АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК -7

  • 20.09.2023
  • 1861

АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК -7

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев

Жазуучу, публицист Олжобай Шакирди капаста кармагандын өзү туура эмес жана бул көрүнүш эч кимге абийир алып келбейт. Ал кишинин калеми курч, тили ачуу, бирок башаламандык кылганга элден мурун өзү каршы. Олжоке - эркин куш, аны ачык колдоп бүгүн сотуна келдим! Жазуучуну абакта кордобой, азаттыкка чыгарууга чакырам.

Котормочу Кубантай Эрназаров

Мукагали Макатаев (1931-1976)

ЧЫДА, ЧЫДА

Чыда, чыда

Чыдай түш, чыда дагы.

Эсиңде болсун дайым,

Чыдамкайды мына өмүр жактырары.

Үмүттүн таң куланөөк аппак таңы,

Караңгыны кубалап дагы атары.

Өкүнбө, жашыбагын бүгүнүңө,

Өмүр, өмүр!

Болбойт эч түңүлүүгө,

Дайым сени жаратпаган сүрүлүүгө,

Кайта туруп акың бар жүгүрүүгө.

Түшүнөм жаныңдын ооруганын,

Чыдадың, чыдай түш, чыйрал дагын.

Йогдордун таасирин кабылдагын,

Башкасына баш уруп табынбагын.

Чыда, чыда!

Чыдай түш, дагы чыда!

Тоо кулаткан ташкындын агымына,

Кир жугузбай таптаза намысыңа,

Болот дайым карышып алышууга.

Казакчадан оодарган: К. Эрназаров

Кыстырма: Бул котормону учурда күнөөсүз жерден СИЗОдо олтурган агартуучу Олжобай Шакирге арнаймын.

ОЛЖОБАЙ ШАКИРГЕ БОШТОНДУК!

Акын Баястан Нурбек

О'ШАКИРГЕ ЭРКИНДИК

Бир кыйын кез келип тур,

Айтайын, сөз келип тур.

Акыйкат дегендерди,

Ак үй жак жек көрүп тур...

Ак-кара бет келип тур...

 

Коомдо бир оору чыкты,

Кокуйлап жоону жыкты.

Ал жоо эмес, чындык эле,

Чындыктын доору бүттү...

Чындыктын жолу бүттү...

 

Сөз калбай сүйлөгөнгө,

Гүл чыкпай гүл дөбөңдө.

Ээ-эркин болбой, минтип,

Эркиндик түрмөлөрдө...

Байланып түрмөлөргө...

 

Акынын камап коюп,

Акылын жамап коюп.

Акыйкат дебегин,- дейт,

Акырын талап коюп...

Түрмөгө камап коюп...

Активист Азат Равшан

Oljobai Shakir агай, бул адилетсиздикке туруштук берүүгө күч, ден соолук каалайм. Көптөр унчукпай башка жакты карап турганда, сиз кайраттуулук менен чындыкты айтасыңыз. Үй-бүлөңүзгө бекемдик каалайм жана жакында боштондукка чыгаарыңызга ишенем, анткени чындык жеңип, адилеттик орнойт!

Акын Эркеайым Шакировна Боталиева

“Элчи менен ырчыга өлүм жок”-демекчи, жазуучу менен акындар жашап жазышат, көрүп, сезип жазышат.

“Баш кесмек бар, тил кесмек жок!”

Олжобай Шакир ге боштондук!

 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз