Котормо жанры боюнча адабий конкурс

«Сапаттуу котормо – эне тил кенчи» аталышындагы жаңы конкурс жарыялайбыз. Кыргыз адабиятынын казынасын байытуу максатында жарыяланган бул конкурска англис, немис, жапон, араб, француз, кытай, иран, түрк, итальян, испан, орус ж.б... ж.б… тилдердин түпнускасынан кыргызчага оодарылган чыгармалар кабыл алынат.

Конкурстун талаптары жана шарттары:

1) Ыр, поэма, аңгеме, новелла жана жомок, тамсил түрүндөгү көркөм чыгармалар кабыл алынат.

2) Калыстар курамы конкурска келип түшкөн чыгармалардын котормодогу көркөмдүк сапатына жана чеберчилигине көңүл бурат.

3) Ар бир калемгер бир нече котормочулук чеберчилигин көрсөткөн эмгектери менен катыша алат.

4) Конкурстун уюштуруу тобу жана калыстар курамы чыгармалардын түпнускадан которулганын эске алат.

Конкурска катышууга баардык калемгерлер укуктуу жана эч кимдин жаш курагы чектелбейт. Авторлордун эмгектери ruheshsaity@gmail.com дареги аркылуу кабыл алынат жана сөзсүз түрдө «Конкурска» деп белгиленүүгө тийиш.

P.S. ruheshsaity@gmail.com дарегинен «Сиздин эмгек кабыл алынды» деген жооп алган катышуучу «РухЭш» сайтынын ЭЛСОМ 0558080860 эсебине ар бир чыгарма үчүн 1000 (бир миң) сом взнос акысын төлөөгө тийиш.

Байге орундары

ПРОЗА

1-орун – 50 000 (элүү миң) сом

2-орун – 30 000 (отуз миң) сом

3-орун – 20 000 (жыйырма миң) сом

ПОЭЗИЯ

1-орун – 50 000 (элүү миң) сом

2-орун – 30 000 (отуз миң) сом

3-орун – 20 000 (жыйырма миң) сом

Эскертүү

  • Тексттер сабаттуу болсун жана Ө Ң Ү тамгасы жок эмгектер кабыл алынбайт.
  • Кайсы бир дүйнөлүк жазуучунун чыгармасы орус тили аркылуу которулган болсо, ал эмгек бул адабий конкурстун Жобосуна ылайык келбейт. Бул албетте, орус тилинен которулган эмгектер Жобонун шартына ылайык келбейт дегенди билдирбейт. Тек, орус тилдүү жазуучулардын чыгармаларын кыргызчага которгон эмгектер гана кабыл алынат.
  • Конкурс жыйынтыгы чыкканга чейин котормочулар менен калыстар курамындагылардын эч биринин аты-жөндөрү коомчулукка жарыяланбайт жана конкурска катышкан чыгармалардын авторлору гана белгиленет.

Конкурстук материалдар Жобо жарыяланган күндөн тартып 2020-жылдын 30-октябрга чейин кабыл алынат.