Оорудан корккон адам өзүнөн өзү ооруга чалдыгат

  • 29.03.2024
  • 10744

Жозеф АДДИСОН

(1672-1719), англис жазуучусу  

Барыбыз жаш өткөн сайын токтоло баштайбыз. А мен айтар элем, токтоло баштаганыбыздын өзү акмакчылык.

*       *       *

Биринчи никесинен өзүн бактылуу сезген аял экинчисине да дайым даяр.

*       *       *

Аялга ашкере урмат-сый жасаган эркек өзү жасаган сыйды аялдан анда-санда көрсө көрөт, көрбөсө жок.

*       *       *

Биз ардайым укум-тукумубуз үчүн бир нерсе жасасак дейбиз, а мен укум-тукумубуз биз үчүн бир нерсе жасаса дейм.

*       *       *

Суужүрөктөр опурталдуу учурда баш эмес, буту менен ойлонот.  

Люк де ВОВЕРАНГ

(1715-1747), француз жазуучусу  

Томуктай максат үчүн да тоодой күч үрө.

*       *       *

Келесоолор биз ойлогондон деле аз. Болгону бири-бирибизди түшүнбөйбүз.

*       *       *

Саламаттыгы начар адам алча жегендин эртеси сууктан тумоолоп калса, анын көңүлүн жооткотчулар: “Алча жегени үчүн өзүңдөн кетиптир” дешет түгөткүрлөр.

*       *       *

Мурда негизделген партиянын төрагалыгына акырындап жеткенге караганда жаңы партия түптөй койгон оңой.

*       *       *

Мыкты искусство көзбоёмочулук деген эле кеп.

*       *       *

Ох, ата... Өз кызыкчылыгыңды четке коюп, кирешелүү иш менен шугулдануу кандай кыйын!

Бальтасар ГРАСИАН

(1601-1658), испан жазуучусу  

*     *     *

Акчаңдан күйсөң да, товардын сапатынан күйбө.

*     *     *

Эс-акылы жок үчүн көпчүлүгү эс-акылын жоготпой жүрөт.

*     *     *

Достордон айрылгың келбесе, алардын чоң ийгиликке жеткенин тилей көрбө.

*     *     *

Сенин көзүңчө бирөөгө «жок» деген адамдан бир нерсе суранба, демек, ал экинчи тилемчиге да оңой шылтоо табат.

Мишель МОНТЕНЬ

(1533-1592), француз эссечиси

Оорудан корккон адам өзүнөн өзү ооруга чалдыгат.

*       *       *

Жылтырата тазаланган өтүк эмес, кычырата тигилген өтүк бутуңду жарашыктуу көрсөтөт.

*       *       *

Бир нерсени жек көрүп калдыңбы? Демек, так ошону жүрөгүңө жакын кабыл алгансың.

*       *       *

Байлыкка чиренгендердин эстерине экмет: байлык силерге эмес, силер байлыкка кызмат кылып жүрөсүңөр.

*       *       *

Жеткен ырайымсыздар суужүрөк келет.  

Которгон О`Шакир

Комментарий калтырыңыз