Өлүм бул – адамзаттын эң улуу көз боочусу. Биз жашап турганда ал али келе элек болсо, биз өлгөндө? эбак келип кеткен болот.
* * *
Менде каалоолор канчалык аз болсо, Кудайга ошончолук жакынмын.
* * *
Ааламды ким ордунан жылдыргысы келсе, ал адегенде өзүн жылдырсын.
* * *
Эгер адам ден соолугуна өзү көзөмөл кылса, анда ага өзүнөн ашкан дарыгер табуу кыйын.
* * *
Жандүйнөнү дарылабай туруп, денени дарылоого болбойт.
* * *
Боорукерлик жана пайдалуулук жок жерде сулуулук да болбойт.
* * *
Жаман адам башкаларга өзүнө пайдасы жок болсо да зыянын тийгизет.
* * *
Бир гана пайдалуу нерсе бул – билим. Бир гана зыяндуу нерсе бул – түркөйлүк.
* * *
Өз тажрыйбасына таянбай туруп акыл айткан адам ишенимге татыксыз. Атүгүл мени мисал келтирсе да.
* * *
Мен жашаш үчүн тамак жейм. А кээси тамак үчүн жашап жүрү.
* * *
Адамдарды канчалык билген сайын, өзүмдүн иттигимди ошончолук баалай баштадым.
* * *
Эгер жумушуң туурасында кимдир-бирөө менен кеңешкиң келсе, адегенде ошол адамдын өз иштери кандай болуп жатканына саресеп сал.
* * *
Мен эч нерсе билбестигимди гана билемин, бирок башкалар ушуну да билишпейт.
* * *
Эчтекеге карабай үйлөн. Эгерде аялың жакшы чыкса, бактылуусуң, а жаман чыкса, акылманга айланасың.
* * *
Өлүм эмне экенин билбегенибиз үчүн андан коркуу акылга сыйбайт.
* * *
Досторду калп мактоолор менен эмес, сүйүүнүн чыныгы сөздөрү менен таап ал.
* * *
Шермендечиликте жашагандан көрө, эрдик менен өлгөн артык.
* * *
Сөз таасир этпеген жерде, таяк да жардам бербейт.
* * *
Табигат бизге эки көз, эки кулак берип, биз сүйлөгөнгө караганда көбүрөк көрүп жана угушубуз үчүн бир гана тил берди.
* * *
Ар бир адамда күн жашайт. Болгону анын жарык чачуусуна жол бергиле.
* * *
Чөнтөгүндө тыйыны жок адам эмес, кыялы жок адам кедей.
* * *
Ишти жасагысы келген адам анын жолун издейт, жасагысы келбеген адам шылтоо издейт.
* * *
Таңкалыштуу: ар бир адам канча кою бар – жатка билет, бирок ар ким эле канча досу барын айта албайт, достуктун баасын ушундан бил.
Орусчадан оодарган Назгүл ОСМОНОВА