Романтикалуу каармандын триумфу жана трагедиясы

  • 07.01.2021
  • 3576

(Абдыкерим Муратовдун «Жылдыздар тараган таңдар» романы тууралуу)

Турмушта болсун, көркөм өнөрдө болсун «романтика» деген түшүнүк бар, бул – кыял, башкача айтканда, адам баласынын аң-сезиминен, мээ-туюмунан, жүрөгүнөн орун тапкан эңсөө, эргүү, чабыттоо.

Менин түшүнүгүмдө анын эки түрү, мүнөздүү эки көрүнүшү болот: биринчиси – кургак же куру романтика, ал тээ мээнин тереңинен чыкпайт да, адам жөн эле ишке ашпас, болбос нерселерди кыялдана берет, ага жетүүгө аракет да кылбайт, аракет кылганда дале жете албайт, мындай кургак кыял жүрөктөн чыкпаган соң жүрөккө барбайт; экинчиси – чыныгы романтика, таза кыял, ал жүрөктөн чыгып, аралап барып кайра дал жүрөккө сиңет.

Жазуучу чыгарма жаратуу үчүн алдына чоң максат коёт, ошого жетүүгө ар тараптуу далалат кылып, аракетин улам тереңдетип отурат, аны үчүн романтикалуу каармандардын образын түзөт. Мындай улуулук чоң тагдыр ээлерине туш келген, ошолорго ылайык көрүнүш. Андай инсандар өздөрүнүн жеке турмушу, өздөрүнүн эртеңки бактылуу келечеги жөнүндө гана ойлонбостон, бүт элдин турмушун ойлойт, элге жакшылык кылуу үчүн аракет кылат, аракет гана кылбай, күрөшкө чыгат. Ошол күрөштө бирде жеңилсе, бирде жеңет. Булардын романтикасы ошондой, эл тагдыры, калк бактысы менен өз романтикасын байланыштырат. Ооба, андай адамдар турмуштун ар кандай көрүнүштөрүндө өкчөлүп, тараза ташына тартылып, оор күндөрдү башынан кечирип, татаал тагдырдагы инсандар менен жанаша жүрүп, чоң окуяларга катышып, аз-аздан бышып отуруп акыры максатына жетет. Орус адабиятындагы М.Горькийдин «Макар Чудра», «Шумкар тууралуу ыр», «Бороон кабарчысы жөнүндө ыр», «Изергиль кемпир», «Кыз жана өлүм» деген чыгармаларындагы Шумкары менен Бороон кабарчысы, Челкашы менен Изергиль кемпири, Макар Чудрасы менен Данкосу мына ошондой кыялкеч жана көтөрүңкү рухтагы каармандар, советтик доордун алгачкы жылдарындагы М.Светлов, Н.Тихонов, Э.Багрицкий ж.б. романтик акындардын поэзиясы, А.А.Серафимовичтин «Темир сел», А.А.Фадеевдин «Талкалоо» романдары жаңы кылымдын адамдарын күрөшчүл, өз кыялын ишке ашырууга жандалбас кылган адамдар катары адабият тарыхында жана биздин бала кездеги окурмандык эс-туюмубузда калган.

Мындай романтик, болгондо да революциялык төңкөрүштөр, от күйүп, ок учкан кезде жашаган каарман менен жазуучу жана окумуштуу Абдыкерим Муратовдун «Жылдыздар тараган таңдар» романы менен таанышып чыкканда күбө болдум. Чыгарманын баш каарманы – Сулейман Кучуков. Алайдан чыккан бир азамат. Анын балалыгы башы Алайда, уландысы алыскы Башкорт жеринде өтүп, жыйырмачы жүз жылдыктын башталышындагы романтикага баткан миңдеген кишилердей эле тагдыры биринчи дүйнөлүк согушка, андан соң Февраль, кийин Октябрь төңкөрүштөрү алып келген кыяматтарга тушукту, ошол бурулуш учурдагы эл тагдыры менен өз тагдырын ашташтыра катар койду. Аны ошол жолго тагдыр салды. Тагдырга эч нерсе деп айта албайсың. Ал дале Алайында аң уулап, балдарын багып, малын карап отурса болмок. Бир өмүрү өтмөк. Бирок тагдыр аны башкача жолго түшүрдү. Анын жеке тагдыры элдин тагдыры менен айкалышып, биригип калды. Ошол тагдыры менен жашайт. Андан бир карыш же ары, же бери чыга албайт.

Сулейман бала чакта жетим калды. Тагдыр анан ошол жетимди башка жолго салды, бул алыс-алыс учу-кыйырсыз жол эле, Алайдын Чыйырчык дабанынан Европанын толтоосуна алып барып, кайра алып келчү жол эле. Ал жолдо жөн гана жолоочудай ары-бери жүрүп келбейт, жүздөгөн тагдырлар менен бетме-бет келет, согушта денесин окко аралатат, адегенде кылкылдатып актардын, кийин кызылдардын байрагын көтөрүп ат жалында жүздөгөн, миңдеген аскерлерди өз артынан ээрчитип жүрөт. Бул анын триумфу болгон. Алайда туулган, жетим калган бир бала. Мына тагдыр. Мына тарых.

Романдын баш жагында эле Алайдын жылдыздуу түнү жана ошол түндөгү баланын романтикасы чебер сүрөттөлөт: «Асмандан түштүбү, жерден чыктыбы – тоо башын караңгы каптап, бирин-серин жылдыздар чыгып отуруп, көктү жылдыз басып калды.

- Жылдыздарды санаба! – Төбөнү карап былк этпей турган таар чапан, малакайын башына баса кийген, кендир куру менен белин таңып койгон балага Дүйшө абасы ушундай дегенде ал чочуп кетти. Жылдыз санаганды билчү дале эмес, санактан да адашып калчу.

- Санаган жокмун! – деди айыптуудай.

- Көрдүңбү, төбөдөгү жаркырак жылдызды. Ошол Кутпа жылдызга карап жол алабыз. Азан убакта чыгабыз. Сен болсо, ушул жерде каласың. А биз бир айдай паска жол кетебиз.

- Мен да баргым келип атат, аба.

- Барасың. Баралыңа келгенде барбайм десең да жөнөтүшөт. Азыр айлап ат айдаганга, чөлдүн аптабында акактап жүргөнгө боконо сөөгүң быша элек, катыгасың, сөөгүң чучукка, балтырың этке толот. Ага чейин үч-төрт жыл сабырдана тур.

Экөө тең кеп учугун улай албай, жым болду. Жакын жерден аттардын бышкырыгы, айгырлардын айбарлуу азынаганы, баюулунун бакырыгы угулат. Андайыраакта жигиттер жылкычылардын түнкү ырларын созолонтот» (Муратов А. Жылдыздар тараган таңдар. Роман. – Б.: «kitep.kg», 2020. – 8-б.).

Мына ушул түшүндө «бирде бул тоонун башына, бирде башка тоонун башына барып конуп» учуп жүргөн баланын эми башка турмушу, башка тагдыры башталмак. Жазуучунун символикалык образы болгон жылдыздар миллиондогон-миллиондогон тагдырларга күбө болгон, жылдыздар – булар  тагдырлар, жылдыздар өзү көзү түшкөн адамдарын күзөтүп жүрөт. Биз буга романдын көп жеринде жылдыздуу түндөгү башкы каармандын башына түшкөн окуялардан күбө болуп, ой-толгоолорунда кошо жүрөбүз.

Эми жылдызга жакын Алайына – Чыйырчык дабанына ал көп, оо көп жылдан кийин келет. Ошол ат айдагандар менен кошо баргысы келип дээликкендин эртеси эле аны тагдыр адегенде Ошко, андан Ташкенге алып жөнөйт. Канча жолу улуулар артка кайтаралы десе болбой эле тагдыр ташы алдыга айдап турап алат. Ташкендеги «Алай базардан» адашып калып, кийин башкорт көпөскө жолугат. Баласы жок ошол Кучуков аны асырап алып, Сулейманды кадеттер корпусунда окутуп, офицер болуп, Түркстанда иштеп жүрүп, Биринчи дүйнөлүк согушка аттанат. Ал жактан чалгын командасын жетектеп бир кыйла эрдиктерди көрсөтөт. Жараланып, дарыланып, кайра келгенде катар-катар революциялар чыгып, өзү кызмат кылган падышачылыктык ак гвардиячылары менен большевиктерге каршы согушат. Ошентип, айылдан башталган жок ааламга алып келди, ал жакта не бир тагдырларга кездешти. Булардын арасында асыраган атасы Юнус, агартуучу ишмер Ахмет заки Валидов, оштук аскерлер Койчуман, Имар бар, Биринчи дүйнөлүк согушта урушта болгон штабс-капитан Флавицкий, Саша менен Ксенья бар, өмүр бою жыргалын жана кууралын чогуу тарткан жубайы Хосият бар, Владимир госпиталында тагдыр кошкон дарыгер Н.П.Архангельский, жарадар-жоокерлер Соломон, Жданов дегендер бар, ак гвардиячылар жана жылкы зоотторунда жүргөндө кездешкен Ош уездинин начальниги А.А.Алексеев, Данил жана анын апасы Надя бар, Ысык-Көл жылкы чарбаларын негиздеген В.А.Пяновский, орус офицерлери А.В.Муханов, советтик атактуу кол башчы М.В.Фрунзе, анан кызыл командирлери М.В.Сафонов, П.М.Параманов, Кадырбек Камчыбеков бар. Большевиктерге каршы күрөшүүчүлөрдүн өтө татаал тагдырда, арасат абалда калган психологиялык кырдаалдарда образдары ачылат, алар Мадаминбек, Мойдунбек, Калкожо, Жаныбек казы. Булардын лидерлиги да, трагедиясы да Сулейман Кучуков менен байланыштарда көрсөтүлөт. Ойдон чыгарыган Дүйшөнүн, Умаржандын, Арыпбектин, Махмуд аканын бейнелери тарыхый инсандарды толуктап, өз-өз ордунда тургансыйт.

Автор бул образдарды доордун оош-кайыштарына алып келип, ошол кыйчалыш жылдардын тегирменине салып карайт.

Романдын эң мыкты эпизоддорунун бири Гөр-Бува уламышы, ал аркылуу өткөн замандар менен каармандардын аракеттери жүрүп жаткан доорлорду салыштырып, эл жана жеке адам, баатыр жана табият, сүйүү жана жек көрүү карама-каршылыктарын, гармонияларын чагылдырат. Анын тарбиялык мааниси да мусулмандар актар жана кызылдар болуп эки жээкте бири-бирине ок атып турган кезде өзгөчө биринчи планга чыга келет.

Мына ушундай тагдырлар менен алакалаш жүрүп Сулейман Кучуков өзүнүн акыйкатын тапты, ал жеткен чындыгы – большевиктерге кошулуп, басмачылар менен күрөшүү эле, ал жолго дароо эле өтө койгон жок, бул процессти автор узак эволюциялык жана психологиялык жагдайлар менен сүрөттөп отурат. Баягы чыгарманын башындагы көрсөтүлгөн ромнатика, жүрөгүнүн тандоосу ошого алып келди. Ал кыргыз айылдарына чыгып, атчандарды жыйнап келип, кыргыз атчандар отрядын уюштурат жана өзү аларга командир болот. Мына ушул отряд Фергана өрөөнүндө элдин тынч жашоосу үчүн кепилдик жаратууга чоң салымын кошот. Автор бул аскердик бөлүктүн кайсыл жерде, кимдерге каршы согушка чыкканын тарыхый-документалдык материалдар менен бекемдейт, өзүнүн географиялык, этнографиялык билиминин жогорулугун, диалектилик сөз корунун байлыгын тастыктайт.

Сулейман Кучуков караңгы элге факел болду, чырак болду, жарыкты таап берип, ошол жарыкка элди баштап кирди. Мына ушул образды жаратуу үчүн автор өз жолун, өз стилин тапкан, тарыхый окуялар менен ойдон чыгарылып көркөмдөлгөн окуялардын биримдигин кармай билген. Күрөшүүчү каармандын жүрөк тандоосун таап, эволюциялык динамикасын таба алган.

Азыр элибиз эки ача жолдо туруп, кийинки тагдырыбыз туңгуюкка кептелген кезде Абдыкерим Муратовдун «Жылдыздар тараган таңдар» романы, анын башкы каарманы Сулейман Кучуковдун образы бүгүнкү жаштарга сөзсүз сабак болот.

Аскар РАЖАБАЛИЕВ, жазуучу

Комментарий калтырыңыз