Өзүӊдү өзүӊ сүйүү тууралуу Луиза Хейден даанышман кептер

  • 16.04.2020
  • 5463

1. Сындаганды токтотуӊуз

Сындаганды токтоосуз токтотуӊуз. Сын эч кимди эч качан өзгөртпөйт. Өзүӊүздү сындагандан баш тартыӊыз. Кандай болсоӊуз өзүӊүздү ошондой кабыл алыӊыз. Өзүӊүздү сындасаӊыз сиздеги өзгөрүүлөр терс жүз бериши ыктымал. Өзүӊүздү жактырып колдосоӊуз, оӊ жакка өзгөрөсүз. 

2. Өзүӊүздү өз ойлоруӊуз менен коркутканды токтотуӊуз. Бул жашоонун эӊ эле жаман ыкмасы. Өзүӊүзгө жаккан образды табыӊыз (мен үчүн – сары роза) жана сизди чочуткан ойлордон жагымдуу ойлорго токтоосуз ооӊуз.

3. Кеӊ пейил, ак көӊүл жана сабырдуу болуӊуз. Өзүӊүзгө карата кеӊ пейил болуӊуз. Өзүӊүзгө ак көӊүл болуӊуз. Ойлонуунун жаӊы ыкмасын өздөштүрүп жаткандыктан сабырдуу болуӊуз. Өзүӊүзгө чыныгы сүйүктүү адамыӊыз катары мамиле жасаӊыз.

4. Өз акыл-эсиӊизге карата ак көӊүл болуӊуз. Өзүӊүздү жек көргөнүӊүз – өз ойлоруӊузду жек көргөнүӊүз. Анткен жарабайт, аларды өзгөрткөнүӊүз оӊ.

5. Өзүӊүздү мактаӊыз. Сын ички рухту бузат. Мактоо аны чыӊдайт. Мүмкүн болушунча өзүӊүздү мактаӊыз. Ар бир майда-барат нерсеге чейин колуӊуздан келерин өзүӊүзгө айтыӊыз.

6. Өзүӊүздү колдоӊуз. Өзүӊүздү колдоонун ыкмаларын табыӊыз. Досторуӊузга кайрылып, жардам беришине жол бериӊиз. Жардамга муктаж болуп турганда суранганыӊыз – табигый нерсе.

7. Кемчиликтериӊизге оӊ караӊыз. Өз керектөөлөрүӊүздү канааттандыруу үчүн аларды өзүӊүз жаратканыӊызды сезиӊиз. Азыр сиз өз керектөөлөрүӊүздү канааттандыруу үчүн оӊ жолдорду издеп жатасыз. Андыктан калыптанган эски терс жүрүм-турумуӊуздан арылыӊыз. 

8. Өз дене-боюӊузга кам көрүӊүз. Туура тамактанууга үйрөнүӊүз. Күч-кубатыӊызды колдоого жана күндөлүк кыймыл-аракетиӊизге кандай тамак-аш зарыл? Дене тарбия көнүгүүлөрүн үйрөнүӊүз. Кайсылары сизге ыракат тартуулайт? Сиз жашаган коломтолуу үйдү аста сүйүп кастарлаӊыз.

9. Күзгү менен иштеӊиз. Күзгүдөн көбүрөк караӊыз. Өзүӊүздү өзүӊүз аста сүйүү сезимин пайда кылыӊыз. Күзгүгө каранып өзүӊүздү кечире билиӊиз.

Күзгүгө каранып ата-энеӊиз менен сүйлөшүп, аларды кечириӊиз.

Күнүнө кеминде бир жолу өзүӊүзгө мындай деӊиз: “Мен сени сүйөм. Мен сени чындап сүйөм”.

10. Бардыгын колго алыӊыз да, азыр жасаӊыз. Жумуштарыӊыз бүтүп, арыктап, жаӊы жумуш таап же жаӊы байланыш түзгөндү күтпөӊүз. Мына азыр баштаӊыз жана колуӊуздан эмне келсе бардыгын жасаӊыз.

Которгон Эрмек ШОРУКОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз