Жолдош Турдубаев: Тереңдиктин сырын ачкан илимпоз

  • 12.12.2020
  • 4108

Калык Ибраимовдун «Чыңгыз Айтматов – кылымдын акылманы жана миф жаратуучусу» аттуу эмгеги жөнүндө.

Чыңгыз Айтматовдун дүйнө жүзүн таң калтырган чыгармалары жөнүндө жазылган макалалардын, түркүн жанрлуу китептердин жалпы көлөмү залкардын он томдугунан ондогон, жүздөгөн эсе чоңдук кылары бышык. Ошончо тексттин ичинен тереңдиги, мазмундуулугу жагынан нукура көркөм дөөлөттөрдү залкардын өзүнө татыктуу деңгээлде ачып бергендери өтө аз. Булардын катарына белгилүү эстет, философ Калык Ибраимовдун «Чыңгыз Айтматов – кылымдын акылманы жана миф жаратуучусу» («Чингиз Айтматов как мифотворец-мудрец века») аттуу эмгеги келип кошулду.

Калык агай расмий түрдө докторлук эмес, кандидаттык наамды да албай туруп, алгачкы китептери менен эле өзгөчө кылдат табити бар эстет, терең билимдүү, зирек философ катары таанылган. Кыргыз тилинде жарык көргөн «Көркөм дөөлөттөр дүйнөсүндө» (1982-ж.), «Адам, адабият жана аалам» (1986-ж.), «Мифологиялык архаика жана азыркы адабияттагы адам менен табият концепциясы» (1991-ж.) китептери кезинде кыргыз адабият таануу илиминин кыйырын кыйла кеңейтип, теориялык деңгээлин нагыз философиялык бийиктиктерге жеткире көтөрүп койгон эле.

Жакында ойчул замандашыбыздын «Чингиз Айтматов как мифотворец-мудрец века» (Бишкек, 2018) деген жаңы китеби колубузга тийди. Бул эмгек 1999-жылы чыккан «Миф и миропонимание в гуманистической философии Чингиза Айтматова» аттуу илимий монографиясынын кеңейтилген, толукталган, идеялары тереңдетилген версиясы экен. Ошондуктан буга 20 жыл мурунку ошол китептин чыгышына чын ыкластан кубанган Кеңешбек Асаналиевдин кириш сөзү да камтылыптыр. «К. Ибраимовдун китебин кол жазма вариантында окуганым мен үчүн жагымдуу күтүүсүздүк болду, айрыкча жетик каныктырылган мазмуну жана концепциялык оригиналдуулугу жакты», деп жазган эле чыгаан сынчы.

Биринчи эле баптан көлөмү чакан, бирок мазмуну жагынан өтө сыйымдуу «Миф жаратуучулук контексти жана концепттери» деген эссени окуйбуз. Мында дүйнөлүк классикалык философиянын байыркы Платондон тартып соңку доорлордогу улуу ойчулдарына чейинки авторлордун эмгектериндеги мифологияга тиешелүү өзөктүү идеялар келтирилген. Автор дүйнө элдеринин аң-сезимине мифтердин тийгизген таасирин, саясатчылардын муну кыянат пайдаланган мисалдарын өзгөчө ынанымдуу түшүндүрүп, чечмелеген. Буга байланыштуу улуу жазуучулардын, композиторлордун, сүрөткерлердин мифологияны гумандуу нукта көркөм аңдап билишинин баа жеткис мааниси баса белгиленет.

Экинчи бапта Айтматовдун «Тоолордун жана талаалардын повесттеринде» кыргыз мифтери, уламыштары кандайча орчундуу роль ойной баштаганы тууралуу айтылат. Мифологиянын алкагында адам жана табият экологиясынын эзелки маселелери бул чыгармалардын идеялык-көркөм тулкусуна кандай камтылгандыгы көрсөтүлгөн. Ырас, бул повесттерди ушул өңүттөн изилдегендер өтө көп. Бирок К. Ибраимовдун башкалардан айырмасы – ал акыл чабытын эң оболу көркөм тексттин өзүнө бурат да, ошондон кийин гана өзүнүн ойлорун эң олуттуу авторлордун тийиштүү тезистери менен салыштырат – кээде алар менен талашка чыгат. Алардын катарында Айтматовдун чыгармачылыгын дүйнөлүк маданият алкагында изилдеген Георгий Гачев да бар. Ушундай чыгаан ойчулдар, чоң илимпоздор менен тең ата акыл калчап, кээде алардын абдан сындуу, салмактуу корутундуларына каршы жүйө келтире билиш үчүн изилдөөчү Калык Ибраимовдой эстетикалык туюму күчтүү, чынчыл интеллектуал болушу керек. Автордун дал ушул өзгөчөлүгүн сынчы Кеңешбек Асаналиев да аталган баш сөздө зор канагаттануу менен белгилептир.

Бул айтылгандар айрымдарга апыртма мактоодой көрүнүшү мүмкүн, бирок менин көздөгөнүм башка – илим жолуна түшкөндөр өзү үчүн категориялык императивдей болгон катаал эреже түзүп алып, дайыма аны бекем карманып жүрүшсө дейм. Чындыгында илимий наам, даражасы бар же жок экендигине карабай, кыргыз окумуштууларынын арасынан ушул идеалга жакындай алган саналуу эле инсандардын бири ушул К. Ибраимов.

Айтматовдун улам кийинки повесттериндеги мифтин «катышуусу» барган сайын татаал да, орчундуу да боло берген. Барган сайын элдин өзүн аңдап билүүсүнүн терең катмарларынан келип чыккан мифтик энергия сүрөткердин көркөм өнөрканасында улам таасирдүүрөөк колдонула берген. «Бул феномен «Жамийлада» туюк, купуядай туюлуп турса, «Саманчынын жолунда» дааналанып, автордун бул багыттагы аң-сезимдүү иштешинен алгач ирет байкалат», деп жазат К. Ибраимов.

«Кентавр: Гүлсары – Танабай» деген бөлүмдү окуганда, айрым изилдөөчүлөр (мисалы, А. Салиев) повесттин «Карагул ботом» поэмасы менен «Кожожаш» эпосуна тиешелүү мифтик башатын кыйла тайыз түшүнгөндүгүн байкоого болот.

«Ак кемедеги» мифтин жаратман даремети кандай ачылгандыгын философтун жардамында даанараак көрө алабыз. Болмуш менен жоголуштун – Сүйүү менен Өлүмдүн түбөлүк тирешиндеги адамдын, анын эркинин, рухий жигеринин мааниси кийинки бөлүмдө сөзгө алыныптыр («Деңиз жээгин бойлой жорткон ала дөбөт» повестинин мифтик-поэтикалык талданышы).

Китептин үчүнчү бабы өзгөчө. «Кылым карытар бир күн» романы жарык көргөндө алгачкылардан болуп бул «Көп маанилүү чыгармага» (макала да ушундай аталат) терең мазмундуу рецензияны Калык агай жазганы эсибизде. Бул китепте болсо Айтматовдун рухий космосун башка бийиктиктен изилдептир. «Кассандранын эн тамгасы» жана «Тоолор кулаганда» романдары жөнүндө окумуштуунун эсселери окурманга Айтматовдун акыркы чыгармаларын улуттук жана дүйнөлүк мифологиянын алкагында абдан терең түшүнүү мүмкүнчүлүгүн берет. Бирок жазуучунун эң карама-каршылыктуу романы болгон «Кыямат» романын талдаганда, Калык Ибраимов адамзат болмушун философиялык нуктан аңдап билүү жагынан эң жогорку бийиктикке жете алган деп эсептейм.

Сүрөттө: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулары Таалай Абдиев, Каныбек Кенжеев, профессорлор Сулайман Кайыпов, Ильхан Шахин, улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматов, драматург Мырзабек Тойбаев, адабиятчы Калык Ибраимов, тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиев 2008-ж. 22-апрель.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз