Бернар Вербердин жашоого берген көрсөтмөсү

  • 23.01.2021
  • 3077

Француз фантаст-жазуучусу Бернар Вербер жөнүндө уктуңуз беле? Аны сынчылар катыра сындашат, окуучулары анын аткарылгыс кыялдарга толгон таң калыштуу дүйнөлөр, талаштуу гипотезалар жана адаттан тыш идеяларга шыкалган чыгармаларын сүйүп окушат. Ал окуучуларына дүйнөнүн башкача бир түзүлүшүнө жана андагы жашоонун маанисине карата өзгөчө көз караш менен карап, пайда болгон суроолорго жооп табуунун жолдорун издөөгө чакырат. Бирок эң негизгиси жана баалуусу – ал дайыма бизди күнүмдүк тиричиликтин майда-барат түйшүктөрүнөн маанилүү нерселер жөнүндө ойлонууга мажбурлайт.

  • Сага дене берилген. Ал сага жагабы же жакпайбы, өмүрүңдүн акырына чейин ал сеники, аны эч качан башка дене менен айрыбаштай албайсың.
  • Сага Жер шарындагы Жашоо деген мектептен сабак алууга туура келет. Ар бир адам жана ар бир окуя – сенин ар тараптуу мугалимдериң.  
  • Жаңылыштык деген болбойт, сабак гана болот. Оңунан чыкпай калган иш – ийгиликтин ажырагыс бөлүгү. Күнөөсүз курмандыктар жок – бардыгы жөн гана сабак алуучулар.
  • Сабак толук өздөштүрүлмөйүнчө ар кандай формаларда кайталанып турат.
  • Жеңил сабактарды өздөштүрө албасаң, алар оорлой берет. Өздөштүргөн соң кийинки сабакты ала баштайсың.
  • Сырткы көйгөйлөр – сенин ички дүйнөңдүн такма так чагылышы. Эгерде ички дүйнөңдү өзгөртсөң, сырткы дүйнө да сен үчүн өзгөрүлөт.
  • Сен сабакты өздөштүргөнүңдү өз кыймыл-аракетиң жана мамилең кыйналууга карата өзгөргөндө түшүнөсүң. Акылмандык практика аркылуу гана келет.
  • “Бул жерде” жана “азыр” мындан артык орунду да, убакытты да таппайсың. “Тигил” жактын “Бул жердегиден” эч бир жери ашык жери жок. Качан сенин “тигил жериң” “бул жерге” айланганда сен башка “тигил жерди” табасың, ал кайрадан “бул жерден” жакшы көрүнө берет. 
  • Башкалар – болгону сенин чагылышың. Сен өз сапаттарыңды башкалардан көрө албасаң, аны жакшы да, жаман да көрө албайсың.
  • Жашоо сырткы кашегин жасайт, сүрөттү сен тартасың. Эгерде тарта турган сүрөтүңө жоопкерчиликти ала албасаң, анда ал сүрөттү сен үчүн башкалар тартышат.
  •  Сен каалаганыңдын баарын аласың. Сенин өткөн жана азыркы учурдагы каалоолоруң сенин келечегиңди аныктайт.
  • Бардык жооптор сенин өзүңдө. Сен китептерде жазылган нерселерден да көп билесиң. Бирок аны эстеш үчүн китеп окушуң керек, өзүңдү сырттан карап, өзүңдүн ички үнүңдү угуп жана өзүңө ишенишиң керек.
  • Сен бардыгын унутасың.

Наталья Голубкина Реинкарнационика боюнча кеңешчи. Реинкарнационика Институтунун 2-курсунун машыктыруучусу.

Булак - Реинкарнационика Институту: https://reincarnationics.com/instruktsiya-k-zhizni/

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Комментарий калтырыңыз