“Африкалык тургундар үчүн күрөшүүгө өз өмүрүмдү толук арнадым. «Актар» үчүн да, «ынды каралар» үчүн да жан тартып күрөштүм. Бардык жарандар ынтымак-ырашкерликте жашап, бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болгон демократиялык жана эркин коомдун идеалын кастарладым. Бул – жашоодогу ар дайым мен умтулган идеал. Эгер зарылчылык болсо, бул идеал үчүн өлүмгө баш байлоого даярмын”. – Нельсон Холилала Мандела, Түштүк Африканын президенти (1994–1999).
“Деспоттордун жеткен дөөдүрү, адамзаттын аты-затын шерменде кылар эң зыяндуусу эле дин кызматкерлеринин өкүм-зордугу.” – Вольтер, француз философу, жазуучу.
* * *
“Либерализм ички тынчтык үчүн демократиялык башкарууга умтулат. Ошол себептен демократия революциялык институт эмес”.
* * *
“Экономикалык максаттарга жетүү үчүн адамга тынчтык керектигин түшүнгөн либерализмдин талабы – демократия”.
* * *
“Жеке адамга коом менен бирге эриш аркак толук эркиндик берген жашоо — бир гана базар экономикасы”.
* * *
“Экономикалык билим сөзсүз түрдө либерализмге багыт алат”.
* * *
“Демократия – топ жыйындын бийлиги эмес, улуттун акыл көрөңгөлүү тобу парламентте өз милдетин аткарган жерде гана демократия орнойт”.
* * *
“Мамлекетти түптөөдөгү демократиялык форманын эң башкы мааниси – бейпилдикти сактап, күч менен төңкөрүш жасоого жол бербөө”. – Людвиг фон Мизес (1881–1973), австриялык жана америкалык экономист.
“Шайлоону бурмалоо – башкаруучу топтогулардын алсыздыгы деген кеп”. – Борис Кагарлицкий (1958), орусиялык социолог.
“Улутмандык жакшылыктын дөөлөтү деген кеп. Ал – элдин нагыз өздүк энчисин ойготуп, ырастап берер чыгармачылык сыяктуу”. – Николай Бердяев (1874–1948), орус философу.
“Диктатор – мамлекеттик башкаруудагы башаламандыктан көрө зулумдук менен тартип орнотууну артык деп санайт”. – Амброз Бирс, америкалык жазуучу, журналист.
“Жамааттык баалуулукка жамынып, жеке инсанды басынткан жалган түшүнүктөр улуттун ыркын бузууга алып келет”. – Хосе Ортега-и-Гассет (1883–1955), испан философу.
“Адегенде көз карандысыз жаран болмоюн, укуктук мамлекет түзүү мүмкүн эмес. Коомдук түзүлүш эң негизги жана ар кандай саясый программалардан алдыда турат”. – Пётр Столыпин (1862–1911), Орус империясынын мамлекеттик ишмери.
“Агер таш боор адамдарга каршы турбасаң, демек, алардын өкүм-зордугуна шыр көнүүгө деле үйрөнөсүң.” – Эрсин Тезджан, түрк жазуучусу.
“Саясат экиге бөлүнөт: диний саясат жана чылгый саясат. Диний саясат дегениң өткөн чак учур чакты башкарышы керек деп эсептейт. А бизге көнүмүш учур чактын саясаты келечегибизди түптөөгө күч үрөйт”. – Шимон Перес (1923–2016), израилдик саясатчысы.
“Искусство – индивидуализмдин бардык белгилүү түрлөрүнүн ичинен эң айкын көрүнгөнү”. – Оскар Уайльд (1854–1900), англис акыны.
“Кайсы бир дин өз доктринасын бүткүл адамзатты кабыл алууга догун артып мажбурлай турган болсо, ал тиранияга айланат”. – Рабиндранат Тагор (1861–1941), индиялык жазуучу.
«Саясый философия» аталып калган адаттагы жектөөлөр – пайдалуу, тек гана ал «философия» деп аталбаган шартта”. – Бертран Рассел (1872–1970), англис математиги.
“Шылуундарды кандай демократия болбосун диктатурага алып барат”. – Альфред Нобель, швед химиги, инженер, филантроп.
“Канкорлорго айланасындагылар жойпоңдоп турганы жагымдуу”. – Пьер Буаст, француз лексикографы, юрист.
“Демократияга каршы эң өтүмдүү аргумент – жөнөкөй шайлоочу менен беш мүнөт сүйлөшүү”. – Уинстон Черчилль, Улуу Британиянын премьер-министри (1940–1945 жана 1951–1955-ж.ж.).
“Ар бир цивилизация кудайдын машаяктарынан башталып, демократия менен аяктайт”. – Виктор Гюго, француз жазуучусу.
“Цензура – элдин өзүнө болгон ишеним жоктугун туюнтат, ушунун өзү авторитардык режимдин эн тамгасы.” – Поттер Стюарт, америкалык мамлекеттик ишмер, сот.
“Демократияга жамынгандөн өткөн жийиркеничтүү деспотизм жок. Ал тирандарды жаратат”. – Пьер Буаст, француз лексикографы.
Кыргызчалаган О`Шакир