Дилазык: Коркунуч жөнүндө икая

  • 06.04.2020
  • 4002

Жер кезип кыдырып жүргөн дервиш шаардан чыгып келаткан аялды жолуктурду.

Шаар дубалынын ары жагынан боздоп ыйлаган, онтологон, бирөөлөрдү каргаган үндөр угулуп жатты.

Дервиш аялдан сурады:

– Бул жакта эмне болуп жатат, сен кимсиң?

Аял кебелбей туруп жооп берет:

– Мен Холеранын канышасымын.

– Мага эми баары түшүнүктүү. Сенин аракетиң менен шаарда аз эле киши калса керек, – деди капа болгон дервиш.

– Жаңылышасың, мен болгону он кишинин жанын алдым, – дейт Холера канышасы.

– Кандайча бул? – деп таң калат, Холера жүргөн жерде мынчалык жеңил болбосун билген дервиш таң калып.

– Калгандары коркконунан эле өлүп калып атат...

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз