Илим жана инсан

  • 21.05.2021
  • 3205

Альберт Эйнштейндин турмушунан 10 кызыктуу окуя

Эйнштейн өз мезгилинин эң кызыктуу адамдарынан болгон. Анын жашоосу ар кандай болумуштарга, имиштерге бай...

1. Эйнштейндин тили кеч чыккан, айрым булактарда 5 жашка чейин жакшы сүйлөй алган эмес. Тили чулдурап, бир нерсе айтарда адегенде сөзүн өзүнчө кайталап алып, андан соң угуза айтчу экен.

2. Аны мектепте жаман окуган деп жаңылып жүрүшөт, ал туура эмес. Ал көп сабактардан өзүнүн теңтуштарынан жакшы окуган. Бирок мугалимдер аны жактыра беришчү эмес. Анткени ал ар нерсеге өз көз карашы болуп, талашып-тартышканды жакшы көргөн.

3. Эйнштейн өмүр бою жел кайыктарда сүзүүнү жактырып, анысын таштаган эмес экен. Ал көбүнчө яхтада жалгыз сүзгөндү жакшы көрчү дешет.

4. Эйнштейн аялдарды жакшы көрчү, аялдар да аны андан кем жакшы көрүшпөптүр. Романтикалык каттар, көңүл ооруткан ажырашуулар, эки ата өтүшкөн карындашына үйлөнүү, көп сандаган ала жипти аттоолор... Генийдин сүйүүдөгү окуяларынан оңой эле адашса болот.

5. Эйнштейн АКШга көчүп барганда анын артынан ФБР тынымсыз аңдып жүргөн. Ал өлгөнчө анын үстүнөн аңдуулардын жыйынтыктары бир жарым миң баракка толтура жазылган экен. Алар аны СССРдин тыңчысы деп эсептешкен.

6. Эйнштейн согушту жек көрсө да, Америкага атом бомбасы керек деп эсептеген. Анын мындай карама-каршы пикирде болушуна 1939-жылы улутчул Германияда бул багыттагы иштерди жүргүзө баштаганы себеп болгон. Келе жаткан коркунучту сезген физик Франклин Рузвельтке өзүнүн кеңири белгилүү катын жазып, Манхеттен долбоорунун башталышына себепчи болгон.

7. Израилдин биринчи президенти Хаим Вейцман каза болгондон кийин ага анын ордун ээлөө сунушу түшкөн. Бирок физик мамлекеттик иштерде тажрыйбасы жоктугун айтып, макулдугун берген эмес.

8. Эйнштейн эч качан бутуна байпак кийбептир. Ал тургай расмий жолугушууларда да бул адатынан жазган эмес. Кээ бирөөлөр муну менен анын карапайым элге жакын болгусу келгенин айтса, айрымдары анын өзүн бирөөлөрдүн көз караштарынан көз карандысыз, эркин алып жүргөндүгү менен түшүндүрөт.

9. Көп жылдар бою Эйнштейн тишин жууган эмес. Окумуштуу тиш щётканын кылы “алмазды да жешип салганга жөндөмдүү” деп эсептеген. Бирок анын биринчи аялы Милева Марич акыр жүрүп генийди гигиенаны сактоого үйрөткөн дешет.

10. Эйнштейн адамдардын логигалык ой жүгүртүүлөрүн сыноо үчүн атайын маселе ойлоп тапкан деген болумуш бар. Анын мааниси – кагаз, калем албай оозеки төмөндөгү эсепти чыгарыш керек экен. Сиз да байкап көрүңүз.

Көчөдө беш үй турат.

Англис адамы кызыл үйдө жашайт.

Испандыктын ити бар.

Жашыл үйдө кофе ичишет.

Украиналык чай ичет.

Жашыл үй ак үйдүн оң жагында жайгашкан.

Old Gold сигаретин чеккен адам үлүл өстүрөт.

Сары үйдө Kool. Чегишет.

Ортоңку үйдө сүт ичишет.

Норвегиялык биринчи үйдө жашайт.

Анын Chesterfield чеккен кошунасынын түлкүсү бар.

Ат баккан адамдын кошунасы Kool чегет.

Lucky Strike чеккен адам апельсиндин ширесин ичет.

Япондук Parliament чегет.

Норвегиялык көк үйгө кошуна жашайт.

Ким суу ичет? Ким зебра багат?

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз