Казак Эл Жомогу: Алдар Көсө Менен Бай

  • 29.12.2019
  • 15032

Көзү курч, сөзү мурч, кыймылы тез, акыл-эси андан да бат Алдар-Көсө макоолор менен сараң байларды алдаганды жакшы көрчү экен. Анын байлык-мүлкү жок болсо да куулугу менен жан багып, кээде хандардай эле ичип-жеп, кедей-кембагалдар менен бөлүшчү.

Ошол заманда төрт түлүк малы жерге батпаган Жатырбай деген макоо чалыш киши болуптур. Бир күнү Алдар-Көсө Жатырбайга жолугуп:

— Урматтуу бай, менин эки теңгем бар, бирок капчыгым жок, чөнтөгүм болсо тешик. Теңгелеримди колго уучтап жүрүп чарчадым. Коротуп жиберейин дегем. Сен мага жардам бере аласыңбы? – дейт.

— Макул жардам берейин! – сүйүнүп кетет бай. – Айтып эле кой кантип короткуң келет?

— Мага бир жетим улак болсо деле жетет. Эки теңгенин көзүнө карабай берем.

Муну укканда сүйүнгөн бай малдын артындагы өлөйүн деп калган аксак улакты кармап келип:

— Арзан берип атканыма ичим ооруп атат, бирок ала бер, жакшы улак, — дейт.

Алдар-Көсө улакты алганы менен акчасын бербестен мындай дейт:

— Урматтуу байым, мени кечирип кой, сооданы бузууга туура келип жатат: сен эки теңгени да, улакты да алып, мага бир арык-торук козу берсең болот.

“Жаман сунуш эмес, эки теңге дагы, улак дагы меники болгону турат”, — деп ойлонгон бай короо койдун арасынан бир өлүмсөк чабыр козуну кармап келип:

— Ме ал, жакшы козу, эки теңге менен улакты бер.

Алдар-Көсө козуну алганы менен эки теңгени бербестен мындай дейт:

— Мындай кылбайлыбы бай аке, мен сага эки теңгени да, козу менен улакты да берейин, сен мага бир эчки берсең болду. Кандай десиң?

“Жаман соода эмес, улак да, козу да меники болот, кошумча эки теңгеси бар”, — деп ичинен кудуңдаган бай короо толо эчкисинин ичинен өлөрү гана калган картаң эчкини кармап келип:

— Мына ал, аябай жакшы эчки. Эки теңгени, козу менен улакты бер.

— Коё туруңузчу урматтуу байым, — дейт Көсө. – Мен мындай соодадан айныдым. Эки теңгени, козу менен улакты, кошумчасына эчкини да алып мага бир кой бериңиз. Бирок аны өзүм тандап алайын. Ушуга уруксат этиңиз.

“Бул абдан жакшы соода болгону калды го! Үч баш деген үч баш. Жаман козу өлбөсө эртең эле койго айланат. Анан кошумча эки теңге”, — деп ичинен кудуңдаган бай сыртынан сыр бербей:

— Болуптур, мунуңа деле макулмун. Каалаган коюңду кармап ал, — дейт.

Ушул гана керек болуп турган Алдар-Көсө короо койдун арасынан жакшы бир ирикти тандап, эки теңгени, козу менен улакты, эчкини байга калтырып жолуна түшөт. Ал мындай узаары менен ким кимди алдаганын аңдабаган Жатырбай колун ушалап күлүп жиберет:

— Мына кемпай! Бир кой үчүн канча байлыгын берип салды!

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕ

Комментарий калтырыңыз