Деңиз боюндагы Ала-Дөбөт Айтматовго кантип тартууланганы...

  • 09.10.2021
  • 3470

Чыңгыз Айтматов жана Владимир Санги. Деңиз боюндагы Ала-Дөбөт. Сюжеттин тартууланышы.

Владимир Санги: Мен Айтматовду өтө сыйлайм. Бир курдай Москвада жолуктук. Конокко келген. Нивх элинде конокко келген кишиге белек тартуулоо салты бар. Мергенчиликте атканда сая кетирбеген "Барс" деген мылтыкты даярдап койгом, ошону тартууладым. Айтматов албай койду. "Эмнеге?" - десем, "мындай мылтыгым бар" - деп жооп берди. Мен аны кепке тартып, өз башымдан өткөн бир окуяны айтып бердим. Аны жазайын деп, сюжетин даярдап койгом. Мен сюжетти сүйлөп атканда Айтматов кунт коюп угуп, ордунан тура калып, конок бөлмөнүн ичинде ары-бери басып, тынч ала албай калды. Ошол маалда аялым ашканада куштун этин бышырып жаткан. Якутиядан ала келген элем. Мен сөзүмдү улап, Айтматовго жердин жаралышы, Лувр кушу жайындагы аңызды айтып бердим. Айтматов толкунданды. "Жактыбы?" - десем, "жакты!" - деди. "Анда эмесе сюжетти сага тартуулайм!" - дедим. Айтматов кубанып кетти. Кубангандан мени кучактап ийди. "Жазайын. Жазайын да сага арнайын" - деди.

Арслан Койчиев: Повесть Сиз күткөндөй чыктыбы?

Владимир Санги: (күлүп) Англичандар англичандарды жазыш керек, кыргыз кыргызды жазыш керек. Айтматов өмүрүндө бир ууч нивх элинин бир эле өкүлүн – мени гана көрдү, мени менен гана жолукту да. "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" деп атап, повестти тез эле жазды. "Дружба Народов" журналына жарыяланды. Андагы адамдардын ысымдарын менин чыгармаларымдан алганын айтты. Жалпысынан алганда, маселен, деңиз менен адам темасын келиштирген. Бирок, деталдарга келгенде...

Арслан  Койчиев: Повесть – Айтматовдун окурмандарын тамшандырган чыгармаларынын бири. Мен да аны маал-маалы менен барактап турам.

Владимир Санги: "Дружба Народовдун" редактору Сергей Баруздин рецензия сураганда жазган эмесмин. Мен пикиримди жазып, Айтматовдун өзүнө бергем.

Арслан Койчиев: Сюжеттеги окуяларды башыңыздан кечиргенде канча жашта элеңиз?

Владимир Санги: Он эки жашта болчумун.

Арслан Койчиев: "Ала-Дөбөт" аталган тумшук өмүрүңүздө терең роль ойногон экен.

Владимир Санги: Ооба. Мындан бир канча жыл илгери, 1996-жылы Сахалинге биротоло көчүп келдим дагы, Ала-Дөбөт тумшугун сатып алдым. Ошол жерге эки үй курдум. Келсең көрөсүң, ала дөбөт багам.

Арслан Койчиев: Буюрса. Балким, мага да сюжет тартууласаңыз, барып калаармын.

Владимир Санги: Кел. Келсең сүйлөшөбүз. Август айында кел.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз