Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлык

Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлык “РухЭш” сайты жана “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык фонду тарабынан негизделди. Аталган сыйлык жыл сайын З.Ажыматовдун туулган күнү – 27-майда 35 жашка чейинки жаштар арасынан тандалып алынган бир гана акынга ыйгарылат.

Шарты жана талабы:

  • Жаш авторлор ырлары, поэмалары менен катыша алышат (25-30 беттен ашпаган 12-тамгалары менен);
  • Сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбаган болууга тийиш (соцтармактарда, сайттарда, гезиттерде мурда жарыяланган чыгармасын жөнөткөн авторлордун талапкерлиги дароо четтетилет);
  • Кабыл алуу комиссиясы – “РухЭш” сайтынын “Казына” адабий эксперттер тобу. Бул топтун мүчөлөрү көркөм талапка жооп берет деген гана авторлордун тандалма ырлар топтомуна өздөрүнүн рецензияларын беришет. Рецензияланган чыгармалар “РухЭш” сайтына жарыяланып (купуялык үчүн ар бир автордун чыгармалары номур менен белгиленет) З.Ажыматов атындагы адабий сыйлыкка көрсөтүлөт.
  • Сыйлык ыйгаруу комиссиясы жеңүүчү аныкталганга чейин эч бир талапкердин аты-жөнү менен тааныштырылбайт.
  • “Казына” адабий эксперттер тобунун ачык добуш берүүсү менен эң жогорку упайга татыган автор Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты деп табылат;
  • Бул Жобо жарыяланган күндөн тартып сыйлыкка талапкерлердин чыгармалары кабыл алына баштайт.
  • Кабыл алуу комиссиясынын электрондук дареги:  kyrgyzkazyna@gmail.com
  • Эскертүү: талапкер авторлор kyrgyzkazyna@gmail.com дарегине чыгармалары менен бирге паспортунун көчүрмөсүн жөнөтүүгө тийиш.

Сыйлыктын жеңүүчүсүнө Зайырбек Ажыматов атындагы төш белги, диплом жана 100 миң сом ыйгарылат.

Аталган сыйлыктын туруктуу уюштуруучулары “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык фонду жана “РухЭш” сайты.

Бегайым Нурлан кызы: Адамдагы адамдыкка ачкалык
Бегайым Нурлан кызы: Адамдагы адамдыкка ачкалык

Зайырбек атындагы адабий конкурска СЫРДАШУУ Узун көчө... уйкулуу көз... шам чырак... Мен көчөгө,

Айзат Кудайберди кызы: Деңиз болбой каласың сен бир күнү
Айзат Кудайберди кызы: Деңиз болбой каласың сен бир күнү

Зайырбек атындагы адабий конкурска *      *      * Эсиңдедир...

Турдубек Таты уулу: Бакытты жарат кырсыктан
Турдубек Таты уулу: Бакытты жарат кырсыктан

Зайырбек атындагы адабий конкурска Чыгарманын автору Жуңго Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунан. Жердеги жылдыз Сулуу...

Мамет-нур Асан уулу: Гүл карапа
Мамет-нур Асан уулу: Гүл карапа

Зайырбек атындагы адабий конкурска Чыгарманын автору Жуңго Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун Какшаал өрөөнүнөн. (1...

Мелис Маматжан уулу: Шамалда кумдан дубал курмай болдук...
Мелис Маматжан уулу: Шамалда кумдан дубал курмай болдук...

Зайырбек атындагы адабий конкурска Ыйла, бөбөк Сыртта жамгыр мууну бошоп шолоктойт, Тар бөлмөдө турмуш күүсүн тыңдаймын....

Асел Жаркынбай кызы: Мен жазмышка каршы жолдон чыгармын
Асел Жаркынбай кызы: Мен жазмышка каршы жолдон чыгармын

Зайырбек Ажыматов атындагы конкурска Күз кечи Сезилбей жалбырактын  саргайганы, Дарактар шуу ышкырып жалгыз калды. Сейрек кар

Анаркалый Самарбеков: Кымгуут болуп калбас эле дүнүйөм
Анаркалый Самарбеков: Кымгуут болуп калбас эле дүнүйөм

Зайырбек Ажыматов атындагы адабий конкуруска Дарыгерлер Күчтүү жеңип, алсыздын жанын алып, оору күчөп от сымал жалынданат, Жакшы

Карабин Мирлан уулу: Энең сени коргоп турган опол тоо!
Карабин Мирлан уулу: Энең сени коргоп турган опол тоо!

Зайырбек Ажыматов атындагы адабий конкуруска Милдет Жан дүйнөмдү өрттөп турат жалын бук, Жарадарым биз кайсы күн жаңылдык? Жарк

Айпери Кеңеш кызы: Көздөрүңдөн окуйм көңүл сөздөрүн
Айпери Кеңеш кызы: Көздөрүңдөн окуйм көңүл сөздөрүн

Зайырбек Ажыматов атындагы адабий конкуруска Куш болуп жаралганда… Чабалекей болсом эгер жазда келген, Күзүндө ысык жерге кайра

Дуулат Канат уулу: Кандай бакыт жан дүйнөнүн тынчтыгы
Дуулат Канат уулу: Кандай бакыт жан дүйнөнүн тынчтыгы

Зайырбек Ажыматов атындагы адабий конкуруска ЖАШОО Жашоо бакыт, кубанчы бар, шаңы бар, Жашоо кызык, ачуу-таттуу жагы бар. Жашоо түй

Кадырбек Аблабеков: Ак сүйүүнүн Пайгамбары дегиле
Кадырбек Аблабеков: Ак сүйүүнүн Пайгамбары дегиле

Зайырбек Ажыматов атындагы адабий конкуруска Рухум жерге түшкүчөктү жан тынбай, Бул жашоомо жалаң сүйүү тиленгем, Жаным ...

Баккелди Дүйшеев: Бакыт табам – мансап, байлык жок жатып
Баккелди Дүйшеев: Бакыт табам – мансап, байлык жок жатып

Зайырбек Ажыматов атындагы адабий конкуруска! АКЫНДАРДЫ АР ЖҮРӨК АЯГЫЛА Устаздарга ыракмат билим берген, Уюткусун, рухун...