Кыял Тажиева: Телефон

  • 10.02.2022
  • 7556

Балдар текебер, өзүмчүл, жалакай анан түнт. Телефон адамзат жашоосун жеңилдеткени менен адамга тиешелүү эң сонун адамгерчилик сапатты жутуп алды. Ар бир нерсе өз баасына жараша нерсесин алат. Телефондун баасы бизге ушунча турду.

Адилет бала кезинде көчөдө ойногон досторун жоготуп алгандан коркчу. Анткени, ойнобой коюшат, кошпой коюшат. Жалгыз калгысы келбейт. Апасынын, атасынын тилин албай койгондон коркчу. Аябай коркчу. Үйдөгү оокаттарды жасабаса апасы эшикке жибербей коёт. Ойнотпойт. А балдар менен чогуу ойноп турбаса көп нерседен артта калат. Ал ойнош үчүн баарына эмгек сиңириши керек. Баары менен жакшы мамиледе болушу керек. Ошол үчүн ал элпек, боорукер, сергек болбогонго аргасы жок.

Мектептеги кыздарга жагыш үчүн жакшы окуш керек болду. Сабакта жакшы окубаса, кыздар карачу эмес. Катты катасы жок, сулуу жазган, жакшы сөздөрдү таап жазган балдарды кыздар жакшы көрөт. Ошол үчүн ал жакшы окуганга аргасыз болду.

Азыр анын баласы Ариетте андай кыйынчылыктар, тоскоолдуктар жок.

Анын телефондо ойной турган достору толтура. Алар деген муну тааныбайт, көргөн да эмес, ии баса, көрөйүн, жолугайын деген деле ою жок. Ал кандай адам, буга кошулсам кандай болот деген да чочулоо жок. Оюндун шартын билсе болду, ойной берет. Ариетке ошол үчүн мектептеги досторун же көчөдөгү достору өтө деле керек эмес. Аларды жоготуп алгандан дегеле коркпойт. Аларга жагууга болгон далалаттын кереги жок. Ошол үчүн ал өзүмчүл анан текебер.

А ата-энесинен Ариет суранбай эле, эшикке чыгып убара болбой эле ойной берет. Ал каалаган убагында ойнойт. Түнүчүндө, керек болсо таң атканча. Анан да каалаган бала менен ойнойт. Анда дос көп. Бирин да жоготуп алгандан коркпойт. Бирок көп жылдан бери сырын айтып, чогуу жүргөн, чогуу окуган, киного, театрга чогуу барган бир да досу жок. Ал жалгыз. Бирок ал жалгыздыгынан коркпойт. Анткени, бирөө таарынтса, бирөө жакпаса, бирөө урушса ал кайра аларга жагуу үчүн аракет кылбайт, кемчилигин оңдоо жөнүндө ойлонбойт. Анткени, аны ошол убакта соорото турган, алаксыта турган телефону бар. Болду. Ал аны эч качан таарынткан эмес, урушкан эмес. Эмне кааласа аткарат. Эмне сураса берет. Кааласа дүйнө кыдырат.

Өзүм билем деп жүрүп, бирок Ариет мына быйыл 16га чыгат.

Бир күнү телефону жоголуп кетти.

Аябай эс-мас абалда калды. Бу дүйнө ага чоочун экен караса. Баары муну менен да иши жок болуп калыптыр.

 Ушул телефонду бешинчи класста алып беришти эле, ошондон бери ойлонсо ал эч бир ийгиликке жетишпептир. Көп кино көрдү, көп оюн ойноду, көп дос күттү. Бирок тегерегин караса эч ким жок. Сумкасын караса эч нерсе жок.

Сабакты окубай калганы качан.

Эси эңгиреп, эл менен сүйлөшө албай же бир өзү каалаганды жасай албай, кудум наркомандардай кыйналды.

Эмне кылат? Мейли телефон сатып алсын. Бирок жоголуп кетсе, кайра ушундай абалы улана береби. Жок, жок! Мындай болбойт. Ал атасындай эле телефону жок болсо деле, жайдары, жакшы жүргүсү келди. Эми биротоло телефону эле жок жашоону чечти.

Бирок азырынча билбейт: кимге кайрылып, кимге эмне деш керек. Баягы бешинчи класста токтоп калган жашоосун эми кайра улантышы керек.

Ал телефонун эмес, өзүн жоготконуна аябай өкүндү.

Телефон, телефон! Канча адамдын дагы канча тагдырын, канча бактысын басып жатат болдуң экен...

Адам билинбей темирге алданып, жоголуп баратат...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз