АҢГЕМЕ
2002-жылдын июль айы. Кичик иним бөйрөгүнөн катуу жарат алып, Бишкектеги ооруканалардын бирине жатты. Мен бир жумадан кийин артынан кабар алганы бардым. Дарыгерлер операция жасашып, бир бөйрөгүн алып салышыптыр. Иним наркозу тарап, эми өзүнө келген экен. Ыраңы кер сары, көздөрү алайыңкы. Ууртунан жылмайып, анысы жүзүнө тараган жок. Караган дарыгери он-он беш күндүн аралыгында айыгып чыгат деп көңүлүмдү көтөрүп койду.
Иним менен бир палатада сексенге жакындап калган кары киши жатат. Абалы кыйла оор, бөйрөк астына шланга тыгып, шланганын учунда шише. Заарасы тынбай шишеге тамчылайт. Кары кишини кырк жаштарга барган ыйманы ысык аял карай жатат экен. Ар сапар палатага кирсем, ысык ырай менен тосуп алат. Тынбай кары кишинин төшөгүн кымтылап, башына бийиктете жаздык жөлөй суу ичирип, тамагын берет.
Кары кишини баладай көтөрө төшөккө отургузат. Асты булганса тазалап, кургатат. Ал түгүл «Ата!...» деп ушунчалык назик мээрим менен жүзүнөн сүйүп, көз жашы да кылып алат. А, кары киши онтой араң сүйлөп, эки сөзүнүн биринде: «Ылайым көп жаша кызым, жакшылык көрүп» деп дуба кылат, алсыз алакандарын бетине тийгизе. Аял кез-кез кары кишини желкесине көтөрүп, фоеге шамалдатканы алып чыгат. Ошондой учурлардын биринде палатада экөөбүз калсак иним минтти:
- Ава, бул келин аксакалдын өз кызы эмес, асырап алгап уулунун аялы экен. Аксакал өзү бала көрбөптүр.
- Шондойбу?.. - ишене бербей таң кала сурадым.
- Ы-ы, шондой.
- Уулу каякта?
- Уулу тышта, буларга кем-карчын, тамак-ашын алып келип турат.
- Келиндин ордуна уулу аксакал менен жатса болбойбу, эркек адам да?
Аңгыча келин аксакалды көтөрүп кирип келди да, этияттап ордуна жаткызды. Төшөгүн кымтылай жаап, жүзүнен өөп койду. Төшөктүн тышына чыгып турган аксакалдын ичке манжаларын сылады.
– Атам эки айдан бери ушерде жатат. Азыр тышта туруп алып, тоолордун көргөнүнөнбү «Жумгалды сагындым, кызым”, - дейт. Карыганда ушул мээнетке калып кыйналды бечара. - Келиндин жоодураган көздөрүнөн жашы сызылып чыгып, көйнөгүнө тамды. Ого бетер ыйманы ысык болуп көрүндү көзүмө.
Кантип сыпаттасам келинди. Анча толмоч да эмес, анча чибек да эмес. Тегерек бет, көздөрү кыргыз көз, оттуу. Көкүрөгү толо, тиштери кашкая аппак, бүтүн. Кыймылы чапчаң, илбериңки, ийилчээк (Оо, ар кандай жигиттин кучагы толот).
– Меймап, кымыз ичиңиз, — келин кымыз куя мага чыныны сунду. Кымызы жаңы, салкын экен. Шашпай шимирип ичип аттым. Келиндин колунан алган кымыз мүрөк суусундай касиетүү сезилди. «Шундай баасы жок келиндер да бар журт арасында, - деген ой кылт этти.
Кайып атасынын төшөгүн көтөрө тышка жөнөдү келин.
- Кызым, көчөгө чыгып кичине шамалдап кел. Эртеден бери үп жерде кысылдың го, - деди аксакал. Мейли дегендей башын ийкеди келин кайын атасына жылуу жылмая. Эки ууртуна күлкү толуп, а түгүл көздөрү да күлүп турат.
– Тез эле келем, ата, — келин шыпылдап чыгып кетти тышка. Аксакалдын кер-сары жүзүнө кичине кызыл жүгүрүп, нурдана түштү. Жаш келди көздөрүнө.
– Э-э, мейман уулум. Бактым бар экен. Кемпирим экөөбүз 56 жыл ысык жашадык. Перзент көрбөдүк, бирок бири-бирибизди кыя да албадык. Ушул келин асырап алган баламдын аялы. Баасы жок келин. Үч-төрт жыл илгери кемпирим ааламдан өтүп кетти. Келинимдин колундамын...- Аксакал демиге сөзүн токтотту. Бир жакшына маанай менен сөзүн дагы улантты. — Уулум кичине алаңгазар. Менин кызым да, келиним да ушу Айша. Айшам болбосо башыма кандай түн түшөрүн көзүмө келтире албаймын. Кудайга миң мертебе шүгүр. Кудайым сүйүп перзент бербесе да, минтип сүйүп келин бергенине. - Анан бошошо түшүп, экчип-экчип ыйлагысы келди. Бирок ага дарманы жетпей, көз жашына күч берди.
– Аксакал, Сиз бактылуу экенсиз, — дедим, – чын көңүлүмдөн, өз перзентиңиз, өз кызыңыз караса да ушунчалык караар. Мүмкүн мынчалык да карабас.
Ушу чакта Айша келин кирип келди да, кайын атасынын ыйлап жатканын көрүп үстүнө үйрүлө калды:
– Ата, Сизге не болду, неге ыйладыңыз?
– Жөн эле, кызым, кичине бошошуп алдым да...
– Ушинтип жашый берет атам. Эми көбү өтүп, азы калды, жакшы болосуз. Жумгалга кетебиз, - деген келин кайын атасынын жүзүн сылады. Аксакал алсыз колдору менен келиндин колун эрдине тийгизди. Ич-ичтерине сүйүнүчтөрү батпаган, кайната менен келиндин көздөрүнөн ысык жаш тамып жатты.
Пенделик бакыт деген ушул болсо керек?..
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR