Чоюн Өмүралиев: Элмирбек тынды, эл муӊду…

  • 23.04.2020
  • 5578

ЭЛМИР АЗА

Көӊүлү тынар көп элдин

Көзгө толоор эр чыкса, – деген кыргыз эли.

Ошол көзгө толгон эр чыгып, чыкканда да өз мезгили үчүн опол тоодой кызмат кылып гана үлгүрбөй, кыргызга КЫЛЫМДЫК кызмат өтөп берээр кудурети айгине ачылып турган чагында, ошол көк мелжип бараткан жаш чынар капыл сынсачы, калкы капыс муӊсачы?

Буга кандай сөз чак келет?!

Элмирбек Иманалиевди капыс жоготуп алган азалуу кыргыз ушул акыбалда азыр. Элмирбектин казасы жалпы эл үчүн кылым башындагы эӊ оор жоготуу болду, орду толбой-толбой… жарасы жаӊырып тураар, тураар…

Бул орундун баасы кандай, мааниси эмнеде эле?

Жазуу, сызуу өнүгүп, маалымат ар кыл аргыган заманда төкмөлүк өнөрдүн сакталышы өзү кыйын. Эсеби, биз эзелкини койгондо, эскидеги Эшмамбет, Токтогул, Барпы; Калык, Осмонкул, Алымкул; эртеги Токтонаалы, Ысмайылдардын күндөлүк жашоо гөйү, көз көргөнүн дароо күйгө алган гүлдөгөн оозеки кеби табигый бир бүтүндүктү түзгөн эриш-аркак шайлыкка келген кезеӊ эле. Радлов айтмакчы, сүйлөсө эле куюлуштуруп кирген кыргыз үчүн жамакчы-ырчылык элге анчейин таӊсыксыз, азыркы тилде айтканда, «массалык» дээрлик көрүнүш эле. Ал эми ак таӊдай акындардын жөнү башка – Арстанбектин, Эсенамандын, Жеӊижоктун… Булар калк философия кайнары, көӊкү казына гөзөлдөрү, сөз көөрүн муундан муунга мурастап өткөрүп турган улуунун Улуу Устаттары болгон. Үзүлгүс алтын боо өнөрдүн, сүзүлгүс кундуу нарк-салттын – ар бири өз заман-тогоолдору болгон. Калк руханынын кылым көзүндө ирмелгис чакчыйгай сакчылары! Кайталайын, булардын таланты ачылган да, сыналган да заман өзгөчө эле, же өз турмушу буйруганын жашаган, өз көзү көргөнүн ырдаган – «көчмөн өзүлөрүнүкү» эле.

Аал, жашоо өмүрлөрү Советтин күрдөөл кезеӊине туш келген кечээги Токтосун, Эстебес, Тууганбай, эӊ соӊу Замирбек тагдыры, булар коом-замандын төкмөлүк өнөргө муктаждыгы жок дебейли, бирок анчейин, талап өтө азайган, басайган, тагырагы идиологий кызматка чегилип калган кезеӊге туура келди. Театрлык, концерттик мүнөз күтүп кетти. Демек, сааттап сабалап калганын айтпаганда, төкмөлүк өнөр аабалкы коомдук курчтугунан, ички көөрүк жалынынан, сырткы көзтайгылт жарыгынан, кыскасы, рухий рупор озуйпасынан тая түштү. Төкмөлүктөгү салттуулук, калкка алымдуулук  мында, көбүнесе, «эскинин эсебинен» жашады. Учурунда бу өнөргө «могикандан акыркы» дегендей берилген баа да, андыктан, «тарыхый» объективдүүлүк эле. Аталган муун өкүлдөрү же акыркы төкмөлөрүбүз жеке өмүрлөрүн жете сарптап, туу түбү туруп беришти, улуу өнөр сөз кайып ээсин муӊдурбай, кайталайлы, анчейин муктажы жок заманда сөз кайып ээсин муӊдурбай, эрдик менен сактап келишти; жаӊы эгемен заман пионерлери Элмирбек кыркаарына жандуу өткөрүп беришти.

Кыргыз эгемендиги – элдин бактысы жанды. Эл катары өзүн сакташы, рухун жанарлантышы элдин өнөрдүн бар салаасы, анын ичинде сөз төрөсү  – төкмөчүлүгүндө жанданды. Кечээ эле «акыркылардын» акыркы карааны өчүп бараткан айдыӊдан жаӊшанып жаӊы көч өстү.

Элмирбек кыркаар…

Саргашка, Жеӊишбек, Азамат, Асылбек, Аалы…

Бүгүн булардын ар бири – жаӊы замандын аныгы нускооч акындары. Бул муундун өзүнүн тоодой бактысы да, тозооку кыйынчылыгы да тур.

Кечээки Эстекеӊдерден айырмаланып, бул муунга табигый коомдук-замандык муктаждык туулду. Элмирбек өзүнүн бир ырында таамай айткандай:

Каныӊда болбой ыр болбойт,

Жаныӊда болбой сыр болбойт, - экен.

Кыргыз элдин кылым-кылым тарыхы, жанар-жанар руху эгемен эл-заманын ээктен сүйөп, эртеӊки күнүнө дем берет. Калкы да качантан суусаган кайнар булагына канбай-канбай чөмүлөт… Тагдырдын эрки, таалайлуу жылдыз нуру менен  төкмөлүктүн төрү ушул Элмирбек кыркаарына буйруптур. Эч ашык-кеми жок, ар бири заманындагы залкарлар Токтогулдун, Эшмамбеттин, Калыктын ордун басышты. Кечээ эле шакирт жүрүшкөн алардын аркасынан бүгүн бүтүндөй муун – кенже Элмирлердин шаӊы демейт-демейт…

Бул – алардын тоодой бактысы!

Арстанбектей аркырап айтыш, Эсенамандай эшилтип жамгырлаш, б.а. табигыйдан да табигый төгүш – бар жагыӊдан маалымат матаган, интернет, теле төбөӊдөн чырмаган, экраныӊдын жалган-чыны билинбеген, маяк-ориентирсиз мамлекет идеологияӊ үлүӊдөгөн бу ирим заманда калкка көрөсөн көз, орошон ой болуш оор, оор…

Бул – алардын тозооку кыйынчылыгы.

Кайриет, Элмирбек кыркаары, азыркынын ак таӊдайлары мамлекет өз элине айта албай мукактанган мүлтүӊ «чындыкты» муӊканып түз ырдашып туру – Эл идеологиясын! Калк намысына туруп!

Калк намысы демекчи, канаатташ казак менен кыргыз эли эртеги күндөн бир-бирин сүрөп-сүйөп да, ошоготеӊ, ичтен кайнаша, бир бирин намыска эгеп да келишээри белгилүү. Анын ичинде дүйнөдө ушул эки эл гана сактап калган асыл өнөр – төкмөчүлүктө. О десеӊ, бу эки элдин ортосунда не деген гана рухий эрегиштер, алаамат сөз сайыштар өтпөгөн. Сөз эки элди жараштырып да, капыс, кайраштырып да жиберген. Намыс иши!

Эмесе, качанкы Арстанбек – Сүйүмбай, Токтогул – Жамбыл, Осмонкул – Кенен салттуу айтыштарынан эч жеринде кеми жок бул күндөгү кылчайнаш айтыштарда да калк кеменгерлигинин бийигинен түшпөй ырдаган Элмирбектин жылдызы канча бир жолу бал-бал жанды. Мындай эки элдин намысы как мизде калчанып турган тушта (сөздө эле эмес!) миӊ[дер]дин бири гана калк намысына туруп берген.

Ана, ошол булбулдун тили буулду, дулдулдун карааны кайыды. Элмирбек тынды, эл муӊду…

Эми, жогорку айтылган кыркаар ичинде да Элмир орду өзгөчө эле.

Ал табияты элдик даанышмандыкка жакын болчу. Нукура нарк, салттуулукка умтулчу. Таасын сөз, таамай ой, афоризмге даяр турган саптарынан эртеги залкарлардын элеси келчү.

Эртегилердин дал өзүндөй төрт аягы төп жорго эле. Төкмөчүлүгү, комузчулугу, дастанчылыгы, элдик абанчылыгы, жаӊыча обончулугу аргып, даӊканы эленип кеткен ар изинде ар өнөрдүн гүлдөрүн жайкалтып өстүрүп жиберген эле.

Алыскы жолун болжогон дулдул, бийигин мезгеген кыраан куш өзүн бар утурумдукка чача бербейт. Каруусун үнөмү боюна жыят, сапарын чактайт. Табияты ыроологон канча бир жөндөм, шык-талант аны өзүнө өзүн алымсындырбай, улам жаӊы тереӊдиктерди дегдетип, бийиктиктерди эӊсетип, Уч-Түп арасында чабылтып, өзүн таап-табалбай чайналтып келгендей таасир калтырат ал. Элдик өнөрдүн дээрлик түрлөрүн өзүндө табигый алып жүргөн ал – аларга боюн дагын да карк толтурмайын, оюндагыдай болтурмайын сыртка жарыя ача бербей, өзүн дагын да таптап-тапталып көӊүлүндө аздектеп багып келе берген өӊдүү. Калыӊ элге чет-чебери гана ачылып-ачылбаган манасчылыгын, дастанчылыгын, санжырачылыгын, көмүскө буккан күүчүлүгүн, кундуу чыгыш илимине (кытай, жапан ж.б.)  кумарлыгын ал өз кыялындагыдай жайып-жаза албай, тубаар саатын келечегине болжоп койгондой көрүнөт. Бара түшүп, кемелине анык келгенде, токтоол жашына толгондо, аныгы тунуп болгондо, ал элдик акылмандыктын жолунда эл мүдөөсүн үдөөлөгөн анык дааныш чыгармаларын калтырмагын ойлойсуӊ, болжойсуӊ. Жаш сырттандын көзү жетип, бирок өмүрү жетпей калган комуттуу тагдыры кандай гана өкүнүчтүү. Мүрзө түбүнө өзүнүн не бир асыл мүмкүнчүлүктөрүнө өзү мүрзө болуп көмүлүп кетиш, неткен кайгы! Анын бар салаадагы кундуу чыгармалары, мүнөзү ар кылдыгы, тереӊдиги соӊку басмырт турмушу ушул ойлорго эрксиз-эрксиз жетелейт.

Элмирбек али, ачылбай кетти!..

Сүйүүдөн айрылган эмес, чыныгы сүйүүнү башынан кечирбей калган жан бактысыз. Элмирбектин турмушу-чыгармачылыгындагы гүлбү-арзуу тилке – бул өзүнчө бир аялуу кеп.

Өттү баары, бирок, бирок бир ой жашамак –

Сүйүүгө умтул, болдуӊ жаӊы кызымтал.

Ал өмүрдү өтөт чексиз тазалап,

Сүйгөн жүрөк – көөдөндөгү кызыл таӊ.

Анын арзуу абандарындагы нагыздык, ар кайрыктарында уялаган балапан саӊоор ууздук, сезим ченем-кыял чабыттын тараза шайлыгы ширелген Жеке Тагдырлуулук «Элмирбек мөөрүн» башкалардан өзгөчөлөп, ар бир изги көкүрөктүн өз арманы болуп ойгонот. Анын муӊканган «Булбулу» Атайбоздоок «Булбул» менен үзөӊгү кагыштырып алгы-ы-алгы замандардан катарлаш көрүнөт. «Сен мени жоготтуӊбу?» жеке арманы эми, «Эл мени жоготтуӊбу?» жалпы арманга айланып, дагы далай-далай кезеӊдери сыздайт… 

Замандын көзү, доорлордун көчү менен караганда, азыркы кыргыз эгемен кезеӊи – карт тарыхында калк ар бир жолу бөксөрүп кайра толуп, бирде мүчүп, кайра күчөп элдигин сактап отурган тынымсыз күрөш жолундагы бир бел-белес, ашуу-артуу. Ушул тагдырлуу кезеӊ, тарыхый өткөөлдөрдө КИМ элине ЭМНЕ кызмат кылды?.. Мунун сурагы сөзсүз бар – соӊку муундан!

Жалган президенттер, депутаттар, министрлер өчөт. Ар замандын өзүнүн Айдарбеков, Сыдыков, Исакеевдеринин; Арабаев, Тыныстанов, Карасаевдеринин; каражаак Калыктарынын… аныктарынын ысымдары качан да болсо аталат. Сенин да ысымыӊ ушул көчтө. Кыргыздын касиеттүү төлбашы төкмөлүк өнөрүн жаӊы заманга шай тирилтип, жаӊшантып кетишкен көчбашынын бири – алгачкы карлыгач, аттигиниӊ, эми арадан да эрте кайыган Карлыгач Сен болдуӊ, Элмиржан… Көк мелжип баратып, капыс карс сулаган Жаш Чынар, кошкун эми, мындан ары кыргыз көӊүлүндө Теӊири Бийигинде көкөлөйсүӊ.

Кош түбөлүк, жан иним…

22.04.2020. 

Комментарий калтырыңыз