Азамат Омош: Ырлары менен акының кайра тирилет

Сооротпо мени, сөз айтпа көңүл жубатчу,
Тыңшагым келип туру үнүн муңдуу кыяктын.
Буулугуп турам, буулугуп турам буулугуп,
Буюгуп турган булуттуу асман сыяктуу.

...булуттуу асман бир төгүп алат шатырап,
Бир шамал чыкса туш-тушка кетет чачырап...
Күн жылып калган... Калдыркан канат карлыгач,
Бороондо калды, бет маңдай соккон аркырап...

Тирүүлүк менен дайыма жүргөн кошуна,
Шум ажал деген пендеге бүткөн жоо тура...
Аскадан боюн таштачу эле ашыктар,
Аз эле адам артынан жөнөйт досуна...

... эзелтен байлар куш багат, күлүк ат багат,
Бөрүдөй канкор дөбөттөр менен мактанат.
Аруулук издеп, калыстык издеп акындар,
Азаптуу дүйнө! Жүрөгүн алат талкалап...

Уурулук уят иш болбой калган кылымда,
Кыргыз деп күйүп, Мекен деп жанып ырында,
Ыркы жок элге, наркы жок бийге таарынып,
Кош акын кетти кырчындай кырктын кырында.

Табият азыр, карачы, кандай көркөмдүү,
Көк-жашыл көйнөк келиндей болуп көйкөлдү.
Талаанын баарын кызгалдак каптап кызарат,
Кыямат күнкү кыпкызыл жалын-өрт өңдүү.

Ушунун баарын көрбөйсүң эми бир ирет,
Ойлосом муну жүрөгүм миңге тилинет.
Өзүмдү-өзүм сооротом кайра айласыз,
Ырлары менен акының кайра тирилет.

Өзүмдү-өзүм сооротом кайра айласыз,
Ырлары менен акының кайра тирилет...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз