Дилазык: Ар күнү колдонсо болор акылман кеңештер

  • 14.04.2020
  • 4122

Эгерде бирөө сени алдап кетсе... Эгерде сени бир жолу алдап кетсе, алдаган адам күнөөлүү, эгерде бирөө сени экинчи жолу алдап кетсе, анда күнөөнү өзүңдөн изде.

♦ ♦ ♦

Бирөөнүн каталарынан сабак ал... Бардык кетирген катачылыктарыңды өзүң оңдоп-түзөөгө өмүрүң да жетпейт.

♦ ♦ ♦

Акылдуулар идея жөнүндө талкуулашат, орто акылы барлар – окуялар жөнүндө, ал эми майда адамдар – пендечиликти талкуулашат.

♦ ♦ ♦

Душманың конокко келсе да жайдары тосуп ал. Өзүн балталап кыйганы келген адамга да дарак өз көлөкөсүн аябайт.

♦ ♦ ♦

Жалаң эле жамандай берүүгө же көкөлөтүп мактай бергенге татыктуу бир да адам болбойт.

♦ ♦ ♦

Ар бир затта катылган билим бар. Дүйнө жүзү бир убактарда китепкана болгон.

♦ ♦ ♦

Акмакка кеңеш айтсаң – ачуусу келет.

♦ ♦ ♦

Башкалар үчүн жашаган адамдын өмүрү кыска болсо дагы, анын сүргөн өмүрү бактылуу.

♦ ♦ ♦

Муңдуу адам өткөнүн эстеп сооронот, акылы жок – келечектен үмүт кылат, акылдуу адам – учурду колдон чыгарбайт.

♦ ♦ ♦

Күчтүү адамдарды бакыт өзү ээрчийт.

♦ ♦ ♦

Бара жатам деп мактанба, барып келгениңден кийин мактан.

♦ ♦ ♦

Чындык – бул адамдар ишенген нерсе.

♦ ♦ ♦

Дүйнөдө шамалга ыргалбаган дарак жок.

♦ ♦ ♦

Кечээ күнү кылган жакшы ишиң, эртең менен жемишин берет.

♦ ♦ ♦

Дүйнөнү тамчы суудан да тапса болот.

♦ ♦ ♦

Сараңды акча менен, намыскөйдү өтүнүч менен, келесоону макул болуу менен, акылманды чындык менен жең.

♦ ♦ ♦

Адамдар салам бергис адамдарга ийилип салам беришет; сыйга татыксыздарга сый көргөзүшөт; сүйлөшкөндөн жийиркенген адамдары менен кучакташып аңгеме курат, – акчанын күчү мына ушундай.

♦ ♦ ♦

Болбой турган нерсе башыңды ташка урсаң да болбойт, болчу нерсе өзүнөн-өзү бүтөт. Буюрбаган нерсе алаканыңдан жылмышып түшүп, таппай каласың.

♦ ♦ ♦

Индиялык акылмандар: “Кумарадан кесеге анын ичинде эмне болсо, ошону гана куя аласың”—деп айтышкан. Эгерде анда суу куюлган болсо, сен шарап куюлса деп канча кааласаң да, ал каалооң жетишсиз.

Адамдар деле ошондой... Кээде айрым адамдардан кандайдыр бир жакшы мамиле күтөсүң, күткөнүңдөй болбой калса, кай жеримден кетирдим деп өзүңдөн көрүп, сар санаа болосуң.

Көрсө бардыгы жөнөкөй эле экен – ал сен күткөн касиеттерден кур жалак калган адам болушу толук ыктымал тура...

♦ ♦ ♦

Ишенбей коюу оңой, а ишенүү кыйын иш. Анткени, ишенбөөчүлүк – бул ылдый кулоо, ал эми ишеним – өйдө чыгуу. Өйдө чыккандан кулап түшүү дайыма оңой.

Эгерде жек көрүү менен күрөшөм десең, бир эле курал бар, ал – Сүйүү.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз