Кайрат Жолдубай: Каржылык сабаттуулук

  • 06.05.2023
  • 0

Сүрөт www.shkolazhizni.ru булагынан алынды.

“Акча табуу – чоң эмгек, аны сактай билүү – кеменгерлик, ал эми тапканыңды өз орду менен жумшоо – өнөр”.
Луций Анней Сенека

Адам баласы акчаны тапканы менен, аны кандай жумшоонун жөн-жосунун биле бербейт. Кызматкер айлыгын, ишкер тапканын, студент стипендиясын жакшы жумшай албаса, өз эрки менен жардылыкка кадам таштайт. Каржылык сабаты жок адам каржыны үнөмдөөнүн маңызы – өзүнө эмне үчүн керектигин билиши, айкөлдүк менен текебердикти ажыратууда көп ойлоно бербейт. Ошондуктан каржылык сабаттуулук дегенибиз – адам баласынын жашоосунда маанилүү орун ээлеген маселелердин бири.

Китептин бул бөлүмүндө мусулман адамдын байлык менен дүнүйөгө байланышкан принциптерди, ошондой эле каржылык сабаттуулук тууралуу кээ бир зарыл маалыматтарды айтабыз.

Байлык жана жакырчылык

Акча, мал-мүлк оюбузду ээлеп, аң-сезимибизде калыпташып калган көз карашка жараша, аны менен болгон карым-катнашыбыз, аракетибиз да ар түрдүү.

●   Акча адамды бузат.

●   Бай болсом, бала-бакырамдын психологиясы бузулуп, жадагалса наркоман болуп кетиши мүмкүн.

●   Акчаны адал жол менен табуу мүмкүн эмес.

●   Ушул абалыбызга шүгүр, акыретте эсебибиз жеңил болот.

●   Бай болсоң, ишенимдүү досуң болбойт.

●   Жыйган дүнүйөңдү өзүң менен кошо алып кете албайсың.

●   Акчаң канчалык көп болсо, көйгөйүң да ошончолук көбөйөт.

●   Акчанын артынан түшсөм, мен да бай болмокмун.

●   Бай болсом, руханий жактан алсыздап, Кудайдан алыстайм.

●   Тырышып иштөөнүн кереги жок, Кудайдын өлчөп бергенинен ашыкча таппайсың ж.б.

Мына ушул сыяктуу акчага, байлыкка байланыштуу бир тараптуу ой-пикирин жардылык психологиясы ээлеп алган адам, сөзсүз кедейликке туш болору – табигый көрүнүш. Айрыкча Совет өкмөтүнүн байды жексур, кедейди жагымдуу көрсөтүү пропагандасы кээ бир адамдардын ушул күнгө чейин аң-сезиминен өчкөн жок. Ошондой эле дүнүйөнү толугу менен таштап, акыретибизге чакырган бир жактуу диний насааттар да байлык тууралуу коомдо жаңылыш пикирди калыпташтырганы анык.

Мындай жагымсыз ой адамды артка тартат. Бул анын акчага байланышкан улуу максатты көздөшүнө, башкача ойлонушуна, изденип-эмгектенишине кедергисин тийгизет. Жөндөмдөрүнүн толук ачылышына мүмкүнчүлүк бербейт. Ошентип отуруп мындай пикирдеги адамдар көбүнесе байлыкка сыртынан кызыгып, ичинен тамшануу менен өмүр өткөрөт. Мындай көз караш адамдын бул дүйнөдөгү материалдык муктаждыгына карама-каршы келгендиктен, бул чындыкка көп жанаша бербейт. Көпчүлүк адамдар “каниет”, “шүгүрчүлүк” сыяктуу баалуулуктарды туура эмес колдонуп, аны менен өз жалкоолугун жабууга, билимсиздигин актоого, ички кыжаалатчылыгын, кызыгуу жана кызганычын басууга аракет кылат.

Тескерисинче:

●   Бул дүйнөдө чоң иштерди жасоо үчүн көп акча керек.

●   Балдарыңыздын сапаттуу билим алышына шарт түзөсүз.

●   Байлык аркылуу муктаж адамдарга жардам берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.

●   Мал-мүлк чогултуп, аны Алла жолунда жумшоо – сооптуу ибадат.

●   Материалдык мүмкүнчүлүгүң жакшы болсо, чыгармачылык менен жайма-жай алектене аласың.

●   Акчаң көп болсо эл аралап, жер көрөсүң, көз карашың кеңейип, өзүңө болгон ишенимиң өсөт.

●   Коомдук иштерге аралашасың, ж.б.

Байлыкка позитивдүү көз карашта болгондордун максаттары да бийик. Ошол максатына жетүү үчүн талыкпай эмгектенет.

(Казак жазуучусу жана диний ишмер Кайрат Жолдубайдын “Мыкты адам” китебинен үзүндү).

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз