Марина Цветаева жана анын сүйүү тууралуу ойлору

  • 16.01.2021
  • 3205

Сүйүү – бул кудай адамды кандай жараткысы келгенин жана анын оюн ата-энелери ишке кандай ашырганын көрө билүү

20-кылымдын эң эле көрүнүктүү акын кыздарынын бири, прозачы жана котормочу Марина Ивановна Цветаева (1892-1941) алты жашынан баштап эле орусча гана эмес, французча, немисче ырларды жаза баштаган. Анын биринчи ырлар жыйнагы 18 жашында чыгып, дароо эле ошол кездеги атактуу акындардын назарына урунган.

Марина Цветаеванын тагдыры аябай трагедиялуу. Согуш жана жокчулуктун азап-тозогунун даамын татты. Бир баласы 3 жашында баш маана кылуучу жайда ачкадан өлөт, күйөөсүнө саясий тыңчы деген айып тагышып, атууга кетет, экинчи кызы репрессияланып 15 жылга кесилет. Цветаеваны уулу менен Чистополь шаарына эвакуацияга жиберишет,– көпчүлүк адабиятчыларды ошол жакка жер котортуп жиберишчү. Ал жерден ага каттоого алып, жумуш берүүнү убада кылышкан. Цветаева ал жерден мындай деп арыз жазган: “Мени жаңы ачылып жаткан Литфонддун ашканасына идиш жуугуч катары жумушка алышыңызды суранам”. Бирок ага ал жумушту да беришкен эмес: кеңеш мүчөлөрү аны немистин тыңчысы болуп калышы мүмкүн деп чочулашкан.

Цветаеваны эвакуацияга узатып жатып Пастернак чамаданын таңып алуу үчүн жип берген экен, ал жиптин кандай жаман ишке пайдаланарын ал кайдан билиптир. Шылдыңдоолорго чыдабай Марина Цветаева 1941-жылдын 31-августунда ошол жип менен муунуп өлгөн.

Марина Цветаеванын трагедиялуу турмушун чагылдырган  сүйүү жана жашоо тууралуу терең жана акылман ойлору алдыңыздарда...

*     *     *

“Мен сени жай бою сүйөм” деген убада “Мен сени өмүр бою сүйүп өтөм” – деген сөздөн бир топ эле ишенимдүү угулат. А эң негизгиси – узагыраак болот!

*     *     *

Сүйүү үчүн жолугушуу керек, а калгандарын китептен тапса болот.

*     *     *

Дүйнөдө жан-дүйнө чектелүү, а денелердин саны чексиз.

*     *     *

Бедизчиге чопо, сүрөтчүгө боёк, музыкантка кыл керек. Сүрөтчү менен музыканттын колдору иштебей калышы мүмкүн. Акындын жүрөгү гана өлөт.

*     *     *

Мен көз карашка эмес, көзгө ээ болушту каалайм.

*     *     *

“Чыдасаң – сүйүп кетесиң”. Мен бул сөздү жакшы көрөм, бирок экөөнүн орду алмашкан кезде.

*     *     *

Чогуу кыялданасыңбы, чогуу жатасыңбы, бирок дайыма жалгыз ыйла.

*     *     *

Дүйнөдө сендей экинчи адам жок.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз