АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК -6

  • 17.09.2023
  • 1821

АГАРТУУЧУГА БОШТОНДУК -6

Азамат Омош

О'ШАКИРГЕ КАТ

Бирине жаксаң, жакпадың дагы бирине,

Каргаган болду: "Тибиртке чыксын тилиңе!"

Апенди чалыш мүнөздүн тартып азабын,

Түшүнбөй койдуң окшойт го заман тилине.

 

Деп баштап катты, чачырайт улам ойлорум,

(Сапарым Бишкек, чубалган ийри жолдомун.)

Кейийм да, кайра куржуну толуп чыгат деп,

Кубанып коём Олжобай деген молдонун.

 

Караңгы түндүн артынан кайра атат таң,

Күчтүүлөр курчуйт башына түшкөн азаптан.

Олжобай молдо дебестен анан не дейин,

Күрөшкө чыксаң селдең - ой, калем жаракчан.

 

Калбады окшойт акчадан башка – ыйыктан,

Экенбиз пенде көргөндү бачым унуткан.

Манасты деле сөгүнчөөк Чубак жөлөсө,

Жыландай жылма Абыке, Көбөш куруткан.

 

Он беши айдын караңгы, жарык он беши,

Жарыкта нечен сыноону тартат эр башы.

Бардам бол, ага, сөккөндөр сезер катасын,

Сыноого сынбайт жигиттер бекем бардашы.

 

Жазылчу сөз көп, бүгүнчө катты бүтөйүн,

Жакында сотуң, сотуңду, агам, күтөйүн.

Эзелтен элде тил кесмек деген жок эле,

"Тилиңди" кеспейт деп тилек кылып кетейин...

 

Гүлзада Нармаматова:

Күндө ишке барып жарым саат убакытымды уулума жомок окууга бөлчүмүн. Интернеттен ал кезде кыргызча жомокторду таппайт элек. Бир күнү Рухэшке көзүм түштү. Олжобай Шакир агабыз кыргызчага которулган жомокторду аккаунтуна өзү айтмакчы "иле" баштады. Күн сайын жаңы жомок күтүп калдым. Себеби Жаркылдак бир жомокту эки жолу айтып берсең укпайт, жомоксуз уктабайт болчу. Андан бери он жылдай убакыт өттү. Жомок уккан жигит өзү да жомок жаза баштады.

Кыргыз адабиятын бир кадам алдына жылдырайын деген чыгармачыл "бузуку" кишиге бийликтин эмне кереги бар дейм да. Байлап койсоң деле креслого жөндөп отурбаса керек. Коркпой эле чыгарып койсоңор жакшы болот эле.

Жылдыз Орозалиева:

Олжобай Шакир чыныгы кыргыз эли деп куйгон адам. Элдин руханий дуйносун ойготуп, байыткан мекенчил инсан. Олжобайдай адамдар дайыма жарала бербейт.

Nurgül Aki:

Oljabey Şakir, vatan sever bir yazar olarak tanınıyor ve seviliyor. Dünyanın her yerinde sanatçılar ve edebiyatçılar düşüncelerini ve sanatlarını özgürce yapabilmelidirler. Türklerin lideri büyük Atatürkün önem li sözlerinden birisi şudur; "ÖZGÜRLÜK, BENIM TEMEL KARAKTERIMDIR." OLJABEYE HEMEN ÖZGÜRLÜK. (Олжобай Шакир мырза элин, жерин сүйгөн жазуучу катары таанымал. Дүйнөнүн бардык жеринде маданият адамдары, адабиятчылар өз ойлорун эркин билдирүүгө укуктуу. Түрк элинин лидери, улуу башчы Ата Түрктүн маанилүү сөздөрүнүн бирөөсү төмөндөгүдөй: "ЭРКИНДИК, МЕНИН НЕГИЗГИ МҮНӨЗҮМ". ОЛЖОБАЙ МЫРЗАГА БОШТОНДУК!)

 

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз