О`Шакир: Кудай менен кезигиштим түрмөдөн

  • 29.11.2024
  • 1505

Мендей чөнтөгүнө тыйын токтобос жазуучуну колдоп-буттап тургандар бар үчүн “РухЭшти” адабий аянтчага айлантканымды кимден жашырам? Мени мен кылган тилектештер, өнөктөштөр болбосо, мен эбак базардын бир бурчегинде “шымотка” сатып оокат кылгандардан болмокмун эбак. Антип даа оокат кылсам болмок. Бирок адабият азгырыгы мени өз чыйрымды салууга жол жүлгө көрсөтүп турса, базарга бут тартабы?..

Моралдык, материалдык колдоо кылгандар демиме дем, шыгыма шык кошкон үчүн да адабият азгырыгы мени темир тор босогосун аттаганга түрттү акыры... Тыйындын эки бетин көргүм келгендей, турмушта түрмө жашоосуна да баш баккым келчү эчак эле. Ошентип ал жактын да туз даамын таттым. Буюрган напси экен ал дагы... Анан бекер жатат белем: жарандык коомдо тилектеш, өнөктөш, санаалаштардын далайына арналган чыгармаларды кагазга түшүрдүм. Эми аларды четинен жарыкка чыгарып турган кезим.

Чыгармачыл дасмиям үчүн “Диалог үчүн” аттуу бийлик башындагыларга арналган ыр түрмөктөр жазылды. Себеби бийликке таарынар деле жөнүм жок экен... Дегеним, абак жашоосу мага өзүнчө бир чыгармачылык лаборатория болду: өмүрдө сая кеткен күндөрдүн ордун толуктадым. Өзүмдү таптым. Тааныдым – Мен киммин...

Корей буддисттеринин патриархы, улуу көсөмү Сон Чол Сынимдин мыкты накылы ойготту: «Тирикарак балага таалим-тарбия канчалык катаал, татаал болсо, анын зээни ошончолук ойгонот. Курчуйт. Ошон үчүн унутпагыла, – деп эскертет Сон Чол Сыним. – Агер кимде-ким сага катаал болуп басынтып, шылдыңдап, жаныңды кашайтса, сага эбегейсиз чоң жакшылык кылган адам ошол. Сен да ага ошончолук карыз экениңди унутпа да, ага ар дайым колдоо кыл», – дегени бар. Накыл эмес бекен, аттиң!  

Бул накылга кенен да, терең да карадым: тирүүлүктө кимдерге ыраазычылык билдирүү зарылдыгын туйдум... Тирүүлүктө бирөөгө жакшы сөз, жакшы белек, жакшы чыгарма арнагандан аянгым жок. Төмөндө мен урматтаган жарандык коомдун өкүлдөрү менен катар бийлик эгелерине да ыраазычылыгымды туюнткум бар!

Диалог үчүн...

«Эр чекишпей – бекишпейт»
(элдик накыл)

(КР Президенти Садыр Жапаровго арнайм)

Элдик тентек болушум керек дедим,
эл башчысыз, айтайын себептерин:
ак, көк сакал көптөрү кошоматчы,
айтпас Сизге адалат, керек кебин.

Элибиз даа өздүгүн тааныбады,
эч бийликти койбоду каарыганы.
Кемчиликти бийликтен издей бербей,
өзү болсо мээнетчил, аары жаны.

Издебеген эл болдук катабызды,
Жакшы-жаман ылгабас, чатак ишти.
Туйбай жүргөн маанисин чайкоочу көп,
туу көтөргөн эр Манас атабызды.

Өздүгүн эч тааныбай улутубуз,
өзөктү биз соолутуп, курутабыз.
Келишели Сиз менен мунасага,
келиңизчи, ынтымак уютабыз!

«Бийлик ээси – эл» деген түшүнүктү,
төңкөрүш деп талкалап бүтүрүштү…
Түркөйлүктүн айынан элибизде
түрдүү топтор бүлүнтөт бүтүн ишти.

Керек эмес саясый тополоңдор,
кетсек деймин ар дайым ошо жолдон.
Коштобосо дейм Сизди арамзаалар,
кошоматын ортодо кошо койгон.

Элдик бийлик шам болуп эл башчыга,
эс-акылга келгени – эң жакшы да!
Улут болуп сапаттуу, ар намыстуу –
умтулалы дүйнөдө эң астыга!

Чыйыр болсун чындыкка эмгегиңиз,
чыгармачыл эргүүмө дем бериңиз!
Ооматыңыз арттырсын, Садыр мырза,
О' Шакирге ырайым бергениңиз...
20. 02. 24.

МЕТАФОРА: ДЗЕН[1]ЖАНА МЕН

(УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жана кол алдындагы жалпы кызматкерлерине арнайм)

Кыйын болду мен өзүмдү тапмагым,
коомдо дайым бир багытта акпадым.

Күрп-шарп толкун жол издеген дайрадай,
күргүштөдүм көлчүк болуп жайлабай.

Тосмолорго, жээктерге урундум,
чекти сүзүп, багытымдан бурулдум.

Чыйырымдан кездешкен көп тосмону
жарып өттүм алды жакка озгону.

Өз нугумда шарылдадым, тынбадым,
өзөн суулар кошулду көп, тунбадым.

Ылай, баткак, чаң сууларды ылгабай,
аралаштым не кезиксе жылгадан.

Мөңгүлөрдөн ылдый карай шыр аккан,
мөлтүр тунук кошулушту булактар.

Кезиктирдим далай өзөн сууларын,
күч топтолуп ага бердим, буулбадым.

Ташкындаймын улам күчөп шаркырап,
таштан ташка мейли денем жанчылат.

Акыйкатта андан башка чамам жок,
ал анткени: аккан сууда арам жок.

 

Аккан суудай булганам да, тазарам,
качпаганым ошол менин жазадан.

Кыйын, кыйын адам өзүн тапмагы,
шон үчүн көп акылмандан акмагы.

Жинди суудай токтоналбай о такыр,
мен өзүмдү издеп келдим О'Шакир.

Жинди суудай жиндилигим калтырбай:
жик калышы керек өчпөс артымда...

Токтоткондой платина дайраны –
токтоп турар азыр абак жайдамын...

Туш тарабым дубал, тосмо куушурган,
тунган кезим платина суусундай.

Чексиз эми менин күчүм, кубатым,
чекти билбес ушул болчу муратым!
22. 02. 24.

КӨКӨЙ КЕСТИ
(Жарандык коомдун өкүлү, пикирлешим Руслан Акматбекке арнайм)

Улутпуз биз: аң-сезимде, дилинде
үзалбаган кулчулуктун кишенин.
Умтулбаган билим менен илимге,
эстутумда ойгонбогон ишеним.

Улутпуз биз: рух айбатсыз басынган,
империя таасирине баш ийген.
Кремлден чоңдор көзүн жашырган,
тарыхына коркуп-үркүп таш үйгөн.

Улутпуз биз: орус көрсө жалтанган,
кокту-колот, урууларга бөлүнгөн.
Чыккынчы көп бычак саяр аркаңдан,
мактанчаакпыз баатыр мүнөз көрүнгөн.

Улутпуз биз: уңгубузду таппаган.
Ээрчимебиз, боёо, энөө, оомабыз.
Таңууланган жат тарыхты жаттаган,
белимчибиз, тотугушпуз, ооба биз!

Улутпуз биз: эрдиги бар, эси жок!
Иллюзия – куру көбүк сыймыгы.
Эл каймагы дегендердин мээси жок –
мамлекеттик наам, даража сыйлыгы!

Улутпуз биз: көралбаган бир-бирин,
омок ойлуу кеменгерин кем кылган.
Кошоматчы, эки жүздүү. Тирлигин
жемкор, жексур бийлигине жем кылган.

Улутпуз биз: тилин чанган намыссыз,
байлык, мүлкүн, мал туягын санаган.
Билим, акыл жөндөмүнөн алыспыз,
мансапкорбуз мандат, бийлик самаган.

Улутпуз биз: китеп бетин ачпаган,
жалган мифке, ишенер жөө жомокко.
Үй-бүлөсү өлсө өлсүн ачкадан,
ашын жайат кокус келген конокко.

Улутпуз биз: кабылганда кыргынга,
келин-кызын саткан баштык талканга!
Кесир кылар кем акылдык сыр мында:
“Бала – белде, катын – жолдо” – салт анда...

Улутпуз биз: түбү бүгүн чириген,
“эл эмне дейт?” – түшүнүктөн кетпеген.
Аксакалдуу накыл чыкпайт биринен.
Эркиндикти элбиз салтка чектеген.

Улутпуз биз: жаткан терең уйкуда!
Көбөш менен Абыкелер башкарган!
Татыбайбыз ата-баба уркуна!
Күткөн үмүт, тилегибиз жаштардан!

Кайгы жеген көкөй кестим ушундай!
Каңырыгым түтөйт, сыздайт – айла жок!
Шыбыраган үн бар жүрөк тушунда:
“Көңдөй көөдөн муштагандан пайда жок!”

Көз чаптырып келечекке, алыска,
көңкү калкты чакыралы намыска!
23.10.23

АБАК ФРАГМЕНТТЕРИ

(Белгилүү демократ, агартуучу, фермер Өмүрбек Абдырахманга арнайм)

1.

НӨШӨРЛҮҮ ЖАМГЫРДА
Төбөм какшап жамгырда
турдум көпкө алдында.

Бактылуу кез – балалык
асман менен кадалып...

Кайттым бала кезиме,
башатыма, өзүмө.
19. 07. 24.

2.

БОЛГОНУ БОЛГОНДОЙ
Кең дүйнө тарып пейилге:
абакта короо төрт аттам –
зар кылат бир саат сейилге.
23. 07. 24.

3.

КАРАНТИН
Сийген-чычкан, жеген, жаткан жериң бир,
шарактаган үнү күн-түн темирдин.

Эркиндиктин болгон үчүн жарчысы –
энчим түрмө экен андан аркысы...

Дубалдарда жазуу, сүрөт тартылган –
дуба-тилек мусапырлар калтырган.
26. 07. 24.

КААЛГА
(Адабий агартуудагы тилектеш, өнөктөш досум Жумадил Эгембердиевге арнайм)

Каалгасы качанкы бир жертөлөнүн,
жашоомо жалгыз чындап эркеледим.
Түгөнгүр дүйнөм тарып жүрдүм эле,
түп кыйрын зор Ааламдын кең ченедим.

Каалга бек. Жалгыздыкта жаным тынып,
көөдөнүм булак сымал агып тунуп:
өзүмдү өзүм таптым жертөлөдө,
сырттагы жинди коомдон шагым сынып...

Удургуп өз доорумдун шамалына,
урундум жандил көчкөн абалына.
Каалгалар тарс жабылып аркамдагы,
кабылдым жертөлөдө камагына.

Уясын таппай жүрүп эс-акылдын,
маң элди эркиндикке не чакырдым?..
А мага көрсө ушул керек тура:
тынчтыгы жок, жок, мендей эч акындын.

Тынчтыкты кайсыл акын тапты мендей,
булактай тунук бейпил жакты көрбөй...
07. 08. 24.

*     *     *

Күндүн улук, Күндүн ыйык нуруна
о тирүүлөр, жетпей зарлап куруба!
Жараткандын Күндөй бекер белеги
эч татыбайт бүт дүйнөнүн кунуна.

Абак жайлар, колония, түрмөлөр –
тирүү жандар Күндү көрбөс мүрзөлөр!
Ырысынан айрыбасын адамды
таза аба жутуп, ыйык Күн көрөр.
09. 08. 24

ТҮРМӨДӨГҮ МЕДИТАЦИЯ
Ар секундга, ар мүнөткө үңүлдүм,
кур кетирбей убактымды, күнүмдү.
Демим тыңшап үрүл таңда, күүгүмдө
инженери болдум тамыр, жүлүндүн.

Кыр аркам түз отурсам да, жатсам да:
космос менен байланыштым асмандап.
Ааламдагы антенага айландым
тулку бойду, рух дүйнөмдү кастарлап.
12. 08. 24.

*     *     *

Кудурети күчтүү деген Кудайдан
мен эч нерсе тиленбейм да, суранбайм.
Тилемчилер колун жайып жалбарып
жараткандан не алды эле кылайган?

Ансыз дагы адамзаттын тилегин
алмуздактан аткарганын билемин.
Кулак түрүп Кудай күтүп отурбайт
тилемчинин оозундагы илебин.
28. 08. 24.

КУДАЙДЫ КЕЗИКТИРДИМ

(Коом агартуудагы тилектешим Нурлан Мусаевге арнайм)

Кудай менен кезигиштим түрмөдөн:
жалгыз Кудай шоола нурлуу түрлөгөн.
Жалгыз Кудай Жер-Эненин бетинде
жарчы экен жүрөктөрдө сүйлөгөн.

Жалгыз Кудай тебеленип таманда:
сууда, отто, нурда, желде, шамалда,
чөлдө, тоодо, чөп, топурак, даракта
Кудай мээрим салат экен адамга.

Кудуреттүү баарын өзү жараткан,
көрдүм аны куш шилтеген канаттан.
Көрдүм аны көктөн эмес, жүрөктөн,
көрдүм аны Ааламдык чар тараптан.

Төрт тарабым Кудай берген эркиндик,
ободогу көкөлөгөн толкун жык.
Баары, баары – кудурети Кудайдын.
... Айланага качан тобо келтирдик?..

Айланаңды кара: Кудай олтурат!
Качан болсо ырыскыңды толтурат.
Кыбыраган кумурскага, куртка да
Кудай чыйыр салып берген жол турат.
02.09.24.

“Азаттыктын” журналист Токтосун Шамбетовго

Түрмөдө көңүл чөкпөдү,
күндөрүм куру кетпеди.
Кешиктеш, туз даам бөлүшкөн
кезикти түрдүү зэктери.

Кабылды түрдүү кылмышкер,
тамаша кепке ыргыштаар.
Жакшылык тилеп, аркасы –
жаңылып жазган турмуштан.

Түрмөдө элди шат кылып,
түнөрбөй күлүп, каткырып:
көңүлү зилдеп түнөргөн
көбүнө бердим жакшы үмүт.

Бөтөндү аяп үйрөндүм,
күнөөсүз жерден күйгөн бир.
Жабырлап турса кунт коюп,
жатка да кулак түргөндү.

Үйрөттү түрмө баарына,
жөнүм жок кексиз таарынар...
Каармандар түрдүү кезикти
чыгарма баары – жаа кылар...

Тагдырлар – жаадай куралым,
жебе-ок жыйган убагым.
Арттырар толо табылгам
адабий иштин кунарын.

Мээлесем таамай бутаны –
өчкөн от үчүн тутануу.
Түрмөдөн тапкан каармандар –
алыска сызар учагым...
25. 09. 24.

БООРДОШТОРУМ
(Адабияттагы тилектешим Калмурза Эшкуловго арнайм)

Эх жакын боордошторум түрмөдөгү –
бак, дарактар, теректер!
Күч-кубатка ээ кылып күндө мени
боюңарга жөлөткөн
эгизимдей, бир боорумдай кучактайм.
Көк тиреген бутактар,
жер чапчыган тамырлар,
силер дүргүп канымда
жарчысымын эркиндиктин, сүйүүнүн
болбосом да өлөң төшөк – үйүмдө.
Тамыр тыңшап түбүңдө:
жеңилдеймин жүгүмдөн...
Мекенимдин кыртыш жер, топурагын
жарып чыккан тамырлар,
бир жыл өттү түрмөдө олтурамын.

Боордошторум, эң жакын түрмөдөгү –
бак, дарактар, теректер:
күч-кубатка ээ кылчу күндө мени
боюңарга жөлөткөн
эгизимдей, бир боорумдай көмөк бол!
07. 10. 24.

АДАМДЫККА КАДАМ

(Жарандык коомдун активдүү өкүлү, коом агартуудагы тилектешим Мырза Каримовго арнайм)
Бул дүнүйө акмактарга курчалган,
талкалоосу керек аны бунтарлар.

Ыйык мечит, чиркөө, храм, мектептер –
баарын кулга айландырчу чек жеткен...

Ата-энелер баланы баш ийдирип,
о канчалар болалбады индивид?!

Мечит, мектеп, ата-энеге баш ийбей,
адамдыкка умтулган оң жашыңдан.

Адамзаты чоң түрмөгө камалган:
кишен – мыйзам, салт, ишеним, амалдар!
20. 08. 24.

[1] Дзен – будда философиясынын жогорку мейкиндиги, аң-сезим мектеби.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз