Ала карганы жактырбас кара карга жөнүндө икая

  • 30.08.2023
  • 11307

Кадимки кара карга ресторанга баш багат да, тиги бурчта ала карга отурганын байкайт. Анан ал чөнтөгүнөн капчыгын сууруп чыгып, отургандардын баарысы уга тургандай кыйкырат:

– Официант! Ресторанда отургандар эмне жесе, бир гана ала каргадан башкасынын баарыныкын мен төлөйм!

Официант акчаны алат да, ала каргадан башканын баарынын алдына тамак алып келет. Ала карга өзүн ыңгайсыз абалда сезгендин ордуна кайра кара каргага карап жылмайып, ал да кыйкырат:

– Ыраазымын!

Кара карганын буга огош бетер каары кайнайт. Чөнтөгүнөн капчыгын алып, дагы кыйкырат:

– Официант! Ресторанда отургандардын баарына шарап алып кел, бир гана ала каргадан башкасына! – дейт.

Официант акчаны алат да, ала каргадан башкасынын ар бирине шарап алып келет. Бирок ала карга буга ачуулангандын ордуна шаңдуу үн катат:

– Ыраазымын!

Ачуусу мурдунун учуна келген кара каарганын күйбөгөн жери күл болуп, официанттан сурайт:

– Бу келесоо ала каргага эмне болгон? Ала каргадан башкасынын баарына тамак, баарына шарап алперсем, бу кайра мага “Ыраазымын!” деп кыйкырып коёт. Мээси ордундабы деги?!

Официант күлүп жиберет:

– Жок... Ал өзү ушул ресторандын ээси.

Которгон Бек ТАМЫРЛАН

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз