АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК – 4

  • 11.09.2023
  • 2125

                                                                     АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК – 4

ТИЙБЕГИЛЕ

Тийбегиле калемгерге тийбегиле,

Булак көзүн жаап салып жүрбөгүлө.

Көрүп жазат,сезип жазат,жашап жазат,

Бузукунун тилине кирбегиле.

 

Тийбегиле акынга тийбегиле,

Ыр дүйнөсүн түшүнбөсөң кирбегиле.

Тоо суусусундай шаркырап тунук болот,

Жан дүйнөсүн кирдетип жүрбөгүлө.

 

Тийбегиле жазуучуга тийбегиле,

Тийгизбегин кир колуңду калемине.

"Ак ийилет,бирок сынбайт"-билесиңер,

Тарых бетин бурмалап чийбегиле.  (БОТАЛИЕВА ЭРКЕАЙЫМ ШАКИРОВНА 6.09.23(

 

Митинг бул башаламандык эмес.

Митинг бул бийликти басып алуу аракети эмес.

Митинг аркылуу бийлик, элибиздин кандай нааразылыгы бар экенин билип алчу ыкма.

Учурдагы бийлик ушунча митингден коркобу?

Азыр бизде президенттик башкаруу системасы орногон. Андай системалар тоталитардык болуп кетүү толугу менен мүмкүн, ошондуктан Конституцияга право на бунт, деп кошуп кетишкен.

Мен революция аркылуу бийлик алмаштырууну каалабайм, анткени революцияны фанатиктер кылат, а негодяйлар аны менен колдонуп кетет дегенди, өз башыбыздан нече жолу өткөрдүк.

Тынч эле жүрбөйт беле дегендерге айтаар элем, Түркмөнистан болбой ачык сүйлөп атканыбыз, кудум ушундай Олжобай Шакир агайлардын аркасы менен, ушулардын күрөшү менен кармалып турат.

Эркиндик өзүнөн өзү келбейт, ал үчүн күрөшүп жетишиш керек.

Агай бизди кечиргиле, сизди колдоп, коргоп алган жокпуз. (РИТА КАРАСАРТОВА)

 

Адилеттүү мыйзамзың иштесе - көңүл ток.

Ансыз эркиндик жок - дегендей адилеттүү мыйзамдын эл үчүн гана иштешин талап кылган.

Прогрессивдүү күчтөргө дайыма эркин микрофон сунган- профессионал журналист, акын, жазуучу.

Чындык ачуу болот! Oljobai Shakir боштондук! (АКСАНА ИСМАИЛБЕКОВА)

 

Караңгы жарыктан коркот дешет.

Караңгы коомго жарык жаккан, адабиятты өзү күжүрмөн кумурскадай күймөлө иштеп алга тарткан Олжобай Шакирден коркконуңар кандай?)

Эл Агартууга өзгөчө салымы үчүн да сыйга татыктуу!

Эркин ойлору үчүн, тосмого сыйбаган жандүйнөсү үчүн камабагыла. Жамандык жасачулар силердин жаныңарда жанаша жүрөт, бетке айтканды баалаш керек!

Жерлердин ээси-Эл! (НУРЗИДА АБИДИНОВА)

 

Химия сабагынан "лакмус кагазы" дегенди эжекебиз жакшы үйрөткөн эле.

Азыр Өндүрүш Токтонасыров жана Олжобай Шакир уулу сыяктуу чыгаан атуулдарыбыздын жана Кемпир-Абат иши боюнча соттук териштирүүгө кабылып жаткандардын орток тагдыры - орток лакмус кагазындай болуп турат.

Кыргызстандын Башмыйзамы кепилдик кылган сөз эркиндиги өлкө бийликтери тарабынан урматталабы же жокпу? деген суроо - лакмус кагазынын суроосу.

Акын Токтогул жалаа менен сүргүнгө кетиши керекпи же элкин эл-жеринде ээн-эркин ырдай бериши керекпи? деген суроо.

Айрым тоталитардык мамлекеттерде бийликти сындагандарды ит аткандай атып салышат.

Кыргызстандын жарандык коому эч качан андай деңгээлге түшүүгө бийликтерге жол бербейт.

Биз эркин элбиз.

Тынч жыйын өткөрүү укугу, бийликке ачык сын айтуу укугу, сөз жана басма сөз эркиндиги Башмыйзамга бир шартта киргизилген: ал -- жарандар, каалаган учуруңузда өз ыктыярыңыз менен дал ушул укуктарды колдоно аласыз! деген шарт.

Олжобай Шакир уулу Башмыйзамга ишенет.

Өндүрүш Токтонасыров Башмыйзамга ишенет.

Айданбек Акмат уулу жана башка Кемпир-Абат иши боюнча кармалып же суралып жаткан атуулдарыбыз Башмыйзамды мыкты билишет жана ага ишенишет.

Демек, Кемпир-Абат иши боюнча абакта же үй камагында отурган жарандарыбыз Кыргыз Республикасынын Башмыйзамына ылайык тез арада бошотулабыз жана акталабыз деген үмүт менен жашап жатышат.

Бийликтер да карапайым жарандардай эле Башмыйзамга баш ийүүсү талап кылынат.

Анын ичинде укук маселелерин карапайым жарандардан тереңирээк өздөштүргөн деп саналган сот бийликтеринин өкүлдөрү Башмыйзамдын өзөккү беренелерин сыдыргыга салгандай окуусу жана ага ылайык кадам жасашы - алардын кызматтык жана жарандык милдеттери.

Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздык күнүнө карата саясий абактагы жарандардын бардыгын боштондукка чыгарууну бийликтерден талап кылабыз. (ТЫНЧТЫКБЕК ЧОРОТЕГИН)

Олжобай Шакир - эркиндик. Эркиндикти муунтуу жакшылыка алып барбайт. (ГҮЛЖАМАЛ ИСКЕНДЕРОВА)

Олжобайга күйгөн жокмун – колунда жалгыз калеми бар кыргыздын акынына күйдүм. Акындан корккон арзымат коомго күйдүм... (ЖЕҢИШБЕК ЭДИГЕЕВ)

 Коом арзымат эмес, бийлик арзымат. Коом корккон жок. Коомдун эли-жерге күйгөн бөлұгү Олжобай-акындын тарабында... (БАЯН ЖУМАГУЛОВА)

                                                                                                                                                                                                  

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз