(аңгеме)
Боз улан короо шыпырып жүргөн.
- Моңолдор кайда? – дарбаза такылдаткан бейтааныш жигит эле бул.
- Түрмөгө кеткен, - деди боз улан, башка кандай жооп бериш керектиги оюна да келбей.
- Кантип түрмөгө?! – күтүүсүз таңгалды тиги. Делдейип катты таш тиштегенсип. – Жакында эле чыгып келип... бу кандай?.. А эмне болуп кайра кетти?
- Билбейм, - ишенимсиз жооп берди боз улан.
- Опе-ей десе, - короо сыртындагы жигит жоопко ишеңкиребей, дагы эле такып сурады: - Сен ушул үйдө жашайсың да ээ?
- Ооба, - деди тигини жактырбай, - жездемди кайра камашыптыр.
- Үйдө сенден чоңураактары барбы?
- Апам бар, эжем бар.
- Эжең ким, Аселби? – Аселди мурда тааныгандай сурады. – Аселди чакырсаң.
Боз улан үйгө кирип кетти.
- Асел эже, эшикте жездемди сурап атат бирөө.
Асел сыртка чыкты кооптонгондой түр менен.
Тигил экөө амандашты. Кол беришти.
Боз улан карап турду экөөнү.
- Моңолдор досум кайда?
- Шаарда, - деди Асел шыр эле.
- А тетиги шүмшүк түрмөгө кайра кетти деп айтпайбы!
Жандана түштү жигит. Маанайы көтөрүлө бакылдаганга өттү:
- Үйүнө барсам, аяш атам кайын-журтуна кетти дегенинен... силердин айылга издеп келсем... Досумду кайра түрмөгө деп жүрөк түшүргөнүчү...
- Шаарда ал, - Асел эжеси эч сыр бербеди. – Кечээ кеткен. Мен да эртең...
- Ошондой эле болсун, - тигинин санаасы тынгансыды. Эжеси менен жездесинин шаардагы тирлигин сураштырды.
Боз улан бир балээден шектенди. Өзү күнөө жасаган немече жымырыла басып, башы шылкыйды да, ары басып короо тирлигине киришти.
Бир убакта апасы жылан басып алгансып үйдөн чаңырып чыкты.
- Өлүк тирлигиңди гана көрөйүн, сениби! Каякта жүрөт ал. А-ай, Жыргал!
- Бияктамын, апа! – боз улан ордунан селт этти.
- Эк... Жерге кирип кетсеңчи ушундан көрө!
- Эмне кылдым мен?
- Шерменде кылбадыңбы элге! – апасы негедир кошуна-колоңдор укпасын дегенсип, үнүн пастатып сүйлөдү.
- Эмне болду?
- Эмне жездеңди түрмөгө кетти деп былжырадың? – апасы шыбырап сүйлөдү. Ар бир сөзү тиштин арасынан сыгылып чыккансып, ышкырык коштоп угулду.
- Түрмөгө кетсе түрмөгө дейм да.
- Эмнеге түрмөгө дейсиң? Бери келчи тилиңди сууруп алайын алдагы! Асел шордуу боздоп ыйлап атат... айтып салды деп.
- Эмнени айтыпмын? – боз улан дале сөз төркүнүн аңдабай бүшүркөдү.
- Кандай акылың жок?! Жездеңдин кайра түрмөгө кеткенин эл укпасын деп жүрсөк, сен акмак!.. – туттуккан апасы жанын коёр жер таппай чебелектеди.
– Тиги жакта куда-кудагыйларыбызды да элге шерменде кылбадыңбы, чечек! Эми канттик?.. Элге кантип батабыз, кокуй...
Бозуландын акылына эми жетти чатак. Көрсө, жездесинин түрмөгө кайра кеткени жөнүндө эл ичинде кеп айтылбашы керек тура. Жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй дүк-дүк согуп, билбестиктен чоң ката кылганын түшүндү. Эжеси менен апасынын алдында өз күнөөсүн кантип жуушту билбей башы катты.
* * *
Андан бери далай жылдар өттү. Эжеси Аселдин ошондогу буркурап боздоп ыйлаганы; апасы жанын коёр жеп таппай чебелектегени бекеринен эмес экен көрсө.
Эми ойлосо, Совет мезгилинде элдин түрмө жөнүндө түшүнүгү өтө терс болгон тура. Түрмө десе жалаң кылмышкерлер, эл душмандары, эл ичиндеги коммунизмге каршы чыккынчылар гана отурат деген түшүнүктөр бекем тура.
Кийин билсе, жездеси тоталитардык совет түзүмүнө каршы сүйлөгөндөрдүн бири экен. Апасынын ошондогу шыбырап сүйлөгөнү; кокуйлаганы; оозунан чыккан ар бир сөзү тиш арасынан сыгылып, сызылып чыгып, ышкырыктай угулганында кеп болгон экен көрсө. Сур булуттуу доордун сүрү экен ал.
Атасы үйдө колхоз башкармасын сөксө да, аны бирөө тыңшап отургансып, оозун колу менен калкалап, шыбырап сөгөр эле. Апасынын “элге кантип батабыз?!” деп кокуйлаганычы...
23.09.23.