ӨНӨРКАНА
Арабызда бүгүн Мурза Гапаров да, Алым Токтомушев да жок. Экөөнүн тең көздөрү өтүп кетти. Экөө 2001-жылы «Агым» гезитинде «Гяпкана» рубрикасын ачып, адабият-маданият жаатындагы өтө талылуу жагдайлар туурасында сандан-санга сукбат куруп суктандырышкан. Мурзакенин өлөр алдындагы эң мыкты маектеринин бири ошол маек болуп калды…
Кийин аталган маекти талантуу жазуучу, белгилүү публицист агабыз Абдыкерим Муратов «Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны» аттуу китеп түзүп чыкты. «РухЭш» сайтынын окурмандары үчүн Алым Токтомушев өзү иштеп берген «Жаңы Ала-Тоо» журналындагы вариантын сунуш кылууну эп көрдүк. Андагы маектешүү өткөрүлгөн күндөрдүн ирети так сакталбаган учурлары бар экен, б.а., мурдараак алынган маектер кийинирээк берилет, муну А.Токтомушев окуялардын ырааттуулугу үчүн атайын жасаган сыяктанат, биз да ошол бойдон калтырдык.
Маек башында А.Токтомушев окурмандарга минтип эскертет: «Булар – бир кыйла ай, күндүн «башын жеген» интервью. Гезит үчүн алгам. Андан аз өтпөй үлкөн жазуучудан айрылып калдык. Өзү да өмүр өтөлгөсү бүтүп баратканын сезгендей, оюнда жүргөндөрдү, жүрөгүнө жашагандарды аз да болсо олуп-чолуп да болсо айтып калууга ашыккандай айтыптыр. Ооруп жүрдү эле, кытай табыптарга акча төлөп дарыланып аткан. Өзү өтө көркөм адам болгону менен басма сөзгө койкоңдоп чыга бергенди жактырчу эмес. Мен аны араң көндүргөм. Дагы далай сүйлөп берүүгө макулдаткам. Атүгүл тоо этектеген бир дүкөндүн бурчундагы кафетерийди «Гяпкана» атап, ошондон жолугуп турчубуз. Тилекке каршы, үлгүрбөй, бүтпөй калдык».
Албетте, бул маектер башка чыгармаларынын ичинен никесиз баладай бааланышы ыктымал. Арийне, никесиз бала никелүү баладай эле төрөлөт.
Алым ТОКТОМУШЕВ
ЧЫНЫГЫ ТАЛАНТТАРДЫ КЫРГЫЗСТАНДА ЖИНИККЕН АТТАРДАЙ АТЫП САЛЫШАТ
– Мурзаке, кийинки учурда атыңыз угулбай кетти. Китептериңиз чыкпайт, пьесаларыңыз коюлбайт, кинолоруңуз тартылбайт дегендей. Бура сүйлөгөндө, акыркы 5-10 жыл ичинде «Эл жазуучусу» деген наамыңыз эле эске түшөт…
– Заман ошондой болбодубу. Кыргыздын кайсы жазуучусунун аты кыйратып чыгып атат? Ошолордун биримин да. 4 жылга айланып баратат, 34 басма табак китебим басмаканада жатат. Эмне десе, акча жок, каражат жок дейт. Килейген китеп өндүрүшүндө жок акча менде болмокпу? Кыргыз өкмөтүндө жок акча менде болмокпу? Спонсор же продюсер таба турган мүмкүнчүлүгүм жок. Өзүң билесиң, бирөөгө сурамчылап, тилемчилеп барганга да талант керек экен. «Невостребованный» деп коюшат ко жазуучулар, эч кимге кереги жок эл болуп калдык. Көпчүлүгү тирүүнүн өлүгүнө айланды. Китеби чыкпаса, эл окубаса, ошондой болот да. Кинону алалы. Бир кезде кыргыз искусствосуна атак-даңк алып келип, кадыр-баркын көтөрдү эле. Эртең 60 жылдыгын белгилейбиз деп атат. Бир кезде тартылып, хрестоматияга айланган кинофильмдер, хрестоматияга айланган киночулар менен тосот. Жаңы эч нерсе жок. Актан Абдыкалыков өңдүү 2–3 жаш режиссёрду айтпаганда. Театр деле ушундай.
– Абалдан кантип чыгабыз?
– Мен кайдан билем. «Билем» деп бийликке эптеп илингендер билбей атса, мен кайдан билем.
– Маселени башкача коюп көрөлүчү. Эч кимге керегибиз жок болуп калды деп атасыз. Эмне үчүн Сиз, мисалы, Казакстанга керек болуп калдыңыз? Жакынкы эле жылдары 2 пьесаңыз Казакстандын 4 театрына коюлду. Азыр жаңы пьесаңызды сурап атыптыр. Эмне, аларда драматургдар жетишпейби же Сизден начарыраакпы?..
– Аякта мамлекеттик мамиле башка. Адабиятка, кино, театрга, деле мүлдө рухий турмушка мамиле башка. Маданиятсыз эл – эл болбой каларын билишет казак агайиндер. Патриоттук сезими өскөн эл. Телевизордон көрүп турдуңар го, президент өткөн жылды: «Маданиятты көтөрүү жылы» деп жарыялады. Казакстандын президентинин айтканы айткандай аткарылат экен, резонанс катуу болду, бай жигиттер колдоп кетти. Меценаттар клубу ачылды. Жылдын аягында көркөм ишмерлерге жаш меценаттар сыйлыгы берилди. 3 миң доллардан 10 миң долларга чейин. Канча жазуучу, артист, киночулар алды. Сыйлык тапшыруу кечесинде биздин Айтматов байбичеси менен отурду. Сөз сүйлөдү. Акылдуу сөздөрүн айтты. Эмне үчүн ошол сөздү, акылды бизге, биздин чоңдорго айтпайт?..
– Кыргыз киносу Айтматов кеткенден бери түшүп кетти деп атышпайбы?..
– Таппасаң сыйпалап кал! Кыргыз киносун Айтматов жасаган жок. Айтматов кыргыз киносунун эсебинен жашады. Кадыр-баркы менен, бийликке жакындыгы менен акча бөлдүрүп келип, кошоматчылардын койлорун жайнатып сойдуруп, бүт чыгармаларын экрандаштырды, гонорарларын алды.
– Казакстанга коюла турган жаңы пьесаңыз Бакен Кыдыкееванын эстелигине арналат экен…
– Ооба, «Өткөн жылдын кары кайда?» деген бир актылуу пьеса. Аялым – Галина Гапарова экөөбүз жаздык эле. Бир топ жыл болду. Алматы жаштар театрынын баш режиссёру коём деп атат. Кыргыз театрларына көрсөткөнүбүз жок. Жогоруда айтпадымбы, көрсөтсө эле акча сурайт, спонсор тап дейт. А казактар, айталы, Караганды театрына коюлган пьесам үчүн 500 доллар салып жибериптир. Өзүбүз үчүн эле жазганбыз…
– Үйдөн эле ойноп коёлу деппи?..
– Үйдөн окуп коёлу деп. Бир отуруп эле жазып салдык. Бакен Кыдыкееванын трагедиялуу өлүмү катуу таасир этти. Тирүү кезинде ал кишиге арнап бир пьеса жазып, а кишини ойнотуп, өзүм кумардан чыксам деп кыялданчумун. Тилекке каршы, пьеса жазылган жок, а кишинин көзү өтүп кетти. Өтө трагедиялуу өлүм болду. Ал атпай журтка белгилүү окуя. Көмүү зыйнатына катыштым. Кыргызстандагы художниктердин тагдыры ошондо тартылды көз алдыма. Көрүстөндөн үйгө, почти, көз жаш менен келдим…
– Көмгөнгө республика чоңдорунан эч ким барган жок дейт ко?..
– Чоңдордон келген жок. Бирок эл азан-казан болуп жакшы узатышты. Жаман өлдү да. Ошол өкмөт менен партия, ошол Ак үйдүн 7-кабатынан 1-кабатына чейинки аткаминерлер, эженин толгон-токой достору, толгон-токой душмандары, атүгүл ойноштору, эженин миңдеген күйөрмандары, артистмин, акынмын, жазуучумун деп дердеңдегендер, анын ичинде мен да бармын, өлтүрүштү. Өмүрүнүн акырында ал-абалын сурабай, тагдырын бөлүшпөй, өзү түбүн түптөшкөн театрына да киргизбей, өзү менен өзү болуп, акчасыз, нансыз, үстү-башы жупуну, жапжалгыз жашатып өлтүрүштү.
31-декабрда өлүп атпайбы. 18 күн моргдо – өлүкканада жатып калыптыр. Издеген киши жок, сураган киши жок. Сураса 31и күнү телефон чалбайт беле. 1-январь күнү чалбайт беле. 15-январда чалбайт беле. Жаңы жылы менен куттуктап, бир ооз жылуу сөз айтып койбойт беле. 18-күнү табылып атпайбы. Коштошордо кандай гана көшөкөр сөздөр айтылган жок. Кыргыз ушундай. Өлгөнүңдө айтат. Тирүүңдө мойнуна кылыч такасаң да, оозунан жылуу сөз чыкпайт. Ойноп жүрөт, ичип жүрөт, чычып жүрөт дейт. Колуңдан бирдеме келип турса, бийлигиң болсо айтат жылуу сөздү. А чыныгы художникте каяктагы бийлик, каяктагы байлык…
– Мени да ушундай тагдыр күтүп турат дегениңизби?..
– Мени эле эмес, бардыгын. Чыныгы художниктердин тагдыры ушундай болот. Айрыкча Кыргызстанда. «Жиниккен аттарды атып салышат, туурабы?» деген кинофильм бар го. Туура, чыныгы художниктерди жиниктирип туруп атып салышат. Алыкул, Таттыбүбүнүн тагдыры ошондой болбой койду беле? Пьесанын таржымалы ошондой. Үйгө буулугуп келдим дебедимби, эжеге болгон мамилемди эстедим, сүйүүмдү эстедим, аялыма айттым, пьеса жазалы, бенефис үчүн жазалы деп. Бакен Кыдыкеева ойнобой кетти, менин кыялымда ойносун деп…
– Пьеса мага бенефис эмей эле реквиемдей таасир калтырды. Пьесада эже ушунчалык сүйгөн бир киши бар экен. Айтып атпайбы: «Миң бир ойношум бар, бирок сени гана сүйөм» – деп. Болгон окуябы?..
– Жок. «Миң бир түн» деген жомок бар эмеспи, мен ошону перефразаладым. Тиги киши да: «Миң бир киши менен өбүшсөң өбүшө бер, мен кызганбайм, бир билгеним, сага эч качан кир жукпайт» – деп айтат эмеспи. Мен бул жерде бытовой жагын айтканым жок, символдоштуруп жатам. Ар элдин ардактаган кишилери болот, Б.Бейшеналиева, Т.Турсунбаева, Б.Кыдыкеева сыяктуу. Алар деле адам да, айрыкча аялзатына көп эркектер көз артат. Анан алардын тирүү кезинде артынан чын да, калп да сөздөр көп ээрчийт. Кыдыкеева деле ошондой болгон, тирүү кезинде. Көзү өтүп кетти. Эсибизде эмнеси калды? Жаркын таланты калды. Кир жукпайт дегеним ошол. Каарманым айтканы – менин айтканым. Андай кишилерге кир жукпайт, баткак чачсаң да жукпайт. Мезгил мөлтүрөтүп жууп салат. Бүгүн жуубаса, эртең жууйт. Баса, француз художниги Модильяни жөнүндө кино бар эмеспи, «Монпарнас, 19» деген. Модильянинин ролун Франциянын улуу, сулуу актёру Жерар Филипп ойнойт. Көзү өтүп кетти. Б.Кыдыкеевага кандай тиешеси бар? Кайсы бир жылда эжебиз Парижге барат. Эжебиз да тири укмуш сулуу киши эмес беле. О, анда ого бетер болуп-толуп турган убагы. Банкетте Жерар Филипп менен бирге болуп калдык дейт. Ошондо айтыптыр: «Сага арнап атайын фильм тартып, башкы ролго чакырам» – деп. Чакырган жок. Бирок тагдырдын тамашасын кара, эженин өмүрү Ж.Филипп ойногон каармандай бүттү.
2001-ж., 16-ноябрь
2-маек: «Өлгөн башка, мени көөмп жатышат»
– Мурзаке, өткөн жумада кайран эжебиз Бакен Кыдыкееванын күйүттүү өлүмү тууралуу кеп кылдык эле. Бүгүн дагы бир көйкашка талантыбыз Болот Бейшеналиев менен коштошуп, чын жайга узатып келатабыз. Кыязы, бул дагы бир өткөн өмүрдүн өктөсү болуп калды сыяктанат?.. Болот менен акыркы ирет кай жерден жолуктуңуз?
– Жолукмак түгүл чогуу жүрбөдүкпү. Кыргыз киносунун 60 жылдык тоюнда кыргыз киночулары жана башка жерлерден келген коноктор менен өбүшүп, жытташып, бакылдашып, бокалдашып чогуу болгонбуз. Анан эртеси эле үрөй учурган ушул кабар угулуп атпайбы. Сүрүштүрүп, сураштырып келсем, Боке жүрөгүнөн кетиптир, кечке тойлоп, ойноп жүрүп кыйла арып-чарчаган окшойт. Түндөсү башка киночулар үйүнө жеткиргенден кийин эле кете бериптир. Анан бир кызык деталды уктум. Геннадий Базаров, биздин досубуз, Болотту өзүнүн киносуна тартып жүргөн ардактуу режиссёрубуз аялына айтыптыр, ал менин аялыма айтыптыр, ошолордон уктум. Салтанат филармонияда өткөн, филармониянын сахнасына коюлган экранга көзү өтүп кеткен биздин киночулардан кино кадрларды көрсөткөн. Ошону көрүп бүткөн соң Геннадийге: «Гена, мынабу өлгөн кесиптеш кайрандарды карап отуруп, жүрөгүм ооруп чыкты» – дептир. Ошону менен жүрөгүнөн кете бербедиби. Биздин турмушта жүрөк ооруй турган нерселер көп болуп атат.
– Болот менен аябай жакын болсоңуз керек?
– Сырдаш, муңдаш болчубуз. Стакандашып калчубуз. Ал арак, мен вино иччүмүн. Мага өзүнүн башынан өткөн киного, театрга, кесиптештерине байланыштуу не бир кызык окуяларды айтып берчү. Кыргыз актёрлорунун ичинен киного эң көп тартылган Болот болчу. Кино жагында анын кадыр-баркы абдан зор эле. Болот сыяктуу 100 киного тартылган кыргыз жок. Кыргызстанда туулалек. Бүт союзга, дүйнөгө таанымал болчу. Чыкканда эле чагылгандай жарк этип чыккан. Андрон Кончаловскийдин «Биринчи мугалиминде» баш роль ойногон. Андрей Тарковскийдин «Андрей Рублев» фильмине тартылган. Өзүң билесиң, экөө тең дүйнө кулагын дүңгүрөткөн режиссёрлор. Анан Бокенин окуялары оңой болмок беле. Мен айтчу элем: «Эй, Боке, жаз, көркөм өнөрдүн да, сенин да өмүр баяның болуп калат» – деп кан какшачумун. Көп жолу, көп жылдар бою. Бар болгону акыркы эки жылда айтып калды: «Мырза, сенин айтканыңды эми аткарып, эми жазып атам» – деп. Эми китеп жазылбай калды, чыкпай калды. Кыргыздар ушундайбыз да: кенебейбиз, өлбөстөй болуп жашай берип, бир күнү өлүп калабыз.
– Бокенин тагдыры да татаал болду сыяктанат?
– Кайсы чыныгы таланттын тагдыры татаал болбой калчу эле? Өзү театр актёру болчу. Ташкенттен бүтүргөн. Бирок театрдан багы ачылбай, бир кирип, бир чыгып жүрдү. Көп жылдар Москвада жашап, «Мосфильмде» иштеди. Бир чети Москвада иштегени актёрдук мансабына жардам берди. Аякта талантты жакшы ардактайт, жакшы тааныйт. Көп элдердин, чет өлкөлөрдүн кинолоруна тартылууга шарт түзүлдү. Бирок улгайган сайын Ата Журтун сагынып, эңсеп дегендей баса берди да.
– Мүмкүн Москвадан келбей койсо жакшы болот беле, быякта ишсиз калды да?..
– Бокемдин иштей турган жери кино болчу, театр болчу. Кино тартылбай калды. Театр болсо түшөр жерине түштү. Ар кайсы кокту-колоттогу байлардын, бектердин же совет доорунда жашаган көрүнүктүү адамдардын өмүр баянын коюп атат академиялык деген театрыбыз. Себеби алар кайсы бир чоңдун ата-жотосу болуп чыга келет. Алар өкмөттөн акча бөлүп, же бир бай сүрөөнчү таап берет. Бекер эмес экендиги белгилүү. Ал 2–3 жолу коюлат. Ошо бойдон оомийин, түшүп калат. Боке ошолорду ойномок беле? Ал оболу Жаштар театрына орношту. Андан чыгып кетти. Театрларда иш деген аты эле бар. Символикалык иш бардыгы. Айлыгы арабага түшкөнгө жетпейт. Өткөндө казак театрлары тууралуу сурагансың. Киносун сурасаң болмок. Казак киносу баягыдай эле гүлдөп, өсүп-өнүгүп атат. Б.Бейшеналиевди да чакырып, тартып жүрүштү. Баласы экөө тартылып келип атканын айтчу. Өлбөй турган каражатты ошояктан тапчу. Бул жаатынан экөөбүз тагдырлашпыз. Өгүнү айтпадым беле, облустук театры эле мага 500 доллар салып жибериптир, гонорарың деп.
– Бирок бир жолу Король Лирди ойногондой болду го?
– Ооба. М.Рыскуловго арналып, өткөн жылы эл аралык театр фестивалы болду. «Король Лирди» Искендер Рыскулов койду. Абдан таланттуу режиссёр. Жакшы атанын, жакшы эненин баласы. Ташкент, Москванын билими бар, Европанын маданияты бар, ыйманы ысык жигит. Кийинки жылдары аны да анчалык тоотпой, куугун-сүргүн кылып жүрүшөт. Ичет, тиги-бу деп. Кор болуп келатат. Быйыл 60ка толду. Кыргызбайлардын бири унчуккан жок ко, оозуна ысык талкан куюп алгансып. Мунун тагдыры да Б.Кыдыкееванын тагдырына келатат. «Король Лирди» да өз театрына – академтеатрга койдурбай атпайбы. Чүй облтеатрына коюп атат эки дөө – Б.Бейшеналиев менен И.Рыскулов. Мен жюри төрагасы элем.
Академтеатрга түркмөн режиссёрун чакыртып койдурушуптур. «Король Лирди». Жакшы спектакль болду, мен аны чанбайм. Бирок мага Б.Бейшеналиев менен И.Рыскуловдун варианты жаккан. 1-сыйлыкты ошолор алсын же экөө бөлүп алсын деген сунуш айткам. Жюри мүчөлөрү макул деп туруп эле буйтап кетишти. Күн мурунтан чечип коюшуптур, сатылып кетиптир, сукин сындар! Ишсиз, кыргыз искусствосуна ошентип «невостребованный» калуу да анын өлүмүн тездетти болуш керек. Чыгармачылык анүчүн кубаныч, рахат болчу да. Андан ажырап атпайбы. Жөнөкөй эле кишинин колунан ишин алып, отургузуп кой, өлүп калат эки жагын каранып атып. Өзүн керексиз киши сезип калат. Албетте, ишин сүйсө.
Караколдо мындай бир окуя болуптур. Бир ажайып мугалим аял жашачу экен. 70 жашка чыкканча эр деле күтпөптүр, үй деле курбаптыр, бала-чака туубаптыр. Бүт өмүрүн мектепке, балдарга бериптир да. Калп айтпасам, Караколдун жарымы ошол кишиден окуптур. Химиядан берчү экен. Кимди болбосун: «Атаңды окуттум эле, ал мындай эмес болучу, сенин эмне кылганың» – дечү дейт. Кийинки жылдары завуч болуп иштептир. Мектепке эртең мененки саат 6да кетип, үйгө кечки 8–10до келчү дейт. Өзүнүн курдаштарына, коңшу-колоңдоруна, ылым санагандарына: «Мен мектептен кеткен күндүн эртеси өлөм» – деп койчу экен. Ошондой болуптур. Сырдакана деректир борборго чоңоюп кетип, ордуна 28 жаштагы келин келген экен, пенсияга барыңыз деп приказ чыгарып салыптыр. Байкуш киши приказын көтөрүп көрүнгөн таанышына: «Мени айдап жиберишти» – деп арыз-арманын төгөт имиш. Караколдуктар аны ушунчалык ардактап, сыйлайт экен: «Биз муну жөн койбойбуз, эртең арызданып, кайра ордуңузга койдурабыз» – дешет. Эртеси кеңешели деп барса, өлүп калыптыр дейт. Өз үйүндө, жапжалгыз. Б.Кыдыкеевага, Б.Бейшеналиевге окшогон сахнасыз, экрансыз жашай албаган адамдар азыр Кыргызстанда ошондой акыбалда калды да…
– Бейшеналиевди узатуу зыйнатында мамкатчы О.Ибраимов сөзүндө: «Айрым жазуучуларыбыз сатылгыч журналисттерге интервью берип, артисттер, жазуучулар кароосуз калды деп, бийликти каралап атат» – деген мааниде айтып кетти. Кыязы, сиз менен биздин Б.Кыдыкеевага байланыштуу маегибизди эске алып атса керек…
– Азыр көркөм өнөр, анын өкүлдөрү жөнүндө сөз кылган, анын таламын талашкан кишилер аз. Акын, жазуучу, артист, художник, композитор-музыкант дегендерибиз көп учурда суу жүрөк болушат. Бийликтен коркушат. Экинчиден, бийликке болгон үмүтү да чоң: бир нерседен – өздөрү өтөбөгөн атак-даңк, наам, сыйлык, орден-медалдан үмүт этип турушат. Же тынч жашагысы келет. Базары бар, магазини бар, бизнеси бар, кызматы бар кишилер Ак үйгө асылбай тынч жашагысы келет. Ошон үчүн жер өрттөнүп атса да унчукпайт. Ошентип максаттарына жетип, орден, наам алып атышат. Аны алгандар кийин бергендерге каршы сүйлөйт деп ойлобо! Өмүр бою бергендердин этегине намаз окуп, кул болуп жүрүп өтөт. Бул кесиптештеримди билем. Калыс ойлонгон саналуу эле киши бар, алар да кыргызчылыгынан, жалкоо, энөөлүгүнөн ачык айтпайт. Үн чыгарып айтпайт. Осмонакун Ибраимовдун жөнү башка. Билгенин, мээси жеткенин айтат да. Менин таңгалганым: андан кийин сүйлөгөндөрдүн дээрлик бардыгы аны сүрөп, колдоп: «Осмонакун Ибраимович айткандай» деп, бир ооздон тоту кушча кайталап атпайбы. Ошондо ойлоп кеттим: биз кимди узатып, ким менен коштошуп жатабыз? Болот Бейшеналиев мененби же Осмонакун Ибраимов мененби?.. – Юрий Кузнецовдун ыры бар, мен котордум эле: «Күн чак түштө чырак кармап басышат, Өлгөн башка, мени көөмп жатышат» – дейт. – Дал ошондой!
Алым ТОКТОМУШЕВ, 2001-ж., 23-ноябрь
3-маек: Памир аралап, Айтматов мээрине, комидеология кээрине калган ак поезд
– Мурзаке, 60-жылдардын аягында го. Сиз, Кубат Жусубалиев, Кеңеш Жусуповду шабыратып окуп аткан кез. Анда силер «атылбай калган бугудай» аз чыкчу элеңер. Партия чыгарбай атат деп койчубуз. Ошол учурда «Ак поезд» дегениңиздин үзүндүсү асмандан түшө калгандай чыга келди эле. Болгондо да «Советская Киргизияга». Партиянын көрөр көзүнө. «Ак поездди» ошондон бери Сиздин чыгармаларыңыздан учурата албай калдым. Эмне болду?
– Эми мындай да, Алым. Сен жана башкалар ВГИКтин жогорку курсу деп айтып, жазып жүрбөйсүңөрбү. Ал ВГИКтин эмес, Госкинонуку болчу. Киносценаристтер менен кинорежиссёрлордун жогорку курсу аталчу. Андан бүт дүйнөгө таанымал киночулар чыкты. Албетте, менден башкасы. Мисалы, Төлөмүш Океев экөөбүз параллель окучу элек. Ал кинорежиссёрлукта, мен киносценарийликте. Өгүнү айтпадым беле, Рүстөм Ибрагимбековду. Дүйнөдө албаган сыйлыгы аз. Экөөбүз курсташ элек. Грант Матевосян, Андрей Битов ж.б. айта берсек көп. «Ак поезд» менин ошол окуп жүргөндөгү дипломдук ишим эле. Жогорку курстун тартиби мындай эле да: жогорку билимдүүлөр кабыл алынчу, кирген жылдан баштап дипломдук иш жаздырып кирчү.
– Кечиресиз, Сиз кимдин мастерскоюнан окудуңуз?
– Нагорный Семен Григорьевич дегендин. Бу киши советтик мезгилде белгилүү кинодраматург эле. Биздин кыргыз киносуна да тиешеси бар болчу. Эсиңдеби, «Жоро» деген фильм, Георгий Тушкандын романы боюнча сценарийин ошо киши жазган. Көп мыкты фильмдери тартылган Прибалтикада, «Өзбекфильмде», «Мосфильмде». Эки жыл мени окутту, эки жыл сценарий жазганды үйрөттү, абдан кадырлаган кишим…
– Ошол кишинин көз алдында жазылдыбы?
– Ооба. Бир жыл окугандан кийин ал дипломдук ишимди кыйла жерине жеткирип койдум. Сценарий айыл жөнүндө, мургабдык кыргыздар жөнүндө болучу. Мургабда мугалим болуп иштебедимби. Бир эле жыл. Университетти бүткөндөн кийин атайлап ошол жакка суранып баргам. Болбосо «Советтик Кыргызстан», азыркы «Кыргыз Туусуна» ошонун мурунку күнү эле документ тапшырып, ишке өткөм.
– А эмне үчүн анчалык эле Памирди аңсап калдыңыз?
– Эми жаш элем, романтик элем. Анан Хемингуэйди жакшы көрчүбүз. Хем деп коюшчу эмес беле. Хемдин Африкасы бар экен. Гапаровдун Африкасы жок. Гапаров анан өз Африкасын ойлоп таап атпайбы. Экзотика издегем да. Мургаб чындыгында эле керемет жер. Кытай менен чектешет, Афганистан менен чектешет. Тыягында Тажикстан турганы турган. Ошол тажиктердин бир районунда көчмөн кыргыздар, байыркы кыргыздар жашайт. Ошонун өзү эле экзотика эмеспи.
– «Кара көлдүн каздары» ошондо жазылганбы?
– Ооба.
– «Унутулган сокмо жол» дагыбы?
– Ал өзүбүздүн турмуштан. «Ак поезд», «Кара көлдүн каздары», кийинирек «Жол кырсыгы» деген аңгеме жаздым. «Дружба народов» деген калың журнал бар эле го, ошого басылган. Ошонун баары Мургабга байланыштуу.
– «… каздарында», «токойдо ырдап жүргөн мас булбул» өзүңүзбү?
– Жок. Хорог деген шаар бар. Аны жарып аккан дарыя бар. Аркы өйүзү Афганистан, бери өйүзү Тажикстан. Ошол Хорогго Дүйшөмбү аркылуу самолёт менен учуп түштүм. Ага бир түнөп, анан Мургабга жөнөп кеткем. Түнөгөнүмдү бекер кетиргеним жок. Шаар аралап, кечинде паркында болдум. Ашканасы бар экен. Ашканасынан жалаң Ош жактан барган шоопурлар оокаттанышат экен. Вино сатылат экен, арак сатылат экен, башка сатылат экен. Вино заказ кылып, «ээмп» коюп отургам. Нар жагында көмүр-сөмүр, отун-сотун жаккан жай бар экен. Бир тажик жагат экен.
Ошо киши оозумду ачырбадыбы: отун-сотунун жагып коюп эшиктин оозуна, босогого туруп алып, мойнунда илинген чоору бар экен, ошону сууруп чыгып, ой, бир кубулжутуп чалып кирбедиби. Көз алдыңа келтирчи, биздин Чуйковдун «Песня Кули» деген керемет полотносу бар, Индия циклдеринен. Кудум ошондой болуп туруп калды. Мен да көзүмдү албай туруп калдым. Оозум аңырдай ачылып турганын а киши да байкады. Чоорун тартып бүтүп, жаныма отура кетти. Келиңиз дедим, отуруңуз дедим. Анан экөөбүз винолоштук да. Атын сурабадым, меникин да сурабады. Экөөбүз жылмайышып винолоштук да чыгып кеттик. Кийин-кийин «Кара көлдүн каздарын» ошо киши жөнүндө жаздым.
– Мурзаке, бу кейпибиз менен Мургабга жетпейбиз го?..
– Азыр жетебиз. Жол узак да кысталак. Ары 200бү, 300 нечеби километр. Мынабу Оштон Хорогго чейин 727 км. Бир сөз менен айтканда, Мургабга келдим. Кыргыздар жашайт. Топоз багат, кой багат. Кышын-жайын боз үйлөрдө. Ошо кезде. Кыштакчалары бар, ылай менен, сокмо менен салынган тамдары бар. А дагы 1–2 эле бөлмө. Тамбашы жалпак болот. Анткени кар турбайт, шамал учуруп кетет. Мынабу Балыкчы бар го, шамалы ошонукундай күн сайын болуп турат. Кишилеринин беттерин тотуктурган ошол ызгаар шамал. Мен а кезде жапжаш, супсулуу элем. Кийин кайтып келгенимде таанылгыс болуп калбадымбы. 8 жылдык мектепте мугалим болдум. Балдардын, ата-энелердин турмушун көрдүм. Жайы кыска, кышы узак болот ал жердин. Сен айткан «Ак поезд» ошондон чыкты да. Мен иштеген мектеп-интернат болчу. Малчылардын балдары окучу. Интернаты бир узу-ун үй. Сокмо дубал. Бир четинде көмүр-сөмүр сакталат, бир жеринде оокат-соокат бышырылат, бир четинде балдар жашайт. Ошону көргөздүм да.
Ата-энелери кыштын кыраан чилдесинде бүт кокту-колоттордо кой багып, бозүйдө жашайт. Ошо кезде. Азыр билалбайм. «Ак поездди» ошолорду элестетип жазгам. Жанагы узу-ун, кара дубал интернатты актап койсо, ак поездге окшоп калат эле деп жазгам, кыялдангам. Жогорку курста окуп атпайымбы. Бир сыйра окугандан кийин курстун жетекчилери айтып калды: дипломдук иш жазыш үчүн кимге кандай жардам керек? Мисалы, командировка керекпи, акчасын төлөп беребиз, жана башка деп. Мага командировка керек дедим. Каякка? Мургабга дедим, менин сценарийим ошол жерге байланыштуу. Эй, Памирге барып кел дешип, акча төлөшпөдүбү, байкуштар! Алар айтты: Фрунзе өзүңдүн жериң эмеспи өзүң бар, биз Фрунзеден – Памирге, анан Памирден – Фрунзеге төлөйлү. «Хоп, аке!» дейсиң да…
– Фрунзеге ошол замат эле жөнөдүңүзбү?
– Ооба. Чала бүткөн сценарийимди көтөрө келдим да, «Кыргызфильм» киностудиясына бардым. Касыке – Касым Каимов баш редактор экен. Ошого кирдим. Өзүмдү түшүндүрдүм. Ал киши мени анча деле жакшы тааныбайт эле. Москвадан келдим, дипломдук ишим бар, таанышып көрбөйсүзбү дедим. Келе деди. Бердим. Үйгө барып окуп келем деди. Өтө так киши болчу. Ой-бо-ой! Ошо түнү окуп келиптир. Эртеси чакыртып атпайбы. Келсем, отур муерге деди. Башка унчуккан жок. Анан бир келишимди алып өзү толтуруп кирди. Баш редактор өзү толтуруп атат. Кол койду. Кол кой деди. Койдум. Жүрү деди. Түз эле киностудиянын деректирине алып кирди. Кокеев деген болчу. Мынабу Мурза Гапаров деген болот деди Касыке. Сценарий алып келиптир, абдан жакшы экен, мен кабыл алдым, 25% гонарарын төлөтүп бериңиз деди. Ушундай киши болчу. Деректир кыйшаңдай баштады, акчабыз жок, а-бу деп. Кийин алаар деп. Сценарийди коллегияда талкуулабайсыңарбы деп. Мен кол коюп койдум, – деди Касыке, – талкууланды деп биле бериңиз. Ушундай киши болчу. Мындай чечкиндүүлүктү бир да советтик кыргыздан жолуктурган жокмун.
Кийин уксам, ошол учурда бийликтен ыдык жеп жүрүптүр. Арыз жазышканбы, айтор текшерип, коргоол да таба алышпаптыр. Өзүн өзү актап, түкүрүп туруп, «Кыргызстан маданиятына» баш редактор болуп кетти. Өтө мырза, өтө сыпайы-сылык киши болчу. Бир сөз менен айтканда, канча акчабыз бар деди деректирге. Болгонун бериңиз, сценарийин бышыктаганы Памирге баратат деди. Деректир 100 сом жетеби дейт. Жетет дедим. Чөнтөктө Москва берген акча ойноп турбайбы! Ошентип алгачкы сценарийимдин акчасын алып, Памирге жөнөп кеттим. Досум бар эле Азиз деген. «Асаба» Асаба болуп турганда бир жолу бастыңар го. Завучум эле. «Иж» мотоцикли бар эле. Ошого отургузуп алып көрбөгөн жерлердин баарын көрсөттү. Мотоцикл аякта жакшы унаа. Жеңил машинелер алардын жолунда жүралбайт. Памирде көл аябай көп. Жапайы каздар балалаган, тукумдаган. Тукумдап, торолтуп алып, ысык өлкөлөрүнө учуп кетет. Аралдары бар. Баарын көрдүм. Бир жолу кар жаап ийбедиби. Августта. Каздар учуп кетиптир. Канаттары калыптыр. Мен аны терип чогултуп, Москвага алып кеттим. Бөлмөмө илип коюп, сценарийимди бүткөрдүм.
Айтор, Памир жөнүндө айтсак, өзүнчө жомок. Жайлоо, көл, сууларын кыдырдык дейсиң! Эски тааныштарымды, досторумду, окуучуларымды, жакшы көргөн кишилеримди көрүп, кумардан чыктым. Мен иштеген мектепте көмүр, отун жок болчу. Кыкты кыркып, көң кылып жагышчу, мугалимдер баш болуп. Мектептин алдынан апаппак, туптунук суу агар эле. Ак суу деп коюшчу, дарыяга куйчу. Ал дарыя жанагы Хорог шаарын жарып аккан дарыяга жетчү. Дарыя жээгин жапайы каздар, өрдөктөр, аңырлар, чулдуктар жердейт. Бир жарым ай жашашат. Өйүзүнөн жапайы теке, эчкилер көрүнөт. Биз мектептин терезесинен көрүп турабыз. Эми балык деген толтура. Деректирдин үйүндө турчумун. Ошонун баарын кайра көздөн өткөрбөдүмбү…
– Ага чейин «Ак поездди» «Советская Киргизияга» таштап кеттиңиз беле?
– Жок, кеп ошондо болуп атпайбы. Памирден кайтып келбейимби. Жакшы тааныш акам бар эле, телевидениенин баш режиссёру Балташ Кайыпов деген. Фрунзенин эски аэропортунан ошо кишиге звон кылбайымбы, учуп келдим, тата-пата деп. Десем: «Ой, үйгө кел, жеңең да жок, баш таңабыз» – дейт. Мени жакшы көрчү, мен андан бетер жакшы көрчүмүн. Сылык-сыпаа, мырза, таза киши болчу ыраматылык, кыргыз ТВсын түптөгөндөрдүн бири эле. Болжошкон жерден жолугуп, үйгө кирдик. Колунда гезити бар экен, аны столдун үстүнө койду да, чайынып чыга калайын деп ваннага кирип кетти. Бекер отурганча деп жанагы гезитти ачсам, «Советская Киргизия». Барактасам, Мурза Гапаров, «Белый поезд» деп жүрөт. Оозум ачылды. Бул менин сценарийим эле, дипломдук ишим болучу, муну киностудияга тапшырдым эле, анан кантип?.. Бир чети сүйүнүп, бир чети таң калып атам да. Балташ ака чыкты, ага айттым. Окуй элек элем, чын эле сен экенсиң деп калды. Анан уландысы бар деп жүрөт. Эртеси экөөнү тең сатып алдым. Баягы дипломдук ишимдин так өзү кысыталак. Толугу менен басыптыр. Бул эми жомокко окшош окуя да.
– Ошо бойдон ким чыгарганын билген жоксузбу?
– Ошого келатпайымбы. Ч.Айтматов анда Кинематографисттер союзун башкарат. Секретаршасы бар эле Мехри деген. Жакшы тааныш элек. Ушунчалык жумшак, ыймандуу жан эле. Ошого кокусунан жолугуп калдым. «Мурза, сени Айтматов издеп, келип кетсин деп атат» – дейт. Айтматовдун кабинетине салам айтып кирип бардым. Алик алган жок: «Окудуңбу?» – деди. Мээме шак этип эле «Советская Киргизия» урунду. Окудум дедим. Бул кандайча аерге түшүп калды десем, Болот Шамшиев алып келди, кыргыз жазыптыр, оригинальный экен деди дейт. Кызыгып окуп көрсөм, сеники экен, жакшы проза экен, менден Москвадагы «Литература и мнение» журналы суранды эле, жакшы көргөн кыргыз жазуучуңуздун чыгармасын рецензияга берсеңиз деп суранды эле, сеники ылайыктуу экен дейт. Ыракмат, ыракмат дедим. Сен эми «Советская Киргизияга» жөнөгүн, аларга 2–3 экземпляр бастырып койгула деп сурандым эле, бирөөнү өзүң ал, бирөөнү мага апкел, Москвага жөнөтөм деп калды. Бардым. Машинкелеп коюшуптур. Айтканындай кылып, Москвага учуп кеттим. Москвадан баягы журнал сүрөтүң барбы, а-бу деп кайрылышты, жаңы сүрөтүм жок эле десем, эски сүрөтүм менен эле басып жиберишиптир.
– Анан эле Кубат Жусубалиев экөөңүздөр Айтматов өз башынан артпайт дейсиздер…
– Жаңыдан чыкканда щедрый болчу да. Анан эле космоско чыгып кетпедиби. Жаңыдан чыкканда зоотехник болчу, жерге жакын эмес беле. Биз да ошончолук сыйлачубуз. Бир деталь. Мен жанагы Памирде, Мургабда жүргөндө Кубат телеграмма жибериптир: Мурза, Чыңгыз лауреат болду деп, камбагал сүйүнчүлөп атпайбы. Мен да аябай сүйүнгөм. Жаш элек, романтик элек, патриот элек. СССР ал кезде биз үчүн эң улуу держава болчу да, биздин кичинекей эл, кичинекей журтубуздун уулу анын улуу сыйлыгын алып атса, кубанбаганда кантебиз? Баары сыймыктанган, эл сыймыктанган, Памирде жатып алып мен сыймыктангам. Андагы Айтматов азыр таптакыр башка Айтматов болуп калды да…
– Ошентип «Ак поезд» тартылбай калдыбы?
– Тартылды, бирок аябай приключения менен тартылды. Сценарийдин каарманы өзүм дегидей эле болучу. Университетти бүтүп, Памирге барып дегендей. Окуяны Фрунзеден баштадым эле. Бир орус кемпирдин үйүндө батирде жашаган жаш жигит аяка чарпылып, буяка чарпылып, иш табалбай, акыры Памирге кетүүгө аргасыз болот да. Москва ушуну жактырбай койду. Улуттар араздашат деппи, кыргыз интеллигенттери орустардын үйүндө акча төлөп жашап, кор болуп жүрөт деген каңкуу бар деппи. Айтор, ушундай. Эки жолу барды, экөөндө тең сылык-сыпаа аткез беришти.
– Айтматов киришкен жокпу? А кишинин кадыр-баркы Москвага аябай чоң эле го?..
– Жок, ал эми биздин Госкинонун иши болчу да. Госкинонун башчысы Шаршен Усубалиев болчу. Кудая шүгүр, ал киши узак жашап, кадыр-барк менен келатат. Бардыгыбыз сыйлачубуз, а киши деле киришти. Өзүбүздөн да кетип атты да. Адегенде мен тартам эле, мен тартам деп, 3–4 режиссёр чыкты. Биринчиси Геннадий Базаров болчу. Кубанып кеткем. Кыргыз киносунун классиктеринин бири да. Ал менин «Көчө» деген сценарийим боюнча да фильм тарткан. Азыркыга чейин көрсөтүлүп келатат.
Бирок мында негедир көзкарашыбыз бир чыкпай калды. Менден да кетти. Ал режиссёрдук сценарийге келгенде таптакыр эле башканы жаза баштады. Мен чыктым тете-пете деп. Болбойт дедим. Андан кийин Мелис Убукеев тартам деп чыкты. Убукеевди өзүң билесиң, кыргыз киносунда гана эмес, кыргыз искусствосунда, маданиятында, тарых илиминде да таасын талант, эң алдыңкы интеллигенттердин бири эмес беле. Мен бу киши менен аз-маз болсо да теңтуш болуп, достошуп дегендей, жакын мамиледе жүрүп калдым. Ага «Ак поезд» да аралжы болду. Анын айынан экөөбүз сөгүшкөнгө чейин да, өбүшкөнгө чейин да бардык. Иштештик. Анан ишибизди өткөрүү үчүн Москвага Госкиного чогуу бардык. Госкино деген монстр эмес беле. Ансыз эч жакка жарым карыш узабайсың, акчаны ошолор бөлөт. Бардык. Шаршен Усубалиевич, агездеги студиянын деректири, Мелис, мен, дагы башкалар болуп. Белек-бечкегибизди көтөрүнүп. Анан Госкинонун баш редакциясынын коллегиясы талкуулап атпайбы. Чыгып сүйлөштү, ийгилигин, кемчилигин айтышты. Кыскасы, сценарийди кабыл алмай болушту. Баш редактор Кокарева деген эле, ошол: – Авторду, режиссёрду угуп көрөлүчү, – деп калды. Мен ыракмат силерге, сценарийде кемчиликтер көп, кудай кааласа, режиссёр экөөбүз оңдойбуз дедим. Анан режиссёр туруп сүйлөбөдүбү, жок, турбай эле отуруп сүйлөчүбүз. Ал кишини билесиң, амбициясы чоң, аябай кердейген киши эле, өлүп баратса ийилчү эмес, өзүнө өтө ишенип алган.
– «Күүнүн сыры» ошон үчүн бүтпөй калды дешет ко?..
– Анын өзүнүн сыры бар. Кино деген жөнеле искусство эмес, бул өндүрүш дагы да. Ошону уюштура албай койду. Акчаны киного караганда оюн-күлкүгө, тамаша-тойго көбүрөк жумшап ийген дешет. Мен билген, мен билбеген дагы бирдемелери бар өңдөнөт. Жана айтпадыкпы, таланты да, мүмкүнчүлүгү да зор эле. Менимче, анын ондон бирин ачпай кетти. Документ фильмдери шумдук. Акыркы «Өлбөстүккө жанашуусу». «Вселенная Манаса» дегенин аябай жакшы көрөм. Бирок мыкты дегендей бир дагы көркөм фильм тарталган жок. «Күүнүн сырынан» көптү күткөнбүз. Анысы ал болду. Анан таарынып, Алматыга кетти. Баланча жыл. Бирок балан дегидей кино тарткан жок. Кайтып келди. Жакшы фильм тартканга үлгүргөн деле жок, кайтып келгенден кийин. А «Провинциальный роман» дегени болбогон нерсе. Москвадан тартууга деңгээли жетпеген, бирок авторлорун да кыйбаган сценарийлерди элет киностудияларына жиберишчү. Иванды Асан кылып оңдоп. Ошону тартты да…
– Ошентип талкууда эмне деди?
– Катуу айтпадыбы. Бул сценарий бышалек, полуфабрикат деп айтты. Мен муну бүт кайра башынан жазып чыгам деди. Ошондо жанагы Кокареванын (аты-жөнүн эстей албай уят болуп атпайымбы!) жини келе түштү: «А-а, вот что, – деди. – Биз, Госкинонун Баш редакция коллегиясы полуфабрикатты кабыл алып аткан турбайбызбы. Авторлор барсын дагы иштеп туруп фабрикат алып келсин, анан сүйлөшөлү» – деп точка коюп салды да…
– Ошо бойдон кайрылган жоксуздарбы?
– Анан Кыргызстанда кино саясаты өзгөрүп кетти. Жолдош Усубалиев Шаршен Усубалиевичти кызматтан алыш үчүнбү, айтор, Госкинону маданият министрлигине бириктирип салды. Маданият министрлиги өзүнчө саясат жүргүзөт да…
– Киностудиядагы сценарийиңиз башка эч режиссёрдун көңүлүн бурбаппы?
– Буруптур. Яков Бронштейн деген бар болчу. Ташкендик еврей. Кийин АКШга кетип калды. Видигурис экөө «Замки на песке» деген фильмди бизде тартып, Польшанын Краковунан «Золотой Дракон» сыйлыгын алган. Ошол келиптир, «Кыргызфильмде» кандай сценарийлер бар экен деп. Меникине кабылыптыр. Үйгө келишти, давай, биз тартабыз деп. Пожалуйста дедим. Бизге акыркы вариантынын кереги жок, биринчисин бер дейт. Бердим. Москвага алып кетти өткөрөбүз деп. А Москвадан өтпөй калат. Яша телефон чалат. Өлгүчө тажадым да, өтпөсө эмне кылайын ыргыт дедим. Соавтор алсак болобу дейт. Ала бер, энеңди урайын дедим. Көрсө, ал Андрон Канчаловский менен жакшы тааныш экен. «Биринчи мугалимге» экинчи режиссёр болуп иштептир. Ошого барыптыр. Койгонго эптеп улуксат алдым, сценарийди оңдош керек болуп атат, соавтор таап бер деп. Ал баягы менин досум Рүстөм Ибрагимбековду таап бериптир да. Ошол замат Бакуга учуптур жаны жок.
Мен анда «Кыргызтелефильмде» иштейм. Р.Ибрагимбеков Азербайжан Кинематографисттер союзун башкарчу. Кабинетинен звонить этип атпайбы: – Мурза, редакторуң менен жетип кел, баарына сүйлөшүп койдук, командировка берет, – деп. Бакуга учпадыкпы. Кыштын күнү. Кар. Рүстөм деңиз жээгинен, кайсы бир эл аралык эс алчу жерден жай алып коюптур. Сценарийди ошояктан жаза баштадык. Москва кабыл алды. Режиссёрдук сценарийди бизге келип иштедик. Анан кино тартыла баштады. Башкы ролду керемет актёрубуз Советбек Жумадылов ойнойт. Аялы өлүп калган, бойдок болчу. Анан бир студент кызды сүйүп калыптыр. Жанына ар дайым ала жүрөт дейт. Съемка Сары-Челекте, дайранын боюнда тартылып жатат. «Приключения счастливого человека» деген ат менен. Баш каарман шаты көтөрүп алып дайра бойлоп жүрө берген комический каарман болчу. Яша Бронштейн кийин мага айтып берип атпайбы: чечинип сууга кир десек, кирбейт дейт. Көрсө, жанындагы студент кызга курсак-пурсагын көрсөтүп чечингенден уялып жатыптыр. Бардык кыргыздардай эле курсагы толо болчу да. Мага арызданышты: Сокең жанагы кызы менен туруп-туруп эле бир жумача жоголуп кетти дешет. Кинонун ар бир мүнөтү акча талап кылат да. Анысын урганы барбы, Ташкенттеп кетиптир. Кийин ошол кызга үйлөндү. Ал Сагын болчу, ыраматылык а дагы өтүп кетти. Ажайып аял эле.
– Кино ошентип тартылып бүттүбү?
– Бүтпөй калды. Жарым-жартылай эле бүткөн. Эмне деп койчу элеңер, КП БКбы, айтор, ошонун идеология бөлүмү токтотуп койду. Кандай болуп жетип калганын билбейм, ошол кездеги идеология боюнча секретарь материалды атайын алдырып көрүптүр да, бул чырдуу фильм болот, башыбызды «Биринчи мугалимден» да жаман оорутат деген имиш. Анан жаптырып таштады.
– Тартылгандары ошо бойдон архивге кеткен экен да?
– Жок, көп каражат жумшалып кеткен да. Кыргызстандыкы да эмес, Москваныкы. Биздин «жапкычтар» ошону актагыла, тартылган материалдан бир кино чыгаргыла, ошол эле жетишет дейт. Кыска метраждуу кино кылып чыгармай болушту. Мени отургузуп сценарийди кайра жаздырышты. Аны ойлоп, муну ойлоп, акыры бир вариантты тандадым. Ал, 4 часттуу, 40 мүнөттүк фильм болуп калды. Аны Москва кабыл албай коёт. Стандартка туура келбейт деп. Кыска метраждуу фильм же 10, же 20 мүнөттүк болуш керек. Булар 20 мүнөттүк кино жасамай болушат. Мен билбейм. Р.Ибрагимбеков Москвада. Аны табышат. Ары кетип, бери кетип, сөзү жок, диалогу жок эле 10 мүнөттүк 1 часть фильм жасап салышат. Аты да өзгөрөт: «Это – не беда» деп. Ал Краковдогу эл аралык кинофестивалга барып, эсимде жок, биринчиби, үчүнчүбү сыйлык алып келди. Фильмдин титринде сценарийин Р.Ибрагимбеков М.Гапаровдун катышуусу менен жазган делинип калыптыр. Көрсө, оңбогон еврей авторлорго гонарар толук төлөнөт деген закон казып чыгыптыр да, тең бөлүшкүсү келбептир.
– Ошол бойдон «Ак поезд» оомийин болдубу?
– «Ак поезд» деп атоого болбой калды. Айтматовдун «Ак кемеси» чыгып кетти. Кыргыз эртең эле бул Айтматовду туурап атат деп кыйкырып чыкмак. Эмесе «Ак поезд» деген ат менен орусча, французча чыккан. «Ак поезд» менен «Ак кемедеги» символика да окшоштой эле.
– Кандай окшоштук?
– Кыял, максат, үмүт тууралуу болуп атпайбы. Памирдин балдары Ак поездге түшүп, Памирден чыгып кеткиси келет. Айтматовдун баласы да Ак кемени карап, атам ошонун капитаны, ошого кетем деп кыялданат. Дүйнөлүк адабиятта андайлар боло берет. Бирок Кыргызстанга окшогон алакандай жерде кадыр-барктуусу, орден, наамдуусу утуп кетет. Ошо утулуп калбаш үчүн «Кыштакча» деген жупуну ат коюп чыгардым да…
2001-ж., 14-декабрь
4-маек
– Мурзаке, сиз кыргыз адабиятына ушул бойдон эле түшө калгандай сезилип кетесиз. Алгачкы чыгармаларыңыз, балалыгыңыз, өспүрүм кезиңиз тууралуу негедир сөз жок. Бүгүн ошол кенемтени толтурууга аракет кылып көрбөйлүбү?
– Мен деле ырдан баштагам. Ырларымды ошол кездеги популярдуу гезит «Кыргызстан пионерине» салып турчумун. Бирок бири да басылган жок. Жооп келип турчу фирменный кагазга. Менин фамилиям машинка менен басылып. Аягында: «Жаза бер, Мурза» – деп коёт эле да. Ошого эле курсант элем, ошого эле сүйүнүп калчумун, кудум гезитке чыгып, бүт республикага тарап аткандай. Кийин ойлосом, мектепте жазган ырларым басылышка даяр эмес экен.
– Даяр эместигине мектепте окуп жүргөндө көзүңүз жеттиби, же?..
– Мектепти 1953-жылы – Сталин өлгөн жылы бүтүрдүм. Турмуш шартка жараша Фрунзеге келип, окууга өтүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. 4 жыл кечигип өттүм университетке. Ага чейин колхоздо иштеп, кыйырым чыгып кетти да. Ал кезде балдар эмгеги эске алынчу эмес. Эмгек күн жазылбайт, ата-энесинин жардамчысы катары эсептечү. Байкасам, колхоз ичинде колхоздун кою болуп баратам. Кой, качайын деп, өзүбүздүн Ноокат районунда геологочалгын партия бар болчу, ошого кирдим. Ар кайсы жумуштарын аткарып жүрдүм. Анан баш геологу, азыр ойлосом, жашыраак кыз экен, институтту жаңыдан бүтүрүп барган, Башмачникова деген. Ошол мени жардамчы кылып алды. Бир жыл ошону ээрчип жүрдүм. Экөөбүз эки ат минип алып, кокту-колот, жылгаларга кирип, тоо сууларынан шагыл издеп, шагыл жууйт элек. Анан ошол керектүү деген шагылыбызды куржундарыбызга салып, аттарыбызга жүктөп, лабораторияга тапшырчу элек. Кечинде белчеден суу болуп келчүбүз. Толь менен жабылган чатырчада өзүмчө жашачумун. Партиянын отунчулары бар болчу. Ошолор алып келген отунду жагып дегендей.
Движок менен түнкү саат 11ге чейин чырак жагар эле, анан өчүрүп коюшчу. Кара чырак сатып алгам. Ошолордун жарыгында китеп окуур элем, аңгеме жазар элем. Кээде ошо кийимчен уктап калчумун. Бир жолу өтүгүмдү кургатам деп печкага жайып койсом, эртең менен таптакыр эле куурап калыптыр. Бутума батпайт. Саар менен жанагы баш геолог Башмачникова ойготот эле: «Мурза, дагы уктап калдыңбы, тур, атыңды току» – деп. Бутка батпаган өтүктү ыргытып жиберип, эски батиңкени кийип чыга калып атпайымбы. Аттарды байлап коюп, кар малтап баратсак, геологум бутумду көрө салып: «Мурза, өтүгүң кана?» – дейт. «Куурап калды» – десем, «Эми бул батинке менен бутуң даана куурайт, үшүк алып кетет» – деп жемеледи эле. «Павел Корчагин деле жыңайлак жүргөн» – деп жооп берип атпайымбы. Ал жылмайып күлүп, башын чайкап койгон. Ошондой, китептин таасиринде кездер да.
– Экөөңөрдүн ортодо сүйүү-күйүү болгон жокпу?
– Кайдан, ал менден бир топ улуу эле. Эми айтсакпы, айтпасакпы, кыз өбөлек, аял көрөлек дегендей кез эле да анда. Динчил чөйрөдө өскөм, чоң аталарым молдо болуп дегендей. Кээде түшүмдө алар менен өбүшүп, жытташып кетчү элем. Кээде шейшебим сууланып калчу. Антип ойгонор замат керзи өтүгүмдү коңултак кийип, жылаңач этке купайке жамынып, чатырдан атып чыгып, калың кар малтап, дарыяга чуркачумун. Дарыя чатырыма жакын эле, Кыргыз-Ата аталчу. Ошого чуркап келип, дырдай жылаңач болуп, какшаган сууга боюмду таштачумун. Көп учурда бул айдын жарыгында өтчү, форелдердин туш-тарапка үрккөнү али көз алдымда.
– Анан жазган аңгемелериңизди эч жакка жөнөткөн жоксузбу?
– Утуру жазганымды утуру көчүрүп, Фрунзеге «Жаш ленинчи» журналына жөнөтөм. Өзүң билесиң, ал жалаң мектеп окуучуларыныкы эле эмес, студенттердин да журналы болчу. Бул редакцияда да сонун кишилер иштейт экен, ар бир аңгемеме жооп берет да. «Мурза, аңгемең жарабай калды, себептери мындай-мындай, дагы жазып тур» – деп. Мен баягыдай эле фирменный кагазга жазылып, аты-жөнүм башында турган жоопко курсантмын.
– Акыры ошол журналга жарыяландыбы?
– Ошого келатпайымбы. Бир жылдан кийин күзгө чыкканда менин партиямды жаап ташташты. Кайда барарымды билбей, ишсиз калдым. Маң болуп туруп… Кызыл-Кыяга барып шахтер болоюн дедим. Шаар – чоң шаар, ал жерден орус тилин үйрөнөйүн, анан эмдиги жылы Фрунзеге барып, университетке тапшырам деп чечтим. Барсам, албай коюшту: шахтер болуш үчүн 6 айлык курс бүтүш керек экен. Бекер тамак, бекер кийим берет, ошого бар дешти. Арга жок бардым. Шахтыга да түштүм. Практикада. Практикага да акча берчү эле. Ошол акчаларды жыйнап жүрөм. Жумушчу жаштардын кечки мектеби бар экен. Мектепти бүткөнүмдү жашырып, 10-класстан окуп алдым. Унутпайын, орусча билейин деп атам да. Убакты-сааты келип, курсту бүтүрдүм. Комсомол шахтасына бар, документтериң ошоякка кетти дешти. А мен вокзалга акырын жашырынып качып барып, Фрунзеге белет алып, поездге түшүп кете бердим. Баса, Жолон Мамытов менен ошондо поездден тааныштым. А да окуу издеп кетип бараткан экен. Поезддеги жоруктар айта берсе чоң жомок. Заара кылалбайм да кысыталак. Сууга заара кылып көргөн эмеспиз да…
– Ошентип университетке өтүп кеттиңизби?
– Ооба, кудай жалгап мен дагы, Жолон дагы өтүп кетти. Ал айыл чарба институтуна. Эми биринчи аңгемемдин кантип жарыяланганына өтөйүн. Окууга өткөндөн 15 күндөн кийин эле кайра түштүккө пахтага айдабадыбы. Университеттин алдында отурабыз оголе көп студент машине күтүп. Жүгүбүз бар, машине келбейт. «Комсомольская правданы» барактап отурам. Окусам, Франция менен Алжир согушуп атыптыр. Бир жеринде ойноп отурган жаш баланын сүрөтү бар экен. Дагы бир жеринде, башка эле бир макаланын ортосунда марш тээп келаткан солдаттардын сүрөтү. Буттарын көтөрүп турат, тамандарында свастика. Тиги бала ылайдан көгүчкөн жасап отурат беле же өзүм ойлоп таптымбы, айтор, Алжирдин баласы көгүчкөн – тынчтыктын символун жасап отурса, солдаттар талпылдатып басып кетсе, көгүчкөндүн үстүндө свастиканын изи калат да деп элестетип кеттим. Аңгеме жазайын деген оюм жок болчу. Бирок Фрунзе – Жалал-Абад поездинин ичинен оюман кетпей койду. Биринчи полкада жатат элем, мектеп дептерин алдым да, башка балдар ойгонгончо бир отурушта жазып салдым, «Бөтөн таканын изи» деген аңгемени. Пахтадан келдик кайрадан. Баягы аңгемемди көчүрүп жазып, «Жаш ленинчи» журналын сураштырып таап, апардым. Кирсем үч киши отуруптур. Кийин билсем бирөө Шатман Садыбакасов экен, ошол кезде бөлүм башчы бекен, экинчиси Жумабек Кыдырмышев, үчүнчүсү Булан Акматбеков деген агай эле. Кел, эмнеге келдиң деп калышты. Аңгеме алып келдим дедим. Аты-жөнүмдү сурашты. Жакшы. Таштап кет, бир жумадан кийин жообун аласың дешти. Таштап чыгып баратсам, Булан Акматбеков: «Сен бизге басылгансың, ээ?» – деп калды. «Жок, агай, басылган эмесмин, бирок аңгемелеримди жөнөтүп, жообун алып турчумун» – дедим. «Токточу, сен басылган болушуң керек эле» – деди да, бир жаман шкафтын үстүндө журналдардын тиркемеси бар экен, ошону аңтарып: «Мына, сенин аңгемең турбайбы» – деди. Карасам, «Сырдуу окуя» деген аңгеме. Автору Мурза Гапаров деп жүрөт. Ушунчалык сүйүндүм. «Кандайча мындай болуп кетти?» – дептирмин. Ошондойчо, сен салып турган аңгемелердин бирөө жараган дейт. Акчасын алдыңбы дейт. Каяктан алам, өзүм эми көрүп атсам. Биз жөнөткөнбүз, кайра келсе керек, баланча жерде бухгалтерия бар, паспортуң менен барсаң акчасын аласың, бул жылдан калып кетсең, акчасын алалбайсың деди. Кеч күздө баргам, пахтадан кийин. Жүгүргөн бойдон университеттин жатаканасына барып, паспортту алып, бир комната курсташтарды ээрчитип, ошолордун көзүнчө алдым. Теңтуштарымды Панфилов паркына ээрчитип келип, кара вино, кызыл вино, пивосу, иши кылып, баарын алып берип, биринчи аңгемемди жуудум, азыркыча айтканда, презентациясын өткөрдүм.
– Биринчи аңгемеңиз ушинтип чыгыптыр. «Бөтөн таканын изи» эмне болду?
– Бир жумадан кийин барбайымбы. Үчөө тең окуп чыгыптыр. Шакем (Садыбакасов): – Отур, Мурза – деди. Отурдум. Мына бул аңгемеңди өзүң жаздыңбы же Алжир-палжирдин жазуучуларынан которуп алдыңбы дейт. Жок, өзүм эле жаздым дедим. Кантип жаздың? Жазганың Алжир Франция менен согушуп жатканы жөнүндө болсо, өзүң бу жерде отурсаң, кантип ойлоп таптың дейт да. Мен болгон окуяны айтып бердим. «КПнын» ошол санын бизге алып келип бераласыңбы? – дейт. Ооба – дедим, – Алып кел – деди. Университеттин китепканасына келип, «КПнын» тиркемесин окуп аткан киши болуп, акырын бир санды жулуп алып, коюнга салып кайрадан редакцияга келбейимби. Алдыларына мынабу, мынабу деп, картадай жайып бербейимби. Болуптур, гезитти бизге таштап кой да, өзүң кете бер, кийин кабарлашабыз деди. Бир жума өтүп-өтпөй филфактын коридорунда баратсам, 4–5-курстун керсейген студенттери терезенин жанында турат. Бирөө: «Эй, Мурза Гапаров деген сенсиңби?» – дейт. Мен десем, «Бөтөн таканын изи» деген аңгемени сен жаздыңбы дейт. Көрсө, алардын ичинде аңгеме, ыр жазып, редакцияга каттап жүргөндөр бар экен, ошолорго айтыптыр да Шакем, биринчи курстун студенти мындай жазат, силер болсо булсуңар маанисинде. Көп убакыт өтпөй, ошол эле санга чыгып кетти.
– Шакенин менде да эмгеги көп эле. Жаңыдан чыгып келаткандарга ушунчалык сергек мамиле жасай турган…
– Шакем жөнүндө айта берсе сөз көп. Аны кийин сен экөөлөп кенен-чонон эскерербиз. А киши жөнүндө жалаң жакшы сөздөрдү айталам. Анткени жакшылыгын көп көрдүм. Чыгармачылык жагынан да, улуулук жагынан да мага мамилеси өмүр бою түз эле. Университетти бүткүчө ошол «Жаш ленинчиге» басылып турдум. «Мейман» деген биринчи повестим да Шакем аркылуу журналдын үч санына басылды. А киши мага моралдык, духовный эле колдоо эмес, материалдык да көп колдоо көрсөттү. Ошо кезден өзүмдү өзүм бакканга акча таап калдым да. Ал мени бир четинен эркелетип, бир четинен менден жабыр тартты. Б.а., каприздеримди көтөрүп, чыдап жүрдү. «Мейман» повестимди басканда да оңдобойм деп моюн толгободумбу. «Безотказный жазуучу» болгондон калып, «жазуучу» албетте тырмакчада, көбө баштагам да. Кийин ойлонуп, ыраазы болуп жүрбөйүмбү. Ал ушунчалык жумшак, сылык-сыпаа, табигый маданияты бар киши эле. Кийин «Ала-Тоого» баш редактор болуп калды. Биздин досубуз ыраматылык Төлөндү Акматов проза бөлүмүн башкарчу. Ошого бир повестимди тапшырдым. Ал окуп чыгып катуу мактап, Шакеме ошо замат өткөрөм деди, «Ала-Тоодо» материал көп, өзүнүн милдети бар, иши арбын дегендей эле да.
Бир ай жооп бербей койсо, колунан жулуп кетип атпайымбы. «Ой, Мурза, тура тур, колум тийбей атат, сен жакшы эле байымдуу, байыстуу киши эмессиңби» дегенге көнбөй. Кийин ойлосом осол иш кылыпмын. Тиги кишинин көңүлүн оорутуп коюпмун. Аякка көчүп, буяка көчүп, анча маани бербей жүрүп, повесть деле акыры жоголуп тынды. Бирок андан кийин деле арабыз алыстаган жок. Кийин Ж.Самаганов жазуучулардын справочнигин түздү. Шакем жөнүндө библиографияга менин макалам кириптир. Студент кезимде жасаган докладымдын негизинде жазылган макала эле. «Ала-Тоого» чыккан биринчи чыгармам ошол болчу. Менин биринчи сынчылыгым да ошол болуп атпайбы!..
– Биринчи китебиңиздин чыгышына да шарапаты тийдиби?
– Ошентсе да болот. Университетти бүтүп, баягы сага айткан Памирге кетип баратам. Анан жарыяланган, а жарыялаган Шакем эмес беле, аңгемелеримди, жогоруда айткан «Мейман» повестимди жыйнадым да, «Мектеп» басмасына тапшырдым. Анда басма-сасма дегенди деле билбейт элем. Түз эле Аралбаев деген аксакалга кирип кетипмин. Редактор экен. Кел деди. Жазып жүрөм, студент элем, окууну бүтүп Памирге баратам, анан ушул жазгандарымды сиздерге таштап кетейин дедим эле, окуп чыксаңыз дедим. Ал кол жазманы алып барактап чыкты, жана айтпадымбы, баары журналга жарыяланган. А билем, билем, сен кете бер, окуп чыгайын деди дагы столуна салып алды. Памирде бир жыл иштеп, экинчи жылы эмне болду экен деп кирсем, ал китебим чыгып калыптыр. Аралбаев деген адамдын аурасы, жаш авторго болгон мамилеси, түшүнүгүн карачы! Атын эстей албай уялып турам. Мага калемакы койдуруп, аз коюпсуңар деп урушуп атпайбы. 450 сом экен. Мага ушул эле жетет дедим. Биринчи китепти эстесем, ошо киши көз алдыма тартылат. Эң негизгиси, ошол жылдары балалыгымды жыйынтыктап, кош-мур айтышкан экем.
2002-ж., 4-январь
5-маек: Төлөгөн Касымбеков кантип Чыңгыз Айтматов таккан канатка чапты? Ош театрынын актрисасы кантип табышмактуу өлүм тапты?
– Мурзаке, кечээ заман алмашканда кыргыз жазуучуларынын көпчүлүгү мен куугун-сүргүн көрдүм, ыдык жедим, чыгармаларымды чыгарбай, баспай келди, Усубалиев режими деп чыгышты. Кийин байкасак, андай чыгарма деле аз, сиздин досуңуз Кубат Жусубалиевдин бирин-экин чыгармаларын эске албаганда жокко тете экен. Негедир анда сиз унчуккан жоксуз, ушул жагдайда сиздин акыбалыңыз кандай?
– Албетте, жазылып, басылбай калган аңгеме-повесттерим, жазылып, коюлбай калган пьесаларым, жазылып, тартылбай калган киносценарийлерим бар. Бирок алардын басылбай, коюлбай, тартылбай калган себептерин башка жазуучулар сыяктуу саясатка, идеологияга такагым келбейт. Анткени социализмдин мээни куйкалаган аптабынан, кылчылдатып үшүткөн көлөкөсүнөн чыгармачылыкты башынан эле качырып, оолак туткан жазуучумун. Менин басылбай, коюлбай, тартылбай калган чыгармаларымдын таржымалы, себеп-жөнү такыр башка. Көп учурда өзүмдөн кетти, көп учурда адабий чөйрөнүн элет деңгээлинен, кыргызбайчылыгынан жабыр тарттым. Себеби ушулар эле.
– Ошолордун арасынан ичиңиз аябай ооруп калгандары да бардыр. Чачыратып айтып бербейсизби?
– Бар. Маселен, 1962-жылы университеттин акыркы курсунда окуп жүргөндө эки аңгеме жазгам. Бири – «Турналар жазда келишет». Аны түз эле Чыкебиздин колуна тапшыргам. А кезде Чыңгыз Айтматов биз үчүн жаңы чыккан жылдыз, чоң авторитет, бизге духовный жөлөк-таяк сезилчү. Баягында айтпадым беле, кадыр-баркы көтөрүлүп, атак-даңкы тарай баштаган кезинде а киши жаш эле, март эле, патриоттук сезими да күчтүү болчу, бизге окшогон жаш жазуучуларга жардамга даяр турчу. Мен эле эмес, менин тааныштарымдын көпчүлүгү Чыкебиздин жардамын көрүп, аброюн пайдаланды. Ошентип ал аңгемемди өз колуна берип: «Чыке, ушуну окуп берсеңиз, буга чейин балдар үчүн жазчу элем, бул биринчи олуттуу аңгемем (чоңдор үчүн дегеним да) – деп сурансам, – таштап кет, окуйм» – деди. Ана жооп берет, мына жооп берет деп тыбырчылап жүрөм өзүмчө. А кишиге кирип, доолашуудан тартынам. О, эки ай өткөн соң союздун алдынан жолугуп калдым: а киши чыгып, мен кирип бараттым эле. Саламдашсам, алик алып, сенин аңгемеңди окуп чыктым, бүрсүгүнү ушул жерде жаш жазуучулардын семинары болот, мен доклад жасайм, аңгемеңе ошондо айтам пикиримди деди. Болуптур, Чыке дедим.
– Агезде жаш жазуучулардын республикалык семинарлары, кеңешмелери көп өтчү эле го?
– Эми республика дегенибиз менен негизинен борбордо жашап, окуп, иштеп жүргөндөр чогулчу да. Кыргыз адабиятынын Т.Сыдыкбеков, Ш.Бейшеналиев, Т.Үмөталиев сыяктуу лөктөрү катышчу. Ошолор отуруп, биз угуп бердик да. Чыкем 40 мүнөт чамасында сүйлөдү. Атайын даярданбаптыр. Башка аңгеме, повесть окубаса деле керек, байкашымча. Москва журналдарынан окуган орус жаш жазуучуларынын чыгармаларын мисал тартып отуруп алды. Мисалы, Владимир Орлов дегендин «Соленый арбуз» деген романы «Юность» журналына чыккан. Ошону айтты, ушундай жазыш керек деп. Ал жазуучунун азыр аты-жыты деле жок, унутулду. Калганы бүт менин аңгемеме арналды өңдөнөт. Аябай мактады.
– Мисалы эмне деп? Эсиңизде барбы?
– Эгер окусаң, «Турналар…» жалаң диалогдон турат. Башынан аягына чейин аялзаты менен эркектин диалогу. Чыкем айтып калды, мен мындай чыгарманы кыргыз адабиятынан окуган эмес элем, дегеле совет адабиятынан жолуктура элекмин, Мурзанын аңгемеси оригиналдуу жазылыптыр, мына ушундай жазыш керек, азыр биз жаңыча жазышыбыз керек деген сыяктуу сөздөрү эсимде калды. Мен, албетте, курсант болуп дердейе түштүм. Аңгеменин башкаларга эмес, ошо кишиге жакканы үчүн. Анткени ал киши мен үчүн Кыргызстандагы №1 жазуучу болуп калган. Мен үчүн эле эмес, башкалар үчүн деле. Аңгеме ал жылы эмес, 1963-жылы «Ала-Тоого» басылды. Кийин, кийин, Чыкемдин эң мыкты чыгармаларынын бири – «Саманчынын жолу» чыкты. Ал кезде Чыкемдин бардык чыгармаларын баса калып окучубуз да, башка китептерди, сабакты, башка иштерди таштап коюп. Ар бир чыгармасы биз үчүн зор окуя эле. «Саманчынын жолун» окуп чыгып, бүткөндөн кийин ичимен ого бетер домпоюп калдым: Чыкем повестин башынан аягына чейин диалог менен жазыптыр.
Аңгемемдин формасы чын эле жакса керек, кээде шакирттен да таасир алыш керек деп койдум. А мен сага айтсам, мен өзүм ал аңгемени Хемингуэйден таасирленип жазгам. Башка сөзгө кирип кеттим өңдөнөт. Менин айтайын дегеним, «Кенже уулунун кайтып келиши» деген экинчи аңгемем жөнүндө болучу. Аны «Ала-Тоо» журналына бергем. Ал Төлөгөн Касымбековдун колуна түшүптүр. Төкөм анда «Ала-Тоодо» иштечү, проза бөлүмүн башкарса керек, азыр ойлосом. Анысын кайдан билейин, жөнеле редакцияга таштап кеткем. Ошентип эле Чыкеден кийин биринчи Төлөгөн Касымбеков сөз алды. Бу киши менин кол жазмамды көтөрө келиптир, элдин көзүнчө аңгемемдин мазмунун жиликтеп, абийиримди аштай төкпөдүбү.
– Анчалык эмне болуп кетти?
– Эми ошондогу Төкөм сыяктуу аңгемемдин мазмунун баштан-аяк айтат окшойм. Антпесем түшүнүксүз болуп калат. Бир студент, менин каарманым, жайкы каникулда үйүнө келет. Казакстандын дың жерин өздөштүрүүгө айдалып, өткөн жылы келбей калган. Ал Казакстанда антип жүргөндө буяктан атасы өлөт. Чакырык барса, өз учурунда келалбайт. Кийин келип атпайбы. Келсе, апасы тандырга нан жаап жүрөт. Апасынын мойну-башынан кучактап ыйлайт. Апасы жемелейт, атаңа эмне үчүн топурак салганың жок, акең аябай жини келип жүрөт, сени көрсө сабашы мүмкүн, акеңдин пейилин билесиң го дейт. Акем каякта дейт, акең тетиги жылгада таш кулатып жүрөт, үй салам деп пайдубалына таш чогултуп атат, нан бышканча келип калат дейт. Студент чыйпылыктап, качан келип, качан сабайт деп коркуп отурат. Бир маалда апасына айтат, акем келбейт ко, кечикти го – деп. Анда барып өзүң чакырып кел – дейт. Барса акеси таш кулатып атыптыр. Студент акесинин жанына чыгып барат. Эсенчилик-аманчылык сурашат. Акеси тилдеп, жемелеп, ачуусун чыгарып алат. Студент: – Аке, апам ысык нан жаап коюптур, барып чай ичиң, оокат жең, чарчадыңыз го – дейт. Азыр, дагы бир машине толгудай кылып коёлу, анан баралы дейт акеси. Үкөсү да жардам берип, акесинен жогоруда таш кулата баштайт. Бир убакта төмөндө акеси бар экенин унутуп калып, бир чоң ташты оодарат да, тоголотуп жиберет. Тоонун боору типтик. Таш катуу тоголонуп жөнөй берет. Караса таш бараткан тушта акеси таш козгоп жатат. Жүрөгү оозуна кептеле түшөт, коркконунан: «Аке-е, качыңыз!» – деп кыйкырып жиберет. Акеси катуу тоголонуп келаткан ташты көрө коюп алдастап калат, таш келаткан багытка карап бирде солго, бирде оңго качып. Антип-минткенче таш уруп өтөт, акеси сулап түшөт. Үкөсү буту үзүлгөнчө чуркап түшсө, акеси канга боёлуп, көзү жумулуп калган. Коркконго кош көрүнөт болуп, акем өлдү, эми эмне кылам деп өксөп жиберет. Акесинин өлүмү эмес, өзү түшөт да биринчи эсине. Адам ошондой болот эмеспи.
«Эми эмне кылам, апама эмне деп айтам? Акемди өлтүрүп алдым деймби? Ал ага ишенеби? Акең экөөң мушташа кеттиңер, сен акеңди атайылап таш менен уруп өлтүрдүң дейт да!» Ушундай ар түркүн ойго жармашып, акыры өзүн куткаруунун амалын ойлой баштайт. Апасына акемди таппай койдум, ал жакта жок экен деп барат. Анда ысык нан жеп, көк чай ичип салкындап отуруп тур, акеңди мен өзүм таап келейин, ал байкуштун карды ачты, үйгө сүйрөп келбесе, кечке жүрө берет дейт да, өзү кетет. Берки жигиттин тамагынан нан да өтпөйт, чай да өтпөйт, отурат калтырап-титиреп. Чыдай албай тыбырчылап тышка чыгат. Чыкса, апасы акесинин колун мойнуна арта салып сүйөп алган. Акеси сүйрөлө сылтый басып келатат. Студент ошондо айыбы ачылганын билет дагы, менин бул жерде калышым мүмкүн эмес деген ой башына шак урунат да, качып жөнөйт. Эшиктин алдынан суу агат, арыктын аркы өйүзү мелтиреген буудай талаа сапсары болуп бышып турат. Ошого кире качат. Ошону аралап бөжүп, мергенден качкан аң сыяктуу алдастап жөнөйт.
Апасы артынан: – Токто, мен сени өз колум менен өлтүрөм – деп ачуу кыйкырып, агасын жерге жаткыра салып, ал дагы буудай талаага шумкуп кирет. Калың буудай денесин көмө берип, башы эле чыгып калат. А киши чылк кара кийинген, эринин азасы бар, жоолугу капкара. Буудай талаанын үстүндө капкара эле бир жоолук сүзүп бараткандай. Ошентип куушуп барат эне-бала. Бир маалда ысып-күйүп, башында жоолугун жулуп алып, колуна жогору көтөрүп «токтолоп» чуркайт. Буудай талаанын үстүндө кудум капкара туу сүзүп бараткан сыяктанат. Ушул жерге жеткенде Айтматов: «Даана киного тарта турган эпизод экен» – деп жиберди. Мында да курсант болуп калдым.
– Чындыгында эле ошондой экен.
– Аңгеменин акыры бул: жанагы көйкөлгөн буудай талаанын үстүндө сүзүп бараткан кара желек бир маалда жыгылат. Ошол бойдон турбай калат. Кенже уул кайда баратканын билбей алдастап чуркай берет. Буудай талаанын ортосунан жогорку вольттуу зым карагай өтөт, аны бойлой чаң баскан жол кетет. Ошону беттеп чуркайт, ошол жолго чыгат. Чыгып алып, кай тарапка качарын билбей абдырап туруп калат. Жолдо капкара канчык кыпкызыл тилин салаңдатып акактап келаткан болот. Студенттин алдынан өтө берет, студент негедир канчыктын артынан түшүп, калың топуракты сапырылта басып жөнөп кетет.
Ошону менен бүтөт. Төкөм, ушинтип аңгеменин сюжетин аягына чейин айтып берип, идеологиянын уу камчысы менен сабап кирбедиби мени. Бул аңгемени басышка болбойт, эне-баланын, ага-ининин мамилеси бурмаланып жатат, саясий ката бар деп. Бул аңгемем чыкпайт экен деп, ошондо эле суудум. Агезде аңгеме, повесть баса турган «Ала-Тоодон» башка эч нерсе жок болчу. «Кыргызстан маданияты» чыгалек эле. Ошентип ал семинардан Чыңгыз Айтматовдун мактоосуна канат байлап, Төкөмдүн камчысынан экинчи канатым жараланып чыкты.
– Гётенин бир айтканы бар: биздин жазуучулар бир окуяны кууп алса, алдынан аскери менен Александр Македонский чыга калса эмне болот деп ойлонбой эле жаза берет дегендей. Аңгемеңиз даяр сюжетке көнгөн кыкеңбайларга жакпай калышы мүмкүн экен. Бирок кийин, мисалы, азыр деле берсеңиз болмок.
– Туура, биздин жазуучулар алдында бен Ладен турса деле камырабай жаза берет. Эми ал кезде аңгемени эки эле жолу жазчумун: биринчиси – черновик, экинчиси – таза көчүрүлгөнү. Бизде машинке деген жок болчу да. Машинисткага бастырайын десең, акча сурайт, акча жок. Жеке эле менде эмес, биз теңдүүлөрдүн баарында эле. Ошол таза көчүрүлгөнү «Ала-Тоодо» калып кетпедиби. Семинардан уккан сөздөн соң «Ала-Тоого» экинчи барганым жок. Анда Төкөм менен да жакын, сырдаш эмес элем. Ал киши менден 4 жылы мурда бүтүргөн. Аңгеменин черновигин башка кагаздар, китептер менен эки жаман чемоданга таңып, биз жашаган университеттин подвалында аманат камера боло турган, Памирге кетерде ошого таштап кеткем. Кийин келсем аманат камера кайдадыр көчүп кетиптир, адресин айткан, анчалык деле издебедим, аларды коё турган үй-жайым да жок эле, бойдок болчумун. Кийин кайрылып жазганым жок.
– Бирок мен мындай сюжетти бир жерден окугансып атам. Эсиңизде барбы, Чыңгыз Айтматов менен Калтай Мухамеджановдун «Фудзиямадагы кадыр түн» пьесасында да таш кулатып атып, мугалим эжейин өлтүрүп алат эмеспи?..
– Ооба, ооба, кийин көп жыл өткөндөн кийин аңгемемдин арбагы Гамлеттин ата арбагынын көлөкөсүндөй болуп, көз алдыман бир өттү. Чыкемдердин сен айткан пьесасы чейрек кылым кийин чыкпадыбы. Пьесанын көпкөн каармандары мас болуп алып таш кулатып, анын алдында тоо таманына түшүп кеткен мугалим эжейин өлтүрүп алат. Ошентип аргасыз кылмыш жасашат да. Кеп анда эмес, чыныгы кылмыш кийин башталат эмеспи, бардыгы тең эптеп качып кутулууга аракет жасап, менин каарманым, студентим сыяктуу качып да кетишет эмеспи. Моюнга алып, жаканы уучтап өкүнүчтүн ордуна. Жапайы иммунитет да… Чыке менен Калтайдын пьесасында ушул мотивировка менин аңгемемде көрсөтүлгөн да. Кийин Чыкем москвалык бир гезитке берген интервьюсунда да: «Эсимде бир сюжет сакталып калыптыр. Ошону Калтайга айтып бергем» – деп жатпайбы.
– Прозаларыңыз бул экен, а пьесаларыңыздан коюлбай калгандарычы?..
– Пьесаларымдын деле көпчүлүгү коюлду. Эң жакшы көргөн эки пьесамды эсепке албаганда. Бирок экөө тең «Кадыр түн» деген пьесалар жыйнагыма кирди. Бирөө – «Жамгырлуу түндүн жомогу». Экөө эле катышат – Аял менен Эркек. Бир түн. Түнү бою жамгыр төгүп турат. Экөө түнү бою сүйлөшө берет да махабат, сүйүү ж.б. жөнүндө. Элегия маанайындагы пьеса. Коём деген жакшы режиссёр чыкпады, театрдан багы ачылбады. Өзүм болсо көрүнгөнгө койдургум келбейт. Экинчи пьесамды өкмөт менен партия койдурбай койду. Жана айтып атпадым беле, идеологиялык боёктордон качып жазамын деп. Канчалык качайын десем да, кармап алышты да, кысталактар.
– Эмне, ошончолук саясатташкан пьеса беле?
– Жок, эч бир саясатка, соцреализмге тиешеси жок, театралдардын турмушунан алынган пьеса эле. Аты эле айтып турчу: «Разияны эскеребиз, же өзүбүздү өзүбүз ойнойбуз» деп. Сахнанын ичинде сахна болчу да. «Гамлетте» бар эмеспи, окуя жүрүп жатат, Гамлет көчө артисттерин алып келип, ошого байланыштуу дагы бир окуяны ойнотот. Ошол сыяктуу. Бир актрисанын трагедиялуу өлүмүн ошол эле театрдын артисттери эскерип, элестетип ойномок. Кылмыш тарыхы болучу. Ошого тиешеси барлар окубай, көрбөй туруп эле токтотуп салды сыяктанат…
– Болгон окуя беле?
– Ошентип айтса да болот. Ош театрында адабий бөлүмдү башкарчумун. Мен Ялтага, Бүткүлсоюздук драматургдар семинарына кеткен элем. Андан кайтып, Фрунзеге келип түшсөм эле тааныштарым дуулдап калыптыр: – Мурза, сенин театрыңда бир актрисаны өлтүрүп кетиптир – деп. Аяктан чала-чарпыт угуп, буякка келсем, чын эле ошондой болуптур. Бир кызыбыз бар эле, ошол өлүптүр. Ар кандай айың сөз жүрүп атыптыр. Көрсө, деректирибиз бар эле, аябай жөндөмдүү, уюштургуч, мыкты жигит эле, көзү өтүп кетти маркумдун. Ошого бир досу чалбайбы, артист кыздарыңан бир-экөөнү албайсыңбы, шаардын сыртына чыгып, чакан шаан-шөкөт кылып келели деп. Анан ал баягы кызды дагы бир жолдош кызы менен ээрчитет. Сыртка чыгышат, ойноп-күлүшөт, ичишет-жешет дегендей. Анан баягы кызыбыз өлүп калыптыр да. Эмне болуп өлгөнү белгисиз: жардан бирөө түртүп жибергенби, же кызып алып, же качып өзү кулап кеткенби? Айтор, табышмактуу өлүм. Өлүгүн кийин таап атышпайбы. Деректирди да, шеригин да камап коюптур.
Театр бүт үрпөйүп туруптур. Пьесаны ошол окуя жөнүндө жаздым эле. Ошону коёлу дедик да. Жолдош, дос, кесиптешибизди эскерели дедик. Бизден да кетип калды. Ушундай спектакль даярдалып жатат деп театрдын алдына килейген жарыя илип коюп атпайбызбы. Анда Ош обком идеологиясын Барпы Рысбаев башкарчу. Ошо киши токтоттуруп койду. Окубай-этпей, көрбөй-сөрбөй эле. Ал киши токтотконго устат эле да. Кийин уктук, даярдалып жаткан спектаклдин дайыны ЦКга чейин жетиптир. ЦК идеологиясын а кезде Жумагүл Нусупова башкарчу.
Ошол киши Барпы акеге команда бериптир деген кеп чыкты. Оштон таасир берген күчтөр да чыкса керек. Жанагы деректирдин досунун атасы депутатпы, айтор, бир чоң экен. Алар кай тараптан кандай таасир этишти катуу билет да. А пьесада корко турган эч нерсе жок эле, окуянын юридикалык жагы эмес, өзү жөнүндө кеп болчу. Ошентип пьеса токтоп калды. Андан кийин аракет жасаганым жок, сууй түштүм. Бирок жакшы көрөм, жыйнагыма кирди дебедимби. Азыркы акыбалды өзүң билесиң, пьеса койдура турган театр да жок, койдурсаң моралдык да, материалдык да ыракат албайсың…
– А киносценарийлериңиздин акыбалы кандай?
– Эми анда жазганыңдын баары эле тартылып турбайт. Ошондой өндүрүш. Жазганымдын баары тартылса, мен көп фильмдердин сценарийлеринин автору болуп калат элем. Бирок тартылбай калганына жүрөгүм ооруп жүргөндөр бар. Мисалы, «Любовная лодка» – «Сүйүү кайыгы» деген. Маяковскийдин:
«Как говорят, инцидент исчерпан
любовная лодка разбилась о быт
С тобой мы расчете
И не к чему перечень
взаимных болей бед и обид», – деген саптары бар эмес беле, ошондон алгам. Сценарийдин маани-маңызы ошол саптарга туура келет. Аны Гена Базаров бир-эки коюуга ниеттенген. Бирок аны койбой эле башка фильмдерге өтүп кетти. «Кызыл беде» – «Красный клевер» дегеним дагы ошондой тагдырга туш болду. Анын себептерин түшүнсө болот. А кезде «Кыргызфильмде» экиден гана фильм тартылчу. Москва ошого ченеп акча бөлчү. Ал фильмдердин сценарийлерин режиссёрлор суктук кылып өздөрү жазып жиберчү. Анысы профессионалдуубу, профессионалдуу эмеспи – башка маселе. Азыр эгемен мамлекет эки тургай, бир фильмге акча бөлүп бералбай өчөйүп отурбайбы. «Кызыл бедеде» бир дудук аял каарманым бар эле. Режиссёр досум Кадыржан Кыдыралиев ошону жактырып калыптыр. «Мурза, ушуну жазып бербейсиңби, мен тартайын» – дейт. А биз – аялым экөөбүз 2 сериялуу фильм сценарийин жазып жиберип, ашипке кетирдик да. 100 беттен ашып кетти. «Жизнь и любовь Мэри глухонемой» деген. Сценарийди «Кыргызфильм» жактырды. 25% гонорарын берди. Москва бөлүнүп кеткенден кийин киностудия өзү акчасыз калды аңкайып. Ошо бойдон биздин фильм да токтоду. «Богатые тоже плачут» дегендей сентименталдуу фильм болмок. Далайларды жашытмак. Демократтар тушунда ал сценарийди Замир Эралиев көп сериялуу телефильм тартам деп алып кетип, «Кыргызтелефильмде» да акча жок да, ары чуркап, бери чуркап тим болду.
– Замир мырза дүңкүлдөтүп реклама жасап жибергендей да болду эле…
– «Жылкыңа ченеп ышкыр» деген ошо да. Биздин азыркы заман реалист бол деп жатпайбы…
2002-ж., 18-январь
6-7-маек: Капкара кийинген сулуу кыз, апапак кийинген сулуу аял
– Юдахинге кандайча кайрылып калдыңыз?
– Константин Кузьмич менин окутуучум, менин профессорум болчу. Өзүң билесиң, КМУнун филология факультетин бүтпөдүмбү адегенде. Анан барып Госкинонун жогорку сценаристтик курсунан окудум. А киши бизге, кыргыз студенттерине 5 жыл кыргызча сабак берип, кыргыз тилин үйрөткөн. Кыргыз диалектологиясы боюнча окутчу. Ажайып адам эле, ажайып окумуштуу болчу. Гуманитармын дегендердин баары эле а кишини жакшы көрчү, көпчүлүгү ошо кишиден окушкан. Бүт өмүрүн, бүт ишмердигин Кыргызстанга байлады да.
Өмүрүнүн аягына, б.а., көрүстөнгө кеткенге чейин Кыргызстанда жашап, кыргыз тилине, илимине, дегеле элине чоң эмгек сиңирди. Сен айтып аткан сөздүктөр эле эмне деген кенч. Сенин эле эмес, ар бир билимдүү кишинин, акын, жазуучу же аалымдардын үстөлдөн түшпөгөн китеби болуш керек. Бул котормо сөздүк эмес, түшүндүрмө сөздүк. В.Дальдын, В.Ожеговдун сөздүктөрү сыяктуу эле. Ой-бой, анын ичине кирсең, окуп отурсаң, кыргыздын канчалаган макал-ылакаптары, салт-санаасы, этика, эстетика, тарыхын билип чыгасың. Биз өзүбүз билбеген сөздөрдү ушу киши бизге эскертип, мынабу сенин сөзүң, мааниси мындай деп, кыргыздын кулагына куюп атпайбы. Ушунусуна эле алтындан эстелик орнотсок болмок.
– Эстелик демекчи, а киши өмүр бою иштеген, өмүр бою тапкан-ташыганын, атүгүл китепканасынан өйдө таштап, табыштап кеткен университеттин алдында Шабдан баатырдын эстелиги турат. Эстеликте эч кимдин кусаматы жок деңизчи, бирок эмне үчүн сөзсүз түрдө университеттин алдында турушу керек? Кеминдин оозунда турат ко, Петр биринчинин эстелигинен ашса ашып, кемибеген эстелиги. Эмне үчүн университеттин алдында, мисалы, алиппеден баштап, кыргыз тил илиминин, дегеле маданиятынын чамгарагын көтөргөн Касым Тыныстанов турбайт? Университетти түптөшкөн ошол эле К.Юдахиндики? Б.Юнусалиевдики? Мамлекеттик ишмердики зарыл дейин десең, биздин гезит ачылгандан бери кеп кылып аткан Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн чыныгы автору Ж.Абдрахмановдуку жок! Эстеликтер боюнча мамлекет саясатына түшүнүү кыйын. Көчөдө, коомдук жайларда Юдахинди эскерген эч бир белги жок ко?..
– Өзүң билесиң, биздин көчөлөр, мектеп-сектеп, жоголгон колхоз-совхоздор, дегеле айыл-апа кокту-колоттон чыккан, өздөрүнүн айылынан чыккан, жалпы элге белгилүү да, белгисиз да кишилердин аттары менен атала баштады. Атүгүл тирүү жүргөн акын-жазуучулардын, окумуштуулардын аты менен аталган мектептер, жерлер бар экен. Бул эми ашынып кеткендик да. Өзүнүн жеринин, же өзү окуган мектептин, же эр жеткен көчөсүнүн атын жоготуп, өз атын, же атасынын, же кайнатасынын атын коюп алууга кантип бет чыдайт. Бу да болсо биздин кыргызбайчылыгыбызды, анан маданий деңгээлибиз канчалык экендигин көрсөтөт. Ошон үчүн Юдахин сыяктуу кишилерибиз унутта калууда.
– Сөздөн четтеп кеттик сыяктанат. Ошентип фильм тартуу жөнүндө ой качан, кандайча пайда болду?
– Мындай болду. Москваны бүтүп келгенден кийин «Кыргызфильмде» иштеп калдым. Бу кишинин да ташы өйдө кулап, өкмөт менен партия түз карай баштаган. Болбосо улутчул деп куугун-сүргүнгө алып кирген. Кузьмич ошо кездеги БК бүйрөсүнөн кызарып-татарып түз эле сабакка келип: «Мени кыргыздын улутчулу деп күнөөлөп атышат» – деп айтканы эсимде. Ал көп сөз. Кыскасы, өкмөттүн көзү оңолду дебедимби, сен айткан «Кыргызчадан орусчага» сөздүгү СССР сыйлыгын алды. Анан мен өзүмдүн атыман, курсташтарымдын, филфакчылардын, дегеле кыргыз элинин атынан куттуктап койгум келди. Ага а кишинин сыйлыгы, ошо кездеги коомдук кадыр-баркы жардам берди, сценарийим өтүп кетти.
– А киши сценарий менен таанышкан жокпу?
– Таанышкан. Атүгүл баштан-аяк кеңешип турганбыз. А киши менен жеке мамилем да бар эле. А кишинин жетекчилигинде дипломдук иш жазгам. Түштүк диалекти боюнча. Өзү кулакка куюп турчу, аны кош, муну киргиз деп. Түштүктүн түмөн бай сөздөрү кыргыз адабий тилине кириш керек дечү. Түштүктүн баласы экен деп мени өзүнө алып алган да. Кийин ойлосом, Кузьмич мени окумуштуу кылам, тилчи кылам деген экен. А менин жазуучу болом деген гана жалгыз максатым бар болчу. Ошентип сценарийди баштаар алдында үйүнө бардым. Мурда да барып жүргөм.
Байбичесин билет элем. Чаар деген ити бар эле, аны билет элем. Мен Москвадан келгиче байбичеси кайтыш болуп кетиптир. Жалгыз жашап калыптыр. 1-Май көчөсүндө, кыргыздын «мен» дегендеринин, Аалыке, Түкөлөрдүн тегерегинде жашачу. Чоң коргону бар эле. Үйү алыс калчу. Коргонунда даричасы, кичине калиткасы бар. Калиткасында звоногунун кнопкасы бар. Кнопканы бастым. Шыңгыраса керек, ити үрүп калды. Кузьмич басып келип, эшигин ачкыча калитканы изучать эттим да. Коңгуроо кнопкасынын тегереги желелеп баратыптыр. Киши аз келет экен, киши баштагыдай каттабай калыптыр деп ойлоп койдум. Чыкты. Үстүндө көк бейкасам чепкен бар экен. Саламдаштык. – Үйгө кир – деди. Баягы көрө жүргөн, отура жүргөн китепканасында отуруп, ой-максатымды айттым. Ал деле пенде эмеспи, кубанып кеткенсиди, ыракмат – деди. Сценарийдин планын түшүндүрдүм. Байбичеңиз кайтыш болуптур, арты кайрылуу болсун – дедим. Байбичеңиздин бейитине ар жума сайын машине менен барып, гүл коюп турат экенсиз, аны уктум, сценарийге жазсам болобу – дедим. – Жаза бер – деди. Басып-туруп тартылып бересизби, аякка жүрүп бериңиз, буякка жүрүп бериңиз дегенге макул болосузбу – дедим. – Жаза бер, эмне үчүн басып-турууга болбосун – деди. Айтор, көп нерселерди сүйлөштүк. «Революцияга чейинки кыргыздын жазма тили» деген эмгек жазайын дегем. Ташкен, Самарканды кыдырыш керек, архивдери жакшы» – деп калды. Анда сонун турбайбы, биз дагы киноэкспедиция уюштуруп, тартып калсак болобу десем, жаш балача кубанып кетти. Мен жакын арада Ташкенге барам, өз жумуштарым менен, келгенде сүйлөшөлү деп коштоштук.
Эки жумадан кийин телефон чалып келсем, коргондо бир жаш аял пайда болуп калыптыр, Жээн келиним деп тааныштырды. Экөөбүз ээн отуруп, сценарийди тактадык. Макул болду. Эми Мурза, – деди, – мынабу жээн келиниме Ысык-Көлдү көрсөтүп келейин, өзүм да эс алайын, андан кийин баштай бергиле – деп макулдаштык. Мен сценарийди өткөрүп, режиссёр чектелип, калган ишти ошол киши моюнуна алып, мен кутулуп кеттим.
– Съёмкага катышкан жоксузбу?
– Сценаристтин катышуусу анчалык кажат эмес. Ошо кезде параллель ишим жүрүп жаткан. Рүстөм Ибраимбеков дегенди билесиң го. Менин курсташым. Атактуу кинодраматург. Оскарды алган. СССРдин, Россиянын мамлекеттик сыйлыктарын алган. Ошол экөөбүз биригип киносценарий жазып, аныбыз Москвада өтүп, «Кыргызфильмге» жиберилип, режиссёрдук сценарийин түзүшүп атканбыз. Өкмөт дачасында. Бир күнү эле Юдахин жөнүндөгү фильмдин деректири машине минип жетип келиптир: «Константин Кузьмич фильмге тартылбайм, Мурзаны чакыргыла деп чыр чыгарып жатат» – дейт. Келдик. Кузьмич филфактын өзү тартуулаган китепканасында отурган экен. Жашарып, жасанып алыптыр, көңүлү жайдары, мени жакшы кабыл алды. Экөөбүз жалгыз калып, жалгыз сүйлөштүк. Сценарий жакшы экен, окуп чыктым, мени ардактап сыйлапсың, аныңа ыракмат, бирок айрым жерлериңде мен артистке окшоп кетет экем, мен артист эмесмин да, ойной албаймын дейт. Кайсы жерлери десем, айтты…
Кыскасы, сценарий боюнча мындай болчу. Мүрзөгө гүл коюп, кичинекей аллеяда илкий басып келатат. Нар жакта көр казып атышат. Карап коёт. Аңгыча алдынан капкара кийинген супсулуу кыз чыгат. Учурашат. Кузьмич да баш ийкеп коёт. Кыргыз элинин ага болгон ызаатын, аза кайгысын бөлүшүп жатканын билдирейин дегем да. Жөн эле символ. Бүткөнү да ошондой. Чайыттай ачык күн. Баягы калитканын мен баскан коңгуроо кнопкасын бирөө басат. Бу киши жалгыз жашайт. Өзүнүн басыгы менен чайпалып, жайкалып чыгат. Эшикти ачса, башынан аягына чейин апапак кийинген жаш, сулуу аял турат. Баягы көрүстөндөн жолуккан кыз экен. Апапак кийинип келиптир. Бул эми кыргыздар чын жай, тиги дүйнө деп коёт ко, ошондой символ болчу да. Экөө тиктешип туруп калат. Кино ошону менен бүтөт. Ошону жактырбай атпайбы.
– Өтө реалисттигиненби?
– Кийин иликтесем андай деле эмес экен. Жанагы жээн келиним деген аялга үйлөнүп алыптыр. Сценарийди ал аял окуптур да. Окумал аял экен, мени жазыптыр деп таанып коюптур. Ошон үчүн кыскарттырып атыптыр.
– Чын эле ошол аялды мелжеп жаздыңыз беле?
– Деталь ошол аялды көргөндөн кийинки таасирден жаралган. Акыры ушул аял көмөт ко деп ойлогом. Ошондой болду. Кино кыскарып, анын ордун интервьюлар менен толуктаптыр режиссёр. Лариса Лебедева деген бар го, кыргыз прозасынын чыгаандарын орус тилине оодарып жүрбөйбү. Москвада бир отурушта ошого айтып бердим бул окуяны. Кузьмичти тааныйт, сыйлайт экен. «Ой, Мурза, өзүнчө эле көркөм чыгарма экен, жарыялаш керек» – дейт. Сценарийди таппай калгам. Жаштык кез эле, мастык кез эле, ичип, көчүп жүрүп, бир жерге калтырганмын да…
2001-ж., 30-ноябрь
Бир түп өрүк менен сүзүшкөн булдузор. Бир көчөгө тыгылган кыштактар. Эрин сатпаган аял
– «Көчө» фильми тууралуу сүйлөшсөк кандай болот? Бир жылдарда АКШны кууп жетебиз деп ондогон айылдарды бир кыштакка, ондогон колхоздорду бир совхозго бириктирбедикпи. «Көчө» кыязы, ошонун тегерегинде жазылса керек?
– «Көчө» көркөм чыгарма деле эмес, бар болгону сценарий. 1968-жылы жазылган. Ооба, ошондой балакет чыкпады беле. Майда кыштактарды жоюп, шаар тибиндеги поселкаларга айлантабыз, чарбаларды ирилештиребиз деген. Ошону менен чачылып жашаган кыштактардын, үйлөрдүн баарын бошотуп, анан ал жерлерди эгин-тегин эккенге, же башка бир курулуштарга, же дагы бир башка максаттарга ылайыкташтырыш керек эле. Бул саясат СССР деген эбегейсиз зор мамлекеттин булуң-бурчтарынын баарында жүрдү. Кыргыз жергесинде да жүрдү. Кыргыз өзүң билесиң, аз болуп, жери кенен болуп, чачкын жайылып жашай берер элек. Кокту-колоттордо, түздөрдө, эгин-сегин эгиле турган жерлерде.
– Сценарийди жазууга ошолор түрткү болдубу?
– Ошентип койсо да болот. Анда жазылгандар менин айылым болчу. Баш каарман, өспүрүм, же болбосо боз бала деп коёлу, бул мен болчумун. Күндөрдүн бир күнүндө бир тууган үкамдан, 8–9-класста окуган баладан кат алам. Аппак кыш болчу. Катында минтип жазат үкам: – Ака – дейт, – колхоз биздин айылдарды көчүрмөк болуп жатат башка жакка. Биз бир жерге, бир көчөгө чогулуп, бир көчөнү бойлой отурукташа турган болуп атабыз. Ушу күздө тракторлор, булдузорлор келип дейт, биздин өрүкзарларды, бак-даракты кыйып, түп-тамыры менен сүрүп, түздөп кетишти – дейт. Бирок түздөлгөн талаада жалгыз түп өрүгүбүз калды – дейт. Ал дуб сыяктуу аябай зор өрүк эле. Баарын түздөп, ушуга келгенде баягы кыргызбайдын булдузорунун тумшугу сынып калыптыр да, анан чыгаралбай колун шилтеп басып кетиптир. Баягы өрүк бак кичине кыйшайган бойдон турат, булдузор ошону сүзгөн бойдон турат – дейт. Азыр кар жаап атат, өрүк дагы, булдузор да кар астында калды – дейт. Ал өрүктүн кылда учуна чейин далай чыгып, далай башка өрүкзарларды көргөм. Өрүктөрүн терип жегем, горосунан баштап, бизде жаңыдан түйүлгөнүн, көкмөк кезин горо деп коёт. Солженицындин «Бодался теленок с дубом» дегени эсиңдедир. «Музоо дубду сүздү, бирок албетте, аны жыгалган жок. Бирок дуб кичине кыйшайды» – дейт эмеспи. Бул эми параллель. Мааниси башка. Солженицын дуб деп мамлекетти, СССРди айткан. Музоо деп өзүн айткан. Биздики реалдуу булдузор, реалдуу өрүк болуп атпайбы. Мындайча айтканда, өрүк менин кыштагымдын символу да. Ушундан-улам көз алдыма айылым келип, жүрөгүм ооруп, көзүмө жаш айланып, кекенип, жергиликтүү бийликтен кантип өч алышты ойлодум да ошо кезде.
– Анан өч алдыңызбы?
– Кийин, кийин билсем, ойлосом, бул жергиликтүү бийликтин деле ою менен ойлонуп, колу менен жасалган иш эмес экен. Алар бар болгону жасоол тура. Ошонун баары Кремлден барчу экен, менин айылыма чейин. Бирок үкам жазган өрүк эсимен өчпөй калыптыр.
– Ошол замат баштадыңызбы?
– Агезде чыгарма жазам деген оюм жок эле. Анын үстүнө баягы сага айткан дипломдук ишти – «Ак поюзду» жазып аткам. Кийин, жогорку курсту бүтүрүп, Фрунзеге ишке орношуп, киностудияда иштеп аткан кезимде биздин Госкино, киночулар союзу, «Кыргызфильм» кошулуп, көркөм фильмдердин мыкты сценарийине конкурс жарыялап калды. Бир датага байланыштуубу, эсимде жок. Ошого катышам деп калдым. Ошол айылымдын тагдырын ошондо жаздым да. Бир нече айылдан турган чоң кыштакты бир көчөгө тыгып салып жатышпайбы. Көчө да какыр жерге түшкөн. Ал көчөнүн нугунда мурда сел кетип турчу. Колхоз айылдаштарымдын бирөөнө да бир шифер, бир торсун, бир рама, бир сом бербептир. Үйлөрүн, бак-шактарын жөнеле түрттүрүп салган. Анан бечаралар эски үйүнүн жыгачтарын, торсундарын, түркүктөрүн сүйрөп келишип, жаңысын кошуп, ыйлап-сыктап жанагы үйлөрдү эптеп тургузуп алып атышпайбы.
– Кыштагыңар өтө көрктүү болсо керек?
– Чоң кыштак болчу. Уруу-уруу болуп жашачу элек. Нойгут, сасыкбука, кызылаяк, бостон деп. Ар бир үй чүмкөлгөн кара бактын ичинде жашайт эле. Бир кыштак менен экинчи кыштак, бир үй менен экинчи үй жалгыз аяк сокмо жол менен катышчу. Эки кошунанын ортосунда сокмо жол болор эле. Бир коргондон экинчи коргонго кичинекей арыкта суу агып, бирөөнөн кирип, экинчисинен чыгып кетчү. Бир үйдүн бышып үзүлгөн алма, өрүгү экинчи үйдүн коргонуна кирип, чыгып турчу. Биз, балдар, суудан тутуп жээр элек. Кимдин өрүгү, кимдин алмасы экендигин да таанычубуз.
Эми Алым, кыска интервьюда кыштагымдын образын, көркүн сүрөттөп айтып бералбайм да… Бир гана айтарым, ээн-эркин жашаган кишилер ошентип эшигинин алдында 6–7 сотых жерге ээ болуп, ошентип жашап калышпадыбы. А жер тарыганда кишилердин пейили да тарыйт. Дүйнөсү тарыйт. Мисал үчүн, бирөөнүн тоогу экинчи кошунаныкына кирип кетсе, ташка алып кубалап чыгат. Кыргыз ээн-эркин жашап көнгөн. Ошон үчүн пейили кең болчу. Ошо менен жашоо ыңгайы өзгөрүп атпайбы. Ал өзгөрсө, ой жүгүртүү да өзгөрөт.
– Өзүңүз билесиз, ушул эле темада В.Распутиндин повести бар, «Матёра менен коштошуу» деген. Ал бүт дүйнөнү дүң кылды. Ошол теманы жазган башкалардын, анын ичинде Сиздики эмне үчүн андай резонанс жараткан жок?
– Ал повесть меникинен он чакты жылдан кийин чыкты. Валентин Распутин абдан таланттуу, анан абдан акылдуу жазуучу. Мен ага өзүмдү салыштыра албайм. А кишинин артында улуу орус адабияты турат. Көп кылымдык традиция турат. Бул – бир. Экинчиден, биринчи эле сүйлөмүнөн баштап окууга, окурманга арнап жазган. А меники сценарий да. Сценарий көрөрманга ылайыкталат. Эпизоддон-эпизодго, сценадан-сценага өтүп дегендей, аттап-саттап жазгам да. Бул эми актануу, акчылануу эмес. Жөн эле экөөбүздүн талантыбыз эки башка, масштабыбыз эки башка деген кеп. Ал азыркы адабияттын классиги. Мисалы, биздин жазуучулар жазганды ал такыр башка жазып койгон учур арбын.
– «Живи и помнини» эске алып атасызбы?
– Ал дагы сонун повесть. Дезертир, дезертирдин аялы жөнүндө. Мындай карасаң, боло жүргөн окуя. Ата Мекендик улуу согуштан качкан качкын. Үйүнө качып келет. Өзүнүн мончосуна жашынып жүрөт. Акырындап аялына билинет. Аялы акырындап баарын түшүнөт. Акырындап күйөөсүнө күйүп, күйөөсүнө жан тартып, күйөөсүнө жардам бере баштайт. Акырындап экөө эрди-катын катары табышат, жатышат, өбүшөт дегендей. Анан боюна бүтүп калып атпайбы. Күйөөсүнүн ушул жерде экендигин билдирип албаш үчүн күйөөсүн качырышка туура келип атпайбы. Кар баскан чытырман токойго апарып, ошоякка жашырып, өзү күн сайын тынбастан тамак ташып, кийимин алмаштырып турат. Анысы коңшу-колоңдорго, айыл-апага билинип калат. Алардын арасында албетте, бир стукач болот да. Эл болгондон кийин. Ал органга билгизип атпайбы. Орган келиндин артынан түшөт. Келин артынан түшкөн сакчыларды билип калат. Өз эринен, сүйгөн жарынан эч качан айныбас аял эле да. Артынан аңдып келаткандарга эрин колго түшүрүп бербеш үчүн кайыкты Ангарага айдайт, ортосуна жеткенде боюн Ангарага таштап, агып кетет эмеспи.
Биздин адабиятта да дезертир жөнүндө жазылган повесть бар – «Бетме-бет». Ч.Айтматов жазган. Бул киши маселени башкача чечет. Идеологиялашкан жазуучу да. Кыргыз келин баягы дезертирден туулган баласын көкүрөгүнө туу катары, партбилет сыяктуу кармап алып, артынан советтик милийсаларды ээрчитип барып, жашынган үңкүрүнөн эрин кармап берет. Биздин кыргыз аялы – Чыкенин героинясы – Кычан Жакыпов же болбосо Павлик Морозовго айланып атпайбы.
– Конкурска келеличи. Эмне болду?
– Жабык конкурс болчу. «Көчөнү» жазып, «Красное небо» деген девиз менен өткөрдүм. Жюри мүчөлөрү Ч.Айтматов, Ш.Усубалиев, К.Өмүркулов баштаган дөө-шаалар экен. Баланча күнү, баланча саатта жюри заседаниеси башталды. А мен атайлап чечим чыккандан кийин келдим. Эми кичинекей деталь.
Менин сценарийим конкурска түшкөндө ошол кездеги абдан кадыр-барктуу режиссёрубуз Мелис Убукеев окуптур дагы, абдан жактырып калыптыр. Меники экенин билбейт. Жюри мүчөлөрүнө, тактап айтканда, Шаршен Усубалиевичке айтыптыр: «Мен мунабу сценарийди окуп чыктым, мага абдан жакты. Эгер конкурстан ушул жеңсе, мен тартат элем. Автору менен иштешет элем» – деп заявка берип коюптур. Мага бир-эки күн кийин айтышты. Өгүнү сага айтып бербедимби, «Ак поюздун» айынан Убукеев экөөбүз араздашып калганбыз. Адам катары күн сайын саламдашып, күн сайын көрүшүп эле жүрөбүз, бирок ичибизде бар да кысталак. Эми ыраматылык Мелис келип, приемныйда отуруптур. Жюри мүчөсү эмес да. Кийин мага ушинтип айтышты. Жюри чечими чыкканга чейин отурду деди. Качан чечим чыгып, «Көчө» Мурза Гапаровдуку экендигин укканда, ал унчукпай кетип калыптыр. Ушундай киши да, эгер Мелистин амбициясы, кекирейген мүнөзү болбосо, «Мурза, куттуктайм, кел, кайрадан чогуу иштешели» – десе, экөөбүз борматуханы ортобузга коюп алып иштей берет элек да… Бай-манапский характёри бар эле. Өткөндө да айтпадыкпы.
Ошентип «Көчөгө» үчүнчү сыйлык бериптир. Биринчи, экинчи эч кимге ыйгарылган жок. Бир кызыктыруучу сыйлык берилди, Улан Токомбаевдин Ленин жөнүндө сценарийине.
Сценарийди киностудия 6000 рублге сатып алды. Ага өзүң билесиң, бир жарым машине келет эле. Сценарийдин конкурстан жеңип алган катары кадыр-баркы жакшы болду. Анан баягы эле Геннадий Базаров досум басып келди. Аны менен деле сөгүшүп ажырашканбыз, «Ак поюздун» айынан. Эгер макул болсоң, мен тартайын ушул сценарийди – деди. Тарт, – дедим. Ага чейин мен дагы акыл-эсиме кирип калгам, автор катары. Кино коллективдүү искусство. Ал автордун айтканындай, жазганындай боло бербейт. Режиссёрдун айтканындай гана болот. Ыраматылык жердешибиз, атактуу кинорежиссёр Динара Асанованын бир макаласын окугам: «Сценарий умрет, рождается кино» – дейт. Сценарий киного сиңип кетиш керек.
Иши кылып Генага мен зор ыраазымын, анан зор милдеткермин. Ушул фильмди тартты. Мени менен көп иштешти. Биринчи вариантым жакшы болчу. Бери калганда өзүмө өтө жакчу. Кайра-кайра оңдотуп жатып алышты. Бу жолу өзүбүздүн эле киностудиядагы чиновниктер. Бездарный эле кишилер. Кызматы гана бар. Мен баш ийип иштей бердим. Анда кино өткөрүү тозок эле: киностудиядан өткөндөн кийин республика Госкиносунан, андан кийин Москванын Госкиносунан өткөрүш керек. Ушундай бюрократиялык система болчу.
Ошентип иштеп, иштеп отуруп, мен жана сага айтып берген социалдык жагы мокоп отуруп, акырында комедияга жакыныраак, жеңилирээк, лирикалык фильм болду. Бирок өз учурунда эл дуулдап көрдү, державанын бардык дегидей республикаларына көрсөтүлдү, чет мамлекеттерге да сатылды.
Генанын мыктылыгы – ушул фильмге Кыргызстандын театр, кино корифейлерин тартты. Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова, Насыр Кытаев, Рысмендеева эмне деген гана айкөлдөр! Эми ушулардын бардыгы кайтыш болуп кетти. «Көчө» фильми, мындайча айтканда, «Ардак такта» болуп калды. Портреттери сакталган фильмге айланды. Мукемдин акыркы фильми ушул болчу. Башка көркөм фильмге тартылган жок. Болгону өзү жөнүндө телеочерк тартылды. «Көчө» азыр да көрсөтүлө калат. Көргөн сайын ошол кишилерди элестетем. Менин көчөм эмес, жанагы кишилердин көчөсү болуп калды.
Эми Алым, экөөбүздүн маек мемуар жанрына жакын. Менин чыгармачылыгым жөн эле сөзгө шылтоо. Канча кишилердин атын атап, арбагын ойготуп жатабыз. Кечээ Б.Бейшеналиев өлгөндө кыргыз киносу үчүн быйыл кыйын жыл болду деп кеп кылдык. Алгачкы режиссёр эжебиз Лилия Турусбекованы, менин досум, таланттуу режиссёр Үсөнжан Ибраимовду, Болоттун өзүн эскердик. Биринин артынан бири кетпедиби! Эми кечээ Төлөмүш Океев өтүп кетти деп, киночулар союзунан телефон чалышты. Кыргыз киносунун накта классиги эле. Улуттук колоритти мындай эч ким берген жок. Менталитетти мындай эч ким билген жок. Биздин Төкөм менен кыргыз киносунун бир доору кошо кетти. Бирок кийинки муунга, кийинки киночуларга өзүнүн «Бакайдын жайытындай» болгон жашыл чөптүү жайлоосун жана мен айткан кара топурактуу кыртышын таштай кетти. Андан Төлөмүш Океевдей таланттар өсөт деп ишенем, ишенгим келет. Кайран Төкөбүз, өзү сүйгөн, өзү күйгөн, өзү ардактаган Ата Журтун оор онтотуп, оор үшкүртүп кетти.
2001-ж., 21-декабрь
8-маек: Эмне үчүн кыргыз жазуучуларынын өмүр баяны совхоздун ак койлорундай окшош?
Багы жок элдин баатырлары. Көйкөлгөн көкнарылар. Кына койгон кыздар
– Жазуучулардыкы эле эмес, бардыгыбыздыкы – бүт совет элиники окшош эмес беле. Бирдей сүйлөп, бирдей маарап, бирдей колдоп тургула деп тим болбой, өмүр баяныңар да бирдей болсун, сөзсүз, кедей-дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккыла деген көрүнбөс зекүү бар болчу. Ансыз комсомолго өтчү эмес, окууга, партияга алынчу эмес, демек, чокчоңдоп ат минип, чочоңдоп эл башкара албай калчу. Өзүң билесиң, ансыз көп кыргыз кыргыз болбой калат. Азыр баары тең эле эрдемсип атпайбы: манаптан чыкканбыз, тектүү жердин тукумубуз деп. Иттин уулу Байгара деле ошентип атат, ашкан атеисттердин баары молдо, жеткен коммунисттердин баары демократ болгондой, баары эле манаптын уулу болгусу келип калды. Ал мезгилде ошенткенин көрөт элек. Азыр манапмын деп адыраңдап, шадыраңдап жаткандардын кимисинин болбосун ошол кезде өз колу менен жазган өмүр баянын окуй келсең, бүт эле кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Алдагы Кыргыз Энциклопедиясын аччы, Кыргызстанды 24 жыл кыңк эттирбей башкарган Усубалиев аксакал деле «чынжырлуу» дыйкандын тукумунан.
Ал кезде ошондой эмес беле. Ар ким өзүнө өзү цензор болчу, ар ким өз көлөкөсүн өзү жашырып жашачу. Бардык жерде «кулак» болор эле, КГБнын локатордой «кулагы» канча жашынам десе да, бардык жерден калдайып чыгып турчу. Мен киностудия, телестудия, киносоюз, Жазуучулар союзу сыяктуу идеологиянын кайнаган жеринде иштебедимби. Мисалы, киностудияда жүздөгөн киши иштейт, ондогон киши аңдып жүрөт, жок эле дегенде, сөз ташыйт. Андай экенин сезип эле жүрөсүң, бирок сен да ага өзүңдүн сезгениңди билдирбейсиң.
Анан кантип өзгөчөлөнүп, өзүңчө жазуучулук биография түзөсүң? Кимдин биографиясында канчалык «кара так» бар экендиги партияга аларда же чет мамлекетке чыгарда кудум рентгенге салгандай көрүнүп калчу. Мен ошондон коркуп эле Монголияга да суранган жокмун.
Мурзаке эмне үчүн Монголияга да чыккан жок?
– Өмүр баянымда деле анчалык шек жок. Өзүмчө эле шектене берчүмүн да, таап алат ко деп. Анткени ата-тегимде совет бийлигине каршы чыккан кишилер да болуптур. Мисалы, таятамды Абжапар жүзбашы деп койчу экен. Эскиче кат тааныган, дин насыятын улаган, көзү ачык, көкүрөгү тирик киши эле дешет. Өзүң билесиң, мен ноокаттыкмын. Ноокат басмачылардын мекени болгонун да билесиң. «Басмачы» деген совет бийлигинин термини да, биз жакта аларды бектер деп сыйлап айтышат. Чынында өз жеринин патриоттору болгон да. Айтор, кызыл аскерлер Ноокатты басып кирет эмеспи. Ноокаттын эли жалпы эл сыяктуу эле караңгы кыргыз да. Үйүнө ким кирип, жерине ким кожоюн болгусу келип атат, – билбейт, иши да жок. Билгендери менин таятама окшогон жаш жигиттер. Таятам ат-көлүгү, курал-жарагы бар, өзүнө окшогон эр көкүрөк жүз жигитти чогултуп, келгиндерге, мындайча айтканда, кызыл аскерлерге каршы ок атып атпайбы. Бектерде мамлекеттик таалим-тарбия болбосо, анан өз аты, өз курал-жарагы менен чыгып атса… Аттарына жем-чөп, өздөрүнө тамак-аш керек болгондо, жакага түшүп, чоттуу-чоттуу алдуубай-малдуубайларды тандап, керектүү нерселерин «келе!» деп алып турчу да. Анысын ушу кезге чейин басмачылар карапайым калкты талап-тоногон деп окутуп келатпайбы.
Канткен менен бектердин шары менен калк катуу козголуп турган. Ноокат, Алай элинин патриоттук сезими, күч-кайраты түпкүлүгүнөн өтө катуу өнүккөн эл. «Аттан!» дегенде, атка шарт ыргып минип, союлу болсо союлун, мылтыгы болсо мылтыгын көтөрүп чыккан эл азыркыга чейин ошол бойдон келатышат. Мекен маселесине келгенде «дүрт!» эте түшүшөт. Ош окуясы көрсөтпөдүбү…
Өз элин кул кылгысы келгендер өздөрү кул болот
– Сүйөркул Тургунбаевдин макаласын окудуңбу дейсиңби? Окудум. Угушумча акындын айткан сөздөрүнө теригип аткандар да бар имиш го. Сын айттырбай, сын укпай көнүшкөн да. А чындыгында Сүйөркул көп жеринен туура айтат. Ош окуясы өтө опуртал окуя болду. Ылайым анын жүзүн ары кылсын! Ылайым кайталанбасын! Бирок анда ким күнөөлүү, ким күнөөсүз деген маселе коюлган жок. Бери калганда, мен ушундай ойлойм. Чыкем, биздин Чыңгыз Айтматов сыяктуу ситуацияны жакшы түшүнбөгөн, ал жердин элинин азап-тозогу, кубаныч-кайгысы менен иши жок, кылымдар бою чогуу жашап келаткан калктардын кошуналык катышын, ашыналык алакасын, туугандык мамилесин жакшы билбеген кишилер чалмакей чалды да, «көзүм көрбөсө…» болуп басып кетти.
Чындап жабыр тарткан ага-инилер жабыр тарткан бойдон калды. Советтик доордо, Горбачевдун мезгилинде да, калыстыкка караганда, саясий ката кетирбейин, эл жабыр тартса да мен жабыр тартпайын деген психология күч эмес беле, биздин идеологдордо, идеология «тууларында», камчы чабарларында. Ошондой адамдар көп аралашып, ошол кездеги мамлекет башчыларыбыз да, окуяны басканы келген москвалык эмиссарлар да, анын ичинен биздин Чыкебиз да ошолордун жетегинде калып, баш ориентирин жоготуп алды. Менин өкүнгөнүм, окуяга акцент туура эмес, бир тарапка гана оодарылып коюлгандыктан, кыргыздар тарап гана жаманатты болуп калды.
Эми экөөбүз тең саясатчы эмеспиз, адабиятчыбыз. Аны башка кишилер сүйлөшсө жарашмак. Бирок Ош окуясы ар кандай улут аралык, эл аралык кырдаалда абдан сак, кылдат, этият болушубуз керектигин көрсөттү. Эң негизгиси, өзүбүздү өзүбүз басынтпашыбыз керек экен. Кыргыз эли ансыз да басынган эл. Оор турмуш ого бетер басынтып атат. Басынган эл кулга айланат. Чеховдун бир акылман сөзү бар. Жаңылбасам, минтип айтылат: «Я по каплю выжимал из себя раба». Анын сыңарындай биздин ар бирибиз өзүбүздөгү кулдук психологияны бир тамчыдан болсо дагы сыгып жатып кутулушубуз керек. Антпесек, биз кичине элбиз, ушул кул бойдон калып, же башка элдерге кул болуп сиңип кетебиз. Биздин «жаңы кыргыздар», баймын деп, көзүн май баскан кыргыздар ушуну түшүнбөй атат. Булар байыган сайын өздөрүн элден бөлүп карап, өздөрүн бек, калган калкты кул санап алды. А чындыгында алар кечээги эле кембагалдар, көпчүлүгү заман ополоң-тополоңунда орто байлыгын талап-тоноп капчыгын кампайтып алгандар. Ошондуктан булардын байлыгы өз боюна сиңелек. Ач көз, алдым-жуттум болуп, арааны ого бетер ачылып атканы да ушундан. Андан айрылып калса, кайреле сен экөөбүзгө окшоп бечара болуп чыга келет.
Эми бизди кул кылган ким? Мына бул көчөлөрдө агылып бараткан ишсиз жаштар, ошол эле көчөлөрдүн бойлорунда уят-сыйытын сатып отурган кыз-келиндердин убалы кимге? Казакстандын какыр талааларына тамеки эгип, жарыбаган эмгек акысын алалбай жалдырап, чегарадан ары ыргытылып, бери ыргытылып жүргөн жалаң кыргыздардыкычы? Россиянын шаар, кыштактарында кар кечип, баткакта калып, нан издеп жүргөн кыргыздардын убал-сообучу?..
Туура айтасың, эл тагдыры – жер тагдыры менен бир. Көз алдыбызда Ата Журттун аймактары ар өлкөгө кесилип өтө баштады. Мына ушунун өзү эле элибизди көз каранды, кол каранды кылып, кулчулукка алып барат.
Өз түшүнүгүнө курман болду. Өз жерине коюлган жок
– Эсимде, эсимде. Сен анда «Кыргызстан маданиятында» иштечү эмес белең. Салттуу, нарктуу гезит эле. Бекер өлтүрүп алдыңар да. Тактап айтканда, бекер өлтүрүп алдык. Айрым жазуучуларыбыздын ач көздүгүнөн, дүнүйөкордугунан, мансапкорлугунан таланып-тонолуп жок болду. Андан бери 10 жылдан ашуун убакыт өтүп кеттиби? И-и, ошо силерге берген интервьюда кеп кылбадык беле, багы жок эл баатырга муктаж деп. Бертольд Брехтин бул таамай сөзүнүн тагыраагы мындай сыяктанды эле: «Баатыры жок өлкө эмес, баатырга муктаж өлкө бактысыз». Ошондой болуп атпайбы. Ошондой болуп келди. Кыязы, ошондой боло берет. Жок баатырларды 70–80 жыл ойдон чыгарып жасадык. Дагы эле бачке-бачке кылып жасап атабыз. Элибиз чын эле муктаж. Короодон «тоок» койбогон баатырларга эмес, короодон беш кадам ары узап чыккан баатырларга. Биздики бүт эле күтүрөп бийлик короосунда жүрөт. Жүрө келген, жүрө берет окшойт.
Таятамдын андан нары эмне болгонун сурасаң, ал киши алынын жетишинче кызыл аскерлер менен аткылашат. Анан кийин аны бирөө кызылдарга сатып койгон экен. Таятам жан жигиттери менен аш жеп, чай ичип, чайханада отурганда кызылдар дүңгүрөтүп замбирек менен чайхананы атат. Таятам катуу жарадар болот. Жигиттери көз байланганда арабага жаңы чабылган жаш беде төшөп, таятамды чалкасынан жаткырышат да, алыскы айылдарга алып жөнөшөт. Таятам айды карап келатып, жарым жолдо жан берет. Жигиттери аны өз айылына эмес, кошуна айылдын бирине эч кимге билгизбей койгон экен. Кызылдар көрсө ачып, сөөгүн кордоп кетеби деп коркушса керек. Мен ушул күнгө чейин таятамдын кайда коюлганын билбейм.
Ноокаттык Ромео менен Жульетта
– Чоң атамды да жакшы билбейм. А киши жаңы замандын жытын жапайы сезим менен бир топ эле аңдап алса керек. 20-жылдары жаңы өкмөттүн кызматын өтөптүр. Эмне кызматта иштегенин да билбейм. Анын жанында ар дайым бир жан жигити болчу дешет. А киши кечээ жакында эле 90 жаштан ашуун жашап, көз жумду. Узун бойлуу, зор киши эле. Ошол кишиден эмне кылчу элеңер деп сурасам, мынабу Нойгуттан чыкчу элек дейт ат минип. Нойгут биздин айыл. Биздин уруубуз да нойгут. Чоң аталарым те, Баткен тараптан Сох дайрасын бойлоп түшүп келип, ушул жерге отурукташыптыр. Ээн талаа, эрме сай дегидей жерди жапжашыл кыштакка айлантыптыр. Экөөбүз эки ат минип, Нойгуттан чыгып, бир айылдан экинчи айылды арытып отуруп, тетиги Кыргыз-Атага чейин барып кайтчубуз дейт. Эми экөөнүн ортосу эки колхоздун айылдары. Эмне иш кылчу элеңер десем, ошол айыл-апаларда чыр-чатак чыгар эле, жаңжал болуп калчу, анан а киши барып, тынчытар эле, басар эле дейт.
Кыскасы, а киши эмне кызмат кылганын алигиче билбейм, билейин деп иликтегеним да жок чынын айтканда. Ошондой кызматта иштеп жүрүп, кийин өз ажалынан эле каза тааптыр. Чоң атам менен таятам ынтымак-ынак, жакын тууган кишилер экен. Атабыз менен апабызды бешиктеги кезинде эле кудалап коюптур. Атабыз 14 жашка, апабыз 13 жашка чыкканда үйлөнүшүптүр. Ромео менен Жульеттанын курагы. Жок, мен жөнеле дал келип калганын айтып атам. Эми, чырымтал түгү түшелек дегендей курак да. Чоң энебиз 13 жашар апабызды эки жылдай өз койнуна алып жатып анан: «Бар эми, эриң менен жат» – деп, атабызга өткөрүп берген имиш.
Эки коргондун эрке баласы
Апамды да жакшы элестете албай калдым. Азыр эсептеп көрсөм, апам каза болгондо мен 3–4 жашта болсом керек. Ал кезде келиндер жаш кезинен көп өлчү экен. Андан үч бала элек: агам Зулпукар, эжем Ибадат, анан мен. Үчөөбүз апабыздан эрте ажырадык. Бизди таэнебиз чоңойтту. Менин «биринчи университетим» ошо киши болду да. Салттуу, нарктуу, эски замандын кишилеринен эле. Бизди эрке жетим кылып өстүрдү. Апабыздын да, атабыздын да жоктугун эч билгизбеди. Атабызбы? Согушка кетип калган. Согушка кеткенде мен жаш элем, мектепке баралек болчумун. 42-жылдан 45-жылга чейин Улуу согушта жүрүп, согушту бүтүрүп, анан келди.
Таэнемдин аты – Сялма. «А» менен, быяктын тили менен жазсаң, Салма болуп калат. «Я» же ичкертүү белгисин (ь) кошуп жазуу керек. Ооба, бизде деле Салма, Салиман, Салия ж.б. аттар көп. Бирок таэнемдики аларга туура келбейт.
Үйүбүз эки коргондон турар эле. Коргондун ичи жык толо алма, өрүк, жаңгак, шабдаалы, алча, гилас… Алардын арасынан туптунук тоо суулары агып өтөт. Айылдын бактарынан күбүлгөн мөмө-чөмөлөр да суу менен кошо агып турчу. Биз аларды тутуп алып жечүбүз, атургай кайсы бактан түшкөнүн да таанычубуз деп мен сага айтып эле жүрөм го. Ал эми кош коргондун артында биздин аталарыбыздан калган кең өрүкзарлар жатчу созулуп. Ал өрүкзарга кош коргондон кош дарича чыгат.
Биздин үйгө бир чоң түп өрүк сөйкөнүп өсчү. Кыштын күндөрү, шамал түндөрү ошол өрүк кычырап, кычыраганы үйдүн ичине кирип турчу эле. А биз болсо үйдүн ичинде сандалды тегеректеп отурабыз. Сандалыңыз эмне дейсиңби? Сандал түштүк кыргыздарда печкенин милдетин аткарган. Үйдүн ортосуна жерди кичине казандай кылып оюп, ага кыпкызыл өрүктүн чогун салат, анан ал чок тез өчпөс үчүн үстүнө төрт бурчтуу жапыс үстөл орнотулат. Ал үстөлдүн үстүнө дасторкон жайып, оокат ичсе да болот, оокаттан кийин аны төшөнчү менен жаап, сандалга бутту катып тегеренип жатса да болот. Ушундай сандал япондордо да бар. Аны орус котормочулары «жаровня» деп которуп жүрөт.
Биз ошол сандалды тегеректеп, үч небере өрүктүн кычыраганын тыңшап уктачу элек. Менин колтугумда бырылдап таргыл мышык уктачу. Таэнем ташфонардын жарыгында отуруп, ийик ийричү. Кыш ичи эчкинин жүнүнөн же болбосо пахтадан жип ийрип чыгар эле. Жаз келип, күн жылый баштаганда эшиктин алдына таар (өрмөк) курат эле. Керели-кечке майышып, кайышып отуруп таар согот эле, жука кылып. Боёчу. Кышында араалап, отун кыла турган картаң өрүктөр болот, алардын дүмүрчөлөрү калат. Ошолорду жаз келип, жер жибий баштаганда акеме кетмендетип каздырат эле. Анан казган тамырларын балталап кыйдырат эле. Энем ошол тамырлардын кабыктарын чогултуп алып, казанга салып кайнатат эле ийриген жиби менен кошо. Анан боёлуп чыга келчү. Таар согулган соң, кайчысын алып, үстүн тегиздеп кыркып, агама, мага шым тигип берчү. Өзүң билесиң, анда кабат-кабат кийим жок, бирден ыштан-көйнөк, бирден шым кийип чоңойдук да.
Анан атабыз аскерден келип, агабыз үйлөндү, эжебизди күйөөгө бердик. Энемдин колунда мен калдым.
Нойгуттар мануфактурасы жана эстетикасы
Биринчи коргондун таржымалы ушундай. Мынча болду, экинчисин да айтып берейин. Окурмандарды тажатып жибербесек болду. «Гапаровдун короолору менен кемпирлеринин кимге кереги бар?» дебесе болду. Айтышат, айтышат. Менин эле калемдеш досторум айтат. Айткан менен төө кыядан өтүп кеткенин билишпейт да, кысыталактар. Мунун баары жанагы сенин кыргыз жазуучуларынын өмүр баяны эмне үчүн окшош дегениңен чыгып калды. Баарыбыз эле детдомдо өсүп, инкубатордо көз жарган эмеспиз да. Ар бир жазуучу көргөн-өскөнүнө, акыл-эсине, билимине, табитине жараша өз турмушун өзгөчө курат, өзгөчө жашайт, өзгөчө ойлонот, анан ошолордун баары айланып келип, чыгармаларында чагылат да. Менин айтып аткандарым ошол чагылгандар. Кудай дагы биртике өмүр берип, аман-эсен турсак, чагыла тургандар. Сөз бурулуп кеттиби?
Эми бул алдын-ала актаныш үчүн айтып атканым. Орус адабиятынын көпчүлүк лөктөрү, мисалы, Толстой менен Бунин же Горький бала чагы, өспүрүм курагы, боз жигит кездери жөнүндө өздөрү жазып кетти. Орустар ошондой: өзү жазбаса, замандаштары жазат, замандаштары жазбаса, аялы, бала-чакасы жазат. Жок эле дегенде алар каттарынан кадимкидей көрүнүп, сезилип, угулуп турат.
Бизде эми андай маданият жок да, эпистолярный жанр, мемуар, күндөлүк, чыгармачылык запискалар деген жок. Ошон үчүн инкубатордон чыккандай болуп атпайбызбы…
Ошентип, экинчи коргон алты пакса дубалдан согулган чоң коргон эле. Чоң атам кишилерди жалдап, ылайды жалаң ат менен тебелетип, аябай бышырып курдурган экен. Аны курушкан айылдаш акелерди кийин көрүп жүрдүм. Силердин коргонду биз курганбыз деп калышчу. Анда эки үй-бүлө жашайт. Мен туулган үйдө атамдар, экинчи үйдө атамдын иниси – Сатар авам жашайт. Сатар авамдын апасы мага чоң эне да. Билесиң, илгерки кыргыздарды. Агасы өлсө, агасынын аялын инисине алып берип койчу эмес беле. Сатар авамдын атасы өлгөндө чоң энемди анын кайниси Тешебайга алып беришиптир. А Тешебай Гапардын бир тууган агасы болуп атпайбы.
Чоң энемдин аты Галыш болчу. Калы бар үчүнбү, айтор, Галмама деп коёт эле. Галмама чоң энем таэнемден да өткүр киши эле. Чо-оң атканабыз бар эле, ошол аткананы жазында мисирдей кылып тазалап, жыт-пытын кетирип, ошол жерге бөз токуйт эле да. Кийин, кечээ жакында эле борбордо мода болуп кетпедиби, ошол бөздү катын-кыздар кадимкидей издеп калышты. Ошону токуйт эле, баягы сарайдын тиги башынан бу башына чейин тизилген приспособление дейбизби, станок дейбизби, ошонусу бар болчу. Кудум фабрикадагыдай өзү тик туруп, тигил башынан бу башына чейин жүгүрүп иштечү. Мен атканага киргенде анын жалгыз терезесинен түшкөн нур токулуп аткан бөзгө чагылышат эле дагы, караңгыда жөргөмүштүн желесиндей бопбоз көрүнүп кетчү. Ошолордун арасында энем өз торун токуган жөргөмүшкө окшоп кыдырып басып жүрөр эле. Жана таэнем таар сокчу дебедимби, ал мунун алдында жөн эле примитивдүү, таш доорундагы кыргыздын бирдемеси болчу.
Анан дагы бир атканабыз бар эле, аны жайында геологдор ээлеп, азыркыча айтканда, арендага алып дегендей, биздин адырларды казып, бирдеме издеп жүрчү. Чоң атам аны аткана дебейт экен, мен жаңылып атам, амбар экен, дан сактаган амбар экен. Ичине кирсең, жалаң жыгачтан жасаган ноолуларды көрөт элең. Бийик сандыктары болот эле, аны биз сүкөн деп коёбуз. Буудайын бир бөлөк, арпа, жүгөрүсүн бир бөлөк толтуруп таштайт эле, анысы бир жылга кенен-чонон жетет эле. Азыр ойлосом, чоң атамдын жерлери көп экен, бир чакан колхоздукуна тете жер экен, бак-шактары, өрүкзарлары менен кошо эсептегенде. Амбарды ошого чактап курду да. Ооба, менчиги. Кийин колхоз алып койду дечи. Мен сага айтып бербедим беле, чоң атам менен таяталарым Баткен тараптан, Сох дайрасы куралган жерден көчүп келиптир. Суу жетпеген жерлерге арык казып, суу алып чыгышыптыр, ал арык азыр да Нойгуттардын арыгы деп аталат, бак-дарак тигишип, жакшы жашашыптыр. Баткенде азыр нойгуттар көп. Бир колхоз. Зардали деп, Баткен окуясында аты чыкпадыбы, биздин аталар ошол жерден түшкөн экен. Кайра коргонго келели. Коргон толтура алма бак, өрүк, анан шабдоолулар. Галмама чоң энем жеткен кызык, эч кимге окшобогон киши болчу. Тиштерин капкара кылып боёп алат эле. Жаш кезинен ошентчү экен. Кийин биздин уруктагы жаш аялдар да боёп жүрүштү. Бир кара боёк болор эле, көп жыл чыдайт экен. Чыгыш аялдарынын адат-салтында барбы, же тишти жакшы сактайбы, же көрк үчүн элеби, айтор, билбейм.
Коргондун ичин бүт чоң энем карап, чоң энем багат эле. Сабиз, пияз деп, жер-жемиштин бүт түрлөрүн отургузат, андан сырткары жыттуу, даамдуу чөптөрдүн миң түркүнүн айдайт. Анан аларды аралатып, көкнары эгип таштайт. Көкнарыны билесиң, ал кадимки апийим. Ысык-Көлдүн апийиминин гүлү кызыл болот. А бул болсо көпкөк. Ушунчалык тунук көк. Эми элестетип көр: картөшкө гүлдөп турат, анын гүлү да көркөм болот эмеспи, нары жагында пияз көпкөк болуп көрүнүп турат, андан ары алардан да бийик, алардан да көпкөк көкнары көйкөлөт. Чоң энем пакенерек киши эле, аларды отоп, сугарып жүргөндө көкнарылар анын боюн көөмп калчу. Эми муну сүрөттөп айталбайм, муну кинолентага гана тартыш керек. Ушунчалык сулуу гүлдөйт.
Көкнарыны апийим тилгендей тилбейт эле, аны тилбейт окшойт. Сабиз, пияз, чөп-чардын баарын чогултуп алган соң, көкнары калчу аягында, кургап, куурап саргая баштаган. Ошондо чоң энем калта көтөрүп барат дагы, ичиндеги уругу менен баштарын жулуп-жулуп алып, торбо-торбо кылып үйдөгү пешайвандын түркүгүнө илип коёт. Кийин кыш киргенде жаш балдар чүчкүрүп-бышкырып баштайт, ошондо келин-кесектер балдарын көтөрүп келе берет: «Баланча эже, баланча жеңе, бала ооруп калыптыр, жанагы дарыңыздан биртике берип койсоңуз» – деп. Ошолорго берчү, бирден-экиден. «Кайнатып туруп, суусун ичир» – деп коёр эле. Ошентип айыгып кетишчү. Кээде энесине күн көрсөтпөгөн абдан кыйык, чыргоок балдар болот эмеспи, ошолорго да берчү, жоошутуп таштайт турбайбы. Кыскасы, көкнары экөөбүз ичсек жараша турган дары экен.
Энемдин дагы бир хоббиси бар болчу. Жанагы сабиз, пияз эккен участогуна дагы бир гүл дамамат эгер эле. Кыргызчасын билбейм, кийин сүрүштүрсөм, орусчасы петуший гребешок (короз таажы) экен, короздун таажысындай кыпкызыл, укмуш декаративдүү гүл, бышканы да, куураганы да билинбейт, кыпкызыл баркытка окшоп тура берет. Чоң энем ошону эгип, күзүндө орок менен оруп, боолап туруп, аны да үйдөгү шыптарга, түркүктөргө илип койчу. Ал кыш ичи да, жаз ичи да тура берчү. Чоң энемдин үйүнө кирсең, дүйнө ушунчалык кооз болуп кетер эле: пешайванында көкнары, короз таажы илинген, андан башка кызыл, сары, айтор, ар түркүн гүлдөр бар, баарын оруп, боолап-боолап туруп илип коё берчү. Табити ошондой болчу. Эки чо-оң сандыгы болор эле, сандык дечү эмес, жабан дечү. Китеп шкафын көрүп турасың го, ошонун алдындай узундугу. Бирок капкактары сай менен сүрүлүп ачылып-жабылат. Япондор бир бөлмөнүн ортосун жука, дубал сыяктуу бирдеме менен бөлүп коёт. Ролик менен ачылып-жабылып турат. Сүрүп ачып койсоң, бир чоң бөлмө, жаап салсаң эки кичине бөлмө. Чоң энемдин сандыгынын капкагы да ошентип ачылып-жабылчу. Бурчтагы узун арча бакан шыпка жыгачтан чабылган идиш-аяктары, кооз-кооз тузбаштык, аяк-каптар, эликтин мүйүздөрү, бугунун мүйүзү башы менен. Ошол кезде биздин тоолордо бугу болгон экен, чоң энемдин кудасы атып келип, калтырып кетиптир, шолор тирелип илинип турчу. Арча бакандын аарчылган илмектери майланышып, сапсары болуп көзгө шумдук көрүнөр эле.
Чоң энемдин ушундай жосундарын кийин «Көчө» деген киносценарийиме көп пайдаландым.
Ромео эмес, Гапар-татти
Сен атам менен энемди Ромео, Жульетта деп айттырып жиберип, мени кыргыздардын алдында осол кылганы турасың. Кайталап айтайын: болгону атам менен апамдын жаштары алардыкына туура келип калыптыр. Бу кыргызың жок дегенде Олжобай менен Кишимжан деп айтпайбы деп, мурдун чүйрүгөндөр чыгышы мүмкүн.
Ырас, атам тууралуу сурап калдың, ал кишинин өмүр баянында бир нече кызык деталдар бар, ошолордон айтып берейин. Маселен, атабыз табити жагынан көркөм өнөргө жакын киши болгон экен. Жашында комуз чертип, кыл кыяк тартыптыр. Теңтуштары чебер кыякчы экенин айтып калчу. Тели-теңтуштарынын көңүлүн алып, кыз-кыркындарды кыялдантканга уста эле дешет. Өзү жакшы кийинип, боюн таза алып жүрчү экен. Ошондуктан эл арасындагы анын экинчи аты Гапар-татти болчу. Орусча айтканда, «щеголь». Анан да атабыз өтө азартный адам болгон экен. Байге чапкан, улак тарткан жерден калчу эмес эле дешет, анан да жаш кезинен кумар ойноптур. Мен бир эле оюнун айтып берейин, аны дос-жоросунан дагы, өз оозунан да уктум эле.
Ноокаттын Көк-Жар деген жери бар. Көк-Жар – атактуу Мойдун бектин айылы. Бир күнү ушул айылда чоң той болуп калат. Атабыз да бир короо достору менен барат ал тойго. Тойдо байге чабылат, улак тартылат дегендей, шаан-шөкөтү катуу кызыган кезде көпчүлүккө жар салынып калат: «О, агайын журт! Биздин Мойдун бек кумар ойнойм деп жатат. Бекке кимиңер чыгасыңар?» Эч ким чыкпайт. Эки башым бар беле дегендей эч ким үн катпайт. Ошондо менин атам, жанагы сен айткан Ромео: «Мен чыгам!» – деп атпайбы. 20га чыгып-чыгалек, акылга анча келелек жаш жигит окшойт, азыр ойлоп көрсөм.
Оюн башталат. Алым, сен, кыргыздардын кумар ойногонун көргөнсүңбү? А мен көргөм. Бул карта эмес, мисалы, бир кирпичти же балта, же бычак менен түптүз кылып кырат, жонот. Кирпич күзгүнүн бетиндей жалтыраганда аны бир нерсеге жарым-жартылай жантайтып жөлөп коёт. Мындан тышкары төрт чүкө болот. Ошол чүкөлөрдү ар бир оюнчу нөөмөт менен алаканына тизет дагы, анан: «Дарткем!» – деп өзүн өзү көкүрөккө шалк эттире чабат дагы, чүкөлөрдү баягы кирпичтин бетине урат. Чүкөлөр жерге чачылып жатып калат, упай ошолордун кантип конгону, жатканы боюнча эсептелет.
Өзүң билесиң, ар кандай оюнда жалаң эле чеберчилик же айла-амалдар менен жеңбейт. Оруста «везение» деген бар, кыргыздар: «Колу келип калыптыр» – деп коёт. Кыскасы, ошол оюнда атамын колу келип калыптыр. Мойдун бекти улам-улам ута баштайт. Бир паста эки оюнчунун ортосундагы акча ой, дөбө болуп чыгыптыр. Мына ушул жерге жеткенде атамдын артынан кимдир-бирөө акырын такымга тебет. Атам мындай кылчайып караса, өзүнүн жоролорунун бири экен. «Уткуруп бер, болбосо башыңдан айрыласың» – деп шыбырайт жоросу. Атам Мойдун бекти караса, бектин бети түнөрүп, муруттары диртилдей баштаптыр. Ошондо эстейт атам, ким менен ойноп жатканын. Анан ачыктан-ачык кошоматчылыкка өтөт. «Бегим, бүгүн сиздин колуңуз анча келбей жатат, дагы бир өкчөң» – деп сүрөмөлөйт. Мойдун бек дагы анын кошоматчылыгын кадыресе «аш кылып», кайра өкчөйт. Бул жолу да колу оң келбейт. Атамдын чый-пыйы чыгат. «Бегим, бул жолу сөзсүз ашыгыңыз алчы турат, дагы бир чабыңыз» – дейт. Бек үчүнчү жолу чабат. Атам айткандай эле бу саам ашыгы алчы турат. «Мына, айтпадым беле, бегим!» – деп сүйүнгөнүнөн кыйкырып жиберет атам. «Бек утту! Бек утту! Утушуңуз менен, Бегим!» – деп, коштоп кетет кошоматчы калк. Ушул уу-дуудан пайдаланып, эки теңтушу атамды эки ийнинен сүйрөп келип, атына арта салат. Ошол удургутуп чапкан бойдон Ноокатка – Нойгутка кирип келишет.
Эртеси жанагы тойдо калып кеткен жоролорунун бири келип: «Эй, Татты, кечээ бекер качыпсың, Бек артыңдан издетти» – дейт имиш. «Эмнеге?» – дейт атам. «Ка-ап, мени менен ойногонун кара, эр жүрөк бала экен» – дептир бек. Эл болсо: «Татты табылганда, бек ат мингизип жөнөтөт эле» – деп шыпшынып тим болуптур.
… Сен жана жазуучулардын өмүр баянынан баштадың эле. Мен өмүр баянымды жазсам, ушуга окшогон окуяларды жазмакмын да. Албетте, мындай кургак эмес, көркөм чыгармаларыма жакындаттырып жазмакмын. Мисалы, кайсылар жөнүндө дейсиңби? Мисалы, менин чыгармаларымдын жаралышына түздөн-түз түрткү болгон түштөрүм, арчалар арасында өскөн лимондор, кына коюнган кыздар, биринчи сүйгөн боз баласын күтө берип, кемпир болгон кыз-аял… ж.б. жаштык кездин эстен чыккыс элестери…
2002-ж., 1-март
9-маек: Өрүк бышалек мезгил. Арчаларда өскөн лимондор
– Мырзаке, буга чейин айлыңызды кеп кылдык, ата-тегиңизди кеп кылдык, балалык, чалалыкты кеп кылдык. Эринбей эң бир ширин-ширин аңгемелерди куруп бердиңиз, ыракмат! «Акынды түшүнгүң келсе, туулган жерине бар» – дейт эмеспи, кеменгер Гёте. Анын сыңарындай, Сиздин чыгармаларыңыздын кыргыз жазуучуларына таптакыр окшобогон колориттүүлүгү ошол Сиз көз жарып өскөн жердин, чөйрөнүн, суунун, абанын, адамдардын, атургай Сизди чоңойтуп-чочойтуп, эрезеге жеткирген чоң энелериңиздин өзгөчөлүгүнө байланыштуубу деген ой калды менде. Сиз буга кандай карар элеңиз?
– Ооба, экөөбүз кыргыз гезиттеринде жок жосунду баштап, буга чейинки салттарды бузуп, күнүмдүк сөздөрдөн чыгып өмүр баянга, мындайча айтканда, мемуар тибиндеги материалдарга өтүп кеттик. Муну менен мүмкүн, «Агымдын» окуучуларын да иренжитип, айрымдарын сөгүнтүп аткандырбыз. Айрыкча менин кесиптеш акын-жазуучуларым, киночулар: «Ой, энеңди урайын, мындай өмүр баяндын кереги кимге, ал менде деле бар, мен деле отуруп алып, чоң эне, чоң аталарым жөнүндө былжырап айта берсем, гезит аны былжыратып баса берсе болот экен да?!» – деп, кычырап атат болуш керек. Экөөбүз өгүнү кеп кылдык ко, ар кимибиз өзүбүзгө, өз Ата Журтубузга жараша таалим-тарбия алдык.
Өзүңдү коюп, коомдук кызыкчылыкты айт деген советтик «союлдун» астында чоңойдук. Чоң энелерди эмес, эмгектинби, же кандайдыр бир балакеттинби, баатырларын жазууга тийиш элек да. Ошого жараша ойлогон оюбуз, сүйлөгөн сөзүбүз, жашаган турмушубуз окшош болуп келди. Кааласак, каалабасак дагы өмүр баяныбыз окшош, толтурган анкеталарыбыз окшош, баарыбыз эле кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулганбыз деп, баягүнү айтпадыкпы. Эми анысы да чын болчу, биз, 30-жылдардын балдары туула баштаганда эл кедей-дыйкан болуп, жылаңачтанып калган. Кудум азыркыдай. Анда жеке менчикти талап-тоноп тартып алышса, азыр орто байлыгын талап-тоноп кетишпедиби. Айырмасы ошол. Сөздүн нугун башкага бурбасак, эң жаман жери, баарыбыздын ичибизде кошо жатып, кошо турган, кошо жүргөн көрүнбөс редакторлорубуз, цензорубуз болор эле. Ошол редактор, ошол цензор бизге жалаң гана соцреализм китебин жаздыртып, киносун, сүрөтүн тарттырып, театрын койдуртуп, окурман, көрөрмандарга ошолорду гана тартуулатып келбедиби. Ошондуктан экөөбүз сүйлөшүп, айтып аткан сөздөр өөн учурашы мүмкүн.
Ал эми сенин сурооңо келсек, бизди курчаган дүйнөдө шыкты ойготуп, дымакты, кыялды козгой турган нерселер түмөн. Анын ичинен художник өзүнө керектүүсүнө, өзүнүн алы жете турганына «асылат». Анын ичинде тууган жер, өскөн эл да бар. Кыргыздар ошон үчүн айтышат да, көргөн-өскөнү жакшы же жаман деп. Мисалы, Тургенев Россиянын чок борборунда эмес, Парижде туулуп, жалаң Парижде өссө, «Аңчынын аңгемелери», «Алгачкы махабат», «Ася», «Вешнее воды» сыяктуу керемет чыгармаларын кантип жазат эле. Орус адабиятында андай мисал көп экенин өзүң билесиң.
Дегинкиси прозаикпи, художникпи, композиторбу, иши кылып көркөм өнөр менен жашаган кишилердин натурасы поэтикалуу, б.а., акын жандуу болуш керек. Гёте ошонун баарын жалпылаштырып акын атап атпайбы. Жашоо-турмуш өзү кичинекей эле деталдардан турат, таптакыр бүтүп калган эч нерсе жок. Деталь. Калганы художниктин кыялына, фантазиясына, мындайча айтканда, акындык көрөңгөсүнө байланыштуу.
– Пастернак: «Всевышний бог деталей» – деп, бекеринен аны Теңирге салыштырган эмес экен да?..
– Ошондой. Алардын мага кандай таасир этерин мурдагы маектерде айрым чыгармаларымдын негизинде айтып бердим.
– Ошондой катуу таасир берип, бирок жазылбай калган же келечекте жазыла турган деталдар барбы?
– Көп. Столумда, башымда, чыгармачылык запискелеримде көп аңгеме, повесть, пьесалар жазылбай жатат. Өмүр өткөн сайын мен көптөрүнөн күдөр үзүп да калдым, эми булар жазылбайт деп.
– Ошолордон кеп куруп бербейсизби? Кудай кубат берип, көкүрөктөгү отту өчүрбөсө, качандыр бир жазылат деңизчи. Бирок жазылбай да, айтылбай да калуу коркунучу бар экендигин моюнга алуу оң. Андан көрө гезиттин тили менен болсо да айтылып калсын. Мисалы, азыр бардыгын жыйнаштырып коюп, эмне жөнүндө жазат элеңиз?
– Кына коюнган кыздар жөнүндө. Бая экөөбүз аңгемелешип отурганда оозумдан чыгып кетти эле, сен гезитке да берип жибердиң. Бирок айтылбай калыптыр. Жазайын деп жүргөн элем, эми жазалбайм.
– Кыз-келиндердин баары эле кына коюнат ко, Мырзаке?
– Бирок алар магазинден сатып алган порошокту колдонушат. Мен нукура кынаны айтып жатам. Аябай эсимде калыптыр. Кына койгон кыздар – менин эжелерим, жеңелерим, карындаштарым эле да. Галыш чоң энемдин коргону, көкнарыларын сүйлөп бербедим беле. Ошону туураппы, коргондун ортосунан тоонун суусу агып өтчү эле, ошол арыктын жээктерине эже-жеңе, карындаштарым жыл сайын гүл эгишет. Кыргыз гүлдү түстөштүрүп туруп эле кызыл, сары, ак гүл деп коёт эмеспи. Ошонун сан түркүнүн эгишер эле. Алардын чекелерине кына эгип коюшчу. Ачык, даана кызыл-тазыл түркүн түс атластар болот ко, ошону Ошто кан атлес деп коёт, канышалар кийген үчүнбү, же жөн эле канга түспөлдөштүгүнөнбү, айтор, билбейм. Кына гүлдөгөндө дал ошол кан атлестей гүлдөйт. Жалбырактары укмуш кооз, гүлү андан бетер. Бүчүрү, бүчүрүнүн ичинде даны болот. Аны кийинки жылы эксе болот. Бир метрге жетип-жетпей өсөт. Жазында эгишет, жайында бышып, даяр болуп калат.
Эже-жеңелерим ошону эртең менен оруп же сындырып, бир-эки талын саратанга, күндүн аптабына таштап кетет. Колхоздун ишине кетет да, тамеки үзүп, тамеки тизет дегендей. Кечинде келишет, жанагы кына аптапка соолуп, жумшарып калат. Эми ошону жыгач сокуга салыппы, иши кылып жанчышат, б.а., өсүмдүктү копкоюу шире кылып эзишет да, көкташты күлдөй майдалап ага сээп аралаштырат. Көрсө, көкташ кынаны жакшы сиңиртет экен. Кына алаканга, буттун, колдун тырмактарына коюлат. Кантип дейсиңби? Жанагы ийленген кынаны адегенде камырдай кылып жайышат дагы жатарда колуна, бутуна байлап салышат. Адегенде бир колго коюлат, бир колу менен кийинип-ичинип туруш керек да. Эртеси экинчи колуна дегендей. Эртең менен турса, баягы кына алаканын отуна, буту-колунун тырмактарына сиңип, кызыл-тазыл болуп эле жатып калат. Ушунчалык кооз көрүнөт. Анын үстүнө кыз-келиндер да буралган жаш, сулуу. Айрыкча айжамал кыздарга аябай жарашчу эле. Чыкпайт, самындасаң да, жуусаң да, бир-эки айга жөнеле жетет. Бир сезондо 2–З жолу коюнат да…
Мен эми эже-жеңелеримдин ичинде жалгыз эрке бала болуп өстүм. Алардын кына жасаган, кына коюнган кыймылдарынын баарын жалдырап карап отурам. Федерико Феллининин «8,5» деген фильми бар го: апа, эже, жеңелери кантип эркелетип, кантип ойнотуп, кантип сууга киринтишкенин шумдук тартат. Бергманда да ошондой фильм бар. Айтор, менин ошол бала чагымдай учурду көп эле режиссёрлор тартышкан. Толстой, Бунин окшогон чоң жазуучулар жазышкан. Мүмкүн мүнөзүмдүн калыптанышына ошол аял, кыздардын чөйрөсүндө өсүп калганымдын оң, терс таасири тийгендир. Оңун башкалар айтар, терси эркектик дух менен шуулдап, дуулдап, колдон суурула албайм. Аялга жакындыгым, аялдардын дүйнөсүн жакындан билип калганым ошондон болсо керек.
Бир жолу менин колума да кына коё турган болушту. Койгондо да, мага ыштан, көйнөк кийгендин кереги жок сыяктантып, эки колума тең коюп салышты. Суунун болор-болбос шоокумун тыңшап сыртта жатабыз, эже-жеңелеримдин катарында. Эми муну айтса да болот, айтпаса да болот, ошондо жеңелеримдин бирөө кулагыма акырын шыбырап атпайбы: «Кичине бала, уктап жатканда осурбаң, осуруп жиберсеңиз, мынабу кына сиңбей коёт» – деп. Мен ошого ишенип алып бекем кысып жатам да. Уктаганга чейин. Уктагандан кийин ким билсин. Бирок эртеси: «Ой, карасаңар, биздикине караганда Мурзага жакшы сиңиптир» – деп чурулдап калышканы эсимде бар. Ону бир жазалбай калдым.
– Бир жакшы миниатюра экен да?
– Ошон үчүн айтып атпайымбы, калганы кыргызчасын билбейм, орусча айтканда, поэтикалык воображениенин иши деп.
– Качандыр бир жазылат деп туралы. Дагы кайсы деталь жазылалек деп ойлойсуз?
– Роберт Бернстин атактуу ыры бар. Бир сабын Селинджер пайдаланган, романын «Над пропастью во ржи» деп атап. Мен да ошол ырды окуган сайын көз алдыма бозбала чагым элестейт. Анан бир өзүмө теңтуш кызды эстейм. Эсиңде болсо, Бернстин ыры минтип башталат:
«Пробираясь до калитки
Полем вдоль межи,
Дженни вымокла до нитки
Вечером во ржи».
Биздин бала чакта буудай тектир-тектир болуп өсөт эле. Ошондой эгишчү. Эки тектирдин ортосун шак деп коёбуз. Эки тектирдин чегарасы да. Ал жерге буудай чыкпайт, көйкөлгөн чөп чыгат. Жанагы Бернстин кызы да ошол шакты аралап келип атпайбы, даричасына. Шөмтүрөп баштан-аяк суу болгон дейт.
«И какая нам забота,
Если у межи
Целовался с кем-то кто-то
Вечером во ржи» – деп, өзүнчө бир картинаны, кыздын жолугуу баянын түзөт.
… Мен дагы жайдын бир күнү ошол тектирлер ортосундагы шак менен келатам. Жаан жаап атат. Келатсам, жапжашыл буудайдын ортосунда, буудай а кезде биздин боюбузду көөмп калгандай өсөт эле, ошонун ортосунда айылдаш кызым, теңтуш кызым, жакшы көргөн кызым буурчак терип жүрүптүр. Буурчакты билесиң, буудайлар жарылган кезде жетилип калат. Чоң энелерибиз, апаларыбыз бизди: – Буурчак терип келгиле – деп жөнөтчү. Өзүң билесиң, согуш мезгил, арпа, буудай али бышалек, алар бышкыча көк чөп, козу карын, жаш өрүк, жалбыз, үлкөн анан… буурчак жеп чоңойдук. Буурчакты майга кууруп, же сууга кайнатып деле бере берет эле. Азыр деле базарда сатып отурушпайбы экмелерин, биз жапайысын терет элек.
Ошентип теңтуш кызым буурчак терип жүрүптүр. Башынан аягына чейин суу. Жаан жаап атат. Үстү-башы жупуну. Баарыбыздын эле үстү-башыбыз жупуну эле да. Бутунда апасынын жаман калиши. Штаны суу, көйнөгү суу. Менин бутумда чарык. Өгүздүн терисинен жасап беришкен ийлеп туруп. Мен кыйкырдым: «Э-эй, жаанды көрбөй атасыңбы, ушундай жаанда да буурчак тереби?» – деп, ага күйгөн болдум. «Торбом толоюн деп калды, ушуну толтуруп алып чыгып кетем» – дейт. Мен бурулдум дагы буудайды аралап кирип, торбосун толтуруштум. Анан экөөбүз өскүлөң буудайды аралап ээрчишип, дагы бир тектирчеге чыктык. Тектирченин ортосунда эндүү шак, картаң-картаң өрүктөр бар эле. Өрүктөр эми гана ыраң кайтарып, кызарып келаткан. Жаандын басылышын күтөлү дедик дагы, баягы өрүктөрдүн арасына туруп калдык. Мындай карасам, менин боюм жете турган пасырак жерде өрүктүн саргайып бышкан шагы ийилип калыптыр. Ошондон бирден-экиден үзүп кызга берип, өзүм жеп, жаанды күтүп турабыз. Ошол учурду элестетип көр. Азыркы шаарда өскөн улан-кыздын жолугар жери башка. А Тургеневдин мезгилинде часовняларда (кичинекей чиркөөлөрдө) жолукчу. Романтикалуу жазуучу эмеспи…
Биз чала бышкан сары өрүктү жеп турсак, жаан басылды. Дагы тура бериппиз. Бир маалда кыз: «Мурза, карасаң, тетиги тектирге асан-үсөн түштү» – деп кыйкырып жиберди. Асан-үсөн деп күндүн желесин айтчу эмес белек. Байкап аткандырсың, менин чыгармаларымдын бүтөр жерине окшоп турат. Жазсам ошентип бүтүрмөкмүн. Бул жазылган жок.
Мындан башка көз алдыма дагы бир баланы элестеп турам. Энесинин эчкилерин керели-кечке кайтарган. Энеси эчкилерди саап, желиндерине калта байлап коёр эле, улактар ээмп албасын деп. Баары бир ээмп алышчу. Ошол бала бир жолу колхоздун саманын уурдап келатканын элестетем. Кеч караңгыда уурдайсың да. Жаңыдан жыйылган жалдын (скирданын) этегинен бир кап саман салып алып, аны жонго көтөрүп алаңдап айылга түшүп келатасың. Оюрма деген тообуз бар, жол ошонун этегинде. Ошол маалда асман ушунчалык ачык, тунук, үстүмдө саманчынын жолу асылып турат. Мен ойлоп коём, асманда мага окшогон бирөө саман уурдап келатса керек деп. Ал жазылган жок.
2002-ж., 8-март.
Маектешкен Алым ТОКТОМУШЕВ
Маек соңу
«Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны» (Түзгөн Абдыкерим Муратов) деген китептен.
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR