Атанын энеңдин дуркановыйдын жашоосу деп отурам эки күндөн бери: темир тордон чыгып келип, сүйүү торго чалынат деген эмне кокуй! Темир тордо да өзүм менен өзүм элем, сүйүү тордо жалгыз болуу кайдан. Жанымдан чыкпас жаншерик, жантуйгу маам – Назгүл бассам-турсам, отурсам, жатсам жанымда. Колубузду моюнга артышып, анын билеги менин, менин билегим анын мойнунда. Ал мага жабышты, мен ага жабыштым...
Кечээ эртең менен гүл терербиз деген үмүт менен талаага жетелеп барбаймынбы, кылайып гүл аттуу калбаптыр Көк-Жардын даркан талаасында. Буралган гүл калбаптыр талаада, күздүн мол түшүмүн терген эле киши туш-тушта. “А-а... Күз келген тура” дедим. Өмүргө да, талаага да Күз ушинетип билинбей келгенин айт... Келсең келе бер дедим, али өмүрдүн кышкы даярдыгына чейин жетишерлик сүйүүбүз бар жашоого... Сүйүү торунан мени чыгарбас жантуйгум, мен да аны чыгарбаймын эми. Ал торго биздей чалынган жаншериктер чанда...
* * *
Ошол ошо болду, баары кошо болду... Жөн жүрчү белем кайда барсам. Кайда жүрсөм да маани издейм го. Кайда, кандай шартта жүрбөйүн, эмне менен алектенем, ошол маанилүү мен жиндиге.
* * *
Кеп тузуна эми келели. Арстанбек Буйлаш уулун олуя дейсиңерби, элдик адабият – оозеки чыгармачылыктын классиги дейсиңерби, айтор, эл оозунан түштөгөн Арстанбектин береги эки сабына мен жаңы өңүттөн сергек ой калчагым бар.
“... Эл менен сен бийиксиң, /
Элден чыксаң кийиксиң” дегенин укмуш сап катары сыпаттап, ошол түшүнүккө өрөпкүгөн кыргыз көп.
Мен жинди тескерисинче ойлонуп, тескери жүргүм бар. Эмнеге дегенде, эл менен кантип бийик боло аласың эй? Ойлонуп көрүң. Эл-массасынан чыкпаган адам кайдан индивид боло алат? Кантип өзалдынча ой калчайт? Кантип эл менен бийик болуу мүмкүн? Кантип, кантип?! Болгондо да бүгүнкүдөй оозуна чөп алгыс эл менен кантип бийик болуу мүмкүн? Муну би-ир деп кой.
Эмне үчүн өз башы менен ойлонгон кыргыз аз? Эки-и деп кой муну. Эмне үчүн биздин эл ээрчиме, оома, белимчи экенин ойлонуп көрдүк беле? Себеби элдик түшүнүктөрдө, макал-лакаптарда кулдук аң-сезимдин установкалары жатат. Сулайып. Тырайып. Уктап... Элден бөлүнгүс кылып таштаган - “... Эл менен сен бийиксиң, /
Элден чыксаң кийиксиң” деген кош сапта феодалдык элемент жаткан жокпу сасып? Жооптуу чогуу издейличи, азиз окурманым!
Урбанизация маданиятына кеч аралашкан кыргыз коомунда көптөрүбүз айыл-кыштактарда өсүп-чоңойдук. Элет турмушунда “эл эмне дейт?” деп корунуп өстүк. Мүлдө кыргыз элдин кебине, ушагына, имиш сөзүнө илинбей, аңдыган көзүнө чалынбай жашоого аргасыз. Ушунун өзү адамдын жандүйнө түрмөсү эй. Кошуна-колоңдон заарканып жашайт айыл-кыштак эли. Ушунун өзү коркунучтуу түрмө эмей не?!
ЭРКИНДИК сезимиңе коркунуч жараткан жагдайлар толтура элет турмушунда. Элет эли ушакчы, сынчы. Көтүңөн аңдыйт сыщиктей. КГБнын бакан ооздорундай бирин бири аңдып жашайт, щолучтуку. Ошон үчүн мен мектепти бүтөр замат шаарга зуу койгомун. Качкамын. Анткени шаарда ушак-айың таркатар тааныштарың аз. Эркинирек жашайсың. Каалаган кыз-келин менен шыңаарлашып жүрө аласың. Өбүшөсүң... Сени аңдыган эч ким болбойт. А айыл-кыштакта боозуп калса, курсагын элге көрсөтпөй таңып алган кыз-келиндер жатынындагы түйүлдүктү жашырып-жаап, же майып наристени төрөйт, же өлүү... Жүрөгүнүн алдындагы дагы бир наристенин жүрөгү сокпой калган “кылмыш” кылышат. Айыл-кыштактагы жашыруун жашоо ошентип “кылмышкерлерди” жазалайт.
Мен щолуч 9-класста экенимде атам өлдү. Ошондо мен капастан бошонгон канаттуудай, ичимден кымыңдаганымды айт. “Эми буюрса, - деп атам ичимден, - өз алдымча шаарга кетем. Билим алам. Чоң жазуучу болом. Кыялым орундалат...”
Дегеним, “жакшы көргөн балаңа шаар көрсөтпө” деген түшүнүк жашайт кыргыз мээсинде. А шаар көрбөгөн адам билимге, маданиятка кайдан жетет деген кыргыз жок мага окшоп... Акыры мектепти аяктадым. Шаарга зуу койдум. Айылда мал артынан жүрүп мал болгум келбеди... Мал туягын санаган дүйнөкор болгончо, шаарда каалагандай жашоону эңседим.
Кийин он жыл бою айылыма каттабай койдум АДАМ болоюн деп. Индивид болоюн деп. Туугандар арасында өлүм-житим болсо да топурак салганга каттабадым. Апам далай урушту “элден чыкпа” деп. Мен жинди анда да жооп таптым: “Апа, - дедим шоктонуп туйлап, - он алты бала туупсуң. Ошолордун бири да итий болуп өспөдү, сууга агып кетпеди, бейажал өлбөдү. Баары тирүү. А мени... бир балам тентип кеткен деп тизмеден чийип сал” дедим. Секирди. Эне да. Кандай акмакты туудум эле дегендир ичи сыйрылып...
Эң башкысы өзалдымча болууга, өз башым менен ойлонууга ошентип эрте жашымдан көндүм. Өжөрлөнүп. “Өзүм менен өзүм” деген ырлар жыйнагым чыкканын көрүп ал анан. Азыр бирок кеп тузу башкада: “... Эл менен сен бийиксиң, /
Элден чыксаң кийиксиң” деген кош саптан улам.
Коллективизация деген коммунисттик түрмөдө тарбияланды шордуу кыргыз тукуму. Бала бакча, мектеп жашынан эле коммунисттик идеологияга мээси уугуп чоңойгон эл-массасына айландык ошентип. Маңкуртка! Кулга! Зомбиге! Ал эмес маңдайыбыздан сылап өстүргөн эне-аталарыбыз өздөрү билип-билбей бизди да кул кылып өстүрүп келишти. Улуттук трагедиябыз ушунда! Себеби идеология тамыр-бутагын ошентип үй-бүлө институтуна чейин жайган. Түрмө дегенди биз темир тор деп гана элестетпейли, түрмө түшүнүгүн береги ыр саптарымда туюнткум бар. “Адамдыкка кадам” деп аталат бул ырым.
Бул дүнүйө акмактарга курчалган,
талкалоосу керек аны бунтарлар.
Ыйык мечит, чиркөө, храм, мектептер –
баарын кулга айландырчу чек жеткен...
Ата-энелер баланы баш ийдирип,
о канчалар болалбады индивид?!
Мечит, мектеп, ата-энеге баш ийбей,
адамдыкка умтулган оң жашыңдан.
Адамзаты чоң түрмөгө камалган:
кишен – мыйзам, салт, ишеним, амалдар!
20. 08. 24.
* * *
Эл ичинде элдик түшүнүк-тыйуулардан, кысымдардан корунуп маңкуртка, кулга, зомбиге айланганча кийик болгон артык. Ойчул болууга, эркин болууга умтулган индивиддер элден оолак качканы ошол. Адамзат коомунун кулу болгондон көрө кийик болуп тоо-таштын арасында үңкүрдө даанышман болгонуң комфорт эмеспи эй! Индивиддер үчүн жалгыздык эмне үчүн артык? Алмуздактан акылмандар, календерлер, аскеттер эркиндикте термелип, жараталыш койнунда эриш-аркак жашоо күтүп: коомдон, элден качып үңкүрлөрдү башпаанек кылышкан...
Бирок адамзат тарыхын караң, коомго ар дайым Сократ, Диоген сыяктуу бунтар досторум коркунучтуу туюлган. Себеби Сократ досум жаштарды эркиндикке үндөп, улууларга баш ийбей, өз алдынча ой эгеси болууга, өз чечимине, өз тандоосуна ээ болууга шыкактаган “бузукулугу” үчүн Афина бийлигинин каарына калып, акыры өлүм жазасына кабылган кайран даанышман! Сот өкүмү менен уу жуткуруп, көзүн тазалашкан... Ал эми Диоген досумчу, ал да даканса жашоосунда адам коомун, эл-массасын жек көрүп, өзүн коомдон оолак туткан. Чак түштө колуна чырак көтөрүп АДАМ издейт, карайлаган караламан калкты аралап. Индивид болуш үчүн бочкада жашаган комфорт зонанын кулу болгон эмес мага окшоп. А менчи? Эки кабат особнякта жашайм. Комфортто. Анан менден кайдагы индивид чыгат. Болгону Сократ менен Диогендин кежирлигин гана алыптырмын дейм өзүмчө эс калчап...
* * *
“Эл менен сен бийиксиң, /
Элден чыксаң кийиксиң” деп Ачекей деген айылда, эл менен жашайм. Жалгыз жашагым жок. Катынымдын жанынан чыккым жок...
Темир тордон чыгып келип, сүйүү торго чалынган жашоом башталды. Жөн жатпай кыргыз адабиятын реставрация кылмак болдум. Түрмөдө жөн жатты дейсиңби, ал жактан элдик адабиятты кайра аңтарып, Токтогул менен Толубай жөнүндө экилтик поэма жаздым. Экөөнү тең автордук миф түрүндө жараттым: притча, фэнтези жанрында. “Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол” деген элдик аңыз кылымдардан берки эл эңсөөсү болгон үчүн айтылып келатат ко дедим.
10. 10. 24.