Жашоодо жөлөк болор акылман ойлор

  • 29.12.2020
  • 5892

Ишти дайыма күмөн саноолорду жок кылар нерселерден баштоо керек.
Борис Стругацкий

Жашоону жашоонун маанисинен да көбүрөк сүйүш керек.
Федор Достоевский

Дарак олтургузуунун эң жакшы маалы мындан 20 жыл мурда болгон. Андан кийики жакшы учур – бүгүн.
Кытай макалы

Жасай алаар ишиңерди дароо жасай баштагыла, ал гана эмес кыялыңарга келген нерсени да жасоого аракеттенгиле. Даанышмандык, күч жана сыйкыр чечкиндүүлүктө.
Иоганн Вольфганг Гёте

Колуман келет деп ишене баштаганың – максатыңа барчу жолдун жарымын басып өткөнүң.
Теодор Рузвельт

Шамал жок болсо, калакты колуңа ал.
Латын ылакабы

Адегенде өз идеалыңды аныкта: максат кой. Андан соң максатыңа жетүү үчүн каражаттарыңды камда: билим ал, акча чогулт, ыкмаларды жана керектүү материалдарды топто. Анан ошол каражаттардын баарын колдон.
Аристотель

Акча деген эмне? Эртең менен төшөгүнөн туруп, а кечинде кайра келип жаткандын ортосундагы аралыкта өзүнө жаккан иштерди жасаса, ошол адам ийгиликке жеткен адам.
Боб Дилан

Эгерде сиз жашоомо керектүү нерселердин бардыгы бар деп ойлосоңуз, андан да көп нерселерге ээ боло аласыз. А эгерде бул мага жетишсиз деп наалый берсеңиз, сизге эч качан каалаганыңызга жетпейсиз.
Опра Уинфри

Жашоодо эң күчтүүлөр эмес, жаңы өзгөрүүлөрдү тез кабыл алып ыңгайлаша алгандар калышат.
Чарльз Дарвин

Акылдуу адам талапты өзүнө гана коёт, кемпай бардык жаман нерселерди башкалардан көрүп жүрүп өтөт.
Лев Толстой

Ар бир ийгиликтүү иштердин башатында, бир жолу кабыл алынган чечкиндүү чечим турат.
Питер Друкер

“Мен бул нерсени билбейм” деп айтканды үйрөнсөңүз, өсүүнүн башталышы ошол.
Моисей Маймонид

Жээкти көрбөй калуудан корксоңуз, эч качан океандын ары жагына сүзүп чыга албайсыз.
Христофор Колумб

Жаңылууга жол бербеген эркиндикти, эркиндик деп айтпай койсо деле болот.
Махатма Ганди

Сиздин убактыңыз чектелүү, башка бирөөнүн жашоосу менен жашап, аны коротуп албагыла.
Стив Жобс

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз