Жан Хролда: Сегиз сойку (конкурска №25)

  • 05.06.2023
  • 8583

Сүрөт https://ru.freepik.com/ булагынан алында.

АҢГЕМЕ

Барка акылдуу, тилинде сөөлү бар адам деп эсептелет, бирок анысынын финансылык ийгиликке эч тиешеси жок; маселе мал-мүлктүү үй-бүлөдө төрөлгөнүндө жана котологон досторунда. Үйүрлөш байбачалардын ич ара алакасын мобу аския сонун түшүндүрөт.

Флоридалык Напеолондун аялы Пит Миллер айым бир күнү уйку алдында күйөөсүнө Барка жөнүндө кеп козгоду. Ал өткөндөгү бир окуядан бери Барканын мыяткерине айланган эле.

– Асылым, – деди аялы, – Барка акылдуу эркек, ээ?

– Акылдуу киши, ооба, мен билем. Сырткы турпаты да келишкен, – деди Пит Миллер мырза кекээрдүү үн менен. Пит Миллер айым терең дем алды.

– Сүйүктүүм, ал бардык акчасынан кол жууп, абдан чүнчүп калыптыр. Чакырып, өз бизнесиңе кошуп алсаң болбойбу? Мен билем...

– Мүмкүнчүлүк жок! – күңк этти Питт Миллер мырза аялынын сөзүн бөлүп.– Эмнеге дебейсиңби? Аны кеңсеме кол бала ордуна алсам, үч айда менин бизнесиме ээ чыгып, аялымды да тартып алышы мүмкүн!

Пит Миллер айым акыркы он беш жылда биринчи жолу кызарып чыкты.

– Бирок, сүйүктүүм...

– Биз болгонун болгондой эле калтыралы, – деди күйөөсү. Алар болгонун болгондой кылтырышты.

Сиз, байкадыңыз да? Ашыкча акылдуу болуу кажет эмес. Барканы классикалык үлгү катары алчу болсок, ал сизге же мага караганда алда канча акылдуу, зирек болгондуктан, адамдар анын акылына тан беришет, бирок бар балакет ушунда дешип, андан коркушат. Жаш жигит, бул эскертүүнү эсиңде тутуп, Сальвадор Далини окуганыңды токтот.

Теңдешсиз акылдуу Баркага келсек, ал мураска тийген эки миллион долларын сары чака калтырбай сарптаган, колуна дагы түк конору жалгыз жаратканга маалым. Айласы куруган Барка жакын достору жыйырма жолу шагын сындыргандан кийин, эл арасында айтылганга караганда, шайтандын өзү менен дос эл аралык банкир Жон Плутуска кайрылууну чечти. Шашкалактаган байкуш таңкы үзүлгөн гардиния гүлүн сатып алганды унуткан бойдон банкирдин кеңсесин көздөй желип жөнөдү. Албетте, өз абалын төкпөй-чачпай айтуу үчүн Плутустун атактуу кичинекей, жупуну бөлмөсүнүн эшигин ачты. Ишкерлер чөйрөсүндө айтылганга караганда, дүйнөдөгү акчанынын теңинен көбү ушул бөлмө аркылуу өтөт экен. Эки жак салабаттуу саламдашып, Барка сунуш кылынган сигараны шашпай сыпайы ийилип алып, орундукка чалкалай отуруп, сөз баштады:

– Мен насыянын жөн жайын сүйлөшөйүн дегем.

– Жан дилим менен, – деди Плутус.– Коопсуздук үчүн күрөөгө эмне койоюн дейсиз?

– Өз жанымды.

Барса табалагансып жылмайды. Плутус салабатын бузбастан:

– Оо, – деп ар бир сөзүн таптай сүйлөдү. – Сиз, албетте, сиздин жаныңыз мен үчүн эч нерсени туюнтпасын билесиз. Бирок менде таңгаларлык заттар менен кызыккан бир кардар бар.

Плутус сүйлөшүү бүткөнүн билдирип, ордунан турду.

– Сиз бүгүн кечки жетиде ушу жерде болсоңуз, – деп улантты.– Менин кардарым келет. Аны менен насыя жөнүндө сүйлөшө аласыз.

Барка туура саат жетиде Плутустун даңазалуу кеңсесине кайра келип, банкирди жана анын кардарын жолуктурду. Кардардын тула боюнан шайтанга окшош эч нерсе таппады. Тескерисинче, ал өзүнө көбүрөк окшоп кетерин, бирок анын өңү карарак экенин байкап, бөлмөдө негедир күкүрт жыттанганын сезди. Барка жытты таноосун диртилдетип искеп жатканын туйду да, суук тийгендей түр көрсөттү.

– Мен түшүндүм: сиз акчага муктаж экенсиз, – деп кайрылды Сатин мырза деп тааныштырылган кардар Баркага.

– Абал сиз ойлогондой осол эмес, – деп жооп кайтарды Барка.– Мага бир нече чоң корпорациядан сунуш бар, бирок кагаз ишинен жадаганым үчүн коопсуздук күрөөсүнө аманатка өз жанымды койгонду туура көрөм.

– Сиз айтканга ылайык, мен эмне болгондо да эртеби-кечпи сиздин жанды өткөрүп алуум керек. Мындай болгондо сиз эч кандай чыгым болбойсуз, туурабы? – кардар сыпаа жылмайды.

– Бирок сиз билесизби, мен кудайдын кудуретине ишенем, – өтө сылык-сыпаа сүйлөдү Барка.– Ошондуктан жараткан буйруган саатта кечилканага кетип калышым мүмкүн. Ырас, – ал сөзүн улантты,– эгерде жанымды сактык күрөөсү үчүн аманатка өткөрө албасам, бул жашоонун жыргалын көрбөсөм, өз жанымды сактап, башка дүйнөнүн ыракатын көрүүм керек.

Барка акылдуу киши экенин Сатин мырза түшүндү да, убакытты текке кетирбей, сөздүн ток этер жерин айтты.

– Мен сизге керек акчаңыздын баарын берейин, бир күнү ойношуңуз... – деп сөзүн бүтүрбөй, суроо узатты, – Менин боолгошумча, сизде ойнош болсо керек?

Барка ырас дегендей жылмайды.

– ... Эгер ойношуңуз болсо, ал качанга чейин көзүңүзгө чөп салбайт? – Сатин мырза үзүлгөн сөзүн бүткөрүп, шартын айтты. – Ал сизди алдаган күнү, сиздин жаныңыз меники болот.

– Чочубаңыз, – деди Барка.– Мени келесоо деп ойлобоңуз. Шуркуя ишенимдүү болуусу үчүн бул жашоомдо эки сент да бербеймин. Арийне, өлбөс рухум жөнүндө сөз да болбош керек.

– Ишендим, сиз сөзгө бекем адам экенсиз, – деди Сатин мырза.– Абадан жакшы. Сиз беш ойнош күтсөңүз болот.

– Аз дегенде он, – деди Барка.

Алар сегизге токтоп, эки тарап келишимдин нускасына жана көчүрмөлөрүнө кол коюшкандан кийин, Сатин мырза чөнтөгүнөн тик жыгачынан жасалып, сырты кооздолбогон кичинекей кутуну алып чыгып, Баркага сунду.

– Бул куту дайыма жаныңызда болсун. Ойношуңуз көзүңүзгө чөп салса, куту жылкы күлгөндөй добуш чыгарат. Ушинтип кыяң кески катындын шуркуялыгы ашкере болот, – деди ал.

– Бирок мен жылкынын күлгөнүн мурда укпаптырмын, – деди Барка.– Мен жылкынын күлкүсүн ажырата аларыма күмөнүм бар.

– Сиз аны угар замат билесиз, – деди Сатин мырза. Кутудан үн чыкканда, бул аттын күлкүсү экенине Барка аргасыздан ишенди.

– Сиздин биринчи ойношуңуз жел таман болгон экен, – деди Плутустун кардары.

Барка терең дем алды.

– Ал ошентмек. Мен ага дайыма жакшы мамиле жасагам, – деп кетүү үчүн ордунан турду Барка. – Сиз жакында мага бир аз акча бересиз деп ишенем,– деп Сатин мырзага кайрылды. – Туурабы?

Ал башын ийкеп:

– Мына бул банкта сиздин ысмыңызга чектелбеген суммага эсеп ачылган, – деди.

Барка жактыргандай жылмайды.

– Баракелде, мен обол анын он миңин алайын, андан кийин сиз да аласызбы?– деп Плутуска бурулду.

Пакет Баркага үн-сөзсүз тапшырылды. Ал пакеттин сыртын айрып, ичиндеги акчаларды санабастан капчыгына салды да, кош айтышып, чыгып кетти.

Барка ошол күнү кечинде Батыш штаттарынын биринин лейтенант-губернаторунун балдызы менен болгон чатактан бери алгачкы мертебе Black Homburg кафесине аяк басты. Күүлдөгөн эркек таналар менен кылыктанган аялдардын шарактаган күлкүлөрү жаңырган бул кафе коомдун каймактары – les rendez – vous du haute – société жолукчу жабык жай. Сахнадагы артисттердин оюнуна кийим бычкан уз тейде татынакай аялдардын париждик кутюрьелердин тентек фантазиясынан жаралган саркеч кийимдерине кирпик какпай тигилген ак жана ынды кара эркектердин арасында отурган Барка көңүлү сүйгөн сулууну тапты. Бул учурда анис даамдуу перноддун экинчи стаканын төртүнчү жолу ууртуна жеткирген. Сары күрөң чачтары артын көздөй өрүлгөн бордой ак жүздүү чүрөк үстөл жанынан чимириле бийлеп өтүп баратканда, анын көпкөк көздөрү Барканын көздөрүндө чагылышып, бир көз ирмем кадалып турду. Барка ооздун желин аяган, ашыкча кыймылды сүйбөгөн жандардан эле. Ал ууртундагы пернодду шашыла жутуп, бийкечтин ийинине колун тийгизип, суроо узатты.

– Сиз жаңы киш манто[1] каалайт белеңиз?

Бийкеч ийменбей, түз жооп берди.

– Мага жарашмак.

Барка бийкечти колунан сүйүп, банк картасын бере салып, сыртка кадам шилтеди.

Аялдын аң-сезимин башкаруучу негизги мотив – чөйрө, социум экени талашсыз чындык деп ойлоду ал. Кайсы бир себептен улам туура жолдон чыккан аялзаты туюм-ишенимине жетеленип, ак-караны ылгабаган жашоого өтөт да, каршылыкка бет келгенде абийири ачылбасына ишенбейт. Аялдар эркектерге салыштырганда турмушка бүйрө болушат, өз кемчиликтерин асемдеп көрсөтпөйт. Ушундай бүтүмгө келген Барка эртеси кечинде Эднага сыйкырдуу кутунун сырын ачты.

– Бул куту – кереметтүү буюм, – деди кутуну көрсөтүп.

– Чын элеби? – деди Эдна наздана эсинеп.

– Эгерде аял менин көзүмө чөп салса, бул куту жылкыдай болуп күлөт.

Кебетеси кадимки кутулардан эч айырмаланбаган береги затка Эдна шектүү карады.

– Cен мени алдайсыңбы же жокпу, аныңды жакында билемин,– Барка сөзүн улантты. – Ошентип мени капа кылсаң, белек-бечкектер токтойт.

– Эмне үчүн, Барка мырза?– Эдна акырын ууртунан жалмайды.– Сиз, албетте, мени андай кадамга...

– Жок, жок, менин кымбаттуум,– деди Барка.

Келерки күнү саат экиден 15 мүнөт өткөн ченде куту жылкы сыяктуу күлдү. Барка түс үйрүп, жемелеп киргенде, Эдна жаш баладай кыткылыктап күлүп:

– Мен тиги куту чындап эле күлгөнүн билейин дегем, – деди.

Барка жаңылганын айкын түшүндү. Жоопкерчилик деген түшүнүктөн куру Эдна эркекке тамыр аял болууну – кумар оюндун бир түрүндөй көрчү. Ошондуктан абийирим ачылат деп түк ойлончу эмес, анткени айжамалдуу ак каптал бийкеч каш серпсе, жантыгынан жата калууга даяр эркектер шагырайт. Барка үчүнчү көңүлдөшү кылып, эми гана кечилкананын алдындагы мектепти бүтүп, милдет жана жанын садага тартуу деген бийик сезимге бекем ишенген бийкечти тандады.

– Сенин милдетиң – мага чыныгы, адал курбу болуу, – деп түшүндүрдү Барка бийкечке.– Адалдык – калкан да, казына да болот сага. Милдет – ыйык экенин эч качан унутпа, кечилканада үйрөткөндөй аруу сакта.

Ай аяктап калган күнү бийкеч Баркага келди.

– Бир жаш жигит мени өз бөлмөсүнө чакырды, бирок мен милдетимди эстеп, “жок” дедим, – деди ал. Барка бактылуу жылмайып, бийкечке сербаа белек тартуу кылды. Үч күндөн кийин аны катуу уйкудан аттын жаалдуу күлгөнү ойготту.

– Бирок өз милдетиңди дайыма бузбай аткар деп өзүң айткансың,– деди бийкеч өзүнө кыл жугузбай. – Тиги сүмбөдөй жигит мага бөлмөмө барбасаң, өзүмдү өлтүрөм дегенинен, анын өмүрүн сактоону өз милдетим деп билдим. – Бийкечтин көздөрү ачууланган Баркага түшүнбөгөндөй кадалды. – Кечилканада бизге адам өмүрүн сактоо – силердин бир милдетиңер деп үйрөтүшкөн, – деп кошумчалады мени түшүнөт деген үмүт менен.

– Мен андайыңды билбептирмин, – деди Барка капалуу да, ойлуу да. – Албетте, кандай аял болбосун, ага бул шаардын далайды көргөн какбаш эркектерине каршы туруу өтө кыйын. Мен бир да эркекти азгырам деп ойлобогон аялды табуум керек.

Ал көпкө издеп жүрүп, түрү суук аялды төртүнчү ойнош кылып алды. Барка кадыресе эркектик кумарын кандырганы жатканда, анын жүзүн көрбөс үчүн бөлмөнү жылчыксыз караңгылатып жүрдү. Өң турпатсыз немени жолуктургандан он бир күн өткөндөн кийин аттын күлгөнүн кулагы чалды.

– Сенин алдагы кебетең, сырты мармар имараттардын боорунда соройгон мокочо жасачу моделге ылайыктуу. Бирок сен ат тезегин кургатпай, өзүңө башка ойнош таап алыпсың. Муну кандай түшүнүү керек? – Барка кекээрдүү сурады. 

– Менин кебетем сен ойлогондой серт эместигин сага далилдөө үчүн ушуга бардым, – Аял көксөгөнү аткарылгандай ырсайды башын кержейтип.

Аялдар ойлогонунан кайтпаган кежир болушарына эми Барка биротоло ишенди. Аларга бул ишти аткарып койгула десең, сөзсүз башка иштерди да кошо жасашат. Бул затты ийбегиле деп сурансаң, көзүнө көрүнгөн заттардын баарын ийип көрүшөт деп бүтүм чыгарды. Ушундан улам бешинчи ойношуна көңүлү каалаган эркек менен төшөк кумарын кандыруу керектигин, дегинкиси чөнтөгү жука, дили таза жигиттер сүйүүгө бекем болушарын ыңгайын таап айтып жүрдү. Азыркы ойношуң сага жакпаса, жакшысын тапканыңча мени менен жашай бергин деп эскертти аялдарды ылгай албаганы үчүн өзүн жемелеген Барка. Атүгүл өз досторунун арасынан ойнош таап алса, каршы эмес экенин тиги аялдын кулагына куюп жатты түркүн жолдор менен.

Үч ай өттү, аял өзүнө кыл жугузбай жакшы жүрдү. Анан эле бир күнү аттын карсылдап күлгөнү угулду.

– Сенин кыбаң кандыбы эми, – деди көздөрүнүн жашы бетин жууган аял бир сааттан кийин келип.– Сени алдайын деген жаман ой миң ойлонсом да башыма кирбеген, бирок өзүң ушуну каалабадыңбы. Сенин моокумуңду кандыруу үчүн бузуку ишке бардым. Эй, сен акмак... – деген аял Барканы каргап-шилеп, анын атын улам кайталап жатты.

Аялдар менен мамиледе ар кандай куулук-шумдукту колдонуу пайдасыз экенине Барка дагы бир ирет ишенип, аялзатын башкаруунун бирден бир жолу – аларды кызыктыруу деп чечти. Андан соң калган үч тамыр аялды жоо куугандай тездик менен таап, баарын тең өзүнүн батирине алып келди.

– Мен силерге ачык айтайын,– деп баштады аларга кайрылуусун, – мораль, же Кудайдын сөзү, же кайдагы бир абстрактуу идеяларды айтып, сөздү созбоюн. Айтайын деген жалгыз сөзүм бар: Силердин араңардан ким мени сатпай жашайм дегениңе үйлөнөм. Эгер кааласаңар, бул шартымды кагаз жүзүндө аласыңар.

Мындай шарт үч бийкечке жакты. Алар ар кандай азгырыктан ич өткөзчү кунжут майын көргөндөй качышты. Беш айдан кийин бийкечтердин бири миллионердин уулун өзүнүн аруулугу менен багындырып, баш кошобуз дегенине карабай, байбачаны ээрчип кетпеди. Апта айланып, Барка калган эки тамыр аялдын бири менен эбедейи эзилип, денеси магмадай көөлгүп жатып, аттын күлгөнүн угуп, сестее түштү.

– Саат баскырдыкы десе, – деп купшуңдады ал.–  Келчи, асылым! Баары кетип, жалгыз сен калдың, кел эми баш кошолу.

Ошол эле түнү аларды шаардын мэри үйлөндүрдү.

Андан беш күндөн кийин Барка иш бөлмөсүндө канжасын соруп, “Тооратты” окуп отуруп, кутудагы аттын күлкүсүнө окшош үндү укту эле, мүрдөмгө келбей бөлмөнүн таман астынан Сатин мырза менен Жон Плутус сороюп чыга келишти.

– Сиздин сегизинчи ойношуңуз да жел колтук чыкты, – деп жарыялады Сатин мырза. – Мен ортобуздагы келишимдин шартын аткаруу үчүн келдим.

– Түшүнбөдүм, – деди Барка жайбарат.– Менин сегизинчи ойношум эч качан абийирин сатпады.

– Сиз эмне аттын күлгөнүн эшитпедиңизби?

– Оо, ырас, бирок ал менин ойношум эмес, – катыным болчу,. – деди Барка жана нике күбөлүгүн көрсөттү.

Сатин мырза мыйыгынан күлдү.

– Сиз абдан акылдуу адамсиз, Барка мырза. Катын ойнош эмес экени чындык. Мен, ырасында эле, сизге суктанам. Жакынкы жылдары сиз менен кайра көрүшөм деген үмүтүм бар, – деп бүткөрдү Сатин мырза сөздү.

Ал жана Плутус кандай пайда болсо, дал ошондой жол менен житип кетишти.

Барка жылмайып, окуп жаткан “Тооратын” жапты жана Түн ортосундагы ибадатка барууга камдана баштады.

– – – – – – – –

Англис тилинен которулду.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

[1] Манто – эки ийинди жапкан кымбат баалуу жамынма.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз