АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК - 1

  • 28.08.2023
  • 4503

ЖАЗУУЧУ, ПУБЛИЦИСТ ОЛЖОБАЙ ШАКИРГЕ ТИЛЕКТЕШТИГИН БИЛДИРГЕН АКЫН-ЖАЗУУЧУЛАР, ЖУРНАЛИСТТЕР, КООМДУК ИШМЕРЛЕР (1 -Бөлүк)

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин бөгөт чарасы 24- августта каралды. Соттун чечимине ылайык, ал 23-октябрга чейин абакта калтырылды.

Ага бийликти басып алууга аракеттенген деген айып коюлганын ошол күнү анын адвокаты Бакытбек Автандил билдирген.

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келген. Негизинен Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берүүгө каршы чыккан.  Ал Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырган. 31-августта тынчтык митингин өткөрүү демилгесин көтөрүп жаткан.

Анын эки айга камалганына байланыштуу кээ бир замандаштары, кесиптештери, чыгармачыл чөйрө адилетсиз чечим болгонун, бошотулушун айтып өз социалдык баракчаларына ой-пикирлерин билдиришүүдө.

Драматург, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бурул Калчабаева:

Олжобайдын жазганына "жарыктык киши" деп ичинен бир күлүп, сыртынан бир күлүп, "Жаза бериңиз, байке. Сиздин айткандарыңызды эске алалы. Элчи менен ырчыга өлүм жок, кыргызда. Бул сайтыңызга жардам болсун"-деп, сайтына акча которуп узатып коюшса болмок.

Жазуучу элине, мекенине эч качан жамандык кылбайт. Чырылдап жазып, айтып, күйүп-бышып кала берет.

Педагог Асылбек Жооданбеков:

Негизги мыйзамды, адам укугун, демократиялык принциптерди тебелеп, өз бийлигин сактоону гана ойлогон, көлөкөсүнөн корккон “экидостун” аракеттери мыйзамсыз! Oljobai Shakirди камоо негизсиз.

“Азаттык” радиосунун жетекчиси Венера Жуматаева:

Олжобай - Кыргызстан, кыргыз коому башкаларга окшобогон өз алдынча жолду издеп, башкача өнүгөөрүн көзгө сая далилдеген жарандарыбыздын бири. Аны баарылап коргоп, эркиндигин сактап калышыбыз керек!

Агартуучу Рахат Жолдошалиева:

Oljobai Shakir Олжобай Шакирдин камалышы мыйзамсыз. Төкмө акындарды, жазуучуларды, журналисттерди коркутуп үркүтүп, уурдап кетип камоо - бул репрессия. Так эле Сталиндин дооруна тиешелүү тактикалар.

Олжобай Шакирге боштондук!

Илимпоз Гүлзат Баялиева:

Бийликке сын айтып, кыргыздын жери, байлыгы кемибесин, өлкө оңолсун деп чындыкты айтып келген Oljobai Shakir кыргыз элине чыккынчы эмес! Бийликти басып башына тартмак беле, пансионаттар коңшуга кетпесин деп чырылдаган. Кыргыз ачык оюн айтканы үчүн кырылгыс-кыргыз! Бошотулсун!

Төкмө акын Амантай Кутманалиев:

Ой кокуй не болуп кетти!

Мемуар жазып атып эле мээм башка жакка бурулуп кетиптир да. Мейли эми, чыгармачылыктан өткөн таза аалам барбы. "Кайфына" чөгүп отургам.

Эми, "оңбогон" Олжокем жөнүндө оюм мындай. Авантюрист кишилер адабиятка көп салым кошо алат чем саясатка салыштырмалуу.

Олжо достун жүрөгү чыстый чыгармачылыкта.

Аны мен эмес Эсекем баштаган алп адабий критиктер айтып жүрүшпөйбү. Оо, Олжокем бийлик басып алат деген сөз, "Саргашка Самаркандка кол салыптыр" дегендей эле нерсе. Майда-чүйдө сөз бейбаштыгы бар болсо, каралып, тез чыксын!!

Менин муногу акыркы "шедеврлериме" корректор, редактор зарыл болуп турат...

Журналист, жазуучу Айбек Абдылдаев:

Өткөн кылымдарда совет өлкөсүндө, башка-башка өлкөлөрдөгү жекебасар бийлик адамды пикири үчүн, китеби же эркин айткан сын-пикири үчүн репрессиялап, цензура менен муунутуп келген. Массалык манипуляция менен, пропаганда менен бир дагы режим оңгон жок, оңогон жок...Акын, жазуучулары, илимпоздору диссидент болуп, кийин тарыхтын каармандары болду. Мисал кылса чачырап чыга берет, совет доорунда жүздөгөн китептерди жок кылышкан, кийинки доордо алар кайра басылып чыгып, кыйласы окулду. Акын жана жазуучу Oljobai Shakir оргу-баргы, алабарман мүнөзү бар, чыгармачыл кишилер кээде өзүнө-өзү батпай ээлигип калмайы бар. Бирок ал “жаман көрүнбөйүн” деп жылмалап койбойт, тарс-турс айтып алат, сындайт, оңолсун, өнүксүн деп тилдейт. Анын соңку кыргыз адабияты өсүп-өнсүн деген аракети, сайт ачып күжүлдөп иштегени деле акча же бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн эмес да. Ошондуктан аны камакка алууну чекилик деп эсептейм. Олжокеге эркиндик!

Төкмө акын Азамат Болгонбаев:

Олжобай Шакир өлкөнү жана адабиятты өзгөчө сүйгөн адам. Бийликке да, өнөр адамдарына да өзгөчө жолдор менен сын, сунуш айтып жүргөн инсан. Чынына келгенде адабиятка кумурскадай мээнет кылган адамдардын бири. Олжобай Шакирди баарыбыз эле "жаман" көрөбүз, кээде оюн да түшүнбөйбүз, бирок чынында акыйкатты, адалдыкты сүйгөн адам. Айтыш өнөрүнө да (2000-жылдары) өзгөчө кызмат кылган. Олжобай Шакир коопту адам эмес, бийликти басып алуу оюна эмес түшүнө да кирбейт. Олжобай Шакирди чакырып кызмат айтсаң жаа бою качат.

Баардык ишти чектелбеген жан дүйнөсү менен аткарат, өнөр адамы өзү чексиз болот эмеспи, Олжоке да ошондой "неорденарный" киши.

Олжокенин ишин калыс караш керек.

Урматтуу биздин эл башчы, жетекчилер Сиздер бул ишти улуулук менен караңыздар!!!

Олжоке боштондук!!!

Соттор адилет болот деп терең ишенем!!!

Чыгыш медицинасы боюнча адис, тай-цзи чебери Медер Бишкек:

Олжобай агабыз -- чыгармачыл адам. Менимче бат эле чыгарышса керек. Мен билбей да, түшүнбөй да калдым кандай окуя болуп кеткенин. О, Шакир агам саясатка аралашчу эмес эле. Болгону саясатпы, чыгармачылыкпы ал ачык бетке айткан адам. Революция кылчу миллиондору деле жок. Бийлик өкүлдөру деле Олжокебизди жакшы билишет. Буюрса бат эле кое берет. Олжокебизди кармап отурууда эч бир пайдасы да, зыяны да жок. Илгертеден баардык эле адилетсиз иштерге каршы чыгып, өз ой-пикирин айтып келген. Ал эми адамдык сапаты өтө бийик. Билимдүү-илимдүү, эч кимге зяны жок. Болгону "Тууган күйдүрүп айтат" дегендей бетке айтаар инсан. Кудай колдоп, үй-бүлөсүнө эсен-аман кайтып келсин! Кыргызстаныбызда тынчылык болсун!

Дастанчы, манасчы  Самат Көчөрбаев:

Коркок жана мыйзамды сыйлабаган бийлик гана, оюн эркин айткан жарандарын камайт!..Уят!..

Алсыз, арты таза эмес, конституциялык мыйзамды сактабай ( Мыйзам боюнча: Ар бир жаран өз оюн эркин айтууга же тынчтык митингдерин уюштуруу, катышуу аркылуу бийликке нааразычылыгын билдирүүгө укуктуу) көлөкөсүнөн корккон бийлик гана ушундай кадамдарга барат. Менин пикиримде төрт пансионат боюнча оюн айтып койгону үчүн камалды. Уят! ..Ушу кантип болсун!?..

Акын жана котормочу Нурланбек Кайрыев:

Олжобай Шакир –кыргыз адабияты, маданияты үчүн жан үрөгөн инсан! Боштондук!

Олжокени көптөрү түшүнбөйт. Өтө жөнөкөй, иштерман, өзүн отко таштаган, таланттарга өтө жардам берген инсан. Өз көз карашы бар, кайдыгер эмес инсан!

Акын  Азамат Омош:

"Күлгөнгө күлө жетем" деген экен. Олжобай Шакирди тымызын табалабай эле тургула, урматы улук анча-мынча улуу муундагы акын-жазуучулар!

Олжоке бүтүндөй бир уюмдун, бүтүн баштуу мамлекет кылчу иштерди кылып келе жатат адабият жаатында. Акын болгондон кийин, жазуучу болгондон кийин коомдогу окуяларга өз оюн айтып турат эле. Айткандын эмнеси жаман ?

Бүгүн саат 16да соту болот экен. Сурагыңар болсо үй камагына чыгарып коюп деле сурай берсеңер болот.

Журналист, акын Алиман Абдыкеримова:

Олжобай Шакир обу жоктонгон формада, кыргыздын кыжырына тийчү нерселерди оозанган менен, коомдун алга жылуусуна салым кошкон жактарын эске алуу абзел!

Сөз эркиндигине кол салуу-опурталдуу оюн...

Анан калса, мындай "жинди" көсөө болбосо, кыргыздын руханий түтөткүсүн чукулап турчулар аз эле.

Эмне жүйө менен камалганын деле окуганга үлгүрбөдүм, бирок, ал "апасный деле тип" эмес...

ОФ “МедиаХаб” негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Али Токтакунов:

Олжобай Шакир’ге кээде менин да кыжырым келет. Анткени ачуу сындарды мага да айтат. Публикага жазбайт, чалып алып же смс жиберет. Жанды кашайтат тимеле. Колумда бийлик болсо мен да ойлонуп көрмөкмүн. Бирок куугунтукка алсам эле аарынын уюгун басарым да түшүнүктүү. Анткени түрмө Олжобайга чоң сыйлык. Ал отуруп алып көргөн күнүн чыгарма кылып жазат. Абак мемуарлары куп ынанымдуу, окумдуу, бестселлер чыгат. Бийликтин абийирин гана ачат. Бизге эмес бүт дүйнөгө. Диссидентке айланып, атагы артат. Оо башкасы мейли эле, жазуучуну камап бийлик өз тарыхын жаздырганы атат, кыскасы. Бийлик камап салсак тынчып калат деп аткандыр, бирок бул убактылуу көңүл жыргатчу ой.

Бүгүнкү сотунан көрөлү эми. Баш коргоо чарасы 16.00 Биринчи Май райсотунда каралган турат.

Кыстырма, жакында эле Рубен Гальегонун “Белое на черном” китебин окудум. Рубен 70-80-жылдары Испания компартиясын башкарган Игнасио Гальегонун жээн небереси экен. Москвада төрөлүптүр. Тубаса паралич экенин билген таятасы саясий карьерасына залал кылат дегенби, айтор көзүн тазалагыла деп суранат. Совет бийлиги макоо беле, макул деп коюп компромат кармабай жаны жокпу. Рубен орустун майып балдар анан карылар үйүндө өсүп чоңоет. Эрезеге жеткенде башынан өткөргөндөрүн китеп кылып анысы кеми 25 тилге которулуп, таятасынын да, Совет бийлигинин да дүйнөгө бетин ачкан.

Кыскасы, укурукту узун таштап ойлонгула.

Төкмө, жазма акын Садырбек Турдубек уулу:

Олжобай Шакир байкенин камалганы дурус болгон жок. Анын кээ бир ойлору бизге деле жаккан жок. Ошентсе да сөздөрүндө чындыгы бар инсан (чындык кимге жаксын). Эми ооз ачкан кишини камай берсеңер, "сөз бүткөн жерде, муштум иштейт" дегендей, арты чууга айланып, кайра эле эл Ак Үйдү тегеректеп калбасын. Жана башка дагы ак жеринен айыпталып жаткандарга боштондук бергиле!

Акыркы учурларда баардык катмарда нааразычылык күчөп, эл сыгыла баштады. Кысылуудан жарылуу болуп кетпесин. Элге тынчтык керек.

Мамлекетти фейктер менен, жалданма "суррогат блогерлер" менен башкаруу болбойт. Олжобай Шакирдин адабиятка кылган зор салымын четке кагып, жерге көмө албайбыз.

Олжобай Шакир ге

Э-э, Олжоке, сага айтар кеп калбады,

Ээжий анан генийсиң көп жандагы.

Кайра тартпай өзүңдүн багытыңдан,

Кайыл жансың атылып кетсең дагы.

 

Э-э, Олжоке, кээ бирлер жинди дешет,

Эмгегиңди кээ бирлер үлгү сезет.

Түшүнбөйбүз ичиңди, жүрөгүңдү,

Түшүнгүчө түрүлүп миң жыл өтөт.

 

О-о, Олжоке, Күндөй күл, түндү кетир,

Ойду айттың; жүздү оң, бирди тетир.

Ким укчу эле чыныгы акындарды,

Кимдигиңди билбесек, бизди кечир!

 

Акын болуп калганың кандай азап,

Алчулар жок түзөтүп кайра жасап.

 

Акын Акжол Доранбек уулу:

Пендечилик

Өзгөнү сыйлап, сүйдүрүп,

Өздүкү жетим-жүгүрүк.

***

Кыр ашкан кезде сурашып,

Кыяда бөлөк кычашып.

***

Күүгүмдөн качып утуру,

"Күн чыккан жердин күкүгү".

***

Күйсө да чындык бүкүлү,

Күмөндүү чыккан бүтүмү.

***

Бар кезде салам алышкан,

Башка азап түшсө чанышкан.

***

Чоң кезде баатыр, аныксың,

Жок болсо анда карыпсың.

***

Иңирде калган жалбызсың…

Ичинде көптүн жалгызсың…

Олжобай Шакир агай, чыныгы чыгармачыл эркин мүнөз сизде бар. Бекем болуңуз!

                                                                                                                                                             уландысы бар...

 

 

Комментарий калтырыңыз