары менен жансыз көздөрү менен суроолуу карап, тиши тишине тийбей калтырап жатты. Калакчандын бири алдыга басты, экинчиси титиреген тигини чыканактан мыкчый кармап алдыга түрттү.

Туткун абалын түшүнүп ыйлап жиберди, тизелеп жыгылды:

– Силер өтө чоң ката кетирип жатасыңар. Бул деген адамдык укукту бузуу дегендик.

Ал жин тийгендей айкыра баштады. Кара плащчандар дудук кишилерге айлангандай кайдыгер: бири асканы оюп жасалган тепкичте, экинчиси кылмышкердин аркасында карап турду. Бул экөө анын желдеттери эле.

Биринчи желдет тепкич менен өйдө кадам таштады. Шамал күчөп, плащтын этегин желбиретсе, ал табияттын алай-дүлөйү менен күрөшүп жаткандай. Мээлей кийген колдору түйүлгөн, ырайымсыз жүзүн көрсөтүп, өтүгүнүн таманын таш тепкичке ныгыра басып көтөрүлө берди.

Экинчи желдет туткунду колтуктан алды.

– Силер мындай кыла албайсыңар! – деп кыйкырды бечара.

Түктүйгөн бетинин чүкөсү чыгып чүңүрөйгөн байкуш аргасыздан алдыга жылды. Арткы желдет жанын койбой түрткүлөй берди. Туткундун жүрөгү опкоолжуп, коркунучту жон териси менен сезип баратты.

Желдет колдорун чөнтөгүнө салып шашпай артынан келет. Шериги үстүнө чыгып, аларды күтүп турду.

Алсыраган туткун акырындап тепкичке араң жетти. Экинчи желдет анын абалын жакшы түшүнөт, мындай “курмандыктардын” далайын көргөн.

Үстүнө жетүүгө кеминде 30 мүнөттөй кетти. Тепкичтин өзү бийик эле, туткун да улам жаза басып, араң чыгып барды.

– Силерди мажбурлады, силер түшүнбөй жатасыңар! – деп ал дагы бир жолу аянычтуу үн менен желдеттерге кайрылды, бирок алардын жүздөрү сурданып үн жок.

– Силер чоң ката кетирип жатасыңар! Мен да силердей эле адаммын!

*     *     *

Биринчи желдет маякка жакындады, ал келген сайын айланадагы бейпилдикке таң калат. Акыркы он жылда миңдеген адамдар ушул жерден жай табыптыр. Майда калтырак баскан колу менен чөнтөгүнөн тамеки кутучасын алды, алаканга ургулап бир сигаретин сууруп чыкты. Чылым чегип көпкө турду. Акырындап колунун калтырагы басылды. Шамал күчөй берди, бирок ага маани бербеди, бузулган аба ырайынан тышкары да теңирден тескери иштер толтура. Туткун аны тигиле карап турду. Артындагы кесиптеши, ушинтип айтсак ылайыктуубу (?), эмоциясын эч билдирген жок. Ал мындай абалдан ар дайым сабырдуулугу менен чыгат, ушундай сапатка биринчи желдет эч жете албады.

– Көрүп турам, сизде адамдык касиет бар экенин, мени коё бериңиз! — деп кыйкырды туткун биринчи желдетке карап.

Мүмкүн жанындагы шериги жок болсо ошентмек. Өтмө катар суу болсо да өңүндө токтоолук, салкын кандуулук толук сакталган экинчи желдеттин ишти так аткаруу мүнөзү биринчи желдетке ишеним берип турду.

— Сиздин сөзүңүз жардам бербейт, — деди ал туткунга.

Байкуштун акыркы үмүтү өчтү. Ал таптакыр чөктү, көзүндөгү жашоонун акыркы учкуну учуп кетти. Экинчи желдет туткунду чыканактан кармап, асканын орто ченине жетелеп барды. Ал маяктын оң жагына карап, көзүн океандан албады. Асман караңгылап, горизонтко түшкөн караңгылыктан океандын баш-аягы көрүнбөйт, дегиңкиси жалпы караңгылык асмандан түшүп, суу бетин тегиз жапкандай.

– Мындай кооздукту мен мурда байкабаптырмын, – деди туткун көзүнө жаш алып.

– Аягы ушул – жасаган иш-аракетиң үчүн жаза алуу, – деди экинчи желдет мүрзөдөн угулгандай үн менен.

Биринчи желдет плащтын чөнтөгүнөн кара тыштуу китепти алып чыкты, анын барактары кызыл түскө боёлгонсуйт.

– Сиз мамлекетке чыккынчылык кылганыңыз үчүн айыпталасыз, – туткунга кайрылып китепти окуй баштады. – Мекенге чыккынчылык кылуудан ашкан кылмыш жок, ага күнөөлүү адам бардык кылмыштары үчүн эки эселеп жаза алат жана эч бир ырайым берилбейт. Ал эми чыккынчынын жазасы кыскарбайт, эл эсебинен жашабайт. Анын өлүмү жана үй-бүлөсүнүн сүргүнгө айдалышы жасаган кылмышын кечирет.

Желдет китепти жапты. Ал өкүмдүн саптарын дуба айткансып шар эле окуп салды.

– Бул жаңылыштык... жаңылыштык, – кайра-кайра кайталады туткун.

Тердеп, өңү кубарып, көздөрү ала-чакмактап жатты, манжаларын тарткылай берип терисин сыйрып алды. Шөмтүрөп анын көрүнүшү аянычтуу эле. Башын бурду, көкүлү көздөрүн жапты. Бир маалда бороон-чапкынды аралаган каткырык жаңырды. Ал акылынан айныды окшойт. Тикесинен турган бойдон кыйшайып күлүп жатты.

Биринчи желдет таң калды, экинчиси билдирбеди, абактагылардын мындай айла-амалдарына көнүп калган.

– Сиз өлүм жазасына тартыласыз! — эскертти биринчи желдет, туткун аны уккан да жок.

Азыр ага бары бир эле, таяк менен урса да эсине келер эмес. Бирок туткун ийкемдүү абалга келди, экинчи желдет аяр кармап, маяктын дубалына сүйөп түздөп койду.

Алар тапанчаларын колго алышты: кольт, он патрону менен.

– Жаңылып жатасыңар! — кыйкырды жылмайган туткун. – Жаңылып жатасыңар!

– Өкүм аткарылсын! – деди экинчи желдет машаны артка тартып.

– Мен да желдет болгом! – акыркы күчүн жыйып айтты туткун. – Мен да силердей! Мен…

Сүйлөп бүткөн жок. Ал атылган окторго какалды, туткундун денесиндеги кичине тешиктерден кан агып жатты. Көздөрү аңтарылган туткун жерге кулады.

Биринчи желдет тапанчасын кабына салып, тескери бурулду. Өкүмдү аткаруу эч жакпайт.

Экинчиси өлүктү карап чыкты, дубалдагы майда жаңы жаракаларды байкап шеригине карады.

– Жардам берчи! – деди.

Экөө биргелешип бул адамдын сөөгүн маяктын жанына көмүштү. Жаңы мүрзө биринчи желдеттин «карьерасы» башталганда өлүм жазасына тартылган дагы бир кылмышкердин мүрзөсүнөн бир метр төмөн тургансыйт.

Мүрзөнү бүтүрүп, чылым чегишти, кайра кайыкка кайтышты. Келатып биринчи желдет шеригинин улам-улам карай бергенин сезди.

– Бир нерсе болдубу? – ал чыдамы кетип сурады.

– Жок. Баары жайында.

*     *     *

Кийинки эки түн катары менен биринчи желдет уктаган жок. Анткени анын мээсинен туткундун күлкүсү кетпеди. Аялы жылаңач уктап жаткан, эмнегедир өзүн алаксытуу үчүн желдет анын ийининен сылады.

*     *     *

Эки жумадан кийин үйүнө келатып жакын калганда, желдет өз газонунда кара машина турганын көрдү. Ал үйүн көздөй чуркап жөнөдү, күтүлбөгөн коркунуч кайдан пайда болду? Үйүнүн эшиги ачылып, кара кийимчен киши газонго чыкты. Желдет.

– Бул жакта эмне болуп жатат? — деп сурады биринчи. – Мен желдетмин, силер кимсиңер, мен билгим келет?

Чакырылбаган коноктун артынан дагы желдеттер чыгып, үй ээсин курчап алышты.

Айыптоочу анын жанына келип, мындай деп жар салды:

– Сиз бул форманы кийип жүрөсүз, бирок сиз желдет эмессиз! Сиз чет элдик агентсиз, аялым деп баарына тааныштырган аял сиздин кысымыңыз менен роль аткарганын моюнга алды. Сиз Эл Душманысыз!

– Бул жаңылыштык! – Биринчи желдет эки жума мурда өлтүрүлгөн туткундун сөзүн кайталады. – Мен да сиздеймин! Менде лицензия бар!

– Текшердик, жасалма, жакшы жасалган, бирок жасалма.

– Эч мүмкүн эмес! – деди желдет, бирок бүт картинаны түшүндү.

Аялы үйдөн чыгып келди. Кечээ аны сүйүп караса, азыр алакандары менен көгала жүзүн жаап, күйөөсүнө карабаганга аракет кылды. Ал ийиндери жыртылган футболкачан газондо турду, юбкасы өйдө көтөрүлгөн, тизесине чейин жетчү, азыр жамбашына дейре айрылган. Чачтары саксайып жайылган, макияждын аккан издери турат. Эриндери жарылып, жаактарына помада жуккан.

– Биз аны жертөлөдөн таптык. Анын биз менен кандай бакытка жеткенин көрсөңүз жакшы болмок! — деп кыйкыра айтты айыптоочу.

– Бул жалган! Биз бири-бирибизди сүйөбүз! Сиз аны ушул абалга жеткирдиңиз! — деп кыйкырды желдет, мунун баары ага тааныш көрүнүш эле.

– Ушундай деп ойлойсузбу? Анда аял өзү айтсын.

Айыптоочу аялга кайрылды, ал башын ийип, анын алдында турду.

– Ооба, – деди аял араң угуза. – Мен кулчулуктан кутулдум, мен көп кордукту көрдүм.

– Жок! – деп кыйкырды ажыратылган күйөө. – Бул калп! Мен муну билем! Бул ыкманын кантип, кандай иштээрин! — деп аябай айкыра айтты.

– Сиз биздин мекемеге ушунчалык терең кирипсиз, биз сизди тапканыбызга чындап кубандык. А билесизби, сизди ким тапты? Сиз эки жума мурун өкүмдү туура эмес аткаргансыз. Биздин каарман желдет аны байкап калып, сиздин бетиңизди ачыкка чыгарды.

Ал бороондуу түндү эстеди: колу калтырап, туткунду өлтүрө албай, аны жарадар кылганын, октун баарын дубалга атканын... Муну «жолдошу» байкап калып дароо жетекчиликке жеткирген, демек анын иши да өйдөлөйт. Биринчи желдет ошол туткунга окшоп кармалганын эми түшүндү, күтүүсүздөн талмасы кармагандай күлө баштады, улам күчөп, анын каткырыгы бир нече мүнөт тегерекке жаңырып турду...

Орусчадан которулду.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз