Дүйшемамбет Орозалиев: Кене (№124)

  • 24.05.2020
  • 5227

АҢГЕМЕ

Аламүдүн райондук сотунун алдындагы көчөнүн батыш жагында адвокат иним менен маектешип турган элем. “Сүйлөшө турган сөздөр бар эле” деп телефон чалсам ушул жердемин дегенинен жетип келгемин. Көптөн бери жолукпаганга негизги сөздөр калып эле ар кайсы темада кажылдаша кеттик. Ал да зериккен окшойт. Бир тууган да. Кээде эч кимге айтпаган анча-мынча сырлар да чыгып кетчү оозуман. Келечек пландардан бери жашырбай айта берчүмүн.

Биздин маңдайыбыздагы кооз дарбаза ачыла түштү. Короосун курчаган дубалдын текши коюлган кыпкызыл кирпичтери кыпкызыл акчадай көрүндү мага. Үйүнүн сырты да сарыташ менен ашемделген экен. Чатыры акыркы үлгүдөгү черепица. Короо толгон розалардын (калган гүлдөр мага тааныш эместей) арасынан кара түстөгү БМВ булкунган өгүздөй үнү менен сыртка чыкты. Карасакалы бетин жапкан отуз бештердеги жигит машинадан түшүп дарбазаны жапкыча ичкериден башын чулгуй кандек ит чыгып келип оро парасында биз сүйлөшүп турган дарбазанын чыгыш жагындагы арчанын түбүнө көлөкөлөй жатып калды.

-- БМВ классика экен, - деди иним.

-- Аа,- дедим түшүнбөсөм деле коштой.

-- Булар жалаң классика айдашат тура, - иним жабылып бүтө элек дарбазадан көрүнгөн Мерседеске ээк шилтеди.

-- Ошондой окшойт, — дале сыр бербедим. Отуз жылга чукул машина айдасам да алардын эмнеси классика экенине кызыкпаптырмын.

-- Эскирээк эмеспи, БМВ? - деп сурадым өкүргөн өгүздөн бетер тез эле бурулуштан көрүнбөй калган машинанын түтүнүн карай.

-- Мурдагы кыйындар минген жакшы маркасы да. Ушулар сапаттуу чыккан азыркыларга караганда. Бышык. Ошон үчүн классика да. Тиги короосундагы “Мерседес” дагы ошондой.

-- Аа, - дедим түшүнгөн өңдөнө. Ал ортодо жанагы кандек бир оң жагына булкуна куйругун тиштеп, кайра сол жагына секире өзүн каап, башын дубалга сөйкөй калып, кайра оонай кетип өзүнөн кетип атты.

-- Муногу оорукчан эмеспи, — кетенчиктеп алыстай бердим, - кутурган неме болуп жүрбөсүн.

-- Жоок, шаарда андай жок ко. Эмдетишет да, кожоюну бай неме экен, - деди иним.

-- Билбесем...

Аңгыча желим баштыкка салынган беш-алты жумуртка көтөргөн, кеңирээк көйнөгү шалбыраган спортивкасына жарым жартылай шымдалган, төрт-беш күндөн бери алынбаган агала сакал-мурутунан бөлөгү – бети-колу ындыкара неме жылаңаяк бутуна сүйрөгөн желим сандалы менен асфальт шыпыра башын бир жагына кыйшайта басып келип жанагы улам кашынып аткан кандекке эңкейип отура калып, аны  менен эски тааныштардай сүйлөшө баштады.

-- Сладкая моя, хорошая моя... не болду сага... менден башка эч ким карабайт экен да сени. Кожоюнуңдун көзүн май баскан да. Ага акча болсо эле болду да. Азыр... кичине сабыр кыл. Чыдап тур эми бир аз. Дагы кене жабышып алган тура. Азыр... Мына карабайсыңбы...

Кандектин башын, кулагын сылагылап атты ындыкара. Башынан бир нерсени сыдырып алып желим сандалы менен тебелегенсиди. Ит куйругун булгалай кыңшылап, тигинин колун жалап жалооруп карап турду кадимкидей сүйлөшкөнсүп.

-- Сенин итиңби? — деп сурадым.

--Жок, мен көчөнүн тиги башында турам. Жолдон өткөн сайын бул көчөнүн иттерин кенеден арылтып турам, - деди ындыкара.

-- Ветеринарсыңбы?

-- Жоок, жөн эле... Бул байкуштарды карашпайт да эч бири. Баары өлүү дүйнөнүн артынан кубалашат. Булар тирүү жан да. Өткөндө тетиги соттун алдындагы арчанын түбүндө ушул кандектин башынан он беш кене алып өлтүрдүм. Кенелер да акылдуу, шүмшүктөр... Башына жабышып алып канын сорушат.

-- Калган жагына жабышпайбы?

-- Алар акылдуу деп атпайымбы. Ит тумшугу жеткен жерди өзү эле тиштеп тазалап алат да. Башына же оозу жетпесе...

-- Колу, буту менен кашынса болбойбу?

-- Эми булардын колу адамдын колундай эмес да... Кармап мага окшоп терип алганга.

-- Аа. Жакшы иш кылыпсың да орозодо. Сооп болот.

-- Ой мен орозо эместе деле ушинтип тазалап коём. Карачы жыргап калды,-- керилип, чоюлуп өзү чыккан дарбазанын түбүнө жата кеткен итти көрсөтө,- уктай албай калган да кене басып. Эми куп гана уктайт...

Кара жумушта иштээрин, оор жумуштан улам бел омурткалары  ооруп жүргөнүн, операцияга акчасы жок экенин, классташ кызы милиция күйөөсүнөн токмок жегенде ага арызданарын, дагы бир топ нерселерди мен сурабасам деле баяндап берип ындыкара жолуна түштү. Шагын сындырбай баш ийкегилеп турдум айтып бүткүчө.

-- Сен да тиги кишиге окшоп иттер менен сүйлөшөт белең? - инимен сурадым.

-- Жок, мен ал кишинин өзү менен да сүйлөшпөйт болчумун,- деди иним.

Ар кимдики өзүнө туура деп ойлодум да кенеден арылып жыргап уктап аткан итти карап баш чайкадым.

Комментарий калтырыңыз