Көсөмдүн көмүлгүс ойлору: Эмне үчүн биз кедейбиз?

  • 17.03.2021
  • 4878

Бүгүнкү оомал-төкмөл заманда таланттуу инсан Салижан Жигитовду замандаштары көбүрөк эстечү болдук. Анын безге сайып сүйлөгөн ачуу десе ачуу, акылдуу десе эң акылдуу, кундуу сөздөрүн укпай, окубай калдык. Ал ашмалтай жашоого көнгөн бизди залкар идеяларга, жакшы жашоого, алдыңкы эл болууга чакырып, намыска тийген мол сөздөрдү айтчу эле. Ошондон өксүп тунжурап: «Сакем болгондо...», «Салижан мындай демек» – деп өкүнүп турабыз.

Ырас, убагында Сакени түшүнгөндөр да, түшүнбөгөндөр да болду, а тургай улут безери, кыргыз эмес дегенге чейин бардык. А бирок Мезгил деген улуу көрөгөч-акыйкат тараза, ар кишинин айткан акыл-оюн, эмгек даражасын тастыктап, так баалап, ар кимин өз ордуна ырастап коёт тура.

Аттиң деген бир өкүнүч: ошо береги безенип кеткен акылман Салижан Жигитовдун мыкты көркөм чыгармаларын, элин ойготуп ойлонткон курч маектерин, макалаларын бүгүнкү күндө каржылап, басмадан чыгарууга кыргыздын бир март, ата уулу табылбай турганын карасаң.

Салижан Жигитов көзү тирүүсүндө басма сөздөргө арбын макалаларды жазып, маектерди өксүтпөй берип турчу. Ойчул элине бай руханий мурас калтырды. Бир кезде «Замандаш» журналына өзү берип, жарык көрбөй калган Салижан Жигитовдун «Эмне үчүн биз кедейбиз» деген макаласын адабиятчы Абдыкерим Муратов сунуш кылды.

Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн эң кедей сегизи бар экен. Кыргызстан ошолордун ичине кирет. Өзүбүз деле кедей экенибизди моюнга алабыз. Ошондуктан өкмөтүбүз жыл сайын жакырчылык менен күрөшүү программаларын кабыл алып атпайбы. Кедейликти кыскартуу, кедейликтен арылуу деп айтат, кедейликти жок кылуу дешет, негизгиси, кедейликтен кутулуу десек дурус болгудай.

А бирок «Эмне үчүн биз кедейбиз?» деген суроо такыр коюлбайт. Биринчи себеп: Кыргыз эли дүйнөдөгү жерлердин жакшысын ээлей алган эмес. Сыймыктанган Ала-Тообуз жайында эс алганга дурус, бирок байгер жашаганга такыр эле ыңгайсыз. Кыргызстан аймагынын 6%ы эле түзөң, калганы бүт бойдон тоолор. Тоолордо көмүрдөн башка кендер деле жок сыяктуу экен. Берекелүү айдың талааларды, кен байлыктарга бай аймактарды казак, өзбек туугандар энчисине басып алыптыр. Биз болсо орто кылымдарда көп кишилүү алдуу, күчтүү түрк-монгол уруулары тарабынан жакшы жашоого да, өнүп-өсүүгө да мүмкүнчүлүк бербеген тоо арасына сүрүлүп калыппыз.

Кокту-колоттордо дыйканчылык кылып кадыресе байып кетишке эч кандай жол жок. Маселен, Европада  50 гектар түздөгү айдоо жери болбогон фермер башы менен жер казса да, ийгиликтүү чарба жүргүзө албай, акыры банкрот болуп тынат экен. Ал эми биздеги 3–4 гектар, кыйын эле болсо 10–15 гектар айдоо жери бар дыйкандар байып кете алабы? Албетте, анте албайт. Тоо-таш арасында мал багып байыш да мүмкүн эмес. Себеби биздин өлкөнүн климаты кескин континенттик мүнөзгө ээ, тоолордо кыш узун, аябай суук, жай айлары болсо кыска. Күз жокко эсе. Монголияда, Казакстанда кышкысын төрт түлүк кол карабайт, шамал карын үйлөп салгандыктан талааларында оттоп жүрө берет. А бизде андай чөлкөмдөр өтө аз. Андыктан биздин төрт түлүк 5–6 ай, атүгүл 7–8 ай колдон азыктанат. Айылдык кыргыз баласы аздектеген атынан башка малына жем бербейт, карандай гана чөп жедирет. Тоолордо тонналап чөп чаап алчу шалбаалар ченелүү. Демек, бычан да бизде тартыш. Жемдин даамын татыбай, жалаң куру чөп менен кыштан чыккан мал арык болот, төлү жармач туулат. Ошол жармач төлдүн тукуму жыл сайын сапат жагынан кедери кете берет.

Айтор, Кыргызстанда төрт түлүктүн башы 10–15 миллионго эч качан жетпейт, жамырап көбөйүп берсе, 5–6 миллионго гана чаап барышы мүмкүн. Ошондо деле киши башына бирден гана мал туура келип калат. Албетте, бул да аз.

Тоолорубуз кооз, табиятыбыз таза, Ысык-Көлүбүз керемет, туризм тармагын өрчүтсөк байып жатып калабыз деген ойдо жүргөн кыргыздар да арбын. Алар Кыргызстандан тышкары дүйнөдө биздикиндей тоолор, көлдөр, экологиялык таза шарттар жок деп түшүнөт окшобойбу. Биздикилердин тилегине каршы, жер жүзүндө кыргыз тоолорунан бийик тоолор аз эмес, жайкы эс алуу сезону 1,5 айдан ашпаган Ысык-Көлдөн сонун көлдөр жана деңиздер абдан көп, анан да алардын кылаасында жыл бою эс алууга болот. Экинчиден, эс алчу же саякат кылчу жерлер бай өлкөлөргө жакын, алардын сервиси, коопсуздук шарттары идеалдуу. Европанын, Араб өлкөлөрүнүн, Япониянын, Американын, Канаданын бай туристтери, бардар пенсионерлери, карапайым эс алуучулары эң оболу ошол жактарга кетет, альпинисттер болсо Непалга барат. Ал эми аталган өлкөлөрдөн кокусунан адашып Кыргызстанга келип калгандар биздин ач белдерде жатып, тамак-ашыбызды ичип, башка сервис сөрөйлөрүбүздү көрүп, бажыкана, милийса, коопсуздук жааттарындагы өкмөтчүлөрдүн кылгылыктарын баштан кечирип, кээде каракталып, башка ыдыктарды жеп, акыры бизден көңүлү үч көчкөн журттай калып, «Кыргызстанды желкемин чуңкуру көрсүн» деп кетет. Кыскасы, жакын арада бизге төгөрөктүн төрт бурчунан туристтер, дем алчулар, саякатчылар күргүштөп келбей турганы деле айдан ачык. Бизге эс алганы азыр Казакстандан келип атышат, турмушу оңолгондор Өзбекстандан, орточо жашаган орустар Сибирден келиши мүмкүн. Орустардын чоң байлары Испания, Франция, Египет, Тайланд, Бали жактарга, орто байлары Греция, Түркия, Кипрге барууда. Мындайлардын бизге келгиси жок. Жаныбыздагы россиялыктар келбесе, алыстагы европалыктар, америкалыктар, япондор келет беле?

Демек, туризмден көп пайда көрөбүз деген да жалган элес.

*      *      *

Садагасы кетейин тоолордун өксүк жактарын санай берсе, сөз узара берет

Мисалы, Ата Журтубузда кар көчкү, жер көчкү, сел жүрбөгөн, дарыялар ташып кутурбаган, жер силкинбеген жылдар өтө сейрек. Албетте, мындай табият кырсыктары эли-журтубуздун турмушунун жакшырышына жардам берип жаткан жери жок.

Илимде «географиялык детерминизм» деген түшүнүк (концепция) бар. Анын мааниси мындай чечмеленет: бир эл-журттун экономикалык өнүгүш даражасы анын ата конушунун табият шарттарына жана географиялык ал-жайына жараша болот. Бул илимий түшүнүктө чындыктын үлкөн-үлүшү бар. Мисал келтирели, Жер жүзүндө куду Кыргызстан сыңарындай тоолор арасына жайгашкан өлкөлөр анча деле көп эмес: Россияда – Дагстан, Латын Америкасында – Перу жана Гондурас, Түштүк Азияда – Непал, Тибет, Бутан, Европада – Швейцария. Булардын Швейцариядан башкаларында жашап тургандар кыргыздардан да жакыр бойдон калууда. Жакын арада жакшы жашап кетчүдөй түрү жок. Себеби тоолор өз боорунда күн көрүүгө кириптер болгон калктын басымдуу көпчүлүгүн жалчытпайт, ирдентпейт, оожаландыртпайт.

Мен эли-журтубуздун жалпы жонунан кедейчилигинин бир себеби тоолорубуз экенин айтсам эле, кээ бир башын иштетип көрбөгөн улутташтарым бетиме Швейцариянын ал-жайын ысык камырдай баса коёт. Анын үстүнө баягы жылдары расмий түрдө мындай азгырмалуу идея ортого айтылбады беле: «Кыргызстан Орто Азиянын Швейцариясы болот» – деп. Ушуга байланыштуу өз убагында мага бир журналист суроо берген эле: «Кыргызстан Швейцария боло алабы?» Менин оозуман мындай жооп чыккан: «Боло алат, бирок бир шарт менен. Эгер Кытай АКШдай, Тажикстан Италиядай, Өзбекстан Франциядай же Англиядай, Казакстан Германиядай байып жатып калса, Кыргызстандын Швейцария болбоско айласы жок».

Биздин чилистендер Швейцария атам замандан бери эле азыркыдай бай өлкө бойдон келатат деп ойлойт окшобойбу. Тарыхтан белгилүү: XIX кылымга чейин эле швейцариялыктар бүгүнкү кыргызстандыктар сыяктуу өлбөстүн күнүн көрүп жүргөн. Ал заманда бөлөк-салак немис мамлекетчелеринин, Австро-Венгриянын, Чехиянын, Италиянын, Франциянын калайык-калкы деле кедей жашап турган. Качан гана кошуна мамлекеттер өнүп-өөрчүп, байып, цивилизацияланышып кеткенде, ошонун аркасы менен Швейцариянын экономикалык ал-жайы да оңоло баштаган. Демек, тоолуу Швейцариянын байып алганынын бир себеби анын ыңкып байыган өлкөлөрдүн курчоосунда турганында, берекеси ашып-ташкан Европанын ортосунан орун алганында экени талашсыз.

Тилекке каршы, Кыргызстанды курчап турган чоң-кичине өлкөлөрдө азырынча кой үстүнө торгой жумурткалай элек, цивилизациялык каада-салттар, тартиптер, түшүнүктөр да орун-очок ала элек. Өзүнөн сапаттык айырмачылыгы жок мамлекеттердин арасына камалып турганда Кыргызстандын Швейцария болуп кетери да шектүү.

Биздин Ата Журтубуздун өңчөй тоолор арасынан жай алганы аз келгенсип, окчун, буйга, туюк чөлкөм болгону да кейиштүү.

*      *      *

Жергебиз эл аралык поезд, кеме, асфальт жолдорунан четте турат

Демек, жерибизден транзит поезддер же кемелер өтпөйт, асманыбыздан башкалардын учактары (самолёттору) учпайт. Биздин асфальт жолдордон жадагалса өзбек, казак туугандар пайдаланбайт. Жолдон өтүү жагынан биз аларга күнкор гана эмес, кызылдай эле корбуз! Казакстан менен Өзбекстандын бажыкана, автоинспекция, милиция кызматкерлери сыяктуу паракор, таш боор, аксым «тартип сактоочулар» цивилизациялашкан өлкөлөрдүн биринде да жоктур, балким, Борбордук Азия катарында деле орто кылымдарда болгон эместир?

Эңгезердей Кытай мамлекети өзүнөн товар алып чыкканга ачык, бирок өзүнө азык-түлүк же товар алпарып сатканга жабык, ошондой эле Пакистанга, Индияга базарчылап барганга да уруксат бербейт.

Айтор, тоолорго бай өлкөбүздүн туюкка камалып, али цивилизациялашпаган кошуналар менен курчалып турганы биздин элдин экономикалык жактан ирденишине көмөктөшкөн факторлордон эмес. Өлкөбүздүн географиялык абалы жөндүү-жайлуу эмес экенин сокур туюнган кээ бир өкмөтчү кыргыздар да бар. Алар Түндүктөн Түштүккө, Кытай чек арасынан Жалал-Абад, Алма-Атадан Чолпон-Атага темир жол куруу долбоорлорун анда-санда жар салып жүрүшөт. Баса, биздин көзү жок баатырлар Балыкчыдан Кара-Кечеге темир жол, Таластан Бишкекке, Алма-Атадан Ысык-Көлгө кара жолдор салып ийебиз деп чамынып элди дүрбөтпөдүбү, алда канча акча, адам жана техника күчүн жумшап, анан башталган иштин үдөөсүнө чыкпай таштап салбадыбы. Эми ал тоолор кыргыз кыялкечтигинин, атүгүл дөдөйлүгүнүн оркойгон эскерткичтери сыяктуу бүлүнүп, жемирилип, ышпалдасы чыгып жатпайбы. Табияттын бөөдө бузулганынан, каражат, эмгек, үмүт-тилек курулай сапырылганына жоопкер болгон, уялып койгон демилгечилерден бирөө жок. «Жолуңар эмне болду?» – деп массалык маалымат каражаттары аркылуу бакырып сурап койгон кыргыз жок.

Кыргызстандын калкынын, айрыкча кыргыз элинин оор басымдуу көпчүлүгү азыр гана эмес, мурда деле жарды жашаганынын көп себебинин бири өлкөбүздүн тоолор арасынан, Борбор Азиянын туюк, окчун жеринен орун алганына байланыштуу экени өз алдынча ойлоно билген киши үчүн айдан ачык. Бирок бул көз көрүнөө чындыктын эмнегедир биздин билимдүүлөр тарабынан эмдигиче этибарга да алынбаганы аң-таң калтыра турган факт!

Кыргызстан аймагынын алты пайызы гана түздүк эмеспи. Тилекке каршы, кыргыздар берекелүү өрөөндөрдү жайында ысык, чымын-чиркейлүү, калың камыштуу деп чанып, салкын, малга жайлуу, тынч деп тоолордун араларына же этектерине кача берген турбайбы. Мисалга, Чүйдүн Казакстанга ыктаган тарабын алалы. Кара-Балта – Чалдыбарга кеткен кан жолдун (трассанын) түндүк жагы мелмилдеген түзөң экен, айдоо жери, суусу, аптабы мол экен, дыйканчылыкка деле, мал бакканга деле ыңгайлуу экен, ошо берекеси төгүлүп турган чөлкөмгө келгин «тили буруулар» отурукташып алыптыр. Алар тоо этектерине байырлап, көпчүлүгү илгертеден эмдигиче кедей бойдон калган кыргыздарга караганда мурда деле байыраак турчу, азыр деле ошондой. «Көсөөнүн акылы түштөн кийин» дегендей, оокат кылуу жагына келгенде өрөөндөр кокту-колоттордон артык экенине бир кылым кечигип көзү жеткен Нарындын, Көлдүн, Түштүктүн тоолук кыргыздары ошо трассанын түндүк тарабынан сүрүлүп келип, эчак орун-очок алып алган келгиндерге түрткүнчүк да, малай да болуп шорлоп атпайбы. Фергана өрөөнүнүн  Кыргызстандагы чегине кирген чет жакасы деле XIX кылымда ээн эле экен, аерге кыргыздар очоюп отурукташып алса болмок. Бирок алар тоолор жакка ык сала берип, аердин көп бөлүгүн башкаларга ээлетип ийиптир.

Баса, Батыш Чүйдүн Казакстанга ыктаган жагында, орус кыштактарынын арасына 1930-жылдары бир-эки кыргыз кыштагы түшүп калган экен, алардын тургундары кошуна орустардай, дунгандардай, даргиндердей байгер болбосо да тоо этектерин мекендеген кыргыздардан тыңыраак жашайт экен, бир жолу атайын барып көрүп келдим.

Бирок Чүйдүн Чалдыбардан Быстровкага чейинки түштүк (тоо жак) тарабында деле орус, немис кыштактары бар го. Алардын тургундары жанаша кыргыз айылдарынын кишилеринен кыйла эле дурус оокат кылат экен. Жанаша жашаган кыргыздар менен «тили буруулардын» турмуштук ал-жайы арасындагы айырмачылыктар мындай суроо туудурат: кыргыз элинин кедейчилигинин баш себеби, алагушту атынан айтканда, анын жалкоолугунда эмеспи?

Берекеси өзүнөн өзү төгүлүп турган тропикалык аймактарда жашагандар бейгам, оюнкараак, жалкоо боло турганын саякатчылардын китептеринен билебиз. Мээнеткеч элдер мээлүүн климаттуу, түз рельефтүү, географиялык абалы ыңгайлуу, бирок ички-тышкы байлыктарын оңой менен адамга бере койбогон аймактардан чыкканы да тарыхтан белгилүү. Мындай аймактарда жашаган кишилер өз ырыскысын табияттан ашыртып алыш үчүн жан аябай тынымсыз тырбалаңдап эмгектенүүгө кириптер болот. Ал эми адам баласы өз эмгегинин шарапаты менен гана кара күчүн да, акыл-эсин да өстүрөт, иштерман, айлакер, бирдемени ойлоп тапканга ыктуу болот.

Кыргызстандын климаттык шарттары тропикалык мүнөздө эмес, катаал, мерес, а тургай ырайымсыз. Биерде жакшы (комфорттуу) жашаш үчүн тыным билбей каржалып иштеш керек. Ушундай жагдайдан улам кыргыздар кытайдай мээнеткеч болууга тийиш эле. Бирок совет дооруна чейинки кыргыздар эмгекчилдиги менен айырмаланган эмес.

*      *     *

Албетте, мунун себеби көчмөн турмушка байланыштуу

Арийне, көчмөн элдер табият менен байланышпайт, анын стихиялуу күч-кубатын өз пайдасына иштетпейт, андан өз ырыскысын тырмышып, айла-амал таап атып өндүрбөйт, тек гана жаратылыш шарттарына пассивдүү ыңгайлашып, адамдык муктаждыктардын минимумуна (курсак тойгузганга, ысык-сууктан корунганга, үстү-башы бүтөлгөнгө) ыраазы болуп, өлбөстүн күнүн көрүп жүрө берет. Албетте, табият ыгына көнүп эптеп жашай берүү кишилерди ыкшоо кылып, акыр аягы «күн өтсө эсеп» дегендей кыргызда гана бар принцип менен күн көрүүгө жатыктырып салат.

Маселен, көчмөн кыргыздар жай келсе бийик тоолорго көчүп чыгып, кыш жакындаганда жапысыраак кокту-колотторго, кар жукпас адырларга, кышы жумшагыраак өрөөндөргө көчүп түшүп, табияттын амирине баш ийип жашаган. Жайлоого барганда бейиштин четин көрүп, кыш келерин капарына алган эмес, кышында жайлаганга гана ылайыктуу боз үйлөрүндө же алачыктарында тозоктун четин көрүп, кыйналып-кысталып «өлдүм-талдым менен кыштан чыкканынан эч кандай сабактар алган эмес. Бул психология Тоголок Молдонун «Иттин доолдай тиктирем дегени» аттуу тамсилинде таамай берилген.

Көчмөн кыргыздар көбүнчө төрт түлүк мал менен жан бакан. Бирок малын кыштан муңдурбай асырап чыгарыш үчүн жайында атайын кам көргөн эмес. Убагында жетиштүү чөп оруп, боолап же чөмөлөлөп, үймөктөп же мал кыштатчу жайытка ташып алуу алардын оюна келген эмес. Анан кар очойто калың жаап, суук көпкө катуулап туруп алса, негизинен, ачык талаада жерден кар тээп оттоо менен кыштан ыргалып чыкчу төрт түлүк боо түшүп кырылып калган. «Бай мактанса, бир жуттук» деген ушундай ачуу турмуш чындыгынан сыгылып чыккан макал кыргызда гана бар.

Ырас, мал багуу деле мээнеттүү жумуш. Мисалы, ушул азыр он чакты уйдун жеп-ичкенинин калдыктарын күн сайын күрөктөп тышкары чыгарып туруу үчүн эле көп убакыт, оңбогондой жан үрөө талап кылынат эмеспи. Бирок көчмөн кыргыздар малынын кык-сыгын тазалап убараланган эмес, бир конушту булгап, чылалап, тоздуруп коюп, экинчи жерге көчө качкан да, аерге деле көп өтпөй мурдагысынын таз кейпин кийгизген.

Көчмөн кыргыздар чымырканып, жан кыйнап, сабырдуулук көрсөтүп ноюбай иштөөнү сураган жумуштардан, айталык, там-таш кургандан, көмүр же башка кендер казгандан, жадагалса тоок баккандан жаа бою качкан, а тургай дыйканчылыкты кызылдай мээнет деп билип, андан алдын-ала заарканып турган. Ушуга байланыштуу бала чакта чалдардан бир аңыз сөз уккан элем, эмгиче эсимде сакталуу.

Болжолу, бул окуя XVIII кылымдын аягы – XIX кылымдын башы ченде болгон го. Биздин айылдык бирөөнүн таякеси мурдатан отурукташып калган чөлдүк (ичкилик) кыргыздардан экен, жээндериникине келип, айылдын топурагынын эки метрдей капкаралыгын көрүп аң-таң калыптыр, кийинки жылы келип, бир гектардай жерге дың бузуп буудай айдаптыр. Буудай коолап-чайлап чыгып, көйкөлүп көзгө көрүнүп калганда, баягы таякенин жазында коңуздай тоңкочуктап буурусун менен дың бузуп, кесектерин майдалап, үрөн сээп, малалап жүргөнүн көргөн көпкөлөң жигиттер: «Бул тагабыз бизге кызылдай мээнет апкелип, кутулбас куяга калтырчудай» – деп буудай аңызга жылкы үйүрүн каптатып, жедирип, беделерин майкандашып таштаптыр. Мээнетинин сая кеткендигине күйүп-бышкан таяке «айылыңарды желкемин чуңкуру көрсүн» деп этеги жыртык чапанын далысына арта салган бойдон кыштагына качып кетиптир.

Бирок XIX кылымдын орто ченинде эле кыргыздар эгин эгип калган турбайбы. Дал ошол тушта Кыргызстандын түндүгүнө эки жолу келип кеткен түрколог В.В.Радлов кыргыздар (болгондо да аркалыктар) казактарга караганда аштыкты көп айдайт экен деп жазыптыр. Мунун өзү көчмөн кыргыздардын малчылык менен тең катар дыйканчылык да кылганынын далили эмеспи?

Чачыранды кыргыз уруулары кошуна калмак, уйгур, казак, өзбек, тажик элдерин чаап алып, мал-мүлкүн олжологонго, өзүнө багындырып, алардан салык малын өндүрүп турганга алсыздык кылган. Тескерисинче, кыргыздар өздөрү дайыма чет элдик эзүүнүн объектиси болуп, алман төлөөгө мажбурланып келген. Экинчиден, кыргыз арасында жуттар улам-улам кайталана берип, үздүксүз каатчылык туудурган. Көчмөнчүлүк жедеп мукуратканда кыргыз уруулары айласыз жер иштетүүгө өтө баштаган. Бул процесс өзбек фольклорунда таамай белгиленген:
«Кыргыз, кыргыз кырылды,
Бир бурчэкке тыгылды,
Өлэй, өлэй дегэндэ
Кетмэн ала йугурди».
Демек, кыргыздар турмуш кыйнаганынан дыйканчылыкка баш оодарган. Бирок алар эрте жаздан кеч күзгө чейин күн сайын жанды жанга уруп тынымсыз иштемейинче өнүм бербеген жашылча, коон-дарбыз, мөмө бактарын өстүрүүгө жолобой, жазында эптеп-септеп жер чийип, үстүнө үрөн сээп, ошо бойдон жай ортолой гана оруп ала турган буудай, арпа, таруу эгүү менен чектелген. Бул дыйканчылык жалкоонун дыйканчылыгы болуп, кыргыздарды мээнеткечтикке көндүргөн эмес.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз