Роберт Вальзер: Эгемендик кулчулукка айланып кетиши да мүмкүн

  • 25.08.2023
  • 4053

Журналист бизге маалымат таратуучу гана эмес, от менен суунун ортосунда чындык издеп чыркыраган, элдин муң-кайгысын, муктаждыгын уга билген сезимтал адам.

*       *       *

Журналистин кесиби ардактуу жана ыйык. Журналист болуу ар кимдин эле таалайына жазылбайт. Акын-жазуучулар сыяктуу эле бул да Жараткандын белеги.

*       *       *

Журналистке аңгемелешине суроо берүү үчүн билиминен тышкары дагы бир нерсе керек...

Ермек Жанэль

♦      ♦      ♦

Жазуучулардын пианисттердей ызы-чуу салганга акысы жок.

*       *       *  

Дүйнөнү чарк айлантып, бийлик жүргүзүп жаткандардын арасында чындыкты айта турган эч бир адам жок.

*       *       *

Мага эч кимдин мени мурдатан тааныгандай мамиле кылууга акысы жок.

*       *       *

Бири-бирине чындыкты бетке айтуунун кереги жок: бул мамилеге зыян келтирет.

*       *       *

Мен бир нерсеге жарым-жартылай ээлик кылгым келбейт, андан көрө эч нерсеси жоктордун катарында болгонум жакшы: ошондо мен жок дегенде өзүмө өзүм кожоюнмун.

*       *       *

Жакшы иштер тууралуу ойлоп убара болбо, андан көрө жакшылыктарды көбүрөк кыл.

*       *       *  

Сүйүү жөнүндө жазуунун эң ыңгайлуу жолу – аны ойлоп табуу.

*       *       *

Тирандын артында көп эркиндиктер болушу мүмкүн, бирок эгемендик чыныгы кулчулукка айланып кетиши да мүмкүн.

*       *       *

Биздин доор пайдага сыйынгандыгы менен ырайымсыз.

*       *       *

Адеп-ахлактуу адамдардын арасында да амалкөй адамдар аз эмес.

*       *       *

Байдан уурдасаң – кылмышкерсиң, кедейден уурдасаң – чиновниксиң.

Роберт Вальзер

Кыргызчалаган Абийрбек Абыкаев

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз