Саясатта доско караганда душмандын пайдасы көбүрөк

  • 24.06.2022
  • 2717

Мамлекеттик ишмердин саясатчыдан айырмасы – саясатчы келээрки шайлоолорго карата түздөнсө, мамлекеттик ишмер келечек муунга карап түздөнөт.
Уинстон ЧЕРЧИЛЛЬ

Олуттуу саясый партия ар кандай акмакчылыкты сынга алат, эгерде ал акмакчылык партиянын программасына кирип калбаган болсо…
Вильгельм ШВЕБЕЛЬ

Саясатка аралашпагыдай акылы бар адамдарды саясат алардан төмөн турган адамдардын башкаруусу менен жазалайт.
Платон

Саясат бул – кырдаалга жараша ыңгайлашып, сага жакпаган нерседен да пайда чыгара билүү өнөрү.
Отто БИСМАРК

Саясатта доско караганда душмандын пайдасы көбүрөк: алар алдабайт, калп айтпайт жана уу бербейт.

* * *

Ар кандай саясый ишмердин чеберчилиги агымга каршы сүзүүдө эмес, бардык кырдаалды өз кызыкчылыгына имере алгандыгында.
Улуу ФРИДРИХ

Капитализмдин башкы кемчилиги – жыргалчылыктардын тең эмес бөлүштүрүлгөнүндө; социализмдин башкы кемчилиги – жакырчылыктын тегиз жайылганында.
Жак ТЮРГО

Саясат улуу максаттарды жар салат, бирок күчтүүлөрдүн укугун гана таанып-билет.
Пьер БУАСТ

Саясатчы бул – сиздин өмүрдү Мекен үчүн садага чапкан адам.
Тексас ГИНЕН

Саясатчы мага атасын да, апасын да өлтүрүп коюп, сотто өкүм чыккан маалда аны жетим катары аяп коюуларын суранган адамды элестетет.
Авраам ЛИНКОЛЬН

Мамлекетте жетишерлик азык, жетишерлик курал жана өкмөткө ишеним болушу зарыл. Куралдан баш тартса болот. Ачка калууга да болот. Азырынча эч ким өлүмдөн качып кутула элек. Бирок элдин ишенимисиз өлкө мамлекет болуп тура албайт…
Конфуций

Эгерде саясат таануучу өмүрүндө бир эле жолу адашса, анда ал саясат таануучу эмес, согушка жарамсыз курал.

* * *

Чоң саясаттагы бир парадокс – эгер саясатчы чоң саясатчыга айланышын каалашпаса аны түрмөгө тыгышат.
Валентин ДОМИЛЬ

Таза эмес колдор менен таза иштер жасалбайт. Колдордун кандайлыгынан көп нерсе көзкаранды.
Али АПШЕРОНИ

Ак үйдөгү жашоо мыйзамы: бир да кагазга кол койбо жана башкалар кол койгон кагаздардын баарын сактап жүр.
Морин ДУАД

Саясатчылардын жарымы эчтекеге жарабайт, а калган жарымы баарын жасоого даяр.
Мишель КОЛЮШ

Саясатчы бул – адегенде толкунду жаратып алып, андан кийин кемени мен гана сактап кала алам деп ишендирген адам.
Айверн БОЛЛ

Саясатчылар жаш балдар сыяктуу – эгерде үндөрү чыкпай калса, демек, кылгылыкты кылып коюшкан.
Вильгельм ШВЕБЕЛЬ

Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз