Фетхуллах Гүлен: Тилди тишке каткандан өткөн жан чыдаткыс оору жок

  • 02.09.2021
  • 4812

Агер баштаган ишиң адегенде уудай ачуу болсо, акыры ал таттуу балга айланат, мына ушунун өзү сөзсүз, чыдамкайлык. 

*       *       *

Чыдамкайлык – бийиктеги адамдын туруктуу абалы.

*       *       *

Чыдамкайлык менен ийгилик экөө эки башка болсо да, арийне, экөөнү бири биринен ажырагыс эгиз десек болот.

*       *       *

Чыдамкайлык менен этияттык – көздөгөн тилегиңе жеткире турган жолдун эң мыктысы.

*       *       *

Бекемдиктен өткөн бийик намыс болбойт!

*       *       *

Сенин жолуң айныксыз туура кезинде начар адам сага кылчалык да кыянат кылбайт.

*       *       *

Майда көрүнүшкө маани берүү – майда адамдын иши.

*       *       *

Менменсинген адамдарды турмуштун тегирмени майда улпакка айлантып коёт.

*       *       *

Чыныгы кожоюнсуз буюмга ар ким ээлик кыла берет.

*       *       *

Шыбыр-күбүр кептер кийимге жуккан күбө сыяктанып, адамды акырындап жей берет.

*       *       *

Калпты калдыр-кулдур шаң коштосо, чындыкты жымжырттык коштойт.

*       *       *

Көз жаш – бул жүрөктө толгонгон сезим күүсү.

*       *       *

Компасы жок кораблдин барар жери – деңиздин түбү.

*       *       *

Кекирейген адамдардын жүрөгүндө ишенимдин тактысы бекем болбойт.

*       *       *

Ичиң өрттөнүп атса да тилди тишке каткандан өткөн жан чыдаткыс оору жок.

*       *       *

Чындык – жалгыз, агер адамдарды андан ажыратса, алар түрдүү түстүн арасында адаша берет.

Которгон Олжобай ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз