 
                                    АҢГЕМЕ
Өкмөттүк кызматтан түшкөндөн кийинки көчкү баарынан оор турбайбы. Кечээ эле эл алдында бакылдап сүйлөп, “Өлкөбүздүн байлыгы — өнүгүүнүн кыймылдаткычы!” дечү мурдагы өкмөт башчы бүгүн өз короосундагы күрөккө чалынып жыгылды. Кечээ элге “жол салабыз!” деген өкмөт бүгүн өз короосунун кире беришинен күп деп кулады аңгекке. “Ие жолуң болгурдуку!” деп кимди тилдеди – өзү да билбейт. Эрксизден айтылды бул кеби. Жолундагы күрөккө чалынып жыгылганы аз келгенсип, аңгектеги көлчүккө кулаганын айт.
Үйүнүн дарбазасынын жанында мурдун чукуган кошунасы Мырзабек көзүнүн кыры менен карап турганычы, кашайып. Ал бир кезде Өкмөттүн эшигин күнүгө сагаалап, кабылдаманын оозунда кезекте турчу жалдырап. Эми ал мурдунун таноосун төрдү карай сөөмөйү менен чукулап турганын...
Өкмөт элге аралашкысы келип, базарга жөнөдү. Базардагы сатуучулар аны көрүп, баш ийкегилеген болушту:
– Таныш жүз… ким эле бул?.. – деди арка жакта узата тиктегендердин бири.
– Ээ, баягычы… кызматтагы неме эмеспи?
– Кайсы кызмат эле?..
– Унуттум…
Өкмөттүн бетине жылуу сөз айткан бирөө да табылган жок. А кечээ эле анын ар бир жөтөлүн “улуттук стратегия” дечүлөр азыр башка. Алар башка “стратегия” менен жан сактап жүрүшөт.
Бир күнү ал тойго барды. Жөлөнгүчү сынган ортоңку үстөлгө отургузушту тосуп алгандар. Андан да той-тороподо шашкалактап жүргөндөрдүн бири “бул кишини кайда” деп орун сураганычы. Демейде түз эле төргө жетелеп жөнөшчү эмес беле; алдынан жорголошуп.
Бир маалда баягы мурунку жардамчысы (азыр жаңы министрдин катчысы) келип кол берип жылмайды:
– Саламатсызбы, Өкмөт аке… кантип атасыз?..
– Өкмөт эмесмин го эми… жөн эле адамбыз…
– А, ээ… туура айтасыз. Биз да жөн эле адамбыз… – деди да, башын буруп шарт жөнөп кетти.
Өкмөт ошондо түшүндү: кошоматчылар кызматтын көлөкөсүн гана сыйлашарын. Күн чыкпай калса, көлөкө да үзүлөт турбайбы.
Кечинде Өкмөт үйүнө келип, эски креслосуна көчүк басты шалдайып. Көз алдынан баягы күндөр чубурду: министрлер жыйыны, сүрөткө түшүп жаткан ар кыл делегациялар, галстуктар, жалындуу сөздөр, кымбат оокат-аштар – баары бир заматта уучтан чубурган кумдай экен.
Бир кезде дарбазадан кошунасынын баласы кыйкырды:
– Өкмөт байке, сиздин аты-жөнүңүз ким эле?..
Өкмөт деген ат коюлган адамды азыр эл жөн гана байке деп чакырат. Бир кезде эл алдында “Мамлекет – бул мен!” деген өкүм үнү өчкөн азыр.
Той башталды. Микрофон жалтырап турат. Мурда бул темирди Өкмөттүн колунан эч ким ала алчу эмес. Азыр болсо...
– Кийинки тост Жумабай аксакалда!
– Жок, андан кийин баягы Өкмөт байке сүйлөсүн, баягы…
– Кайсы Өкмөт эле?
– Ээ, баягы… былтыр телевизордон чыкчу эле го, анан...
– Аа, ээ… билдим, мага иш бербей койгон кишиби?!
Өкмөт ордунан жай туруп, микрофонду колуна алды. Үн катты эле, микрофон “чар” этип өчтү. Кечээ эле ар сөзүнө зал дүркүрөп кол чапкан эл бүгүн жым.
Бир бурчта музыканттар ыр тандап, бир бурчта официанттар тамак ташып жүрүшөт. Өкмөт болсо колундагы микрофонду карап күлүп жиберди:
– Микрофон деле мени унутуптур…
Жакын жерде отургандар бири-бирин түрттү:
– Унутканда эмне, эл да унутуп калган…
Сүйлөгөн сөзүн эч ким уккан жок. Бир кезде анын алдында калтырап-титиреген губернаторлор, жөтөлсө жорголоп алдына кетчү жардамчылары азыр анекдот айтышып, үстөлдө эт мүлжүп отурушат.
Кечээ эле анын кабинетине кирүү үчүн үч жолу чалган номерге бүгүн телефон чалса, албады анысы.
Бир маалда баягы бир кеңешчиси келип:
– Өкмөт байке, баягы биз иштеген учурдагы видеолор бар эле, эсиңиздеби? – деди.
– Эсимде.
– Ошолорду ТикТокко чыгарып, “ностальгия” кылсакпы дейм… рейтинг кайра көтөрүлөт дейт жаштар.
Өкмөт күлүп жиберди.
– Азыр эл ностальгия эмес, нан издеп жүрөт, иним…
Жанындагы той ээлери аны сүрөткө да тартпай, залдын бурчуна кысынтып калтырып кетишти. Баары дуу-дуу…
Бир кезде жарык өчтү. Караңгыда бирөө кол чапты:
– Арабызга Өкмөт келди эле, жарык өчтү!
Залдагылар кыраан каткырык салышты. Күлкү уланган сайын Өкмөттүн жүзү муз болуп катты.
Тышка чыкты. Асман түнөрүп, бирок жылдыздар жаркырайт.
Көктү тиктеп күбүрөндү:
– Өкмөт – кызмат эмес экен. Өкмөт – элдин эсинде калуу экен…
Сыркаар жел согуп, микрофондун зымындай ичиркенүү жүрөгүнөн сызып өттү. Ичтен баягы катчынын үнү угулду:
– Азыр Карачач чыгат, даяр болгула!
Өкмөт артка кылчая бир карады да, унчукпай жөнөп кетти. Элдин арасында анын ысымын эстеген бирөө калган жок. Тек залдын бурчунда бош калган микрофон өзүнчө шыбырады:
“Мени бир кезде “Өкмөт” кармаган...”
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
 Колдоо көрсөтүү
                                     
                                    Колдоо көрсөтүү
                                 KY
 KY RU
 RU EN
 EN TR
 TR
 
 
                                     
                                     
                                     
                     
                     
                     
                     
            