Кытайлардан жашоо тууралуу экмет

  • 09.08.2021
  • 3739
  • Жеңишке жетер кезде багынып берүү азгырыгы бөтөнчө күчтүү болот.
  • Жашоо кызыгы колдон келишинче кечирек, бирок жаш боюнча өлүүдө турат.
  • Эгерде сөзүң айланаңдагы тынчтыктын кереметтүү сулуулугун арттырбаса, унчукпай койгонуң жакшы.
  • Миң чакырымга саякат бир кадамдан башталат.
  • Күчтүү адам – тоскоолдуктарды жеңүү үчүн күрөшөт, а акылман – бүткүл жолду утууга бел байлайт.
  • Жай жүрүүдөн коркпо, токтоп калгандан корк.
  • Жиндинин бактысы да элдикинен башкача.
  • Чалынып жыгылганың – сөзсүз эле башка багытка бара жатканыңдын белгиси эмес.
  • Күлкү чыгып турган алачык, зериктирген хан сарайдан артык.
  • Тоону ордунан жылдырган адам, майда таштарды ташуудан баштаган.
  • Ар бир нерсе, өз убагында болот.
  • Кемчилигиңди көрсөткөн адамдын баары эле душманың эмес, мактагандардын бардыгы эле досуң эмес.
  • Билбей калгандан коркпо – үйрөнбөй калгандан корк.
  • Мугалим каалганы гана ачып берет, андан аркы сапарыңарды өзүңөр улагыла.
  • Шамал канчалык катуу болсо да, тоону ордунан козгой албайт.
  • Кемчиликсиз дос болбойт, эгерде кемчилигин чукулай баштасаң доссуз каласың.
  • Бактысыздык ага ачып берген эшиктен гана кирет.
  • Кызарганга жөндөмдүү адамдын, жүрөгү кара болушу мүмкүн эмес.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз