Кыйын кезеңде ден-соолукту сактоо жөнүндө Ибн Синанын айткандары

Учурда дүйнөдө болуп жаткан кырдаалда, алтынга да сатып алганга болбой турган ден-соолук жөнүндө сөз кылсакпы дедик.

Байлар да, кедейлер да, жаштар да, карылар да оорушат. Бирок ооруну ар ким ар кандай көтөрөт: бирөө оңой эле айыкса, экинчиси оор абалга тушугат. Мен доктур эмесмин, ошондуктан кантип дарыланыш тууралуу сөз козгобойм. Окуучуларга өзүнүн денесин жана жан-дүйнөсүн кантип таза алып жүрүү, ден-соолукту кантип сактоо керектиги жөнүндө пикиримди билдиргим келди.

Бул тема азыр өтө актуалдуу. Учурдагы доктурлар бардыгы бир ооздон күчтүү иммунитет бардык оорулардан сактай турган калкан дешет. Бирок биздин кутургандай ылдам учкан жашообузда өз иммунитетибиз менен ден-соолугубузду жогорку деңгээлде сактоо оңой дейсизби?

Биринин артынан бири чыккан көйгөйлөр, оокат деп түн уйкусунан калып, таң атпай туруулар, чыр-чатактар, талаш-тартыштар стресске алып келип, ден-соолугубузга оңбогондой соккуларды уруп жатпайбы.

Дарыгерлер уйкуну кандыра уктап, таза абада сейилдеп, оюн-күлкү менен дайыма жакшы маанайда жүрүүнү сунушташат.

А мурда кандай болду экен? Келгиле, бул маселе боюнча өткөн кылымдардын акылмандары эмне дешкенин карап көрөлү. Балким, кылымдардан кылымдарга келе жаткан ошол акылман ойлордон өзүбүзгө пайдалуу кеңештерди табарбыз.

Авиценна (Абу Али Хусайн ибн-Абдаллах ибн-Хасан ибн-Али ибн-Сино, 980 г—1037-ж), бизче айтсак – Улукман. Ал, адамзат тарыхында өзүнүн өлбөс-өчпөс изин калтырып кеткен улуу инсан. Атактуу окумуштуу, философ, акын. Бирок, ал баарыдан мурда мыкты дарыгер катары таанылган.

Ал 17 жашында эле элди, ал тургай бийлик төбөлдөрүн дарылап айыктырып, андан башка дарыгерлер кеңеш сурап кайрыла башташкан. Ал медицина илимине зор эмгек сиңирген. Анын эмгектери ушул күнгө чейин колдонуудан чыкпай келет.

Анын эң мыкты жетишкендиги: 700дөн ашуун оорулардын белгилерин, ал оорулардын кандай жүрүшүн, аларды кандай дарылоо керектигин сүрөттөгөн медициналык энциклопедияны түзүп кеткендиги. 5 томдук китепте адамдын бардык органдарынын уулануулардан, эпидемиялардан, ар кандай дарттардан кантип дарылоо керектиги; дарылар курамы жана аларды жасоонун ыкмалары туурасында кенен айтылган.

Ал эми Ибн Синанын бүгүнкү шартта колдонбой коюуга болбой турган эки-үч ой-пикирин келтире кетелик.

“Өз убагында жана ченеми менен физикалык көнүгүүлөрдү жасаган адам, ооруну дарылоого багытталган аракеттерге муктаж эмес”.

Бизге ар дайым спорттун, эртең мененки физикалык көнүгүүлөрдүн, денебизди чыңоонун пайдасы жөнүндө кулагыбызга куюп келе жатышпайбы. Көрсө, мындан 1000 жыл мурда деле ошондой болуптур. Мурдагы дарыгерлер деле бүгүнкү дарыгерлер берген кеңешти берип келишкен экен.

“Физикалык көнүгүүлөрдү жасабай таштап койгон адамдын организми көпчүлүк учурларда алсырай баштайт, анткени анын органдарынын күчү кыймылсыздыктан улам азаят”.

Эгерде спорт менен машыгууларга шартыңыз болбосо, аны жөө басуу, таза абада сейилдөө менен алмаштырса болот. Аба ырайынын ар кандай шартында сейилдөөнү токтотпосоңуз, өзүңүздү жеңил сезип, жакшы маанайда жүрө баштаганыңызды байкайсыз. Сейилдөөнүн дагы бир артыкчылыгы, ал жашка да, карыга да бирдей пайдалуу. Кыймыл ар бир клеткаңды кислород менен азыктандырып, күн нурунан Д витамин алууну шарттайт. Бул ден-соолукту чыңап, иммунитетти көтөрүүгө чоң өбөлгө.

“Бекерпоздук менен жалкоолук түркөйлүктү гана жаратпастан, оорулардын жаралышына да себепчи болот”.

Тилекке каршы, үйлөрүнөн чыкпагандарга бул көбүрөк тиешелүү. Адамдар аз кыймылдашат, убактысынын көбүн интернет кароо менен өткөзүшөт. Анан ден-соолуктары начарлап, буту-колдору, ички органдары ооруп, ашык салмак жыйнашат.

Акырында Ибн Синанын дагы бир сөзүн келтирелик: “Ичиңдин ооруганын ооруп көргөн адамга айт, ооруп көрбөгөн адам түшүнбөйт”.

Чындыгында эле көпчүлүк адамдар өздөрүнүн ден-соолуктарына салкын мамиле кылышат. Баштарына келгенде гана чуркап калышат. Бирөөнүн оорусун бирөө түшүнүшү мүмкүн эмес. Өзүнүн башынан өткөзмөйүнчө, бирөөлөрдү түшүнүү кыйын.

Даярдаган Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз