
Тарыхты жазуу, тарыхты жаратуудай маанилүү. Тарыхты жазган адам тарых жаратканга баш ийбесе – өзгөрбөгөн чындык бардык адамзатты таң калтырган абал жаралат.
* * *
Жеңиш – "жеңиш меники болот" дегендики. Ийгилик да ийгилик жаратам деп баштап, акырында ийгилик жараттым дегендики.
* * *
Адилеттик күчү көзкарандысыз болбогон элдин өлкө катары бар болуусу кабыл алынбайт.
* * *
Мени көрүү дегендик, сөзсүз жүзүмдү көрүү эмес. Менин пикирлеримди, сезимдеримди түшүнүп жатсаңыз, ошол сизге жетиштүү.
* * *
Алсыздар үчүн мүмкүн болбогон, коркоктор үчүн коркунучтуу көрүнгөн нерселер баатырлар үчүн идеал.
* * *
Биздин башка элдерден эч кандай кемчилигибиз жок. Эр жүрөкпүз, акылдуубуз, улуу максаттар үчүн жаныбызды берүүгө даярбыз. Улуу нерселерди улуу өлкөлөр гана жарата алат.
* * *
Бул жашоодогу чыныгы жол көрсөтүүчү – илим.
* * *
Өлкөсүн сүйгөндөр – милдетин туура аткаргандар.
* * *
Мекенге болгон сүйүүң – ага кызматың аркылуу өлчөнөт.
* * *
Түрк элдери кул болууну каалабаган улут.
* * *
Өлкөнү куткаруучулар – бир гана агартуучулар!
* * *
Сен муктаж болгон кудурет – сенин тамырыңдагы таза каныңда.
* * *
Лидер дегениң алдыда жүргөндөр эмес, жол көрсөткөндөр.
* * *
Чыныгы басып алуучулук кылыч менен эмес, соко менен жасалат.
* * *
Өзүң үчүн эмес, өлкөңдүн келечеги үчүн ынтымакташкыла. Бул эң жогорку жетишкендик.
Түркчөдөн которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу