О`Шакир: Жапайы бала

  • 04.11.2024
  • 4538

Чыгарма пикирлеш досум Искендер Ормон уулуна арналат.

АҢГЕМЕ

... Шарылдаган күү агып сууларыңда,
шамал тийсе күү чертет куурайың да.

Дирилдетип жүрөктү жаш чагымдан
дилди козгойт торгой да асманыңдан.
Автордон

Анын киндик каны тамган жер дал ушундай болучу. Ооба... Торгою сайраган мезгилин айт. Суусу шарылдаган мезгилин айт. Шамалычы? Шамалы ышкырган мезгилде куурайы, чийлери, чөптөрү аваз үн салчу. Бир мезгили бар эле – агын суусу үн салып, күү чалганын тыңшачу бала: шарп-шарп-шарп, шурп-шурп-шурп. Бир мезгили бар эле – күрпүлдөгөн дайранын күү-шаасы күчөп, дайра долуланып агып, таштан ташка мөңкүп, сайдагы суу жээгинен ашып, тегирменге жакын жерде ойноп отурган баланын жүрөк үшүн алчу. Бала дайра жээгинде оозун ачып аңкайып турар эле.

Дайранын доошу да, күүсү да күнү-түнү токтобой шарпылдап, баланын кулагынан кетпеген тегирмендин үнүн сай жактан угулган үн жулуп кетчү. Баланы баарынан да ушул абыдан таңгалтырчу. Ал мунун жообун эч кимден ала алчу эмес. Кантип эле тегирмендин күрүлдөгөн үнүн сайдагы дайранын доошу басып салганына акылы жетпей, тызылдап атасына жетип келчү.

– Ата, – дечү, – тегирмен иштеп атабы?

– Балам, көрүп турган нерсеңди эмне сурайсың?.. Иштебегендечи. Эртеден бери өзүң тегирмендин түбүндө ойноп отурасың го.

– А иштеп атса, эмнеге үнү угулбайт?

– Сайдагы күрпүлдөгөн дайранын доошунан угулчу беле, – атасынын бул айтканына бала ынанчу эмес.

Кайра тегирменди көздөй жүгүрүп жетип, тегеренген ташты, чубурган талканды көргөндөн кийин гана тегирмендин күрүлдөп-шарылдап иштеп атканына ынангандай; кайра сырттагы дарыянын доошуна кулак түрүп таңданып, ордунан жылбай тура берчү.

“Дайранын үнү тегирмендин үнүнөн катуубу?” – бала өзүнөн өзү сурачу.

Бала үчүн бул дүйнөдө тегирмендин үнүндөй катуу күрүлдөгөн үн эч эле жоктой сезилчү. Асманда учкан вертолёттун, самолёттун үнү да тегирмендин үнүн баса алчу эмес. Ал буга мындан улам катуу ынап калган: бир курдай ал тегирмендин ичиндеги чычкандын уясынан көзүн албай тиктеп отурган. Чычкан өз ийнинен сыртка баш багып, бала экөө тиктешип калышты. Бала ордунан жылбай катты. Чычкандын былк-былк этип кыймылдаган муруну, сербеңдеген муруту кызык көрүндү ага. Бала чычкандын көзү жылтыраган тешикке жакын баргысы келди. Ордунан акырын жылды.

Уянын оозунда отурган баланы көргөн чычкан артына кетенчиктеди да, жок болду. Чыккыс болду.

Бала чычкандын былк-былк эткен мурдун эми жакындан көрөм го деди. Күттү. Күттү... Чыкпады. Бала аны көпкө күттү. Акыры тажап, сыртка чыкса, сыртта балдар да, чоңдор да асманды таңыркай карап чуру-чуу, күрү күү...

Демейде балдар эмес чоңдор да мынчалык дүрбөп, асманга таңыркап тиктегенин бала болуп башына жүн чыкканы көргөнү ушу.  

Котологон көпчүлүк арасында өзүнөн бөлөктүн баары асманга кол булгалап турушкан экен. Бала да асманга көз чаптырып, жерге абыдан эле чукул учуп, абыдан эле калдайып учкан вертолётту көрдү. Үнү күрүлдөп, жер-суунун баарын жаңырткан вертолёт үнүн өзү кантип укпады экен – акылы жетпеди. Көлөкөсү жерден үзүлө элек вертолётту көргөн баланын жүрөгү колтук алдынан туйлады. Денеси да туйлап, буттары жерге тийип-тийбей чуркады. Топтун арасына жүгүрүп жетти. Жүрөгү туйлап, ал да башкаларга окшоп асманга кол булгалады. Кыйкырды.

– Эй сен кайда жүрөсүң?.. Көрбөй калбадыңбы! – деди ичин күйгүзгөн балдар.

– Вертолёт тегирмендин үстүнөн учуп өтпөдүбү, эй... жинди! – деди ордунда туйлаган балдардын дагы бирөөсү.

Эл асмандагы вертолётко таңыркап карап турган учурда өзү чычкан менен тиктешип отурганына баланын ичи өрттөндү.

– Чын элеби, ата? – деди бала.

– Ооба, тегирмендин үстүнөн учту.

– Апа, чынбы?

– Чын. Тегирмендин үстүнөн учту.

– А мага эмне айтып койбой... – апасына таарынды бала.

– Өзүң жер жуткансып кайда жүрөсүң?

– Тегирменде...

– Ал жакта бышырып коюппу сага? – атасы күңк этти.

Бала апасына тултуңдап таарынып, ыйлап ийди.

– Мага деле айтып койбой... – вертолёт тегирмендин үстүнөн учуп өткөнүн көрбөй калганына баланын ичи сыйрылып күйдү.

Мурда деле асманда учкан самолёт, вертолётту далай жолу көргөн. Бирок алар алыстан учуп өтөр эле. А бул жолкуда тегирмендин үстүнөн учуп өткөндөгүсүн элдин баары көрүп, өзү көрбөй калганына ызасы кайнап, ал күнү кечке атасын да, апасын да тултуюп коркутту...

Ошондон кийин бу дүйнөдө тегирмендин доошу вертолёт менен самолёттун үнүнөн да катуу деп ойлочу ал.

Балага сайдагы күрпүлдөп аккан дайранын добушу тегирмендин үнүн кулагынан жулуп кеткенине акылы айраң экени да ошондон...

Бала дарыя суусу тартылып, доошу мурдагыдай күрпүлдөбөй калган кезде сайдагы жылтыраган апапакай оттук таштарды тергенин койчу эмес. Дайранын агыны токтоп, сай кургаган кезде сулуу-сулуу оттук таштар туптунук болор эле. Кээсин апапакай, туптунук наватка окшоштурчу. Чоң энеси жаздыгынын алдына каткан наватка окшош таштарга көзү күйчү. Чоң энеси анын далай жолу наватка көзүн күйгүзүп, балага наваттын күкүмүн эле бербесе, бүтүндөй наватты бир да жолу берген эмес. Башка неберелерине берген наватын негедир ушул небересине ыраа көрбөгөн, чукчуңдаган кемпир эле ыраматылык...

Чоң энеси экөөнүн кыялы башынан келишчү эмес. Чоң энеси түндөсү балдарына эмчек эмизген жезкемпир жөнүндө айтып берген жомок баланы далай мерте түн уйкусунан чочутуп, далай мерте жезкемпир түшүнө кирген. Чоң энеси түшүнө кирип, киргенде да өзү жезкемпирге айланчу. Балага эмчегин соргузчу.

Бакырып ойгонгон бала «чоң энем – жезкемпир» дечү. Мына анан чоң энеси баланын санын чымчып көгөртүп, «сениби, сени...» деп, башка неберелеринен аябаган наватын балага бербей жазалаган үчүн, биздин каарман сай боюнан наваттай таштарды чөнтөгүнө толтуруп алчу.

Бала үчүн жараткан күч сайдын суусу агызып келген тунук таштар менен кошо наваттай ширин бир нерсе агызып келсе таап алчудай, сайды бойлоп жүрө берчү. Наватка окшош тунук таштардан таттуу даам чыкчудан бетер оозуна салчу. Таш экенин билип туруп ширин даам чыкчудай шимип көрөр эле. Шилекейи балыр даамданып, жийиркенчү кайра: «Тү-фү!»   

Таштан ширин даам чыкпаганы менен жылтыраган жалын чыгар эле. Муштумдай кургак таштарды кагыштырчу. Туптунук оттук таштардан чыккан учкун жалын баланын кумарына айланган оюн болучу. Сай бойлоп жүрө берчү балалыктын эң таттуу, эң ширин кези азыр ага деңиздин тереңиндеги кол жеткис акак таш, акак берметтей...

Бала күн чыккандан күн батканга дейре сай боюнда тентип жүрө бергени үчүн үйдөгүлөр аны жалдырама дешчү. Жок, баланы түрдүүчө аташчу. Бири – чалыр десе, бири – кытай, бири – кашак деп айтчу. Акма кулак аты да бар эле. А кийин жинди атка конду бала. Чалыр дегендери – баланын көзүнө сөөмөй такап, «Эй мунун көзү түп-түз эле көрөт ко» дешчү. Айрыкча шаарда окуган, шаарда иштеген байкелери, эжелери үйгө келгенде баланын көзүн тиктеп таңгалышчу. Көрсө, баланын буту басып, тили чыкканга чейин көзү чалыр болгон экен.

Ал эми кытай дешкени – баланын эч бир сөзү түшүнүксүз эле. Булдурап-чулдурап, тили кеч чыккан бала түшүнүксүз сүйлөгөндүктөн, кытай дешчү.

Жар кырындагы Султаналы менен Рикаштын үйлөрүнөн аяк үзүлчү эмес. А биздин каармандын келген-кеткен кишилер менен иши жок үчүн – жалдырама бала дешчү. Баланын жалдырамалыгы мындай эле: апасы аны аргамжыдагы торпокту жетелеп кел деп жумшаса, жарым жолдон кайра келчү.

– Апа, мени эмнеге жумшадың эле?

– Йек, жарыбагыр, торпокту жетелеп кел дебедимби!

– А-а, – апасы айтканды унутуп калганын ошондо гана эстечү.

Баланын жалдырамалыгы, акма кулактыгы ушундай эле. Ага бир иш тапшырып ишенүү күмөндүү экенин атасы менен апасы жакшы билчү. Азыр айткан кепти азыр эле аңкайып унутуп, өзү менен өзү күбүрөнүп сүйлөп, тетири жакка кете берерин билген үчүн ата-энеси баланы сегиз жашына чейин мектепке беришкен жок.

Сай боюнда эки үй-бүлө түтүн булатчу. Бири –Султаналы сокур, бири – тегирменчи, мал доктур Рикаш. Султаналы колхоздун чабыр малын бакчу. Рикаш болсо Султаналы баккан чабыр малдарды дарылачу. Сарай кыштактан обочо жердеги сай боюнда эле. Сайдын аркы өйүзү чытырман токой. Ортодо күнү-түнү күрүлдөп, тегирмен үнү басылчу эмес. Ал тегирменге сайдын төрт тарабынан талкан тарттырганы келгендердин аягы суюлчу эмес. Коммунизм, Кызыл-Туу, Пограничник, Жаңы-Күч, Дыйкан, Кара-Булуң, Терек-Суу, Калинин колхозунун тургундары Рикаштын тегирменине арпа-буудай жүктөп келип тарттырышчу. Кээси тегирмендин кезегин күтүп, түнөп калышчу.

Биздин каарман келген коноктордун иттерин өз итине талатып, иттердин урушуна далай жолу себеп болду. Кой десе болбой, бейтааныш кишинин көзү мындай болору менен өз итин айдактап, тукуруп, чоочун иттерге таш ыргытып, ит менен итти талаштыргандын чеберине айланган...

Бир курдай эки мүшөк арпа артылган эшегин жетелеген кемпир келди. Жанына тиши кетирекей, көзү бакыракай кызды ээрчитип алыптыр. Бирок алардын итин өз итине талаткан жок. Кызды жактырып калды. Мектепте окуган кыз экен. Ал кыз даа жалдырама баладан көздөрүн албай, экөө тез эле бири бирине ылым санашып, оюндун түрүн ойноп, экөө сайды жээктей кыдырып, жар кырында жүрүштү. Экөө баткактан үй куруп ойноп, ак, кара, кызыл, сары таштардан малдын түрүн курап, короолору малга толду. Оттук таштарды үйүп, үйүп... байлык-мүлктөй тизишти.

– Эми отун терип келели, – дешти.

Ээрчишкен экөө узун чийлердин арасына кирип кетишти. Ыргалган чийлердин арасынан экөө көрүнбөй калышты.

– Эми бала жасайлы, – деди кыз.

– Баланы кантип жасайбыз? – деди бала.

Кыз турсийин чечти.

– Сен да чечпейсиңби...

Бала турсийин чечти. Кыздын жанына жатты.

– Корозду билесиңби... тоокту эмне кылат... – деди кыз.

Бала корозду туурап, кыздын үстүнө чыгып өпөңдөдү. Бирок экөө эч күнөө кылышкан жок: тоок менен корозду туурашты.

Үйгө отун терип деле келишкен жок. Башка тириликтерин улап, короодогу малга чөп чачып, суу берип, койлордун жүнүн кыркып, эчкилерин тыбытташты. Экөө мал союп, казан асышты. Желеге бээ байлап, кымыз ачытылды. Ичишти. Жешти. Бири уйларды саап, айран уютту. Курут жайды. Үй жыйнады. Бири мал тезегин кургатып, чөп жыйнап, кышка камданышты.

– А-ай, жер жуткансып каякта жүрөсүң? Бас, кеттик! – жар кырында жүргөн кемпир кыйкырды.

Эшегине эки мүшөк талканын арттырып коюп, даяр турган экен энеси. Кыз тызылдап чуркаган бойдон кетти.

Кыз кеткенден кийин бала экөөнүн үй тирилиги кароосуз калганда; жайытта жүргөн мал кыз менен баланын баткактан курган там-ташын, короосун, малын, мүлкүн тебелеп кетишти.

♦      ♦      ♦

Жайдын ысык аптабы болчу. Тегирмендин жанындагы көлмөдө чурулдаган балдар, кыздар сууга чумуп, ысык кумду кучактап, күнгө кактанып жатышкан. Тегирменге ун тарттырганы келген келин жанына тестиер кызын ээрчитип алыптыр. Татынакай кыз экен. Кийингени да татынакай. Бейтааныш ал кыз тайыз көлмөнү чалпылдатып киринген балдарга суктанып карап турду көпкө. Кыздын жанынан карыш чыкпаган биздин каармандын эсинен кеткис окуя болду ал күн даа.

– Чечинип, сууга түшпөйсүңбү, – деди кызды айланчыктап.

Чочуркап турган кыз баланын айтканына көндү. Ал даа көйнөгүн чечип ыргытып, көлмөнү чалпылдаткандарга кошулду.

– Атың ким? – деди бала.

– Зуура, – деди кыз.

– Кел, сен тоок бол, а мен корозмун, – деди бала.

– Тоок болгум келбейт, – деди кыз.

– Жылкы болгуң келеби?

– Жылкы болгон жагат...

– Кел анда жылкы болуп ойнойбуз.

– Ойнойлу, – деди кыз.

Кыз менен бала кең сазда бирин бири кубалашып жүрүштү. Экөө кулундай туйлап кубалашты, жылкыны туурап кишенешти.

– Сен бээ бол ээ, – деди бала. – Мен сени кубалайм.

– Сен эмне карышкырсыңбы? – деди кыз.

– Жок, мен айгыр болом, – деди бала.

Жер чапчып окуранып, өзүн айгыр сезген бала, турсийин чечти.

– Сен да турсийиңди чеч, – деди кызга.

Оюнда эч жамандык жок тестиер кыз баланын айтканына көнүп турсийин чечти.

– Эми кач, – деди бала.

Дырдай жылаңач кызды кууп жөнөдү. Тызылдап чуркаган кызга тез эле жетип, айгырды туурап секирди ага. Ызаланган кыз өңгүрөп ыйлап, апасына даттанып барды.

– Балаңардын уяты жок кандай неме? Кызымды ыйлатып...– деди келин.

– Эмне кылып ыйлатыптыр? – деди тегирменчи.

– Эмне кылып ыйлатты?.. Айтчы кызым.

– Сен бээсиң, мен айгырмын деп артыман секирди, – озондоп ыйлады кыз.

– Ой, атаңдын гана оозун урайындын баласы, басчы бери!

Рикаш баласын кууп жөнөдү. Жетпеди. Катынына кыйкырды:

– Үйдөгү аптечкамды алып келчи тез!

Тегирменчинин зайыбы мал доктур күйөөсүнүн аптечкасын көтөрүп жетип келди.

Тентек уулуна скальпелди көрсөттү Рикаш:

– Сениби, сени! Колго түшөрсүң. Сени айгыр бычкандай бычпасам элеби? Мунун айгыр болуп кеткенин деле!

Атасынын далай мерте мал биттегенин көргөн баланын көзү тостойду. Көзүнө айгырдын эки энегин кесип ыргыткандагы операция элестеди. Скальпелдин жылтылдаган мизинен коркуп, бакырган бойдон качты. Кечке үйгө жологус болду ал күнү. Үйдү сагаалап, кесээрип ачка болгонучу.

Атасы эми биттеп саларын ойлоп, кошунасы Султаналынын үйүнө барды. Бирок анын үйүнө киргенден коркту. «Атам кармап алат, – деди – бул жерден даа». Мусапырга окшоп, эки үйдүн ортосун сагаалап жүрдү.

Султаналынын эшиги алдында атчан киши турган экен. Үйдөн Султаналынын байбичеси Сабыр апа чыкты. Экөөнүн эмне жөнүндө сүйлөшкөнү баланын назарында жок. Бир убакта кемпир кызына буюрду:

– Ай, Жаңыл, үйдөн даам алып чыгып ооз тийгиз.

Жаңыл үйдөн боорсок, кургатылган жемиштер салынган жайылма табак көтөрүп чыкты. Тиги атчан жүзүнө бата тартып, боорсоктон ооз тийди да, жолуна түштү.

– Буга деле даам ооз тийгиз, – деди Сабыр апа.

Өмүрүндө кургак жемишти биринчи жолу көргөн баланын көздөрү күйдү. Муну туйган Сабыр апа баланын эки чөнтөгүнө түштүктөн келген кургак жемиштерден толтура салып берди.

Ошондон кийин оозунан кеткис даамды көпкө унутпай жүрдү. Бала, «даам» деген сөздү кургак жемиш деп түшүндү. Үйдөгүлөрдөн «даам» сураганы үчүн далай тил укту, таяк жеди. 

– Ой кагылайын, алдыңда тургандын баары эле даам, – деп какшайт апасы.

– Жок, булар даам эмес. Даам башка, – чыр салып ыйлаган бала дасторкондо жайнаган чөбөгө, каймак, курут, момпосуй, эт, боорсок, нандын бирин да оозуна салбайт.

– Бу кандай кудай урган неме. Дасторкондо турган ырыскынын баары эле даам. Эмнени айтып атасың?! – атасы жиндеп, баланы какыс-кукус кылганы канча.

Бирок биздин каармандын бүтпөс чыры баягы эле:

– Мен даам жегим келет.

– Балакет же! – деп көңүл бурбай коюшкандан кийин гана өксүп ыйлап, дасторкондогу башка ырыскы-даамдарды жегенге аргасыз болор эле...

Бир курдай үйгө авто-дүкөн дегени келди. 1-сентябрга карата Рикаш уул-кыздарына жаңы кийим сатып берди. Биздин каарман 1-класска барар болду. Керектүүнүн баарын алып беришти, бир гана батинке сатып беришкен жок.

– Мага деле батинке кана? – ыйламсыраган бала апасына даттанды.

– Сен Жакшылык акеңдин былтыркы батинкесин кий, – деди апасы кагып.

– Мага дайым эле жаңы кийим сатып бербейсиңер, – бала тултуңдап таарынды эне-атасына.

Анын даа таарынгандай жөнү бар: Рикаш менен Анийса он кыз, алты баланы өстүрүштү. Баарын санаганда – он алты. Биздин каарман эркек уулдарынын эң кенжеси болгондуктан өзүнөн улууларга батпай калган кийимдерди кийип жүрүп чоңойду. Качан болсо агаларына батпаган кийимдер гана артып калчу ага. Бул жолу даа жаңы батинкеге жетпей калганына ызаланып турду.

– Эми бириңе тартсак, бириңе жетпесе эмне кылалы? – деди аргасы кеткен Рикаш.

Балдардын эң кичүүсү болуп калганы – кудайдын жазасындай туюлду биздин каарманга.

Окуу жылы башталды. Апасы балдарын чубуртуп ээрчиткен бойдон шаңдуу маанайда кыштакка жөнөштү. Баары жапжаңы кийим, жапжаңы сумке көтөргөн. Биздин каармандын гана сумкеси эски, а бутунда агасынын батпай калган батинкеси...

Өмүрүндө көрбөгөн кыштакты ошондо гана биринчи жолу аралап, биринчи жолу токой жээгиндегиден бөлөкчө дүйнөнү тааныды. Дүпүйгөн дарактары ыргалган кыштакты аралап бараткан баланын жүрөгү аптыкканын айт. Токой жээгинде эки гана үй-бүлө жашаса, кыштакта жайнаган үй-бүлөлөр жашаганына оозу ачылып аңкайды. Сүр басып калтаарып келатты бала. Дубалдары апапакай эки үй көрүндү. Экөө тең поюздай узун үйлөр экен. Поюзду ал кинодон көргөн.

– Мына, мектепке келип калдык, – деди апасы.

Мектепке жакындаган сайын бала кишен салынган жылкыдан бетер тушалып, бутун араң эле тартып баратты. Мектеп алдында кызыл жагоочон балдар-кыздар жайнайт. Баланы сүр басып, титиреп, башынан эле жалдырама мүнөзү бар неме тил-ооздон калды.

– Ай баспайсыңбы! – апасы колдон алып жулкту. – Бас, майрамдан кечигебиз.

Өмүрү көпчүлүк балдардын арасына кошулбаган жаны өзүнөн өзү кысынып, корунуп, колдоюп, апасы колунан жетелемейин нес болгондой катты.

Жыйналыш бүттү. Делдейген баланы апасы колдон жетелеп, баш-аягы мал сарайдан узун коридордо баратышты. Краска, акиташ жыттанган мектеп босогосун ал ошентип аттады. Өзүнөн башка парталаштарынын көбү бирин-бири тааныгандар экен, алар бала бакчада чогуу ойноп өсүшкөнүн биздин каарман кийин билди.

Ал күнү сабак бүткөн кезде апасы өзү келип алып кетти баланы. Бирок мектепке каттачу жол эсинде калбаптыр, эртеси куурады. Үйдөн го эжелери ээрчитип келип, классына киргизип коюп кетишкен. Ал күнү мектептен тарагандар үй-үйлөрүнө чуркаган бойдон жөнөштү. А биздин каарман мектеп тушундагы бурулуштан кайрылгандан кийин жолдун каягына салса үйүнө барарын билбеди. Нес болуп катты. Көзүнө тааныш көрүнгөн жан киши да чыкпады. Мурда өмүрү көрбөгөн көчөлөрдүн кайсы бурулушу токой жээгиндеги тегирменге алып барарына акылы жетпеди.

Кыштакты түрө кыдырып аралады. Чарчагандан бутун тарта албай, өзөгү карайып ачка болгондо, өңгүрөп ыйлаганы күнү бүгүнкүдөй эсинен кетпейт.

– Бу кайсы бала? – Эшекчен киши пайда болду жанында. – Кимдин баласы болосуң?

– Рикаштын.

– А тегирменчинин баласы турбайсыңбы.

Тегирмен деген сөздү уккан баланын жүнү тириле түшкөнсүдү.

– Ооба. Үйдү таппай жүрөм.

– Эмне дейт? Үйүң кыштактын тээ-тетиги жагында... токой жакта эмеспи. Бул жакта сага эмне бар?

Муну уккан бала өңгүрөп ыйлап ийди эле, тиги киши баланы эшегине учкаштырып, кыштактын четине алып келди.

– И... көрдүңбү тетиги сарайды? Ошол жакта сенин үйүң. Бар эми, түптүз жөнөсөң адашпайсың.

Бала кайрадан жалгыз калды. Жүрөгү дале опкоолжуп турду. Үй жагын тааныбады. Анткени ал өзү жашаган жерди өмүрүндө кыштак тараптан көрө элек болчу. Ал тегирмендин тегерегиндеги кең саз, чытырман токой, мал сарай, дайра жээгиндеги жарлардын кыры, аңыз талаадан башка дүйнөнү тааный элек болчу.

Бала жалгыз аяк жолго түштү да, токой беттеп жөнөй берди. Токойго жакындаган сайын айланасы көзүнө тааныш көрүнө баштады. Эң биринчи жолдон адашканы ошол болду. Кийин да далай мерте адашты, бирок үйүнө алып барган жалгыз аяк жолдон эмес...

♦      ♦      ♦

Парталаштары бирин-бири тааныйт, бирин-бири атынан айтып чакырат. Алыш-бериш кылышат: китебин, дептерин же калемин унутуп келгени биринен бири сурап алса, биздин жапайы бала гана өзү менен өзү. Эч кимисин тааныбайт. Эки жагын карап, өзүн жалгыз жырткычтай сезет.

Эгер бирөө-жарым тийишчү болсо, катыгын берет. Анын токойдон келген жапайы чалыштыгын парталаштарынын бири да билбейт эле. Кокус бирөө-жарым аны келеке кылчу болсо, кызына даа, эркегине даа кыргыйдай кол салган жапайычылыгы парталаштарынын жүрөк үшүн тез эле алып койду.

Бир курдай парталаш отурган эки кыз ага тилдерин көрсөтүп шылдыңдашты. Аларга кантип жооп кылышты ойлонгон биздин жапайы каарман партанын алдынан чочогун чыгарып көрсөттү. Тиги экөө уялгандан көздөрүн калкалап, ошондон кийин жапайы баланы шылдыңдабас болушту.

Бир жолу жанында отурган кыздын карандашын тартып алды жапайы бала. Кыз чырылдап карандашын талашты. Бербеди. Артынан кууду эле, партадан партага секирип качты. Кыз ыйлады.

– Макул, мэ карандашыңды, – деди бала.

– Келе, бер, – деди кыз.

– Берип атам, албайсыңбы.

– Кана бергениң?

– Чөнтөгүмө колуңду салбайсыңбы.

Кыз жапайы баланын чөнтөгүнө колун сунду. Чөнтөк түбүндөгү тешиктен карандашын эмес, баланын чочогун кармап алган кыз, чок баскандай секирди.

– Карандашың ал чөнтөгүмдө жок, бул чөнтөгүмдө болчу...

Парталаштарына ошентип жүрүп аралашты биздин каарман.

Токойдун боюнда жашаган жапайы баланын атасы Рикаш үйүндө толтура жан-жаныбарларды баккан киши эле. Сарайдын бир жагында: карышкыр, бүркүт, түлкү, кыргоол, тоок-үндүк, коён, көгүчкөндөр багылчу. Тайгандардын түрү көп. А тегирмендин алдында балык кармаган көлмөсү бар эле. Баары Рикаштын өз менчиги – эмне кылса өзү билет. Тегирменге келген-кеткендин баары зоопаркка келгендей таңгалышчу. Атасы бүркүттүн алдына коёндорду тирүүлөй салып бергенин көрүп өскөн биздин каарман өзү даа мектептеги жырткыч жаныбарга окшош эле...

Мурда бала бакчада чогуу өскөндүктөн бир класста чогуу окуган балдар бириге калып даа биздин жапайы каарманга ур-токмок көрсөтмөй болуп, бирок ар бири өз жазасын алып жүрүп, акыры мектепти бүтөр-бүткөнчө «атаман» атка конду. «1-Б класс», «1-А класстын» окуучуларына кыр көрсөткөн өнөрүн мугалимдер даа, ата-энеси даа койдура албаган чоң муштумга айланып чыга келди.

Эсинен кеткис дагы бир кордук бар – колготки болчу ал. Ат-Башынын кычыраган кышында жалаңкат шымдын ичинен кийер азыркы замандагыдай гамаш шымдар кайда! Совет доорундагы эң дефицит товар тургай, элдин түшүнүгүндө да гамаш шым деген жок болчу. Анийса кургур күнкараманын данегиндей он алты уул-кызды жайнатып төрөп койгону менен – ар биринин түйшүгүн жеп, ушул жапайы баласына өзүнүн же кыздарынын калың колготкисин кийгизип жөнөтөр эле мектепке.

– Апа-а, кийбейм муну! – бала чыр салып ыйлайт.

– Эмнеге кийбейсиң? Эшикте 40 градус суук болуп атса. Тоңуп өлөсүң!

– Мектепте бит карап калышса, колготки кийгенимди шылдыңдашат, – бала ботодой боздоп ыйлап жиберчү.

Апасы болбой эле колготки кийгизчү. Аргасы жок бала не кылсын – чөп корукка барчу да, колготкини чечип ыргытып, чөптүн арасына тыгып салчу. Кыздарга чочогун көрсөткөндөн уялбаган жапайы каарманыбыз мектепке колготки кийип баргандан ушунчалык уялар эле...

Тамга таанып, жазганды үйрөнөрү менен дептеринин сыртында тетири жазу бар эле. Аны жапайы бала өзү гана окуй алчу.

Кээде Өскөн агайы урушат:

– Бул эмне деп жазганың? Дептериңдин сыртына фамилияң болушу керек.

– Фамилиям эле жазылган.

– Кана, өзүң окучу.

Бала окуп берет:

– Веидребмегэ Йабожло Чиворикаш.

– Эмне деп тантырап атасың?! – дейт Өскөн агайы ачуусу кайнап.

– Эгембердиев Олжобай Шакирович деп эле жазгамын, – дейт жапайы окуучусу.

2018–2023-ж.ж.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз